Хизб ут-Тахрирдин сабына жаңыдан кошулган даристин каты: «изденүүлөрүм жана хизб ут-тахрир менен таанышуум»
Бүгүнкү күндө, үммөтүбүздүн алсыз, кор жана калак абалда күн кечирип жатканы мусулмандарга да, кайры мусулмандарга белгилүү. Мусулмандардын бул абалы алардын санынын аздыгы, жакырлыгы же мүмкүнчүлүктөрүнүн аздыгы себептүү эмес. Анткени, ааламдагы алдынкы аскер күчтөрүнүн арасында мусулман өлкөлөрүнүн аскерлерин кезиктирүүгө болот. Ошондой эле, дүйнөдө калкынын саны көп болгон мамлекеттердин катарынан да мусулман өлкөлөрүн кезиктирүү мүмкүн. Бирок ошого карабастан, мусулмандар жер бетиндеги эң алсыз жана кордолгон үммөт бойдон калышууда.
Чынында, үммөттүн негизги көйгөйү анын башкаруусунда. Алардын бардык көйгөйлөрүнүн жападан жалгыз чечими бул үммөттү бириктире турган, коргой турган жана башкара турган бир бүтүн бийликтин жана бир бүтүн башкаруунун болушунда. Мына ошондо, Нигериядагы мусулмандын Саудиядагы мунайдан жана Катардагы газдан үлүшү болот. Мына ошондо гана, Пакистандын ядролук куралдары Бирмадагы мусулмандарды коргоп, душмандын жүзүн ары кылат. Йамандагы мусулмандын Турция университеттеринде окууга укугу болот жана Австралиядагы мусулмандар терроризм дооматынан кутулган жана коопсуз абалда Исламга даъват кыла алышат.
Менин оюмча, бул көйгөйлөрдүн жападан жалгыз чечими бүтүн үммөт үчүн – Аллах буйругандай – Халифанын байрагы астында, жалгыз бийлик жана жалгыз башкарууну орнотуу болчу. Андан соң, ушул чечимге жетүүнүн жолдорун издене баштадым. Түрдүү исламий жамааттар жана хизбдер тууралуу окуй баштадым. Бирок, мен таанышкан жамааттардын дээрлик бардыгы «жеке адам оңолсо, коом оңолот» деген ишеним менен, жеке адамды оңдоого гана көңүл бурушат эле. А бирок, Аллах Куранда бизге бул иштин каталыгын баяндап берген го!? Алардын айтканы сыртынан кооз көрүнгөнү менен, өзгөртүү жолунда убакытты жана күч-кубатты текке кетирүүдөн башка нерсе эмес эле. Курани Карим бизге баш түздөлсө, калган дене дагы түз болорун баяндап берген. Мен бул нерсени Курандагы бир эле өлкө (Мисир) тууралуу айтылган эки башка окуяны окуганда түшүндүм. Биринчиси: Муса \ менен Харун \нун доорундагы, Фиръаун башчылык кылган Мисир. Аллах Таала Муса \га шаардын четинен келген бир кишинин тили менен:
]فَاخْرُجْ إِنِّي لَكَ مِنْ النَّاصِحِينَ[
«Сен (бул шаардан) чыгып кеткин. Албетте, мен сага калыс насихат кылуучумун» [28:20]
– деп айткан. Ал кезде, Мисирде набий жана расулдун болушуна карабай, ал жер зулумдук өлкөсү болуп турган. Анткени, анын башкаруучусу Фиръаун болгон. Экинчиси: Юсуфтун \ жетекчиликти колгон алып, өкүмдар болгон доорундагы Мисир. Аллах Таала Куранда анын тили менен:
]ادْخُلُوا مِصْرَ إِنْ شَاءَ اللَّهُ آمِنِينَ[
«Кудай кааласа, Мисирге тынч-аман киргиле», [12:99]
– деп айткан. Бир эле элде жана бир эле жерде жетекчиликтин алмашуусу менен бүтүндөй өлкө өзгөрүп кетти.
Мен жашоодо мусулман адамдан же мусулман өлкөлөрүндө өндүрүлгөн нерселерден гана сатып алчумун. Ошондой эле, жумушта да жалаң гана мусулмандар менен иштешүүгө аракет кылчумун. Мен бул иштерим менен өз байлыгымды мусулмандардын колунда калтырсам, аз болсо да алардын күчтөнүүсүнө жана өсүшүнө салып кошсом, күн келип ошол мусулман үммөт керегине жарап калат да деп ойлочумун. Бирок, бул иштеримдин баары жеке иштер болгондуктан, алар аркылуу өзүм каалаган натыйжага жетүү мүмкүн эмес эле. Ошондон улам, мен үммөттүн көйгөйүн чечүүдө мен түшүнгөн жол аркылуу аракет кылуучу жамаатты же хизбди издеп табууну чечтим.
Күндөрдүн биринде, жумуштагы Фалестиндик теңтуштарымдын бири менин алдымда Хизб ут-Тахрир тууралуу айтып калды. Ал өзү Хизбден болбосо керек эле. Болгону, Фалестиндеги каршылык кыймылдарын салыштырып жатып, Хизбди да кошуп кетти. Мен анын атын жаттап калдым. Ошондо, мен Хизб тууралуу алгачкы ирет, 2017-жылы уктум. Ошондон тартып, мен Хизбдин фикирлерин жана интернет сайттарынан алган кээбир китептерин окуй баштадым. Мен «Халифалык», «Дастур», «Хизб ут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү манхажы» сыяктуу китептери менен таанышып чыктым. Ошол кезде, мен ИШИМ уюму менен Хизб ут-Тахрирдин ортосунда байланыш барбы же жокпу деп күмөндөнө баштадым. Кийин, ал күмөндөрүмдүн аныгына жетүү үчүн, Хизб ут-Тахрирдин ИШИМге болгон көз карашы тууралуу издене баштадым. Соңунда, устаз Ахмад Касастын ушул маселе тууралуу видео-сабагын таап алдым. Аны көргөндөн кийин гана, Хизб ут-Тахрирдин ИШИМ уюму менен эч кандай байланышы жок экенин түшүндүм.
2019-жылы Хизб ут-Тахрирдин интернет барактарынын бирине кат жөнөтүүнү чечтим. Оюмда, бул кадамды коопту деп санап жаттым. Анткени, бул барактарды коопсуздук кызматтары күзөтүп турат деп же балким, булардын артында негизинен коопсуздук кызматы турат деген ой келип жатты. Бирок, бир топ ойлонуудан жана истихара намазын окуудан кийин, алар менен байланышууга башка жолду таба албагандыктан, кат жөнөттүм. Бир же эки күндөн кийин мага жооп келди. Анда, мени менен байланышуу үчүн телефон номеримди берүүмдү сурашыптыр. Аны окуганда кооптонуум ого бетер күчөп кетти. Бирок, байланышуунун башка жолу болбогондуктан, жумушка колдонгон кол телефонумдун номерин жибердим. Анткени, кокус бир көйгөй жаралса, кутулуу жеңилирээк болот деп ойлодум. Көп өтпөй, Хизб мүчөлөрүнүн бири мага байланышка чыкты жана мен иштеген жерден жолугууну сунуштады. Бул сунушту угуп, мен дагы да кооптоно баштадым. Анткени, мен мага ким келерин жана эмне тууралуу сүйлөшөрүн билбейт элем. Бирок, бул жолу тобокелге барышым керек же улуу максатымды биротоло унутушум керек дедим да, жолугууну чечтим. Мага келген жигит менен жолугушуп, көп нерселер тууралуу сүйлөштүк. Бул эстен кеткис маек мага ушунчалык жакты дейсиң. Мен андан ондогон жылдар бою издеп жүргөнүмдү тапкандай болдум. Андан кийин, мен халка ал баштадым жана ал киши менин Хизбдеги эң алгачкы мушрифим болуп калды.
Хизб ут-Тахрир менен таанышканга чейин, мен өзүмдү үммөттүн жүгүн жалгыз көтөрүп жүргөндөй жана мен гана туура чечимди билгендей сезчүмүн. Бирок, Хизб менен таанышкандан кийин, анын сабында теңдешсиз күчтүү жигиттер бар экенин түшүндүм.
Мени пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелөө үчүн анын сабында аракет кыла турган Хизбге жолуктурган Аллахка чексиз мактоолор болсун! Аллах Таала баарыбызды тез арада Өзүнүн өкүмдарлыгы астында бириктирсин! Ин шаа Аллах!
Булак: Ал-Въай журналынын 426 санынан алынды