Фикх динден башка нерсе үчүн үйрөнүлсө…

Фикх динден башка нерсе үчүн үйрөнүлсө…

 1. Ибн Абдул-Бирр «Жомиу баянил илм» китебинде Суфён ибн Умайнадан чыгарган. Ал киши айтты: Бизге ибн Аббастан төмөндөгү рыбаят жетип келди: «Эгер илим ээлери илимди алып, анын акысын керегинче өтөшсө, аларды Алла да, периштелер да, солихтер да жакшы көрөт жана адамдар да аларды урматташат. Бирок, алар илим менен дүйнө издешсе, Алла аларды жаман көрөт жана адамдар кор болушат».

 2. О.э. ибн Абдул-Бирр ибн Масъуд р.адан чыгарды. Ал киши айтты: «Султандардын эшик алдында төө чөгө турган жердей, тактап айтканда, чоң-чоң фитналар бар, менин жаным Анын колунда болгон затка ант болсун, силер алардын дүйнөсүнөн бир нерсеге жетишпейсиңер, магар (эгер жетишсеңер) алар да силердин диниңерден ушунча нерсеге же анын эки барабарына жетишишет».

 3. Ибн Абу Шайба жана Байхакий Салама ибн Кайстан чыгарды. Ал киши айтты: «Мен Абу Заррга учурадым. Ал киши мага: «Эй Салама ибн Кайс, үч нерсени эсиңде тут – деди – Күндөштөрдү (бир жерге) топтобо, себеби, канчалык умтулсаң да адилеттүүлүк кыла албайсың. Сен садака жыюучу болбо, анткени, садака берүүчү кээде артыкча берсе, кээде кем бериши да мүмкүн. Бийлик ээлеринин айланасында оролошпо. Себеби, сен алардын дүйнөсүнөн бир нерсеге ээ боло албайсың. Магар алар сенин диниңен сен жетишкен нерседен көбүрөөк нерсеге жетишишет».

 4. Абдураззак Алий р.адан чыгарды. Ал киши акыркы заманда боло турган фитналар жөнүндө айтты. Ал кишиге Умар р.а «Бул качан болот, я Али?» – деди. Али р.а: «Эгер фихк динден башка нерсе үчүн үйрөнүлсө, илим амалдан башкан нерсе үчүн үйрөнүлсө жана акырет үчүн кылына турган амал менен дүйнө талап кылынса», – деди.

 5. Ибн Нажжор «Тарых» китебинде Суфён Саврийден чыгарды. Ал киши айтты: «Илим падышалар эшиктери алдына алып барылып, ал үчүн акы алынмайынча азиздигинде улантылат. Качан ошол нерсе жүз берсе, Алла алардын дилинен канаатты алып коёт жана ага амал кылуудан аларды тыйып коёт».

 6. Салама Ибн Динар (Абу Хозим) (Алла ал кишини рахмат кылсын) айтты: «Мен каерде болсо да ахли дүйнө ахли илимдерге көз каранды деп билер элем. Кийин заман өзгөрдү. Ахли илим каерде болбосун ахли дүйнөгө көз каранды болуп калды. Кийин балээ бул эки топко тең кирип барды».

 7. «Табакатул Ханафияда» Али ибн Хасан Сандалий котормосунда келген. Султан Маликшах ага айтты: «Эмне үчүн менин алдыма келбейсиз?» Ал киши айтты: «Мен сиздин уламаларды зыярат кыла турган жакшы падышалардан болушуңузду кааладым. Өзүмдүн болсо падышаларды зыярат кыла турган жаман уламалардан болбошумду кааладым».

 8. «Табакатул Ханафия»да Али ибн Хасан Сандалийдин котормосунда келет. Султан Малик (рахимахуллахка) айтты: «Эмне үчүн менин алдыма келбейсиз?» Ал киши айтты: «Мен сизди уламаларды зыярат кыла турган жакшы падыша болушуңузду кааладым. Өзүмдү болсо падышаларды зыярат кыла турган жаман уламалардан болушумду каалабадым».

 9. Хафиз Захабий имам Абу Жаъфар Шатибийди эскерет. Амир Иззуддин Харсак имамды алдына келишин суранып адам жөнөтөт. Шейх жардамчыларынын бирине ушул катты жазып жиберүүнү буюрат:

Айткыла амирге ушул касыйкат:
Бирер факихке эч качан сүйөнбө.
Эгер ал амирдин эшигин какса,
Билип кой анда жакшылык жоктугун!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *