Заалым акимдер жана какшаткыч сөз

Quran

Алла Субханаху ва Таала айтат:

وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى تِسْعَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ فَاسْألْ بَنِي إِسْرَائِيلَ إِذْ جَاءَهُمْ فَقَالَ لَهُ فِرْعَوْنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَامُوسَى مَسْحُورًا ۩ قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا أَنزَلَ هَؤُلَاء إِلَّا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ بَصَائِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَافِرْعَوْنُ مَثْبُورًا

– «Ырасы, Биз Мусага тогуз ачык аят – мөжиза бердик. Андан соң, ал (Фиръавн менен анын адамдарынын алдына) келген кезде (ага): «Бани Израилди (өз журту болгон Шамга коё берүүсүн, Фиръавндан) сурагын» (деп буйрудук). Ошондо Фиръавн ага: «Эй Муса, эч күмөнсүз, мен сени сыйкырга чалынган деп ойлоодомун», деди. (Муса мындай) деди: «(Эй Фиръавн), сен тээтиги ачык-айкын (кереметтерди) асмандар менен жердин Роббиси гана түшүргөнүн анык билесиң. Эч шек-күмөн жок, эй Фиръавн, мен сени жок кылынуучу деп ойлоодомун». [17-101-102]

Заалым акимдердин каршысында кубат жана эрдик менен тура турган жана Алланын жолунда жаман атты кылуучунун жаман атты кылышынан коркпостон, о.э. жүрөгүнө жана акылына Расулулла с.а.вдын: «Жихадтын эң абзели – заалым падыша алдында айтылган акыйкат сөз» деп айткан сөзүн орноткон инсандар акимдердин жаман кылмыштарын какшаткыч жана ачык сөздөр менен четке кагышууда. Бул заалымдардын кылмыштарын какшаткыч сөздөрү менен четке каккан убакытта кээ бир адамдар аларга: «Акимдерге бир аз жумшак болбойсуңарбы? Азыраак жеңил сөз менен болсо да аларга жасакерленбейсиңерби?» деп айтышат. Кийин, алар өздөрүнүн сөздөрүнө Алла Тааланын Муса жана Харун алайхис-саламдардын заалым Фираъвндын алдына жиберген убакыттагы:

اذْهَبَا إِلَى فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَى ۩ فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا لَعَلَّهُ يَتَذَكَّرُ أَوْ يَخْشَى

– «Силер Фиравндын алдына баргыла. Себеби, («Мен кудаймын» деп, ал) адинен ашты. Анан, ага жумшак сөз сүйлөгүлө! Ажап эмес, нарк- насаат алса же (Менин каарымдан) корксо!». [20:43-44]

деген сөзүн далил кылып келтиришет.

Ошол кимселер бул сөздөрү менен чындап эле насаат кылмакчы болушабы, же адаштырмакчы болушабы, ким билет, айтор, алар үчүн Улуу Алланын Китебиндеги ачык аяттарды келтиребиз, ушуну менен алар Алла Тааланын:

فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا

– «Анан, ага жумшак сөз сүйлөгүлө!».   [20:41]

деген сөзү Алла Таала Муса жана Харун алайхис-саламдарды Фиръавнга жиберген убакыттагы абалдын бардык тарабы эмес, балким, бир гана тарабы экенин билип алышсын. Бул абал бир тарапты гана айтуу менен айкындашып калбайт, балким анын бардык тарабын анык чагылдыруу менен айкындашат.

Алла Субханаху ва Таала Муса менен Харун алайхис-саламдарды заалым Фиръавнга жиберди жана аларга:

فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا

– «Анан, ага жумшак сөз сүйлөгүлө!». [20:41]

деп буйруду. О.э. Алла Таала Муса алайхис-саламды Фиръавндын зыянына далил-хужжат келтирүүсү үчүн Өз алдынан тогуз аят – мөжиза менен колдоп-кубаттады. Бирок, Фиръавн аларды жалганга чыгарды, адинен ашты жана Муса алайхис саламды сыйкырланган, сыйкыр алып келген деп эсептеди.

وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى تِسْعَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ فَاسْألْ بَنِي إِسْرَائِيلَ إِذْ جَاءَهُمْ فَقَالَ لَهُ فِرْعَوْنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَامُوسَى مَسْحُورًا

– «Ырасы, Биз Мусага тогуз ачык аят – мөжиза бердик. Андан соң, ал (Фиръавн менен анын адамдарынын алдына) келген кезде (ага): «Бани Израилди (өз журту болгон Шамга коё берүүсүн Фиръавндан) сурагын» (деп буйрудук). Ошондо Фиръавн ага: «Эй Муса эч күмөнсүз, мен сени сыйкырга чалынган деп ойлоодомун», – деди». [17:101]

Мына ушул аят-мөжизалар хужжат-далилдер эле.

قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا أَنزَلَ هَؤُلَاء إِلَّا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ بَصَائِرَ

– «(Муса мындай) деди: «(Эй Фиръавн), сен тээтиги ачык-айкын мөжизаларды асмандар менен жердин Роббиси гана түшүргөнүн анык билесиң».   [17:102]

Т.а. Муса алайхис-саламдын чыныгы пайгамбар жана ааламдар Раббиси тарабынан жиберилген элчи экендигине катъий, ачык далилдер эле, бул тогуз мөжиза. Алар: Муса алайхис-саламдын колунун нурлуу болуп чыгышы, таягынын ажыдарга айланышы, топон, чегиртке, бит, курбака, кан, кургакчылык жана мөмөлөрдүн азайышы. Бирок, Фираъвн буларды четке какты жана адинен ашты. Анын адинен ашуусу ого бетер күчөдү. Ал аят-мөжизаларды тоотпостон четке какты. Ал, ага ачык далилдер жана анык хужжаттар келтирилишине карабастан, өз капырлыгын жана адинен ашуусун уланта бергенден кийин, ага Муса алайхиис-салам:

وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَافِرْعَوْنُ مَثْبُورًا

– «Эч кандай шек жок, эй Фиръавн, мен сени жок кылынуучулардан деп ойлоодомун».        [17:102]

деди. Т.а. ага сени жок кылынуучу жана лаанатталган деп ойлоймун деди, ага мурунку айткан сөзүн айтпады.

Ушул жерде даъватты кандай алып баруу сүрөтү ачык-айкын болот. Даъват элден мурда жумшак, хикматтуу жана чырайлуу сөз менен башталат:

فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا

– «Анан, ага жумшак сөз сүйлөгүлө!».    [20:41]

إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ

– «Алардан өздөрүнө зулум кылган кимселерге мындай кылбайсыз». [2:150]

Эгер хужжаттар, ачык катъий далилдерди келтирсе гана, ошону менен бирге адинен ашып кеткен кимселер өз чегинен чыгууларын, заалымдар өз зулумдарын уланта беришсе, аларга жумшак сөз айтылбайт, балким, Муса алайхис-салам Фиръавнга:

وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَافِرْعَوْنُ مَثْبُورًا

– «Эч кандай шек жок, эй Фиръавн, мен сени жок кылынуучулардан деп ойлоодомун».        [17:102]

деп айткандай, какшаткыч сөз айтылат.

Акыйкат сөз өзү талап кылынгандай иштетилет. Аны биринчи жолу даъват кылып жаткан кишиңизге башкача, ал эми, адинен ашып, куфр менен кыянатты улантып жаткандарга башкача айтасыз, ага хужжат жана далилдерди бересиз. Алгач жакшы сөз айтасыз да, эгер ал кабыл албаса жана укпагандай менменсинип аркасына карап кетсе, анда анын кылмыштарын жана Аллага, Пайгамбарына жана момундарга кылып жаткан кыянаттарын ачып бере турган ачык-айкын какшаткыч сөз менен кайтаруу зарыл болот.

Ибн Аббастан Хаким сахих деп рыбаят кылган хадисте айтат: «Осий ибн Воил Расулулла с.а.вдын үйүнө эскирип кеткен сөөктү алып келип, укалап таштады жана айтты: «Эй Мухаммад мына бул чирип жок болуп кеткенден кийин кайра тирилтирилеби?» Пайгамбар с.а.в: «Ооба, муну Алла кайра тирилтет. Кийин, сени өлтүрөт, кийин, сени кайра тирилтет, кийин, сени тозокко киргизет», – деди. Ошондо:

أَوَلَمْ يَرَ الْإِنسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ

– «Адам баласы, Биз аны нутфадан (бир тамчы суудан) жаратканыбызды, эми болсо кокустан ал (Өзүбүзгө) ачык каршылык кылуучу болуп калганын көрбөдүбү?!».  [36:77]

аяты түштү». Расулулла с.а.в «Ооба» деп жооп берүү менен чектелбеди, балким, анын барар жайы тозок экендигин да баяндап берди.

Келтирилген хужаттарды тоотпой турган, акыйкатты маскара кылып, акыйкатка батылды аралаштыра турган заалымдарга айтылган жумшак сөз, алардын кибрлерин (текеберденүүлөрүн) ашырып жиберет жана алар муну алсыздык деп ойлошот. Андай болгон соң, аларга какшаткыч сөз менен жооп берилет, ушуну менен алар өздөрүнүн туткан орундарынын алсыз экендигин жана Алланын жана пенделеринин алдында кор экендиктерин билиб алышсын.

Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдердин абалдарын текшерип көргөн адамга ушул нерсе аян болот, алар Алланын Китебин жана Расулунун сүннөтүн аркаларына ыргытышат да, кийин капырларга – алардын Аллага, Расулуна жана момундарга душман экендиктерин анык билип туруп – дос болушат. Алар билип туруп, капырлардын мамлекеттер менен пенделердин үстүнөн жүргүзгөн фитналарын жүзөгө ашырып беришет. Ошондуктан, алар ыйык нерселерди жөөттөргө тапшырышты жана алардын ыйык жерде, мусулмандардын арасында бир вужуд пайда кылууларына мүмкүнчүлүк жаратып берди. Жихадды бекер кылышты жана мусулмандарды өз душмандарына каршы согушуудан тосушту. Капырлар мусулман өлкөлөрүн басып алышууда жана аларга каршы Палестина, Ирак, Чеченстан, Афганистан жана Кашмирде согуш жарыялашты. Биз акимдерди, мусулмандарга жардам берүүдөн өздөрүн алып качып жатышат деп айтпайбыз, балким, алар капырларга Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө жардам беришүүдө, о.э. аларга мусулмандардын кургактыгын, деңизин жана абасын кең-кесири ачып беришүүдө. Ошондой болгон соң, мына бул адинен ашкан заалымдар жумшак сөзгө ылайыктуубу же аларга орой мамиле кылынабы?!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *