ХИЗБ-УТ-ТАХРИР АМИРИ УЛУУ ААЛЫМ ШЕЙХ АТО ИБН ХАЛИЛ АБУ РУШТА МЕНЕН МАЕКТЕШ БОЛУУ ШАРАПАТЫ ЖӨНҮНДӨГҮ КАМАКТАГЫ ЭСКЕРҮҮЛӨР

Хизб-ут-Тахрир амири УЛУУ ААЛЫМ шЕйх Ато ибн Халил Абу РУшта МЕНЕН МАЕКТЕШ бОЛУУ ШАРАПАТЫ ЖӨНҮНДӨГҮ КАМАКТАГЫ ЭСКЕРҮҮЛӨР

(Биринчи бөлүм)

Ал-Ваъй урматтуу боордош Салим Амрга таандык мемуарлардын (эскерүүлөрүнүн) бир бөлүгүн алды. Ал-Ваъй ушул эскерүүлөрдүн айрымдарын басып чыгарууда. Бул эскерүүлөрдө жүрөгү бар же күбө болгон абалда акыйкатка кулак салган кишилер үчүн – инша Аллах – ибрат бар.

Боордош Салимге ушул – инша Аллах – таасирдүү үлгү болгон эскерүүлөрү үчүн терең ыраазылык билдиребиз. Аллах Субханахудан анын эскерүүлөрүндө келген нерселерди жүзөгө чыгарышын жана аны бардык жамандыктардан сакташын сурайбыз…

Маектеш болуу шарапаты жөнүндөгү камактагы эскерүүлөр (1)

Бардыгы чөлдөгү Савака камагынан башталды. Ошондо мен Хизб-ут-Тахрир жөнүндө эч нерсе билбейт элем. Алардын үстүнөн күлүп маскаралап, аларга каршы кек сактайт элек. Аллах бул нерсеге себеп болгон адамды кечирсин!

Ошол күнү таңда камакка Ато Абу Рушта деген бир туткун Жувайда камагынан чөлдөгү Савака камагына өткөрүлүшү жөнүндө кабарлар келди. Бул окуя бизди камерабыздын тушундагы камерада жаткан Хизб-ут-Тахрир жигиттерин кызыктырганчалык кызыктырбады. Мен бул жигиттер анын келерин угары менен кубанычка толгонун көрдүм. Мен алардан Ато Абу Рушта Хизб-ут-Тахрирдин расмий сүйлөөчүсү экенин билип алдым. Кыскасы, камерабызга ушундай кабарлар келди. Арабызда ал кишини ким тааныйт, деген суроо туулду. Ошондо досум Ахмад Саъуб ибн Казиятий (яхудийлерге каршы каршылык кыймылынан эле) мага: Эй, ал кандай гана жакшы киши, ал исламий экономика жөнүндө жазган азчылык кишилердин бири! – деп калды. Ахмад гезиттерди берилип окуган кишилерден эле. Биз ал жөнүндө кээде тамашалап: Биз гезитти жыйырма тыйынга сатып алабыз, ал болсо аны кудум бир динарга сатып алгандай окуйт, дечүбүз. Ал тургай, кичине жарыялар да анын назарынан качпайт эле. Ошондо мен иорданиялык афгандар деп аталган камерада жатар элем. Иш абдан чаташып, бул иш боюнча эч бир айыбы жок кишилер да көп зулум көргөн болчу. Ички проблемалар маал-маалы менен жүз берип турган. Бизге ошол убакта «Вадий Мавжиб иши» боюнча кылмыш иши козголгон. Кыскасы, биз Иорданияга келе турган яхудий туристтерге каршы шейит болуу амалын уюштуруу иши боюнча айыпталган элек. Бул амал 1995-жылы 24-февралдагы Харам Ибрахимийдеги кыргындан бир жыл өтүп өткөрүлгөн. Бирок, бул амал ийгиликтүү аягына чыкпады жана мага ал иш боюнча өлтүрүү өкүмү чыгарылды. Кийин бул өкүм жеңилдетилип өмүр бою оор эмгек кылуу жазасына алмаштырылды. Ошол убакта менин акылым жихадий салафийликке жакыныраак эле. Ошондуктан, пикирлөө жаатында мени менен Хизб-ут-Тахрир ортосунда абдан чоң айырма болгон. Моюнга аламын, мен ошол убакта пикирий жактан өспүрүм элем. Мени пикир кызыктырбачу, анын мааниси эмне экенин билбегенмин. Биз Хизб жигиттеринен уккан терминдерди билбейт элек, бул терминдерге көңүл да бурбачубуз. Жада калса, Абу Ясин (Ато Абу Рушта) жана анын катарлаштары сабак өтүү үчүн камераларды кезип жүрүшкөнүн көрүп пикир деген сөзгө күлчүбүз. Досторумдун бири маскаралап: «Бул алардын чоңу, аларга пикирди үйрөтөт» дегенде абдан наадандык менен күлөт элек!

Биз ички проблемаларыбыз менен жана камактан чыгуу үмүтүндө амнистия жөнүндөгү жарыялар менен алек болуп жүргөнүбүздө Хизб-ут-Тахрир жигиттери Абу Ясиндин илим булагынан чаңкоосун кандырышчу. Алар – нан иши боюнча камалган жазуучу Абдуллах Абу Румман сыпаттагандай – ар аптада бир китеп жазышат эле. Алардын абалын устаз Хамза Анид зыярат бөлмөсүндө (туткун сырттан келген адамдар менен жолугуша турган бөлмө) кыскача баян кылган. Ал үй-бүлөсүндөгүлөргө: Бизде Абу Ясин бар, ал бизге ар бир сабак арасында дагы бир сабакты берет, дечү. Алар амнистия жөнүндөгү жарыяларга көңүл бурушпайт эле, камак – бир каза деп ыйман келтиришчү. Бул жигиттер ортосунда кемден-кем проблема болчу. Себеби, шейх Ато аларды талкуу жана жазуу менен алек кылып, аларга араб тили жана усул илиминен таалим берет эле. Ошондуктан, биз спорт машыгуусуна барсак алардын көпчүлүгү тафсирлерден пайдалануу, өздөрүнөн талап кылынган важиб вазыйпаларды аткаруу үчүн камактын китепканасына барышчу!

Маектеш болуу шарапаты жөнүндөгү камактагы эскерүүлөр (2)

Кээде камак жетекчилиги менен болгон жана өзүбүз үчүн эч бир кереги жок уруштар натыйжасында башаламандык жүз берип турчу. Адатта буга салафий жихадий агымдагы боордоштор себеп болор эле. Мамлекет алардын ишин имамга байъат берүү иши деп атаган. Алардын полицияга карата көз караштары, полицейлерди тогуттар деп аташы, мунун акыбетинде келип чыккан өкүмдөр камак ичинде биз үчүн эч бир пайдасыз болгон чабуулга түртүп, чегинүү кармаштары менен аяктаган башаламан абалда жашашыбызга алып келген. Акыбетте, камак жетекчилиги бизге каршы репрессиячыл чараларды көрүп, бизди таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газдарды колдончу. Бул башаламандык камак жетекчилигин эки кабатта жайгашкан кичине камераларга бизди таратып жиберүү пикирине алып келди. Камак жетекчилиги ушуну менен көптөгөн проблемаларды азайта алды. Ошондо абалыбыз жазуучу жана журналист Абдуллах Абу Румман камактан чыкканда «Камактарда да амирлер» деген аталышта жазган макаласында сүрөттөгөндөй көрүнүштө эле. Себеби, мисалы, мен да амир элем. Мен түрдүү агымдардын жигиттеринен: иорданиялык афгандар, түрдүү иштер боюнча камалгандар, Хизб-ут-Тахрирдегилерден турган топту башкарчумун. «Анткени, мен жашаган камерада Хизб жигиттеринен Тарик Ахмар калган эле». Инженер Лайс Шубайлат да камалган болчу… Абу Мусъаб Заркавий анын тобунун үстүнөн амир эле. Боордош Валид Хижазий болсо камерадагы Хизб жигиттери үстүнөн, алардын катарында Абу Ясин үстүнөн да амир эле. Себеби, Абу Ясин амир болууну четке кагып, камак ичинде жигиттерге кээ бир нерселердин жол-жобосун көрсөтүп алардан жетекчилерди даярдоого киришкен болчу.

Жума намазын камераларда окуйт элек. Бир сапар хутбаны шейх Атодон уксак, башка сапар Абу Мухаммад Макдисийден укчубуз. Бул иштер бизди кичине камераларга жайгаштыруудан мурун болгон. Абу Ясиндин хутбасы көңүлдү өзүнө бурчу. Анын хутбасы айрым салафийлерге да таасир кылды. Бул болсо, салафий пикир жетекчилерин бул иштен сак болууга үндөдү. Муну токтотуу үчүн кээ бир проблемаларды келтирип чыгарууларына туура келди. Иш жүзүндө да ошондой болду.

Абу Ясин усули фикх боюнча камерабызда кээ бир жигиттерге сабак өтчү. Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин бири болгон боордош Шубайта да араб тили боюнча сабак берет эле. Бирок, биз – өкүнүчтүүсү – бул сабактарга маани бербечүбүз.

Абу Ясин башка камералар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн берген ар кандай убакытты, оорулуу абалында болобу же тазия абалындабы, канимет билчү. Үмүтсүздүк анын жүргүнө жол таба албады. Ал менин назарымда Расулуллах A өз сахабасына:

«صِلْ مَنْ قَطَعَكَ، وَاعْفُ عَمَّنْ ظَلَمَكَ»

«Сенден алаканы үзгөн киши менен байланыш, сага зулум кылган кишини кечиргин» деген осуятын осуят кылгандай болчу. Себеби, ал өзүнө карата айрым агымдар жасаган жамандыктарды жогору айкөлдүк менен кечирди жана бул жамандыктарга жалаң жакшылык менен гана жооп берди.

Ÿwur} “ÈqtGó¡n@ èpoY|¡ptø:$# Ÿwur èpy¥ÍhŠ¡¡9$# 4 ôìsù÷Š$# ÓÉL©9$$Î/ }‘Ïd ß`|¡ômr& #sŒÎ*sù “Ï%©!$# y7uZ÷t/ ¼çmuZ÷t/ur ×ourºy‰tã ¼çm¯Rr(x. ;’Í<ur {ÒOŠÏJym

«Жакшылык менен жамандык тең болбойт. Сен (ар кандай жамандыкты) ажайып сөздөр менен кайтаргын! (Ошондо) капысынан сени менен ортоңордо душмандык болгон киши ысык ишеничтүү достой болуп калат»                                                    [41:34]

Биз Хизб жигиттерин маскаралап, ошол эле учурда, аларды жакшы да көрөт элек. Досум Ийд Жахалайн алар менен тамашалашып: «Силер, Хизб-ут-Тахрир жигиттери кафеге кирсеңер официантка: мага бир чай жана талкуулашуу үчүн эки кишини алып келиңиз, дейсиңер» дегенде Абу Ясин бул сөзгө күлгөнүн көрдүм. Ийд Жахалайн иорданиялык афгандар иши боюнча камалып, ал кинотеатрды жардыруу натыйжасында эки бутун жоготкон болчу. Аллах ага шыпаа жана кечирим берсин. Ажлун миналары иши боюнча камалган доктор Али Факир болсо Абу Ясин халкасында усулдан таалим алчу. Ал жеке калганыбызда калыстык менен бизге мындай дечү: Бул жерде урматтоого эң ылайыктуу киши – Абу Ясин.

Камалганыма эки жыл болгондон кийин туура жол белгилери мага аста-секин айкын боло баштады, иштерге объективдүү карап калдым. Айрыкча, ички проблемалар арзыбаган себептер менен көбөйүп бара жатканын көрүп – бул жаман кырдаал мени убакытты таптакыр канимет билбеген абалга салып койгон эле – иштерге, окуяларга калыс назар сала турган болдум. Ошондон кийин камак жетекчилигине мени экинчи кабатка, Хизб-ут-Тахрир жигиттери жаткан жайга көчүрүүлөрүн сурап талап жаздым. Талапка макулдук берилгенден бир нече саат өтүп жетекчилик тарабынан четке кагуу жообу келди! Ошондуктан, ар жерде бир түн гана турдум жана кайдан келген болсом ошол жайга кайтарылдым. Эх, жетекчилик макулдук бергенине абдан курсант болгон элем.

Маал-маалы менен азаттыкка чыккан Хизб-ут-Тахрир жигиттери менен коштошуп турчубуз. Алардын камактан чыгышын кубанып белгилөө адатта айланды. Алардын айрымдары азат кылынган түнү сакчы менен келишип, азаттыкка чыгууларына байланыштуу майрам өткөрүп белгилөө үчүн айрым ырларды айтып берүү максатында алардын камерасында жатым калчубуз.

Ошондон кийин Аллах мени Хизб-ут-Тахрир амири жана Хизб жигиттери менен бир камерада жолуктуруп сыйлаган күн келди. Бизди камераларына күндүн нуру түшпөгөн Салт камагына көчүрүштү. Бул камак цементтен жасалып, камералары эки ярус керебеттерден турган. Ар бир камерада төрт эки ярус керебет т.а. баары болуп 8 керебет болчу. Салт камагы Савака камагына салыштырылганда бир кырсык эле. Натыйжада, аба өзгөрдү, жай тар болуп калды, нымдуулук… сыз жер… проблемалар көбөйдү. Бул орун алмаштыруудан мен эң көп пайда көрдүм десем жаңылышпаймын. Негизи, мени өз үй-бүлөмдөн Савака камагынан эки эсе алыс болгон жерге көчүрүштү. Себеби, мен Киркта жашайт элем.

Аллахтын фазилети жана карамы менен камактагы жазам – тартуу кылынган неъматка айланды!

Маектеш болуу шарапаты жөнүндөгү камактагы эскерүүлөр (3)

Камактагы шарттар бири-биринен айырмаланат. Мисалы, Салт камагы кичине болушуна карабастан бул жайга көнө баштадык. Адам камактагы жаза катары белгиленген эмгекти ушунча тоскоолдуктарга карабастан, тартуу кылынган бир неъматка айлантышы мүмкүн.

Ошол күнү Абу Ясин камактагы Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин көпчүлүгү менен дээрлик коштошуп болгон эле. Себеби, Хизб жигиттери, мисалы, мен эстеген Валид Хижазин, Сухайб Жара жана Абдуррахман Абу Алийя да жакында жаза мөөнөтү аяктап азат кылынуу алдында турган. Кийин алар эркиндикке чыгышты. Камерада жигиттерден Абу Ясин бир өзү гана калды. Адам бөлмөдө эч бир шериксиз бир өзү калышы абдан жан кейитет.

Ошондо мен Хизб жигиттери жаткан бөлмөгө көчүп өтүүнү чечтим. Көчүп өтүү да оңой болуп калган болчу.

Көчүп өтүү чечимине себептер көп эле: Абу Ясиндин бөлмөсүндөгү нафсий туруктуулук; чачы агарган улуу жаштагы кишиге кызмат кылуу (ага албетте кызмат кылышым керек эле, себеби, улуу жашка барган жана Куръан ээси болгон мусулман кишини урматтоо – Аллах Тааланын улуулашынын бири); Абу Ясиндин өзгөчөлөнүп турган боорукеңдиги (мен бир күнү жигиттердин бири аны көп капа кылганын көрдүм, бирок, ал мындан жогору туруп айкөлдүк кылды).

Мына ошондон кийин бул кишини жакындан күзөтө баштадым: Ал кандай жейт? Кандай ичет? Кандай даарат алат? Кандай ибадат кылат? Адамдарга кандай мамиле кылат?.. Натыйжада, Исламды мына ушул камерада көрдүм. Бул, Аллахтын Өзү каалаган кишисине берген фазилети эле. Абу Ясинди баары урматтачу, ал адамдарды жалаң жылмаюу менен күтүп алат эле, даарат алганда сууну ысырап кылбай, даарат аракетинде кранды токтотуп турат эле. Ошондо мен ага: Эй Абу Ясин, сиз камактын суусу түгөнүп калышынан коркуп жатасызбы? – десем, ал: Бул жалпы мүлкү, аны коргоо жана ысырап кылбоо керек, деп жооп берген!

Ал баарына салам берчү, бирок, кээ бир агымдагылар анын саламына жооп кайтарбайт эле. Бул абал аны капалантып, мага: Мамлекет тикеленгенде мындай акыл жүргүзгөндөргө карата кандай мамиле кылуу керек болот экен? – дечү. Бир аз унчукпай туруп: Халифалык тикеленгенде булар үчүн душмандарга каршы согушуу үчүн согуш фронтторунда болушунан башка чечим жок, деген. Камакта баары үчүн бир гана телевизор бар эле. Бул телевизор ашкана залында болгондуктан ар дайым ачык турчу. Абу Ясин ал жерге саат сегизде кабарларды угуу үчүн гана барып, мына ошондон кийин камерасына кайтып кетет эле.

Бир күнү Хизб жигиттеринен болбогон, Дарут Таххандык, курал сатып алуу иши боюнча камалган жигиттердин бири мага мындай деди: «Эй боордош, бул кишини (Атону) абдан урматтаймын, себеби, ал кабарларды, айрыкча Алжирден келип жаткан кайгылуу кабарларды укканда ыйлап жатканын, ал жердеги кыргынды көрүп көз жаш төгүп жатканын көп жолу көрдүм, ал менин назарымда көбүрөөк, дагы да көбүрөөк улуу болуп бара жатат».

Мен Кирктеги белгилүү уруудун өкүлү болгон үчүн түштүктүк кээ бир офицерлер мага достук мамиледе болушкан. Ошондуктан, биз камактын тикен зым менен оролгон күн нуру көп тийген аянтка барат элек. Кээде сакчылар да биз менен бирге чыгышчу. Туфайлиядагы Даруш Шубутаттан келген бир офицер бар эле. Ал камакка өткөрүлүшүнөн мурун коопсуздук кызматында бир канча убакыт кызмат кылган болчу. Аны менен менин ортомдо кандайдыр бир достук пайда болду. Ушул офицер бир күнү мага: Эй Салим, сенин оюңда бул жердегилердин арасында Иордания режимине эң кооптуусу кимдер? – деп калды. Мен дароо: Имам байъаты «салафий жихадийлер» кийин Ажлун миналары, деп жооп бердим. Муну угуп офицер бир аз күлүмсүрөп мындай деди: Алардын эч бири бизди кооптондурбайт, тигил кишини кара – деп Атону көрсөттү – ал жалгыз өзү жүрөт, эч ким аны менен бирге эмес, эч бириңер ага көңүл бурбайсыңар, ушундайбы? –деди. Мен: Ооба, туура дедим. Офицер: Ал араңардан Иордания режимине эң кооптуу болгон жалгыз киши, деди.

Ошондо мен тышкы көрүнүш акыйкатты туюнтпашын түшүнүп жеттим. Кээ бир офицерлер коопсуздук кызматынын адамдары жок экенине толук ишенич пайда кылышкандан кийин Абу Ясин менен сүйлөшүү үчүн эч кимге билдирбей жашыруун түрдө камерага келишчү. Мына ошондон кийин мен нусрат мүмкүн экендигин түшүндүм. Фиръавндын үй-бүлөсүнөн да көптөгөн адамдар өз ыйманын жашырышкан.

Мен нахвдагы мубтада менен хабарды айырмалай албайт элем. Бир күнү Абу Ясин мага: Эмнеге убактыңызды канимет билип араб тилин үйрөнбөйсүз? – деп калды. Мен ага: Бул сабак кыйын, мен аны түшүнө албаймын, бул маселени коюңуз, дедим. Ошондо ал мага: Сиз болгону бир Мусхаф, дептер жана калем алып келсеңиз болду, калганын мага бериңиз, инша Аллах, үйрөнүп аласыз, деди. Мен ага пайдасыз нерсеге аракет кыларын айтып каршылык кылдым, бирок, ал: Араб тилин үйрөнөсүз, анткени, ал – Куръан тили, Куръанды түшүнүү, аны тадаббур кылуу жана андан өкүмдөрдү истинбат кылуу ачкычы, деп бекем турду.

Мен башка иштер боюнча камалган айрым жигиттерди да араб тилин үйрөнүү сабагына катышууга көндүрдүм жана биз эски башталгыч мектептердин ыкмасы боюнча окууну баштадык, исм, феъл жана харфты бири-биринен айырмалоону үйрөнө баштадык. Жумла – маанини билдирген калам экендигин билип алдык. Көптөгөн мисалдар о.э. вазыйпалар Куръандан болду. Кыскасы, бир нече аптадан кийин экзамен болду, бул, жети уктап түшүмө да кирбеген эле, себеби, экзаменде Анфал сүрөсүн толук иъроб кылып чыгышым керек эле… Аллах ал кишини мага кылган жакшылышы үчүн жакшылык менен сыйласын.

Маектеш болуу шарапаты жөнүндөгү камактагы эскерүүлөр (4)

Аз убакыт калды, себеби, жакын апталарда Абу Ясин жаза мөөнөтүн өтөп чыгып кетмек. Абу Ясиндин жаза мөөнөтү 3,5 жыл болчу. Анын эркиндикке чыгуу маалы жакындашып үй-бүлөсү, достору жана хизби арасында болушуна кубандым. Хизби да аны сабырсыздык менен күтүп жаткан. Себеби, эсепте жок бир жаңы иш т.а. кээ бирөөлөр өз антынан кайтышкан болчу. Мен Абу Ясиндин мына ушул оор убакта гана таасирленгенин көрдүм. Айрым арамза кимселердин: «Абу Ясин да шейх Абдулкадим Заллум рохимахуллахтын кыядатынан бөлүнүп чыгуунун тарапкери» деген сөздөрү аны кайгыга салды. Бул туурасында ага жаман кабарлар келди. Мына ушул оор учурда ал түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө Аллахка жалбарып жатканын көрдүм. Кыскасы, мен анын камактан чыгышына кубанып жаттым, бирок, ошол эле учурда андан айрылып жатканымдан көңүлүм чөктү. Абу Ясин мен үчүн ата, ага жана дос болуп калган эле.

Жогоруда айтылган мусийбат жана жалган жалаалар ага абдан оор болсо да, бирок, ал муну башкаларга билдирбөөгө аракет кылды. Мен ошондо Хизб мүчөсү эмес элем. Өзүм менен кеңешип, Хизб-ут-Тахрир катарына кошулуп анын жигиттери менен иш алып баруу туурасында Аллах Субханахуга убада кылдым. Ошондон кийин Абу Ясин менен бул туурасында сүйлөшүп, Хизб-ут-Тахрир жигиттеринен болушума уруксат беришин сурадым. Ошондо ал киши кубанып, жүзүнө жылмаюу дагы кайтты. Себеби, ал камактан чыгышынан мурун менин маселем Хизбди үйрөнүшүм менен аягына чыгышына ынтызар эле. Анын камактан чыгышына бир апта гана калган, мен ушул убакытка чейин жол-аракеттин кыйындыгы жана китептердин жетишпестиги себептүү Хизбди үйрөнүүнү четке кагып келген элем. Ошондуктан, ал мага жалпы фикрат катары айрым кеңири көлөмдүү пландарды жана кээ бир идарий иштерди үйрөтө баштады. Мен өзүмдү 1998-жылы кайрадан төрөлгөндөй сездим, анткени Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин катарына кошулдум. Бул, оболу, Аллах Субханаху ва Тааланын фазилети жана Абу Ясин хафизахуллахтын кызматы болду.

Абу Ясин Мухаммад Фатих Gну абдан жакшы көрчү! Ал киши мага эки мүнөт ичинде кагазга дүйнө картасын сызып, командачы Мухаммад Фатих фатхтар менен кайсыл жерлерге чейин жетип барганын көрсөтүп бергени эсимде.

Андан уктоого уруксат сурасам: Саламат таң аттырыңыз, дечү. Ал кишиден «Аллахтын уруксаты менен азиз, жарык таңга чейин кош» деген сөздү көп укканмын. Ал уктардан мурун азиздик, нусрат жана үстөмдүк үмүтүнө бекем ишенимди жүргүбүзгө киргизүү үчүн ушундай сөздөрдү айтат эле.

Абу Ясин акын да эле. Себеби, ал адатта Аллах камактан чыгуу менен сыйлаган айрым жигиттерге айрым ыр саптарын жазып жиберчү. Анын ырлар жыйнагы бар эле, аны өзү менен алып жүрчү, бирок, бул жыйнакты андан алып коюшту.

Абу Ясин айтып жүргөн айрым ыр саптары эсимде:

Аллах жолунда бекем болуп, дүнүйөбүз жек көрүнөр

Жаныбызды курман кылып, турабыз өлүмгө даяр

Ал рамазан айына мындай деп кайрылуу кылган:

Кош кел, рамазан, жакшылыктарга бай

Расулуллага Куръан тартуу кылынган ай

Абу Ясин азат кылына турган түнү коштошуп, куттуктоо үчүн келген башка уюмдардын айрым жигиттери менен тамашалашып ыр саптарын да жазган:

Бирок, Ахмад Саубдун

Бир нерсеси кулагында,

Угар аны баш чайкап

Жылмаюу кумарында

Себеби, Ахмад Саубдун радиосу жана наушниктери бар эле.

Ажлун миналары иши боюнча камалган Икрима Гаройиба жөнүндө да жазган. Икрима томпок такыясы менен өзгөчөлөнүп турчу, айрым жигиттерди айланасына чогултуп алып, тамеки тартат эле:

Такыя кийген Икрима

Жетишет, тартпа тамеки,

Чар тарапты түтүн каптап

Тажады го ага-ини

Мен жөнүмдө да айрым ыр саптарын жазган:

Сүйүктүү Салим досубуз

Жүрөгү тоодой, күмөнсүз

Мусийбат жетип турса да

Кайраты бекем, кадиксиз

Жигиттерди кубантып, камактын ордугун жеңилдетүүгө мүмкүн болушунча аракет кылчумун. Абу Мухаммад Макдисий менен куралдуу уюмдун мүчөсү Исмат Шукрий ортосунда жаңжал чыкканы эсимде. Ошондо бири экинчисинин башына таштанды кутусун аңтарып жиберген. Биз бир нече күндөн кийин Исматты көргөнү бардык, себеби, ал ооруп калган эле. Ал чачын алдырып алган экен. Мен Абу Ясиндин алдында Исмат менен тамашалашып: Бул жолу чачың тез өсүп чыгат, дедим. Ошондо ал: Эмнеге? – деди. Мен: Себеби, бул башка таштандынын кутусу аңтарылган, дедим. Бул тамашага абдан күлдүк. Абу Ясин аны эстеген сайын: Мен сиздей тамашалаша албаймын, дечү.

Абу Ясин фазилеттүү адам эле. Мен ага жакшылык кылганымды, кызмат көрсөткөнүмдү айтчу: «Сиз мага көп жакшылык кылдыңыз, Аллахтан бизди бул жайдан башка жайда жамдашын сураймын». Түпкүлүгүндө, бүткүл өмүр бою ага жакшылык кылсам да ал кылган жакшылыктын бир аз бөлүгүн да кайтара алмак эмесмин. Аллах күбө, ага кызмат кылып ырахаттанганымды билдирбедим.

Абу Ясин Салт камагынан азат болуп, айларга созулган чоң боштукту калтырып кетти. Кийин биз Иорданиянын түштүгүндөгү чөлдө жайгашкан Жифр камагына көчүрүлдүк.

Маектеш болуу шарапаты жөнүндөгү камактагы эскерүүлөр (5)

Халид Машъалга жасалган кол салуунун артынан Салт камагында козголоң көтөрүлдү. Бул амалды ишке ашырган сионист Моссад тыңчылары сотко тартылбай, дароо азат кылынды. Муну менен Иордания режими: яхудийлер биз үчүн эң кымбат, демекчи болду. Камакта саясий туткундар тарабынан көтөрүлгөн тополоңдон кийин камактан качуу жөнүндө олуттуу талкуу кылына баштады. Айрыкча, жогору жаза өкүмү чыгарылгандар ушундай ойго барышты. Кудум Фиръавндын үй-бүлөсүндөгү айрым кишилер сыяктуу өз ыйманын жашырып жүргөн кишилер бул качуу ишин жеңилдетүүгө даяр эле. Себеби, алар биздин ишибиздин адилеттүүлүгүнө ишенишчү. Камак жетекчилиги бул ишти кандайдыр бир деңгээлде билип калгандан кийин бизди Иорданиянын түштүгүндөгү чөлдө жайгашкан Жифр камагына көчүрүүнү чечти. 1998-жылдын аягында караңгы түндө биздин бут-колдорубузга кишен салып, мойнуларыбызды байлап күчөтүлгөн сакчылардын көзөмөлү астында Жифр камагына көчүрүштү.

Жифр камагы эң байыркы камактардын бири болчу, жашоо үчүн дээрлик жараксыз эле. Бирок, Аллах бизге фазилет көрсөтүп жүрөгүбүзгө кадыржамдык салды. Камак жетекчилиги биздин бул жайга көнүп калганыбызды көрүп камерабызга он бештен ашуун наркотикалык заттар, мушташуу жана башка кылмыш иштери боюнча камалган туткунду киргизди. Камак жетекчилиги биз менен ошол туткундар ортосунда кагылышуу келип чыгат деген пикирде ушул ишти кылды. Ошондуктан, биз аларды жакшы күтүп алып, сый-урмат көрсөттүк жана аларга таасир өткөрө баштадык. Ошол камакта Хизб жигиттеринен бир гана мен бар элем. Мындан улам, куралдуу уюмдардын мүчөлөрү арасында мен гана өзгөчө пикирде экеним да бир сыноо болду.

Камак сакчылары менен жакшы мамиледе элек. Себеби, алар аракетибиздин адилеттүү экенине ишенишет эле. Мен Жифр камагына жаңы туткундар алынып келинишинен кабардар болдум. Ошондон кийин сакчылардын биринен келе турган туткундардын тизмесине көз жүгүртүп Ато ибн Халил Абу Руштанын ысымын көрдүм. Абу Ясиндин дагы камалганын билбеген элем. Ал камактын сыртында 4 айга жакын гана болду.

Мындан жүрөгүм абдан кубанды. Кээде зыян нерсе пайдалуу болуп чыгыш да мүмкүн. Бул кабар кудум азат кылынышымдай туюлду.

Абу Ясин менен эртеси түнү жолугуштук, ал кандай гана жакшы туткун жана кандай гана жакшы конок эле. Туурасын айтсам, анын келгенине баары кубанды. Себеби, аны баары урматташат эле. Ошол күнү мен сабакка даярдык көрүп жаттым. Ата-энем (Аллах аларды рахмат кылсын) зарыл болгон бардык китептерди алып келип беришти. Алар мен өмүр бою камак жазасына өкүм кылынганым үчүн, сабакка кылуу пикирине түшкөнүмө күлүштү. Расмий түрдө төлөмдөрдү төлөп, сабак кылууну баштадым. Бактыма менин маанайымды көтөрө турган киши т.а. Абу Ясин келип калды. Ал мага кээ бир окуу колдонмолорунан сабак бере баштады. Анын ыкмасы абдан жакшы болчу. Ал мага сабакты абдан жеңил түшүндүрдү, аны тез убакытта өздөштүрүп алдым. Ошондуктан, көп айларга созбой, бир айдан да аз убакыт ичинде өздөштүрүп алдым. Муну күтпөгөн элем. Аллах Абу Ясинди менин атыман жакшылык менен сыйласын.

Мен нусрат ээлери бар экенине көп ишенбейт элем, Абу Ясин менен бул жөнүндө талкуулашып турчумун. Ошондо ал мага бул туурасында бир амалий сабак берди.

Бир күнү ал мени чакырып, муну окуңуз, деди. Карасам, жаңы келген Хизб баракчасы экен. Ага аны ким киргизип берди экен, деп ойлоп калдым. Ошондо жакшылык жана нусрат бар экенин билдим.

Бир нече ай өтпөстөн король Хусайн өлүп, камагыбызда жалпы амнистия жарыяланды. Ошондон бир нече күн өтүп биз азат болдук. Бардык нерселердин ачкычы аруу Заттын колунда.

Менин камактан чыгышымдын кыссасы ажайып. Мен өмүр бою камак жазасына өкүм кылынып, амнистия мыйзамына кирбей («террорчулар» амнистияга кирбейт эле) азаттыкка кантип чыктым?.. Буга амнистия мыйзмындагы чыгуу мүмкүнчүлүгүн берген бир орун себеп болду, ошон үчүн чыктым. Негизи, мен өмүр бою камак жазасына өкүм кылынганмын. Шеригим Ахмад Сауб болсо, 10 жылга өкүм кылынганына карабастан камакта калды. Анын ортомчусу король Хусайн тарап эле. Ошондуктан, ал Савака камагына өткөрүлдү. Максат, аны азат кылуу үчүн король Хусайн тарабынан чөйрө даярдоо эле. Ошондон кийин падыша өлдү, падышалардын Падышасы болсо түбөлүк. Ошон үчүн мен камактан чыктым, Ахмад болсо Савака камагында калды. Ошол кезде Абу Ясиндин: «Жер жүзүндө бирер иш асманда өкүм кылынгандан кийин гана өкүм кылынат» деген сөздөрүн эстедим.

Абу Ясин ошол убакта көп күндөрүн орозо кармап өткөрөт эле. Фарз намазын окуп, анын артынан фарздын казасын да окучу. Биз андан ушул намаз жөнүндө сураганыбызда ал мындай деп жооп берген: Жаштыгымда окуган намазым важиб таризде жакшы болбогон. Ошондуктан, өтүп кеткен намаздарымдын казасын окууга аракет кылып жатамын.

Бир күнү Абу Ясинди кубанган абалда көрдүм. Кызыгып мунун себебин сурадым. Ал: Хизб анттан кайтуу окуясынан кийин дагы мурунку күчтүү абалына кайтты. Ошол окуядан кийин көп адамдар Хизб болду, бүттү деп ойлошкон эле, деп жооп берди. Ал кошумчалап: Уулум Ясинди азат болгонумдан кийин кайра камалышымдан  мурун үйлөдүм. Ясин атам камакта болсо үйлөнбөймүн деп жаткан эле, деди.

Аллахтын фазилети менен биз камактан чыктык. Бир нече күндөн кийин Абу Ясиндин Расифа шаарындагы үйүнө бардым. Ал кучак жайып жакшы күтүп алды. Мен түндөсү беймаалда бардым. Мен кемтик акылым менен кечки тамак жакшы болот деп ойлогон элем.

Кучак жайып күтүп алгандан бир нече саат өткөндөн кийин Абу Ясин балдарына кечки тамакты алып келгиле, деди. Тамак – зайтун майы, көк чөп, жумуртка, картошка болчу. Улуу Аллахка ант болсун, өмүрүмдө ушул кечки тамактан жакшы тамакты көрбөдүм. Эгер, Абу Ясин үйүндө жакшыраак тамагы болгондо, албетте ошону менен меймандайт эле. Ал киши жасалма сунуш кылбай, негизи кандай болсом ар дайым ошондой болуу керектиги туурасында сабак берди жана мейманды сыйлоо эң оболу – буудай наның болбосо да, ширин сөзүң болсун дегендей – жакшы күтүп алуу экенин үйрөттү.

Абу Ясин менен эң жакшы түнүмдү уйкусуз өткөрдүм. Ал таңда мечитте багымдат намазын окуганыбыздан кийин коштошту. Ал ушул багымдат намазында намазкөйлөргө имам болуп берди.

Мен Абу Ясинди 1999-жылдан бүгүнкү күнгө чейин көрбөдүм. Аллах Субханаху ва Тааладан бизди ушул улуу аалым, Хизб-ут-Тахрир амири менен сыйлагандан кийин Халифалык менен да сыйлашын жана анын колу астында Байтул Макдис азат болушун о.э. Рим фатх кылынышын сураймын. Бул, Аллах Субханахунун колунда жана Ал буга кудуреттүү Зат. q

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *