«Алланын жардамчылары болгула!»

بسـم الله الرحمن الرحيم

كُونوا أَنصَارَ اللَّه

«Алланын жардамчылары болгула!»

Алла Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا كُونوا أَنصَارَ اللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ لِلْحَوَارِيِّينَ مَنْ أَنصَارِي إِلَى اللَّهِ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنصَارُ اللَّهِ فَآَمَنَتْ طَائِفَةٌ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَكَفَرَتْ طَائِفَةٌ فَأَيَّدْنَا الَّذِينَ آَمَنُوا عَلَى عَدُوِّهِمْ فَأَصْبَحُوا ظَاهِرِينَ نَاحَ

– «Эй момундар, силер да дал (хаварийлер сыяктуу) Алланын жардамчылары болгула!» – Ийса бинни Мариям хаварийлерге: «Аллага (т.а. Анын динине даъват кылышымда) ким менин жардамчым болот?» дегенде, хаварийлер айтышты: «Биз Алланын (динине) жардам берүүчүлөрбүз». Ошентип, Бани Израилден бир тайпа (адамдар Ийсага) ыйман келтиришти жана бир тайпасы капыр болду. Ошентип, Биз ыйман келтирген заттарды душмандарынан күчтүү кылып, алар (капырлар үстүнөн) үстөм болуп калышты». [61:14]

Ибн Касир ушул аятты тафсир кылып мындай деди: «Алла Таала момун пенделерине бардык абалдарында: сөздөрү, амалдары, жаны-малдары менен Алланын жардамчылары болууга о.э. Ийса а.с

مَنْ أَنصَارِي إِلَى اللَّهِ

– «Аллага (т.а. Анын динине даъват кылышымда) ким менин жардамчым болот?»,    [61:14]

т.а. «Алла Азза ва Жаллага даъват кылууда ким менин жардамчыларым болот» дегенде:

قَالَ الْحَوَارِيُّونَ

– «Хаварийлер айтышты», [61:14]

Иса а.с нын издештери

نَحْنُ أَنصَارُ اللَّهِ

– «Биз Алланын (динине) жардам берүүчүлөрбүз», [61:14]

«сиз алып келген нерседе жардамчылар да, колдоп-кубаттоочулар да болобуз» деп кабыл алган хаварийлер сыяктуу кабыл алууга буюрууда. Ошондуктан, Иса а.с аларды адамдарды даъват кылуу үчүн Шам өлкөлөрүнө, израилдиктерге жана юнондорго (гректерге) өзү тарабынан өкүл кылып жиберген. Пайгамбар с.а.в да ажылык күндөрүндө:

مِنْ رَجُلٍ يُؤْوِيْنِيْ حَتَّى أُبَلِّغَ رِسَالَةَ رَبِّيْ، فَإِنَّ قُرَيْشاً قَدْ مَنَعُوْنِيْ أَنْ أُبَلِّغَ رِسَالَةَ رَبِّيْ؟

«Роббимдин рисалатын жеткизишим үчүн мага башбаанек бере турган адам барбы? Роббимдин рисалатын жеткизишимден Курайш мени тосуп койду» дегенде, Алла Азза ва Жалла ал кишиге Медина калкынан Авс жана Хазражты чыгарып койду. Ошондо алар ал затка байъат берди, жардам беришти жана эгер ал зат хижрат кылып барса, адамдардын агынан да карасынан да коргойбуз деп, төрт шартты кабыл алды. Пайгамбар с.а.в сахабалары менен хижрат кылып барганда, алар Аллага берген убадаларынын үстүнөн чыгышты. Ошондуктан, Алла жана Расулу аларды «Ансарлар» (Алланын жардамчылары) деп атады. Бул болсо, алар үчүн – Алла алардан ыраазы болсун – атактуу наамга айланды.

Алла Тааланын бул сөзү болсо:

فَآَمَنَتْ طَائِفَةٌ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَكَفَرَتْ طَائِفَةٌ

– «Ошентип, Бани Израилден бир тайпа (адамдар Ийсага) ыйман келтиришти жана бир тайпасы капыр болду».       [61:14]

Иса ибн Мариям а.с. Роббисинин рисалатын коомуна жеткирген соң, алардын арасынан хаварийлер даъват иштеринде ал затка жардамдашкан соң, Бани Израилдин бир тайпасы ал киши алып келген рисалатка ыйман келтирди. Дагы бир тайпасы рисалатка ээрчибей залалатка кетип, анын пайгамбарлыгын инкар кылды, өзүнө жана энесине «үлкөн» дооматтарды жаадырышты. Алар жөөттөр эле. Аларга кыямат күнүнө чейин Алланын тынымсыз наалаты болот. Ээрчигендердин бир тайпасы болсо чектен чыгып кетип, ал кишини Алла Таала тарабынан берилген пайгамбарлык даражасынан жогору коюшту. Кийин алар бир канча фирка жана топторго бөлүнүштү. Кээ бирлери: «Ал – Алланын уулу» дешсе, айрымдары: «Ал – ата, уул, жана ыйык рухтан турган үчөөнүн үчүнчүсү» дешти. Кээ бирлери болсо: «Ал – кудай-го», дешти. Бул сөздөр «Ниса» сүрөсүндө тафсилаты менен келтирилген.

Алла Таала:

فَأَيَّدْنَا الَّذِينَ آَمَنُوا عَلَى عَدُوِّهِمْ

– «Ошентип, Биз ыйман келтирген заттарды душмандарынан күчтүү кылып», [61:14]

فَأَصْبَحُوا ظَاهِرِينَ

– «… алар (капырлар үстүнөн) үстөм болуп калышты».[61:14]

т.а. «Биз аларды душман болгон христиандар фиркаларынын үстүнөн үстөм кылдык» дейт. Бул үстөм кылуу Мухаммад с.а.в дын пайгамбар кылып жөнөтүлүшү менен болду.

Саййид Кутб рахимахулла «Зилал» китебинде бул аят туурасында мындай дейт: «Бул ишара жана бул чакырыктын замиринде – моюндарындагы аманатты жер жүзүндө Алланын минхажы негизинде өтөөчүлөр, илахий акыйда жана рисалаттын мураскорлору о.э. улуу милдетти өтөө үчүн тандап алынган адамдар катары мусулмандардын акыркы дин болгон Исламга карата эрк-кайраттарын козгоо маани-мазмуну жатат т.а. Иса ибн Марям хаварийлерге: «Алланын динине даъват кылышыбызда ким менин жардамчым болот?» дегенде, хаварийлер: «Биз Алланын динине жардам берүүчүбүз» деп айтышкандай, Алланын динине жардам берүү жаатында мусулмандардын эрк-кайратын козгоо маани-мазмуну жатат. Нусрат-жеңиш болсо, акыр-акыбет Алланын динине жардам берүүчү момундардыкы болот».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *