Усман ибн аффан р.а нун хутбаларынан

Усман ибн аффан р.а нун хутбаларынан

Ибн Саъддын чыгарышынча, Усман р.а га байъат берилген соң, адамдар алдына чыгып, хутба кылды. Ал киши Аллага хамд-сана айтып, анан мындай деди: «Эй адамдар, биринчи кадам таштоо кыйын, бүгүндөн кийин да күндөр бар. Эгер тирүү болсом, хутба силерге өз багыты боюнча боло берет. Биз хатиб болбосок да, Алла бизге билдирет».

Ибн Жарир Табарийдин чыгарышынча, ахли шуро Усман р.а га байъат беришкен соң, ал киши өтө кайгылуу абалда Пайгамбар с.а.в дын минбарына чыгып, хутба кылды. Ал киши Аллага хамд-сана, Пайгамбарыбыз с.а.в га салават айтып, кийин мындай деди: «Силер көчүп кете турган, убактылуу жайда калган өмүрүңөрдү өткөзүп жатасыңар. Ажалыңарга мүмкүнчүлүгүңөр болушунча жакшы иштер менен ашыккыла, себеби, ажал силерге таңга маалбы, кечкурунбу, акыры келет. Билип койгула, бул дүйнө алдоо-жасалмалуулуктар менен оролгон.

فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُمْ بِاللَّهِ الْغَرُورُ

– «Эми, эч качан силерди бу дүйнө (өзүнүн өткүнчү неъматтары менен) алдап койбосун жана эч качан кекирейүү (т.а. шайтан) Алла (ар кандай күнөөнү кечире берет деген алдоо) менен алдап койбосун [31:33]

Өткөндөрдөн үлгү алгыла, олуттуу аракет кылгыла. Бейкапар болбогула, анткени, силер этибарсыз таштап коюлбайсыңар. Дүйнөнү үстөм коюп абад кылган жана аны менен узак убакыт ыракатта болгон дүйнө уландары менен ага-инилери кайда калышты?! Дүйнө аларды түкүрүп таштабадыбы?! Дүйнөнү Алла ыргыткан жайга ыргыткыла да, акыретти издегиле. Анткени, Алла Таала ал жөнүндө да, жакшы иш-амалдар жөнүндө да мисалдар келтирген:

وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَاءٍ أَنزَلْنَاهُ مِنَ السَّمَاءِ فَاخْتَلَطَ بِهِ نَبَاتُ الْأَرْضِ فَأَصْبَحَ هَشِيمًا تَذْرُوهُ الرِّيَاحُ وَكَانَ اللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ مُقْتَدِرًا ۩ الْمَالُ وَالْبَنُونَ زِينَةُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ أَمَلًا

– «(Эй Мухаммад, адамдарга) дүйнө турмушунун мисалын келтиргин. (Ал) кудум бир суу сыяктуу, Биз асмандан жаадырган соң (оболу, киши өмүрүнүн жазында) ал себептүү жер өсүмдүктөрү (бири-бирине) аралашып-чырмашып кетет, кийин (өмүр күзү келген соң) шамалдар учуруп кете турган куурайга айланып калат. Алла бардык нерсеге кудуретүү болгон зат. Мал-мүлк, бала-чака ушул дүйнө турмушунун кооздугу. Роббиңердин назарында болсо, (түбөлүк) калуучу жакшы иш-амалдар сооптуурак жана арзырлык». [18:45-46]

Ошондон кийин адамдар ал кишиге байъат бере башташты.

Дейнаварий жана ибн Асокир Мухажидден чыгарат, ал айтты: Усман ибн Аффан хутба окуп, хутбасында мындай деген: «Эй Адам баласы, ушуну билип койгун, сен үчүн дайындап коюлган өлүм периштеси – сен тирүү турганда – эч качан сени таштап башкага өтүп кетпейт, кудум башканы коюп, сага сени деп өтүп келгени сыяктуу. Ушундай болгон соң, этиятыңды кыл, даярдан, бейкапар болбо. Себеби, сен этибарсыз таштап коюлбайсың. Ушуну да билип койгун, эй адам перзенти, эгер өзүң үчүн этибарсыз болсоң, даярданбасаң, сен үчүн башкалар даярданбайт. Аллага жолугуу болсо, анык-качып кутулгус. Эми, өзүң үчүн (ала турганыңды) алып ал. Аны башкага тапшырба, вассалам».

Ибн Жарир Табарийдин «Тарых»ында Усман бир жамаат ичиндеги акыркы хутбасында мындай деген: «Алла Азза ва Жалла силерге дүйнөнү аны менен Акыретти издөө үчүн берген, ага берилип кетишиңер үчүн берген жок. Дүйнө өткүнчү, Акырет түбөлүк. Эми өткүнчү нерсе силерди кекирейтип, түбөлүктүү нерседен буруп койбосун. Түбөлүктүү нерсени өткүнчү нерседен үстүгө койгула. Анткени, дүйнө үзүлүп калат, кийин Алланын алдына барылат. Алла Азза ва Жалладан такыба кылуу – апаатка калкан, Анын алдындагы нерселерге жол. Түрдүү абалга карап өзгөрүп турууда Алладан корккула, жамаатыңардан ажыралбагыла, тайпаларга бөлүнбөгүлө».

وَاذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنْتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُمْ بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا

– «О.э. Алланын силерге берген неъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилиңерди достоштуруп койду эле, силер Анын неъматы себептүү боордошторго айландыңар». [3:103]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *