Расулулла с.а.в дын даъваттагы ахлагы (1)

Расулулла с.а.в дын даъваттагы ахлагы (1)

Табароний Абдулла ибн Салам р.адан рыбаят кылышынча, ал мындай деди: Алла Азза ва Жалла Зайд ибн Суънаны хидаят кылган соң, Зайд мындай деди: «Пайгамбарлык белгилеринен эмне болсо, мен аны Мухаммад с.а.вдын жүзүнөн ал кишиге караган чагымда көрүп, билген элем. Болгону эки белги мындан сырткары эле, мен али бул экөөсүн ал кишиден сынап көрбөгөн элем: Ал кишинин жумшактыгы ачуусунан үстөм турар эле, катуу ачуусу келсе, бул нерсе ал заттын жумшактыгын дагы да көбөйтөт экен. Расулулла с.а.в бир күнү үжүрөдөн чыгып келди. Ал киши менен бирге Алий да чыкты. Ошондо бир киши бадавийге (чөлдүк арабтарга) окшоп улоо минип, ал кишинин алдына келип: «Я Расулулла, баланчалар кыштагында менин бир канча шериктерим бар. Алар Исламга киришкен эле. Мен аларга «Исламга кирсеңер, ырыскыңар мол болот» деген элем. Быйыл жамгыр жаабай, аларга кыйынчылык, кургакчылык жетти. Я Расулулла, мен алардын Исламга бир нерсе үмүт этип киргендериндей, дагы ушундай үмүттө андан чыгып кетүүлөрүнөн коркуп жатам. Ошондуктан, аларга бирер нерсе жиберип, жардам кылсаңыз жакшы болор эле», – деди. Ошондо Расулулла жанындагы кишиге (т.а. Алийге) карады эле, Алий: «Я Расулулла, эч нерсе калбады», – деди. Ошондон кийин мен ал кишиге жакын барып: «Эй Мухаммад, баланчалардын багындагы курманын маалым бир өлчөмүн маалым бир мөөнөткө чейин шарты менен сатасыңбы?», – дедим. Пайгамбар с.а.в ыраазы болуп, мени менен ушуга келишти… Ошондон кийин ал кишиге сексен мыскал алтын бердим. Пайгамбарыбыз болсо, аны жанагы кишиге берип: «Алардын ортосунда адилет менен бөлүштүрүп, аларга жардам кыл», – деди.

Шартташылган мөөнөт бүтүшүнөн эки же үч күн мурун пайгамбарыбыздын алдына келип, ал кишинин көйнөк жана ридасынын жеңинен тарттым жана ал кишиге мисирейе карап, оройлоно: «Эй Мухаммад, акыры менин акымды бербейсиңби? Аллага касам, силер Абдулмутталиб перзенттери, ар дайым ушундай убагында бербей созуп жүрөсүңөр. Мен силер менен аралашып, мамиле кылып жүрүп муну билип калганмын» дедим да, Умарга карадым. Анын көздөрү алайып кеткен эле. Ал мага карап: «Эй Алланын душманы, Расулулла с.а.вга ушундай сөздөрдү айтасыңбы? Ал кишиге ушундай мамиле кыласыңбы? Жаным Анын колунда болгон затка ант ичип айтамын, бир нерсеге шашып турбаганымда эле, албетте, башыңды кылычым менен чаап таштар элем», – деди. Расулулла болсо, мага тынч жана оор басырыктуулук менен карап турар эле. Ошондон кийин Умарга келип: «Эй Умар, мен да, ал да башка нерсеге муктажбыз т.а. сен мага (анын акысын) жакшы өтөөнү, ага болсо, жакшы мамиледе болууну буюрушуң керек. Эй Умар, аны алып барып, акысын бер. Коркутканың үчүн ага кошумча жыйырма соъ курма бергин», – деди. Андан кийин Умар мени алып барып, акымды берди жана кошумча жыйырма соъ курма да берди. Ошондо мен ага: «Эй Умар, мени тааныйсыңбы?!» – дедим. Ал «Жок» деди. Мен: «Мен Зайд ибн Суънамын», – дедим. Ал: «Ошол билимдүү кишисиңби?» – деди. Мен: «Ооба, ошол билимдүү кишимин», – дедим. Ошондо ал: «Эмнеге Расулуллага мындай мамиле кылдың?» – деди. Мен: «Эй Умар, пайгамбарлык белгилеринен эмне болсо, мен Расулула с.а.вдын жүздөрүнө карап билип алган элем. Эки белги гана мындан тышкары эле. Мен али ал кишиде бул эки белгини сынап көрбөгөн элем. Эми болсо сынап, билип алдым. Ал кишинин жумшактыгы ачуусунан үстөм экен жана катуу ачуусу келсе, бул нерсе ал кишинин жумшактыгын дагы да көбөйтөт экен. Муну эми билип алдым. Эй Умар, сага күбөлүк берип айтамын, мен Алла Раббим, Ислам диним жана Мухаммад пайгамбарым деп ыйман келтирдим, ушуга ыраазы болдум», – дедим… Ошондон кийин Умар менен Зайд Расулулла с.а.вдын алдына кайтып келишти. Зайд: «Ашхаду алла илаха иллаллоху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва росулуху» деп, ал кишиге ыйман келтирди, пайгамбарлыгын тастыктады, ал кишиге байъат берди, анан Пайгамбарыбыз менен бирге көптөгөн окуялардын күбөсү болду, кийин Табук казатында чегинбей, душманга каршы атылып, дүйнөдөн кайтты. Алла Зайдды рахмат кылсын.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *