Расулулла с.а.в дын халифасы абу бакр сыддык р.а нун халифа болуп шайлангандан кийин сүйлөгөн хутбасы

Расулулла с.а.в дын халифасы абу бакр сыддык р.а нун халифа болуп шайлангандан кийин сүйлөгөн хутбасы

Ибн Саъд, ал-Мухомилий ж.б. Урвадан рыбаят кылышынча, ал мындай деди: Абу Бакр халифа болгондон кийин адамдар  алдына чыгып хутба кылды. Ал Аллага хамду-сана айтып, анан мындай деди: «Аммо баъд, эй адамдар, силердин ишиңерге башчы болуп дайындалдым, силердин эң жакшыңар эмесмин. Бирок, Куран түшүрүлүп жана Набий с.а.в сүннөттөрүн жолго койгондон кийин, эң сергек, зирек адам такыбалуу адам экендигин, акмак кимсе болсо фиску-фужурга берилген кимсе экендигин билдик. Силердин эң күчтүүңөр менин назарымда күчсүз, (эгер анда бирөөнүн акысы болсо) андан алып беремин. Силердин эң күчсүзүңөр менин назарымда күчтүү, мен анын акысын алып беремин. Эй адамдар, мен болгону муттабиъмин (Куран жана Сүннөткө ээрчүүчүмүн) жана мубтадиъ (бидъатчы, жаңылык киргизүүчү) эмесмин. Эми, эгер жакшы иш кылсам, мага жардам бергиле, эгер ак жолдон тайсам, мени оңдоп койгула. Бул сөздөрдү айтуу менен биргеликте, өзүм жана силер үчүн Алладан магфират сураймын».

Дайнурий Абдулла ибн Укаймдан рыбаят кылышынча, ал мындай деди: Абу Бакрга байъат берилген соң, ал минбарга көтөрүлдү. Набий с.а.в отурган жерден төмөнүрөөктөгү тепкичке отуруп, Аллага хамду-саналар айтты. Анан мындай деди: «Ушуну билгиле, эй адамдар, эң сергек, зирек адам такыбалуу адам». Абу Бакр ушуга окшогон сөздөрдү айтып, акырында ушул сөздөрдү кошумча кылды: «(Башкаларды) эсеп-китеп кылышыңардан мурун өзүңөрдү өзүңөр эсеп-китеп кылгыла. Кайсы коом Алла жолундагы жихадды таштаса, Алла аларды жакырлыкка дуушар кылат, кайсы коомдо фахш-бузукулук иштер пайда болсо, Алла алардын баарын балээге дуушар кылат. Эми, мен Аллага итаат кылсам, итаат кылгыла, эгер Алла жана Расулуна осийлик кылсам мага итаат кылуу силерге важып болбойт…».

Табарий «Тарых» китебинде Осим ибн Адийден рыбаят кылышынча, ал мындай деди: Расулулла с.а.в дүйнөдөн кайткан күндүн бүрсүгүнүндө Усама кол башчылыгындагы аскерлерди казатка жиберүүнү аягына жеткизүү үчүн Абу Бакр чыгарган жарчы: «Билип койгула, Усама аскерлеринен бир да киши Мединада калбай, тик аска алдындагы аскер майданына чыксын» деп жар салды. Ошондон кийин, Абу Бакр адамдар арасында туруп, Аллага хамду-саналар айтты жана мындай деди: «Эй адамдар, мен да силерге окшогон бир адаммын. Албетте, мен билбеймин, ыктымал, силер мени Расулулла такаат кылган нерсеге сунуш кылып жаткандырсыңар. Албеттте, Алла Мухаммад с.а.в ды тандап бардык ааламдарга пайгамбар кылып жиберди жана ал кишини апааттардан асырады. Мен муттабиъмин, мубтадиъ эмесмин. Ошондуктан, эгер туура жолду тутсам, мага ээрчигиле, эгер тайылсам, мени оңдоп койгула. Билип койгула, менде да шайтан бар. Ошондуктан, эгер ал келип калса, менден четтеп тургула. Мен силердин ырларыңар жана мактоолоруңарга магдырап калбайын. Силер күн жана түндү өткөзүп, бир ажал-мөөнөттү көздөй бара жатасыңар. Бул мөөнөттүн качан бүтүшү силерге маалым эмес. Ошондуктан, бул мөөнөт бүтө элегинде солих амал кылууга мүмкүнчүлүгүңөр бар болгон соң, ошондой амалды кылып калгыла. Буга Алланын жардам-тавфики менен гана жетише аласыңар. Бул мөөнөтүңөр бүтпөй туруп, ажал силерди амалдардын үзүлүшүнө алып келбей туруп (жакшы амал кылууга) шашылгыла. Анткени, өтмүштө бир коом ажалын унутуп, амал кылбай башкаларга жүктөп кетишти. Силер аларга окшоп калуудан сактангыла. Тез өтүп кете турган ажал бар, ал келип шашылышыңарды катуу талап кылып туруп алат. Билип койгула, өлүм албетте келет, бул жаатта ата-бабалар, перзенттер жана боордоштордон ибрат-сабак алгыла. Өлгөндөргө эмнеси үчүн суктансаңар, тирүүлөргө да ошонусу үчүн суктангыла».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *