Ислам сакчысы болушум үчүн

Ислам сакчысы болушум үчүн

Алла Таала айтат:

إِنَّا عَرَضْنَا الْأَمَانَةَ عَلَى السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَنْ يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا الْإِنْسَانُ إِنَّهُ كَانَ ظَلُومًا جَهُولاً

– «Албетте, Биз бул аманатты (т.а. Ислам шариятындагы таат-ибадаттарды) асмандарга, жерге жана тоо таштарга сунган элек, алар аны көтөрүүдөн баш тартышты жана андан коркушту. Инсан аны өз мойнуна алды. Чындыгында, ал (өзүнө) зулм кылуучу жана наадан эле (т.а бул аманаттын канчалык оор жүк экендигин бүткүл аалам билди жана аны көтөрүүгө күчү жетпешин сезди, ал эми, инсан өзү билбеген абалда өтө мүшкүл милдетти өз мойнуна алды)». [3:72]

Улуу жана Буюк зат дагы айтат:

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

– «Албетте, бул эстетмени (т.а. Куранды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана шексиз, Өзүбүз аны сактоочубуз». [15:9]

Кимде-ким, улуу Исламдын көрсөтмөсү менен дүйнөдөн жүз үйрүсө жана акырет үчүн арекет кылуу көчөсүнө өтсө, ал Ислам сакчысына айланат. Сакчылык түшүнүгүнүн негизги нукталарына этибар караталы. Анткени, муну менен тууралыкты, табигыйлыкты сактап калалы.

Ислам сакчысы болуу түшүнүгүнө мумтаз (толук жетишкен) саясий Исламий шахсиятты тикелөө кирет. Мойнуна Исламга сакчылык кылуу жүгүн алган даъватчы Исламий аклият жана Исламий нафсияттан түзүлгөн Исламий шахсиятка ээ болушу шарт. Бул үчүн ал аклиятын туура калыптандырышы керек. О.э. ал аклиятын калыптандырууда даъватка тыгыз байланыштуу болгон сакофатка негизделиши керек. Эгер даъватчы мойнундагы милдетине жараша Исламий аклиятты пайда кылбаса, анда ал мажбурияттын өтөсүнөн чыга албайт. Бул иш өз мойнуна алган сакчылыкка тескери келет. Ал Исламий аклиятты пайда кылуу менен эле чектелбестен, аны Исламий сакофат менен жабдып, мумтаз абалга келтирсин. Т.а. парзы айндан башка билимдерди да үйрөнсүн.

О.э. даъватчы башкаларга өрнөк болорлук даражадагы Исламий нафсиятты пайда кылууга умтулсун. Ал коомдон таасирленүүчү эмес, ага таасир көрсөтүүчүгө айлансын. Бул таасир көрсөтүү коомдогу даъватчылардын эң ашынган душмандарында да көрүнөт. Себеби, негизи, бул душмандар ичтериндеги бар этибарларын даъватчыларга каратышат. Алар тышкы көрүнүштө мунун тескерисин көрсөтүп жаткан болушса да, бул болгону чүмбөт гана. Алар үчүн эң коркунучтуу шахстар – даъватчылар. Анткени, даъватчылар өз позициясына ээ болгон кишилер.

Сахабаи киром р.а лар мына ушундай болушкан. Аллага пенделик кылууда, Алланын пендесине айланууда өрнөк көрсөтүшкөн. Алар Исламдын адамдарды караңгылыктардан нурга алып чыгуудагы адилеттүүлүгүн, туруктуулугун, асылдыгын көрүп турушкан. О.э. даъватчы нафсияни калыптандыруу менен эле чектелбестен, аны көп-көп таат-ибадаттар менен, макрухтардан тыйылуу менен, ал тургай, айрым мубах амалдарды кылбоо менен күчөтүүгө урунат. Мумтаз Исламий шахсияны пайда кылуу адамдарды зулматтардан нурга чыгаруу вокыйсынын баяны эмес, аны менен түздөн-түз мамилеге киришүү болуп эсептелет. Вокыйды өз көзү менен көрүү, аны менен түздөн-түз мамилеге киришүү аны баяндоодон көрө жетигирээк. Ушундай калыптануу Исламга сакчы болуунун негизи болот.

Даъватчы мумтаз Исламий шахсиятты калыптандырууда анын саясий жагына өзгөчө көңүл бурушу керек. Исламий акыйданы рухий этикат катары гана кабыл кылып, саясий боёгун өчүрүп таштоочулар сыяктуу болуп калбашы керек. Анткени, саясий шахсият өз пикири жана көз карашы менен коомду кармап калат, адамдарды башкарат, өз мабдасынан башкасын бир тыйынчалык да көрбөйт, алдындагы жолдун машакаттуулугун, тоскоолдуктары азаптарга тололугун, ырахаты кемдигин, каруу-жарагы аздыгын жакшы билет. Ушуга ылайык, бул тоскоолдуктарды эрлерче, аң-сезимдүү түрдө жеңип өтө алуу үчүн даъват куралы менен куралданат. Алланын жолунан тосо турган Батыш сакофаты менен калыптанган адамдар арасында аны эч ким жакшы көрбөйт. Колонизаторлук сакофаты менен сугарылгандар ага жоо катары карайт. Пайгамбар с.а.в айткан мына бул сөздүн дал өзү жүз берет:

بَدَأَ الْاِسْلاَمُ غَرِيباً وَسَيَعُودُ كَمَا بَدَأَ غَرِيباً، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ

«Ислам карып болуп башталды, дагы ушундай карып абалына кайтат. Демек, карыптарга бейиш болсун!».

Кимде-ким ушул заманда Исламды саясий жактан көтөрүп чыкса, ал карып болот. Аны эч ким макул көрбөйт. Анткени, ал адамдар узак жылдар бою адаттанып калган иштин тескерисин кылып, жакшылыкка буюрат, жамандыктан кайтарат. Мумтаз саясий Исламий шахсият болгон даъватчы пикири өзүнүн ичинде калып кетишин каалабайт. Аны айланага жаят. Бардык замандагы, бардык жайдагы даъватчылар мына ушундай болушкан. Мына Абу Бакр Сыддык р.а Пайгамбар с.а.вдан ачык даъват кылууну катуу туруп талап кылган жана Пайгамбар с.а.в ачык даъватка өткөн. Ибн Масъуд Курайшка топтолуп турган жайында Куранды уктурууга бел байлап, «Рахман» сүрөсүн бийик добуш менен тилават кылган. Абу Зарр ал-Гифорий эми эле Исламга киргенине карабастан, динин ачык көрсөтүүдөн башкасынан баш тарткан. Абу Зарр ал-Гифорий рыбаят кылат: «Пайгамбар с.а.в менен Меккеде бирге турдум, ал киши мага Исламды үйрөттү, Курандан да бир аз окудум. Кийин: «Я Расулулла, мен динимди ашкере көрсөтүүнү каалаймын», дедим, ошондо Пайгамбар с.а.в: «Сени өлтүрүп коюуларынан корком», – деди. Мен: «Өлтүрүлсөм да ушундай кылбасам болбойт», – дедим. Пайгамбар с.а.в мага үндөбөдү. Анан Курайштын мечитте халка болуп сүйлөшүп отурушканынын үстүнө келип: «Күбөлүк беремин, Алладан өзгө илах жок жана Мухаммад Алланын пайгамбары», дедим. Халкадагылар мени сөгүп, орундарынан туруп ура башташты. Ал тургай, мени кудум кара таштай ыргытып жиберишти…».

Ибн Умардан рыбаят кылынышынча, Пайгамбар с.а.в мындай деген:

اَلْمُؤْمِنِ الَّذِي يُخَالِطَ النَّاسَ وَيَصْبِرُ عَلَى أَذَاهُمْ أَعْظَمُ أَجْراً مِنَ الْمُؤْمِنِ الَّذِي لا يُخَالِطُ النَّاسَ وَلا يَصْبِرُ عَلَى أَذَاهُمْ

«Адамдарга аралашып, алардын азарларына сабыр кылган момун, адамдарга аралашпаган жана алардын азарларына сабыр кылбаган момундан көрө улуураак соопко ээ болот».

Диний (руханий) Исламий шахсияттан көрө саясий Исламий шахсияттын улуулугу жөнүндө Кураний далилдер бар. Алла Азза ва Жалла Өзүнүн улуу Китебинде ибадаттарга байланыштуу иштер менен саясатка байланыштуу иштердин ортосундагы айырмачылыктын вокыйсын жана тафсилатын баян кылып берген.

Алла Таала айтат:

أَجَعَلْتُمْ سِقَايَةَ الْحَاجِّ وَعِمَارَةَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ كَمَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ لاَ يَسْتَوُونَ عِنْدَ اللَّهِ وَاللَّهُ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

– «(Эй мушриктер), силер ажыларга суу берүүнү жана Масжид-ал Харамды абад кылууну – Аллага жана Акырет күнүнө ыйман келтирген о.э. Алла жолунда күрөшкөн заттар(дын амалдарына) тең деп билдиңерби?! Алар (т.а. момундар менен мушриктер) Алла назарында тең эмес, Алла залим коомду хидаят кылбайт». [9:19]

Демек, жихад диндин пайдубалын кура турган иштердин катарына кирет. Бул пайдубал рухий да, саясий да маанидеги этикат. Туура, жихад да ибадат. Бирок, ал мына ушул белгиси менен башка ибадаттардан айырмаланып турат. Ал Исламий акыйдадан келип чыгуучу пикирлер, кыйматтар тепкичтеринин эң башында туруучу иштер, Алла менен соодалашуу учурунда тилге алынган амалдар катарына кирет. Саясий иш мына ушул. Жогорудагы аятка кайтабыз. Алла Таала айтат:

آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ

– «Аллага жана Акырет күнүнө ыйман келтирген…» [9:19]

Мына Исламий этикаттын руханийлик боёгу. Дагы ал Зат айтат:

وَجَاهَدَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ

– «Алла жолунда курөшкөн заттар…» [9:19]

Мына Исламий этикаттын саясий боёгу. Демек, Исламий акыйда рухий да, саясий да этикат. Ага этикат кылган адам анын ар эки жагын тең кабыл алышы керек.

Нафсият менен аклият теппе-тең жүрүшү керек. Аклият менен нафсият ортосунда тең салмактуулукту вужудка келтирүү лазым. Аклияттын нафсият эсебинен өнүгүшү даъватчы үчүн коркунучтуу. Бул нерсе менменсинүүгө, пайдасыз илимге алып барып коюшу мүмкүн. Сарай аалымдарынын абалына бир назар салыңыз. Нафсияттын аклият эсебинен өнүгүшү да даъватчы үчүн коркунучтуу. Бул нерсе аны даъватта туруктуу болушунан кайтарышы же Аллага билимсиздик менен ибадат кылып коюуга алып барышы мүмкүн. Кыскасы, Исламга сакчы болуучу Исламий шахсият шейх Такыюддин Набхоний сыпаттаган шахсият болот: «Бул даъватты көтөрүп чыгуучулар тээ дилдерине толук жетишкендикке умтулуу уругун экмейинче, ар дайым чындыкты таза абалына келтирип турмайынча, моюндарындагы мажбурияттын өтөсүнөн чыга алышпайт…».

«Мусулманда Исламий аклият жана Исламий нафсият калыптанганда, ал бир убакыттын өзүндө аскердикке да, жетекчиликке да жөндөмдүү адамга айланат. Өзүндө ырайымдуулукту да, катуу колдукту да, аракетчендикти да, неъматтарга жетишүүчүлүктү да топтойт. Дүйнөнү туура түшүнөт. Дүйнө турмушунан үстөм турат жана акырет үчүн аракет кылат. Ушуга ылайык, дүйнө пенделерине таандык болгон бир да белги аны багындыра албайт. Ошол эле учурда, диний аша чапкандык, индиялыктарча тарки дүйнөчүлүк аны өз иримине тарта албайт. Ал бир убакыттын өзүндө жихад баатырына да, мечит досуна да айланат. Бир убакыттын өзүндө тайманбас жоокер да, сылык-сыпайы диндар да болот. Амирлик жана факихтикти, соодагерлик жана башкаруучулукту бир нуктада туташтыра алат. Анын эң улуу сыпаты – Алла Тааланын, Жаратуучусунун, жоктон бар кылуучусунун пендеси экени».

«Көрөсүз, ал намазын хушуъ менен өтөйт. Бейпайда сөздөрдөн өзүн тартат. Зекетин берет, көзүн тыят, аманатка кыянат кылбайт, ахдына бапаа кылат, берген убадасында турат, Алланын жолунда жихад кылат. Мына силерге мусулман, мына силерге момун, мына силерге Ислам калыптандырып, адам урпагы арасындагы эң жакшы адамга айландырган Исламий шахсият».

Ислам чөйрөсүндөгү мутлак итаат (бүтүндөй моюн сунуу) мына ушул түшүнүккө кирет. Итаат жамаий иштин баасын берет, максатка жетишүү жолунда сарпталган күчтөрдү сактап калат. Т.а. бышып жетилген мөмөлөрдү үзүп алууга мүмкүнчүлүк жаратат. Канчалык чебер ыкмалар колдонулбасын, даъват канчалык таза, тунук, жогору болбосун, канчалык ылайыктуу жолдор иштетилбесин – итааттагы заифтик максат жолун тосуп тура берет. Ухуд казатында мусулмандарга эмне болгонун бир эске алалы. Мединанын ичкерисинде же тышкарысында согуш кылуу жөнүндө сахабалар менен кеңешүү, тоонун башына жаачыларды коюу, Исламий түшүнүктөрдөгү тазалык, тунуктук сыяктуу чебер ыкмалар колдонулганына карабастан, тоонун үстүндө калуу жөнүндөгү буйрукка итаатсыздык себептүү, алардын баары кыйрады. Жеңиш жеңилүүгө айланды. Демек, дүйнө-акырет ийгилиги үчүн итаат шарт.

Мухасаба (эсеп-китеп кылып тергөө) да мына ушул түшүнүккө кирет. Мухасаба каталарды оңдоонун жолу. Ал аким жана жарандын, жетекчи жана кызматчынын туура жолдон ообой барышын камсыздайт. Мухасаба ар эки тарап үчүн лазым. Кайсы бир тарап аны аткарууда кемчиликке жол койсо, ортодогу ишке зыян жетет. Абу Бакр Сыддык р.а бул ишке өтө чоң маани берген. Аны мухасаба жана итаат туурасындагы хутбасында мусулмандын эң чоң жоопкерчилиги деп белгилеген. Халифалыгынын алгачкы хутбасында ал мындай деген: «Аммо баъд: Эй мусулмандар! Мен силерге жетекчи кылып дайындалдым. Негизи, силердин эң жакшыңар эмесмин. Эгер жакшылык кылсам, мага жардам бергиле, жамандык кылсам, мени оңдогула. Чынчылдык – адалдык, жалганчылык – кыянат. Араңардагы күчсүз, Кудай кааласа, анын акысын алып бермейинче, мен үчүн күчтүү. Араңардагы күчтүү, Кудай кааласа, андан акыны алмайынча, мен үчүн күчсүз. Кайсы бир коом Алла жолундагы жихадды таштаса, Алла аларды кордукка дуушар кылары турган иш. Кайсы бир коомдо бузукчулук таралса, Алла алардын баарына балээ жиберери анык. Ырас, Алла жана Анын Расулуна итаат кылар экенмин, мага итаат кылгыла. Эгер Алла жана Расулуна осийлик кылсам, мага итаат кылуу силерге важып эмес…» (Ибн Хишам «Сийраты»).

Абу Бакр р.а мухасаба жана итаат болушунун өзү менен эле чектелбестен, аларды мусулмандардын дилдерине эгүүгө аракет кылды. Анткени, ал мухасаба жана итааттын моюндагы милдетти жакшылап аткарууда үлкөн салымы бар экендигин түшүнгөн эле. Адамдын өзүн-өзү парздарды аткаруудагы кемчилиги жана арам амалдарды кылып жатканы үчүн текшериши да мухасаба. Дагы да туурараагы, негизинен, итааттар менен куралдануудагы суздук, сооптон баш тартуу, макрух амалдар үчүн да мухасаба өткөзүлүшү керек.

Малды жана жанды курман кылуу да мына ушул түшүнүккө кирет. Маалым болгондой, даъватчы баракчалар, китептер, журналдар жана башкалар менен пикирди жаят. Айрым абалдарда айрым китептерди кайра басып чыгаруу керек болуп калат. Бул үчүн болсо каражат керек. Даъватчы даъват иштерине каражат сарпташынан мал-дүйнөсүнө береке кирет деп билиши лазым. Ушуну да билип коюу керек, малы-дүйнө Исламга сакчылыктагы чыныгы берилгендиктин маңызын Алла жолунда жан берүү даражасында ачып бере албайт. Акыйкатты таанып, аны дүйнөгө алып чыгуу жолуна кирген жигит максатка алып баруучу жол Алла жолунда жанды курман кылууну талап кылышын анык билет. Бир да соопко кайдыгер болбойт. Даъватка байланыштуу ар бир ишке олуттуу жандашат. Кантип ушундай болбосун?! Акыры ал Исламий турмушту кайра тикелөөнүн чечүүчү жан аябай көрөшө турган маселеси экендигин билет го! Алла Таала айтат:

أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لاَ يُفْتَنُونَ ۩ وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ

– «Адамдар «ыйман келтирдик» деш менен эле сыналбаган абалдарында калтырылышын ойлошобу?! Негизи, Биз алардан мурунку (ыйман келтирген бардык) кишилерди сынаган элек го! Эми (ушул сыноо аркылуу) албетте Алла («ыйман келтирдик» деп) чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы кимселерди да анык билет». [29:2-3]

Өзүн даярдоо да негизги нерсе катары мына ушул түшүнүккө кирет. Өзүн даярдоо даъватчы үчүн зарыл, дагы да туурараагы, негизги иш. Эгер ал өзүн даярдабаса, жогорудагы сөздөрдүн эч кандай мааниси калбайт. Анткени, шахсият, мухасаба, мал-жанды курман кылуу сыяктуу иштер Исламга сакчылык кылууда ички даярдык үндөөсү менен Алланын ыраазылыгына жетишүү үмүтүндө болсо гана мазмунга ээ болот. Амалдын өзү аздектелбесе, жетекчинин буйругу болгону үчүн гана аткарылса, анын эч кандай салмагы болбойт. Жогорудагы буйрук болгону үчүн гана милдетти аткаруу даъваттын үзгүлтүксүздүгүнө тоскоолдук кылат. Дагы да туурараагы, ушул себеп менен милдетти аткарып жаткан шахс бир аз убакыт өткөн соң, даъват жана даъватчылардын душманына айланып калышы эч кеп эмес. Даъватчы бир тараптуу гана болбошу керек. Ал аскер гана эмес, жетекчи да. Ал сакчылыктын үлкөн жоопкерчилигин сезе ала турган, аны өтөөдө жетиштүү аракет кыла турган, өзүнүн Аллага итаат кылууга буюрулган пенде экендигин түшүнө ала турган шахс. Алла Тааланын:

فَلاَ وَرَبِّكَ لاَ يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لاَ يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

– «Жок, Роббиңерге ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай таңдык-мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча, эч качан момун боло алышпайт», [4:65]

– деген аяты дал мына ушуга ишара. Бул нерсе ички даярдык болсо гана ишке ашат.

Ушуну да айтып өтүү керек, ички даярдык менен бирге талап кылынган ишти аткарууга жөндөм да болушу керек. Ички даярдык болсо да, бирок, жөндөм болбосо, мындай мусулманга милдет жүктөө бекер. Пайгамбар с.а.в Абу Заррга аманатты тапшыруудан баш тартты. Негизи, бул сахабада ички даярдык бар эле, бирок, жөндөм жетишпес эле.

Исламга сакчылыкты таргиб (шыктандыруу), тархиб (акырет азабынан коркутуу), күзөтүү, багыттандыруу, башкаруу сыяктуу факторлор курчап алат.

Таргиб жана тархибге токтоло турган болсок, Алла Өзүнүн солих пенделерине эскирбей турган, бүтпөй турган неъматтарды, өлүм болбой турган түбөлүктүүлүктү, кеңдиги асмандар жана жерче болгон бейишти даярдап койгон. Алар бейиште жыргалчылыкта өмүр сүрүшөт, карышпайт, жигиттик абалдарында болушат, дааратка баруу сыяктуу машакаттар болбойт, тарактары алтындан, терилери мушку анбардан болот. Каалаган нерселерин жешет, көз көрбөгөн, кулак укпаган, ойго келбеген неъматтардан пайдаланышат. Аларга пакиза жуптар берилет. Пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер жана солихтер менен маек курушат. Алла Таала айтат:

ثُمَّ أَوْرَثْنَا الْكِتَابَ الَّذِينَ اصْطَفَيْنَا مِنْ عِبَادِنَا فَمِنْهُمْ ظَالِمٌ لِنَفْسِهِ وَمِنْهُمْ مُقْتَصِدٌ وَمِنْهُمْ سَابِقٌ بِالْخَيْرَاتِ بِإِذْنِ اللَّهِ ذَلِكَ هُوَ الْفَضْلُ الْكَبِيرُ ۩ جَنَّاتُ عَدْنٍ يَدْخُلُونَهَا يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَلُؤْلُؤًا وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌ ۩ وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَذْهَبَ عَنَّا الْحَزَنَ إِنَّ رَبَّنَا لَغَفُورٌ شَكُورٌ ۩ الَّذِي أَحَلَّنَا دَارَ الْمُقَامَةِ مِنْ فَضْلِهِ لاَ يَمَسُّنَا فِيهَا نَصَبٌ وَلاَ يَمَسُّنَا فِيهَا لُغُوبٌ

– «Андан соң Биз бул китепке пенделерибизден Өзүбүз тандаган заттарды (т.а. силердин үммөтүңөрдү) мураскор кылдык. Анан алардын арасында (Куранды окуса да, ага амал кылбай турган) өз жанына жабыр кылуучу да бар, алардын арасында орточо амал кылуучу да бар жана алардын арасында Алланын уруксат-каалоосу менен ар дайым жакшылыктарга шашылуучу да бар. Дал ошол (т.а. Куранга мураскор болуу Алланын) чоң мээрими. Алар алтындан болгон билериктер жана шуру мончоктор менен жасанган абалдарында түбөлүк (тура турган) бейиштерге киришет. Ал жайда алардын кийимдери харир-жибек болот. Жана алар (бейишке кирген чактарында) айтышты: «Бизден кайгы-капаны кетирген зат Аллага мактоо-алкыштар болсун. Чындыгында, Роббибиз кечиримдүү жана өтө шүгүр кылуучу. Ал Өз берешен-жоомарттыгы менен бизди түбөлүк тура турган бир диярга түшүрдү, бул жайда бизге машакат да жетпейт жана чарчоо да жетпейт». [35:32-35]

Мунун тескерисинче, Алла Исламга сакчылык кылуудан баш тарткандарга аламдуу азапты, отуну адамдар жана таш болгон, сокусу темир болгон, оту күчтүү болгон чукур тозок отун даярдап койгон. Ал жүздөрдү таанып болбос даражада күйдүрөт. Тозокулар суу сурашса, аларга жүздөрдү күйдүрө турган эритип суюлтулган жез сыяктуу суу берилет. Кандай гана жаман ичимдик! Алла Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلاَئِكَةٌ غِلاَظٌ شِدَادٌ لاَ يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ

– «Эй момундар силер өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон тозоктон сактагыла, ал (тозок) үстүндө катуу дил жана катуу кол, Алла өздөрүнө буюрган нерсеге итаатсыздык кылбай турган, өздөрүнө гана буюрулган нерсени кыла турган периштелер турат». [66:6]

Күзөтүү-көзөмөл туурасында токтоло турган болсок, Алланын Өзү пенделери үстүндө көзөмөлчү. Ал түбөлүк тирүү зат. Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Ал бизге өзүбүздөн да жакыныраак. Дилдердеги сырлардан да кабардар. Жер-асмандагы кыпындай нерсе да Анын назарынан четте эмес. Майда-ири бардык нерсе Алланын эсебинде. Ал ар нерсеге кудуреттүү. Алла Таала айтат:

يَعْلَمُ خَائِنَةَ الْأَعْيُنِ وَمَا تُخْفِي الصُّدُورُ

«(Алла) көздөрдүн кыянатын (т.а. кароо арам кылынган нерсеге уурулукча көз таштоону) да, дилдер жашырган нерселерди да билет». [40:19]

Багыттандыруу жана башкаруу жамаий иш алып барууга о.э. даъватка тыгыз байланыштуу, дагы да туурараагы, даъваттын негизги нерсеси болгон хизбий сакофатты ээлөөдөн, сабак тармагында Ислам тарыйкатына жолдонуудан пайда болот. Бул тарыйкат Исламий шахсияттарды жетиштирип чыгарат. Ал шахсияттар иштерге Ислам негизинде пикир жүргүзө турган аклиятка жана ушул аклият талабы менен жүрүүчү нафсиятка ээ болушат. О.э. дилдерге таасир өткөзүп, аларды таза-тунук кылып даярдай турган түшүнүктөр ачык-айкын болушу керек. Бул түшүнүктөрдүн мөмөсү сахабалардын иштеринде, көркөм колдонууларында, фатхтарында Исламды жүзөгө чыгарып, аны бардык диндерден үстөм кылууларында өз көрүнүшүн тапкан. Алла Таала айтат:

ذَلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ

– «(Иш) ушул. Ким Алланын мыйзамдарын урматтаса, анда албет-те (бул урмат) дилдердин такыбадарлыгы себептүү болот».     [22:32]

Дагы айтат:

ذَلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ حُرُمَاتِ اللَّهِ فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ عِنْدَ رَبِّهِ

– «(Иш) ушул. Кимде-ким Алла арам кылган нерселерди урмат кылса (т.а. арам деп сактанса), эми бул Раббисинин назарында өзү үчүн жакшы». [22:30]

Абу Абдурахман – Байтул Макдис

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *