Нафс жана анын шахсияттын калыптанышына болгон таасири

Нафс жана анын шахсияттын калыптанышына болгон таасири

وَنَفْسٍ وَمَا سَوَّاهَا ۩ فَأَلْهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقْوَاهَا ۩ قَدْ أَفْلَحَ مَنْ زَكَّاهَا ۩ وَقَدْ خَابَ مَنْ دَسَّاهَا

– «Жанга жана аны тикелеп-жаратып, анан аны бузукулук-итаатсыздыгына да, такыбасына да шыктандырган Затка ант болсун. Чындыгында, аны (т.а. өз нафсжанын ыйман жана такыба менен) тазалаган киши нажат тапты. Жана ал (жанды бузукулукитаатсыздык менен) көмүп кордогон кимсе натыйжасыз болду».  [91:7-10]

Адам шахсияты аклият жана нафсияттан турат. Бул адам вокыйлыгына түздөн-түз алакадар болгон сезим менен идирек кылып турулган иш. Акыл болсо жакшы-жаманды ажыратуу, идирек кылуу жана түшүнүү куралы болуп, ал адамды тафаккур (пикирлөө), тадаббур (сереп салуу) жана мулахазага (ой жүгүртүүгө) үндөйт. Акыл адамды башка махлуктардан ажыратып туруучу мумтаз (айрыкча артыкчылык) касиет болуп, эгер адам андан айрылса, андан сунуш (парз, важып сыяктуу милдеттер) көтөрүлөт жана ушул себептүү башка махлукаттардан артыкча болушунун мааниси жоголуп калат. Ошондон келип чыгып, акыл өсүп-өнүгүүнүн ачкычы жана ойгонуунун себеби болуп калды.

Ал эми, нафске келсек, ал акылдын каршысында туруп, адам табиятын, жүрүш-турушун калыпка салат, анын шахсиятын калыптандырып, ага өзүнө тийиштүү белгилүү бир мүнөздү берет. Ошондуктан, мисалы, Зайддын нафси көрө албас, кекчил болсо, Зайд карамүртөз делет. О.э. таъмагир (кылганына акы үмүт кыла берген), ачкөз нафс, магрур (кекирейген) нафс, сахий (жоомарт) нафс жана ушуга окшогон сөздөр да иштетилет. О.э Амрга болсо заковаттуу же наадан, билимдан-тапкыр же зээни төмөн сыяктуу сөздөр иштетилгендей, сөздөрүбүздө акылга бир канча сыпаттарды нисбат берүүгө окшош нафс да мына ушундай өзүнө хос сыпаттар менен ажыралып турат.

Нафстин адамга жетик таасири бар. Себеби, ал гарыйзалар жана узвий кажаттардан турган тирүүлүк энергиясынын ачылып-жабылып тура турган коопсуздук клапаны. Гарыйзалар жана узвий муктаждыктар адамды аракет кылууга мажбурлайт жана өздөрүн кандыра турган нерселерди кылууга үндөйт. Ошондуктан, эгер адам акылынан айрылса, анын нафси ошол гарыйзалар жана узвий муктаждыктардын шахваттарынын (каалоолорунун) туткунуна айланып калат да, гарыйза жана узвий кажаттар нафсиятка өкүм өткөзүп, бул нафсият ээсинин иш тутушуна жана жүрүш-турушуна мутлак (бүтүндөй) кожоюн болуп калат. Натыйжада, гарыйзалар жана муктаждыктар бул убакта нафсиятты калыптандыра турган жана алардын өзү кандыруу өлчөмүн жана абалын белгилеп бере турган болуп калат. Бул нерсе кудум айбандагы абалга окшош автоматтык түрдө (өз-өзүнөн) жүз берет.

Адамдын нафс темасы эң маанилүү темалардын бири болуп, ага токтолуп өтүү лазым. Себеби, ал адамдын туура жолдо жүрүшүндө, тазаланышында, жетик шахс болуп жетишишинде негиз болуп кызмат кылат. Ошондуктан, аны терең текшерип, анык-тунук үйрөнүү зарыл. Анткени, ошондо гана биз аны тарбиялоого жол таба алабыз. Бул болсо нафстин адамды ишке үндөөчү гарыйзалар жана адамга жол көрсөтүүчү акыл ортосундагы нерсеге болгон алакасын тартипке салуу менен ишке ашат.

Адам вокыйлыгын текшерип үйрөнө турган болсок, нафстер  бир канча факторлордун натыйжасы, жемиши экендигинин күбөсү болобуз. Мисалы, генетикалык касиеттер, коомдук чөйрө, жалпы абал, адам моюн сунуп жашай турган шарттар, ал тарбияланып чоңоё турган салт жана үрп-адаттар адам нафсинин калыптанышында маанилүү бөлүктү түзүп, анын шахсиятында көрүнөт. Ошондуктан, биз, мисалы, Чеченистан калкынын намыстуулук жана кайраттуулукту ата-бабаларынан мурас кылып алгандыктарынын күбөсү болуп турабыз. Ушул себептүү, алардын нафстери адилетсиздикке көнүүдөн жана душмандарга моюн сунуудан баш тартат. Калкы жалкоо, жаман вокыйлыкка ыраазы болуп, көнүгүп жашай бере турган көптөгөн өлкөлөр мунун бүтүндөй тескериси. Себеби, мындай өлкөлөрдүн калкы ачык көрүнүп турган эгоисттик менен башкалардан ажыралып турат, алардын нафстери кордук-зардыкка моюн сунат. Шахсий пайда каякка жетелесе, ошол жакка кете берет. Ичи тардык, кызганчактык алардын урааны, вокыйлыкка багынуу алардын дини, бардык төмөн, жарабас иштерди актоо алардын адаттары. Бул болсо батыш сакофаты аларды курчап, үстүлөрүнөн өкүмдар болуп алгандыгынын о.э. бузуку түшүнүктөрдүн орношуп, кожоюн болуп алгандыгынын акыбети. Алардын дүйнөгө берилип кеткендиктеринин, эзилип ыңгыроо «мүмкүнчүлүгүн» гана бере турган эң төмөн турмуш жолуна ыраазы болуп калгандыктарынын натыйжасында, аларда бузук түшүнүктөр орношуп калды. Абал ушунчалык даражага жетти деп кой, ал тургай, алардын өтө көпчүлүгүнөн «Биз жегени бир сындырым нан таба албайбыз да, анан бизден үммөттү ойготууну жана анын вокыйлыгын өзгөртүүгө аракет кылууну талап кыласыңарбы?!» – деген сөздөр көп угула турган болуп калды.

Ошондуктан, адамдын нафсинин жакшы же жаман майл-ыктоолорду мурас кылып алышы жана пайда кылышы даана көрүнүп, сезилип турган иш. Нафс бул майл-ыктоолорду ата-бабалардан мурас кылып алабы, же тамыр жайган үрп-адаттар, социалдык салттар аркылуу пайда кылабы, же белгилүү бир көз карашты жана адамга таасир өткөзүп, анын нафсиятын калыпка салуучу белгиленген жашоо таризин зордоп жүктөй турган түзүм кол астында жашоо аркылуу пайда кылабы, мунун айырмасы жок. Ошондуктан да, биз мурдагы Советтер союзу калкынын соодагерчиликти жаман көрүп, андан жийиркенгендигине, соодагерчилик менен алектенүүнү шерменделикке жакын иш деп эсептегендигине күбө болгон элек. Бул алардын социализм мабдасынан таасирленип калгандыктарынын акыбети эле. Америка жана Европа калкы болсо мунун бүтүндөй тескериси. Балким, ураган мурдагы Советтер союзу мамлекеттеринин калкы да азыр буга бүтүндөй тескери иш тутууда. Себеби, мына ушул калктардын баарына капитализм түзүмү колдонула турган болуп калды. Капитализм түзүмү болсо соодагерчиликке шыктандырат, шыктандырып эле калбастан, балким, турмуштун бүт баарын эч нерсе калтырбай «бизнес»ке айландырат. Мына ошондон биз колдонулган түзүмдүн илгери да, азыркы учурда да адамдар нафстерин калыптандырууга канчалык таасир кылышын көрүп турабыз. Ал эми, үрп-адаттар жана салттардын таасирине келсек, муну далилдөөнүн кажети жок. Себеби, «Үрп-адат ибадат» деген сөз о.э. «Ким бир коомго кырк күн аралашып жашаса, ошолордун бирине айланып калат» деген байыркы сөз бекерге айтылбаган.

Мына ушул жерде бир суроо пайда болот. Ал нафс жана анын калыптанып өнүгүшү жөнүндөгү талкуунун маани-мазмунуна тиешелүү суроо болуп, ушундан турат: Адам нафси ал жашаган чөйрөнүн натыйжасында калыптана турган болсо, балким, бул нафс жакшы же жаман касиеттерди ата-бабаларынан мурас кылып ала турган болсо, анда биз адамдарды жаман абалда жашап жатышканы үчүн кандай айыптай алабыз. Коомдо өкүм сүрүп жаткан абалды өзгөртпөстөн туруп нафсти өзгөртүүнүн жолу барбы?

Чынын айтканда, нафстер табияттанып, үйрөнүп калган нерселерди өзгөртүү өтө кыйын иш. Айрыкча, өзгөртүлүп вужудка келтирилмекчи болуп жаткан нерсеге тескери келе турган абалдардын шартында бул өтө кыйын. Ошондуктан, мындай шартта адамдар нафстеринин асмандай бийиктикке көтөрүлүшүн күтүү өтө кыйын. Анткени, биз бүгүнкү күндө жийиркенич капитализм адамдарды ар тараптан курчап алып, алардын нафстерин бийик кыйматтардан ыраактаган абалда калыптандырууга урунуп жаткандыгынын күбөсү болуп турабыз. Ал тургай, арабтарда жахилият доорлорунда болгон намыстуулук, адилетсиздикти рад кылуу, жолоочу мусапырларга башбаанек берүү жана башка берешендик, марттык туйгулары сыяктуу жакшы касиеттер да бүгүнкү күндө тездик менен жоголуп бара жатат. Демек, адамдар нафстерин өзгөртүүнүн жана сак-саламат абалда калыптандыруунун ишеничтүү жолу коомдо өкүм сүрүп жаткан жалпы абалды өзгөртүү. Муну болсо, мамлекеттин аралашуусусуз ишке ашырып болбойт. Мамлекет сак-саламат чөйрөнү вужудка келтирүү үчүн жалпы саясаттарды иштеп чыгат. Нафстер мына ушул сак-саламат чөйрөдө өсүп, бийик кыйматтар негизинде өнүгөт, чындыгында да, ушул бийик кыйматтардан башка адамзатка туура келе турган эч кандай кыймат жок. Ошондуктан, бардык саясий, ахлакый жана рухий кыймылдардын адамдар нафстерин тарбиялоого, тазалоого болгон урунуулары адамдар каршысында жакшылык эшигин тарс жаап, жамандык эшигин чоң ачып коё турган бир гана мыйзамдын чыгарылышы менен шамалга учуп кетет. Турмуш жөнүндө рисалат ээсимин, өзүмдү даъватка багыштадым жана өзүмдүн тагдырый маселем деп кабыл алдым деп айта турган кишинин өкүм сүрүп жаткан вокыйлыкка сүйөнүп калышы тиякта турсун, бул вокыйлыкка ээрчиши да, жалпы адамдар үйрөнүп  калган нерселерге ылайыкташышы да эч дурус болбойт. Себеби, ал анда үммөткө жетекчи болуу биякта турсун, жөнөкөй жетекчи болууга да жарабай калат. Ошондуктан, даъватчы ээрчисе боло турган үлгү көрсөтүп, коом ичинде өзгөчө ажыралып турбай турган болсо, демек, ал адамдарга жетекчилик кыла албайт, же алар өзү көтөрүп чыгып жаткан маселеге жана бул маселени жүзөгө чыгарууга жардам берүүсү үчүн өзүнө тарта албайт.

Ушул себептен улам, даъват жеткизүүчү нафсин бузук вокыйлыктын кирлеринен, генетикалык факторлордун таасирлеринен, жаман түшүнүктөрдүн чыгындыларынан жана коом оролошуп калган жаман адаттардан тазалоого аракет кылуусу, буга катуу көңүл буруусу керек. Ушул орунда «муну кандай ишке ашырса болот» деген суроого жооп берип кетсек жакшы болот.

Мунун жообу ушул, бийик нафсият, темирдей эрк, олуттуу убада жана улуу кайрат менен гана пайда болот. Буларсыз адам нафсинде айтууга арзый турган бирер өзгөрүш жасоону үмүт кылып болбойт. Адамдын аклияты канчалык өскөн, сакофаты канчалык кең, маалыматы канчалык көп жана тили канчалык чечен болбосун, муну үмүт кылып болбойт. Себеби, адатты таштоо жана андан баш тартуу оңой эмес. Адатты сындыруу менен, же башка адаттын үстөм келиши менен гана өзгөртүү мүмкүн. Бул болсо нафсин каалабаган нерселерге мажбурлоо менен ишке ашат. Ошондо нафс жоош болуп, өз ээсине итаттуу болуп калат. Нафс калкын өзгөртүү үчүн эрк менен бирге эң биринчи акылын ага жетекчи кылып коюу жана муну бекем туруп улантуу керек. Биздин абалыбызда болсо, шаръий программаны акыл таяна турган жетекчи кылып алуу лазым болот. Адам өз нафсин Алла Таала арам кылган бардык нерселерден тосуп, колунан келишинче Алла макрух кылган нерселерден четтеп, Роббиси парз кылган нерселерге амал кылышы жана мандуб амалдар менен Аллага курбат (жакындык) пайда кылышы үчүн шаръий программаны өзүнө жетекчи кылып алышы лазым. Эгер ушуга жетишсе, арзуу кылынган өзгөрүш албетте ишке ашат жана нафс бийиктеши лазым болгон чокуга көтөрүлөт о.э. Набий с.а.в дын:

لاَ يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّىْ أَكُوْنَ عَقْلَهُ الَّذِيْ أَعْقِلُ بِهِ

 «Бириңер мен анын акыл жүргүзө турган акылы болмоюнумча, ыйман келтирбептир» деген хадисиндеги ыйман сыпаты менен сыпаттанат. Муну аныгыраак түшүндүрүү үчүн төмөнкү эки мисал менен чектелем:

Мусулман адам ырыскы Алла тарабынан келет деп ыйман келтирет. Бул акыйданын өзгөрбөс жана далил талап кылбай турган акыйкаттарынын бири. Ушуга караганда, демек, кесип кылуу үчүн арам жолго жүрүү өз ыраскы вокыйлыгынан эч нерсени өзгөртө албашын, мындай жолду тутуу күнөө, өкүнүч жана өкүттү гана кошумча кылышын биле туруп, арам жолго ким жүрүшү мүмкүн? Бул акыл жете турган иш. Анткени, ар бир мусулман Курандын акыйкаттыгына жана андагы ар бир сөз эч шексиз чын экендигине анык ишене турган болсо, буга албетте акыл жетет. Алла Таала айтат:

وَفِي السَّمَاءِ رِزْقُكُمْ وَمَا تُوعَدُونَ ۩ فَوَرَبِّ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِنَّهُ لَحَقٌّ مِثْلَ مَا أَنَّكُمْ تَنطِقُونَ

– «Асманда болсо силердин ырыскы-азыктарыңар (т.а. жерде мол түшүм болушуна себеп болуучу жамгыр) жана силерге убада кылынып жаткан нерсе (т.а. бейиш) бар. Ошентип, асман жана жердин Роббисине касам, албетте ал (т.а. силерге убада кылынып жаткан бардык нерсе) дал силердин сүйлөшүңөр сыяктуу (т.а. сүйлөгөн сөзүңөр өзүңөр үчүн кандай туура болсо, мына ошондой) чын-туура?»  [51:22-23]

Ошол эле учурда, хаваи нафс туйгуларды кытыгылап, ырыскы туурасында ташбиш ойготот жана адамды мүмкүнчүлүгү барынча ар кандай ыкма менен, ал тургай, мубах болбогон восита менен ырызкыны колго киргизүүгө үндөйт. Бул нерсе Куранда:

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّهَوَاتِ مِنَ النِّسَاءِ وَالْبَنِينَ وَالْقَنَاطِيرِ الْمُقَنْطَرَةِ مِنَ الذَّهَبِ وَالْفِضَّةِ وَالْخَيْلِ الْمُسَوَّمَةِ وَالْأَنْعَامِ وَالْحَرْثِ

– «Адамдарга аялдар, балдар, түгөнгүс алтынкүмүш байлыктар, (кымбат) баалуу аттар, чарба жана эгин-тегиндер сыяктуу көңүл кушу түшө турган нерселер көркөм кылып көрсөтүлдү…», [3:14]

– деп айтылгандай, гарыйзалар үндөөсү менен же кембагал болуп калуудан коркуп, шайтан азгырыгы менен жүз берет. Алла Таала айтты:

الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ

– «Шайтан силерди (эгер инфак-эхсан кылсаңар) кедей болуп калууңар менен коркутат жана бузук иштерге буюрат». [2:268]

Ошондуктан, эгер нафс өзү каалаган нерселерге шашылса, же шайтандын азгырыгына ээрчип, Алланын ырыскы кепилдигин Өз мойнуна алгандыгы туурасындагы убадасынын чындыгына ишенбей койсо, адам өз акылына моюн сунуп ыйман келтирген бийиктиктен шахватка ээрчүү жана гарыйзаларга моюн сунуу себептүү нафс түшүп кеткен жарлыкка кулайт. Бул нерсе бир нече жолу кайталанышы менен шариятка душмандыгы жана Алла манхажынан узакташууну адат кылган бузук нафс пайда болот. Мунун акыбетинде мусулман шахсиятында өзү тастыктаган ыйманы менен шахват артынан ээрчүүгө дуушар болгон нафсинин ортосунда үзүлүү жүз берет жана ушул себептүү нафс менен акылдын ортосундагы шайкештик жоголот. Натыйжада, бул нерсе тынчсыздануу жана беймазалык алып келет. Нафс менен акылдын ортосундагы бул үзүлүү абалы бир нече жолу кайталанса, шахсиятка зыян жетишине жана адамзатты жетелөө тиякта турсун, ал тургай, өз нафсин да башкара албашына алып келет. Ал эми, эгер киши өзү өтөлүшү лазым болгон нерсени анык белгилеп алууда акыл ыйман келтирген нерсени чечүүчү фактор кылып алса, чыныгы туруктуулукка жана чыныгы көтөрүлүүгө жетишет жана нафс өз ээсин ыйман келтирген нерсеге карай көтөрүлүп бара берет. Натыйжада, акыл менен нафстин ортосунда уйгундук пайда болот. Бул болсо кадыржамдык, шайкештик жана туруктуулукту жүзөгө чыгарат. Натыйжада, чыныгы жетишкен Исламий шахсият калыптанат.

Экинчи мисал болсо мындай, гарыйза табигый түрдө үндөй турган нерселердин бири башка жыныска болгон майилдик. Ошондуктан, эгер киши нафс тизгинин бош коюп жиберсе жана лаззаттануу жана шахватты кандыруу каалоосунда бардык арам нерселерге көз ойнотуп назар таштай берсе, бул нерсе нафсти коргонуу коргонунан чыгууга алып келет. Бул коргонуу коргону нафстин акылга т.а. Алланын вахийсине эргешүү важыптыгына багынган акылга моюн сунушу важыптыгынан турар эле. Алла арам нерселерден көздү төмөн бурууга (т.а. карабоого) буюрган соң, демек, кароодон көрө көбүрөөк нерселерди кылуунун күнөөсү кандай болушун өзүңүз ойлоп коё бериңиз. Ушуга караганда, нафс өз ээсинин «мойнунан байлап» алат. Натыйжада, адам нафс менен алышууну колдон кетирип, нафс аны фиску фужур жана осийлик тарапка жетелеп кетет. Эми, эгер мунун тескериси жүз берсе, нафс адам ыйман келтирген шариятты өзүнө кожоюн деп билип, нафс өз үстүнөн башкарууну шариятка берсе, анда адамдын өз кудурет-жөндөмүнө болгон ишеними күчөйт, эрки бекемделет жана мунун көп кайталанышынан ыракаттанат. Себеби, мындай учурда Алла Тааланын ыраазылыгына жетишүү үчүн биргерликте аракет кылуу себептүү нафси менен акылынын ортосунда уйгундук пайда болот. Набий с.а.в айтты:

أَلنَّظَرُ سَهْمٌ مِنْ سِهَامِ إِبْلِيْسَ مَنْ تَرَكَهَا لِلَّهِ، جَعَلَ اللهُ فِيْ قَلْبِهِ حَلَاوَةَ الْإِيْمانِ

 «Назар (караш) – шайтан найзаларынан бир найза. Ким Алланын ыраазылыгы үчүн аны таштаса, Алла анын дилине ыйман даамын салып коёт».

Туура жолго жүрүүнү жана Рахмандын ыразылыгына жетүүнү каалаган кишилер ушул тартипте барышы керек. Ошондо ал Алланын лутф карамына, кепилдигине жана жардамына жетишет-да, натыйжада, Алла анын көрө турган көзүнө айланат. Ошондуктан, өз нафсинен кадыр-баркын жерге ура турган жана адамдыгын кемсинте турган бирер сыпатты сезген адам өз нафсин андай каалоолордон кайтарып, аны тарбиялашы керек жана күнөө баткагынан куткарып бийиктиктерге көтөрүшү лазым болот. Мисалы, кимде-ким нафсинде хасад (атаандаштык) үстөм болуп калганын сезсе, Набий с.а.в дын:

لَا حَسَدَ إِلَّا فِي اثْنَتَيْنِ: رَجُلٌ آتَاهُ اللهُ عِلْماً فَهُوَ يُعَلِّمُهُ النَّاسَ، وَرَجُلٌ آتَاهُ اللهُ مالاً فَهُوَ يُنْفِقُهُ فِيْ سَبِيْلِ اللهِ

 «Хасад эки нарседе гана жайыз: Алла илим берген жана илимди адамдарга таалим берип жаткан кишиге жана Алла мал-дүйнө берип, аны Алла жолунда инфак-эхсан кыла турган кишиге хасад кылуу жайыз», деген хадисин эстеши, ылтыжаларын Алла кабыл алышы үчүн нафсин Алланын шарияты алдында сынууга мажбур кылышы лазым. Себеби, шариятка тескери болгон бирер ишти кыла турган болсо, шахватты же жаман табиятты жеңе албайт. Ошондуктан, ал нафс илгери сүрө турган нерселерди актоодон өтө этият болушу лазым. Себеби, бул шайтандын жолу. Наалаты шайтан бул туурада, ал тургай, Аллага каршы чыгууга батынып, Анын амрине итаат кылуу жаатында Ал зат менен талашып-тартыша баштады. Адамга сежде кылуу өзүнүн жаратылышынын кадыр-кыйматын кемсинтишин, себеби, от ылайдан абзел экендигин дааба кыла баштады. Шайтан Алланын бардык нерселерди жараткан зат экендигин, нерселердин маани-маңызын жана бардык нерселерди билүүчү зат экендигин унутуп койгондой болду.

Мына ушул пикирий коидадан келип чыгып, киши Алла Жалла ва Алонун шариятын ар дайым көз алдында тутушу лазым. Бул жаатта Алла ага мумтаз касиет ата кылган акылына эргешип жаткандыгын билип туруп Алланын неъматтары жана вахийсине ыраазы болуп, Ал заттын жолуна жүрүшү жана Анын арканына (т.а. Исламга) бекем жабышышы лазым. Ошондо ал Алланын арканына бекем байланат. Хаваи каалоолордон үзүлүп, Алланын ыраазылыгы үчүн амал кыла турган болот. Ошондо ага акырет сапары учурунда Алла Тааланын ушул сөзү туура келет:

يَاأَيَّتُهَا النَّفْسُ الْمُطْمَئِنَّةُ ۩ ارْجِعِي إِلَى رَبِّكِ رَاضِيَةً مَرْضِيَّةً ۩ فَادْخُلِي فِي عِبَادِي ۩ وَادْخُلِي جَنَّتِي

– «(Ал күндө бу дүйнөдөн Алла Тааланын убадасына ишенип ыйман жана жакшы амалдар менен өткөн ар бир момунга үндөө кылынып айтылат): «Эй кадыржам жан, сен (Алла берген неъматтардан) ыраазы болгон (жана Алла Таала тарабынан сенин амалдарыңа) ыраазы болунган абалда Роббиң (алды)на кайткын! Анан (солих-жакшы) пенделеримдин катарына кайткын жана Менин бейишиме киргин!». [89:27-30]

Ооба, ушундай, эгер адам нафсин ушуга мажбурласа жана турмушта бар болуп турушунун себебин түшүндүрүп бере турган акыйданы кабыл алган акылга бул нафсти көз каранды кылып койсо, мына ушундай абал жүз берет. Акыл кабыл алган бул акыйда адамга түзүм иштеп чыгып, анын иш-аракеттерин Алланын манхажына жана сызып көрсөтүп берген хидаят жолуна ылайык келе турган түстө тартипке салат. Алла Таала айтты:

إِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا

– «Чындыгында, Биз аны (адамды) ал шүгүр кылуучумусулман болсо да жана туз арамы капыр болсо да (Туура) жолго хидаят кылдык (т.а. шүгүр кылуучулар Биз аларды хидаят кылган Туура жолду бекем карманышат, нанкөр капырлар болсо, өздөрүнө көрсөтүлгөн Туура жолдон жүздөрүн буруп кетишет)». [76:3]

Ал эми, адам адашуу дүйнөсүндө тизгинсиз тентиреп, мутлак айбанат дүйнөсүнө тайып кетип, нафсин хаваи каалоолоруна эргештирип койсо жана акылын ушул хаваи каалоолорго кызматкер кылып койсо, айбандардан да жаман төмөн акыбалга түшүп калат. Себеби, бул учурда акылды гарыйзалар талабын күчтүүрөөк кандырууга моюн сундуруп койгон болот. Натыйжада, мындай абалга түшүп калган кимсеге Алла Тааланын:

إِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا

– «(Андай эмес, анткени), алар эч нерсе эмес, бир чарба айбандары сыяктуу. Жок, алар дагы да жолдон азганыраак кимселер!». [25:44]

– деген сөзү туура келет.

Хасан ал-Хасан

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *