Жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруучу кишинин даражасы

Жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруучу кишинин даражасы

·   Табароний ибн Масъуд р.адан рыбаят кылды, ал киши айтты: Расулулла с.а.в кирип келип «Эй ибн Масъуд» деди. Мен «Лаббей, я Расулулла» дедим. Ал киши бул сөздү үч жолу кайталады. Андан кийин: «Адамдардын эң абзели кимдигин билесиңби?» – деди. «Алла жана Анын Расулу билүүчүрөөк», – дедим. Расулулла с.а.в: «Албетте, адамдардын абзелирээги шарият илимдерин жакшы билип, жакшы амал кылгандары», – деди. Андан кийин «Эй ибн Масъуд» деди. «Лаббей, я Расулулла» дедим. Ал киши: «Адамдардын кайсылары билимдүүрөөгү экендигин билесиңби?» – деди. «Алла жана Анын Расулу билүүчүрөөк», – дедим. Ал киши айтты: «Албетте, адамдардын билимдүүрөөгү адамдар ихтилаф кылган кезде акыйкатты көрүүчөнүрөөгү, мейли, ал амалдарда суз жана сүйрөлүп жүрсө да. Менден мурункулар жетимиш эки фиркага бөлүнүштү. Алардын экөөсү нажат тапты, калган бардыгы кыйрады. Нажат тапкандардын биринчиси падышаларга каршы турушту. Падышалар алардын диндерине, Ийса алайхис-саламдын динине каршы алар менен урушту. Падышалар аларды кармап өлтүрүштү жана аралар менен бөлүп-тилип ташташты. Экинчи фирканын болсо, падышаларга каршы турууга да, аларды Аллага жана Ийса алайхис-саламдын динине чакырып, алардын ичинде жашоого да чыдам-такааттары жетпеди. Ошондуктан, алар мамлекеттерге таркалып, рохиб (монах) болуп кетишти. Алла Таала алар жөнүндө мындай деген:

وَرَهْبَانِيَّةً ابْتَدَعُوهَا مَا كَتَبْنَاهَا عَلَيْهِمْ إِلاَّ ابْتِغَاء رِضْوَانِ اللَّهِ

– «Рохибдикти болсо алар өздөрү чыгарып алышты. Биз аларга (рохиб болууларын) жазганыбыз-буюрганыбыз жок. Бирок, алар өздөрү Алланын ыраазылыгын издеп (рохибдикти адат) кылышты». [57:27]

деди». Кийин Пайгамбар с.а.в мындай деди: «Кимде-ким мага ыйман келтирсе, мени тастыктаса жана мага ээрчисе, ал бул даъватка чындап баш ийиптир. Кимде-ким мага эргешпесе, алар өлүүчүлөрдөн».

·   Баззор Муаз ибн Жабал р.адан рыбаят кылат, ал киши айтты: Расулулла с.а.в айтты: «Ырас силерде эки мастык пайда болбосо эле, силер Роббиңер тарабынан болгон хужжатка ээсиңер. Алар: жахолат мастыгы жана жашоону жакшы көрүү мастыгы. Силер жакшылыкка буюрасыңар, жамандыктан кайтарасыңар жана Алланын жолунда жихад кыласыңар. Качан силерде дүйнөгө болгон махабат үстөм болсо, жакшылыкка буюрбайсыңар, жамандыктан кайтарбайсыңар жана Алла жолунда жихад кылбайсыңар. Кимде-ким ошол кезде Китеп-Сүннөттөн сүйлөп жаткан болсо, албетте, ал мурунку өткөн мухажир жана ансорлордун катарынан».

·   Байхакий жана Наккош «Муъжам» китебинде Анас р.адан рыбаят кылышат, Расулулла с.а.в айтты: «Мен силерге өздөрү пайгамбар да, шейит да болбогон, бирок, кыямат күнүндө пайгамбарлар да, шейиттер да Алла берген даражалары себептүү аларга суктана турган адамдар жөнүндө кабар берейинби? Алар нурдан болгон минбарлардын үстүндө бардыгына таанылып турушат». Сурашты: «Алар кимдер, я Расулулла?» Ал киши айтты: «Алар ушундай кишилер, Алланын пенделерин Аллага махабаттуу кылышат. Алланы Өзүнүн пенделерине махабаттуу кылышат. Алар жер бетинде насыят айткан абалда жүрүшөт». Ал кишиге айттым: «Алланын пенделерин Аллага махабаттуу кылуулары түшүнүктүү, бирок, Алланы пенделерине махабаттуу кылуу кандай болот?» Ал киши айтты: «Алар адамдарды Алла жакшы көргөн нерсеге буюруп, Алла жаман көргөн нерседен кайтарышат. Эгер адамдар аларга моюн сунушса, Алла аларды жакшы көрөт».

Табароний «Авсат» китебинде Хузайфа р.адан рыбаят кылат, ал киши айтты: Мен Набий с.а.вдан сурадым: «Я Расулулла, жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу качан ташталат? Негизи, бул экөөсү таква калкынын амалдарынын саййиди болсо?» Ал киши: «Аларга да Бани Исроилге жеткен нерселер жеткенде», – деди. Мен айттым: «Бани Исроилге эмне жеткен, я Расулулла?» Ал киши айтты: «Качан силердин жакшыларыңар фажырларыңарга жагынуучулук кылса, шарият илимдери силердин жамандарыңардын колуна өтүп кетсе жана мүлк араңардагы акылсыз кимселердин колуна түшсө. Мына ошондо силерди фитна ороп алат, силер артка чегине бересиңер-чегине бересиңер, ал болсо силерге асыла берет».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *