Алла таала айтат:
وَ كَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَي النَّاسِ وَ يَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا
– «О.э. (т.а. туура жолго баштаганыбыз сыяктуу эле) силерди башка адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орточо (адилеттүү) бир үммөт – жамаат кылдык». [2: 143]
Кээ бир адамдар бул аятты орточолук эки тарап арасындагы ортолук жана Ислам орточолук дини, себеби, орточолук ар бир эки тараптан да жакшы деп тапсир кылышат жана бул тыянакты пикир жана өкүмдөргө пайдубал кылып алышат. Алар буга христиандардын Иса алайхис-саламды кудай деп, же кудайдын уулу кылып алуудагы адашып чукур кетүүлөрү менен жөөттөрдүн пайгамбарларды өлтүрүүдөгү чегинен чыгуусунун арасында Исламдын орточо жол тутканын мисал кылып келтиришет. Ислам чукур кетүү жана чегинен чыгуу арасындагы орто жолду туткан, т.а. Исламда пайгамбарга ибадат кылуу да, аны өлтүрүү да жок. Балким, ал булардын арасында орто жолду туткан деп айтышат. Бул бир канча жактама ката:
Биринчиден: وَسَطًا (орто) сөзү диндин эмес, үммөттүн сыпаты. Эгер мусулмандар менен мурунку пайгамбарларга ыйман келтирген, аларды тастыктаган жана аларга эргешкен кишилерди бир-бирине салыштырылса, алардын экөөсү тең мусулман. Ыйман менен ыйман арасында болсо, орточолук болбойт. Эгер Ислам үммөтү менен Мухаммад с.а.в пайгамбар кылып жиберилгенден кийин да Муса жана Иса алайхис-саламдарга эргешкен кишилер арасын салыштырыла турган болсо, Ислам Үммөтү момун деп эсептелет. Муса жана Иса алайхис-саламдарга эргешкен кишилер болсо, алардын капырлыгына ижма кылынган. Христиандар капырлар, жөөттөр дагы капырлар. Ушундай болгон соң, кандай кылып Ислам Үммөтү эки куфр арасында орто болсун. Мындай кордуктан Алла өзү сактасын!
Экинчиден: Алла Субханаху бул үмөттү Куранда эң жакшы үммөт деп сыпаттады:
كُنْتُمْ خَيْرَ اُمَّةٍ اُخْرِجَتْ للِنَّاسِ
– «Адамдар үчүн чыгарылган үммөттүн эң жакшысы болдуңар». [3:110]
Пайгамбар с.а.в وَسَطًا ды адилеттүү деп сыпаттады. Термизий Абу Саид ал-Худрийден рыбаят кылышынча, Пайгамбар с.а.в Алланын:
وَ كَذَلِكَ جَعَلْنَاكٌمْ أمَّةً وَسَطًا
– «О.э. силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». [2:143]
орто сөзү туурасында «адилеттүү» деп айтты. Термизий: «бул хадис хасан сахих, وَسَطًا дын мааниси адилеттүү, т.а. жакшы дегени болот» – деди. Хажжаж айтат: « وَسَطًاдын мааниси адилеттүү дегени. Кээ бирлери жакшы деп айтышкан. Лафзи (сөзү) эки түрдүү болгону менен мааниси бир. Себеби, адилет да жакшылык, жакшылык да адилеттик». Имам Куртубий: «Аяттагы وَسَطًا сөзү эки нерсенин арасындагы ортону түшүндүрбөйт» – деген.
Үчүнчүдөн: Алла Субханаху үммөттү «орточо» сөзү менен сыпаттаганын адамдар үстүндө күбө болуулары менен иллеттеди (т.а. себебин баян кылды). Күбөлүк адилеттүү болушун талап кылат. Мусулмандардын кыямат күнүндө адамдар үстүндө күбө болууларын каалагандыгы себептүү وَسَطًا сөзү менен аларды адилеттүү болууларын талап кылды.
Төртүнчү: وَسَطًا сөзү س тамгасы сүкүндүү жана фатхалуу кылып окулганда – Пайгамбарыбыздын: «Халканын ортосунда отурган адамды Алла лаанаттасын» – деген сөзү жана «коргондун ортосунда отурдум» – дегендегине окшош – зарфият маанисинде (т.а. тарап, жак маанисинде) келет. Бул жерде وَسَطًا сөзү зарфият маанисинде келгени үчүн мансуб кылынды. Кээде зарфиятка жакын мааниде келет, бирок, зарф болуп эъробталбайт. Балким, эки тарап арасындагы ортону билдире турган мааниде гана келет. Маселен, «аркандын ортосунан кармадым» сөзүндөгү وَسَطًا сөзү мафъулун бихилиги үчүн мансуб кылынды. Дагы акындын ушул сөзүндө мындай деп келген: «эгер сапар кылсам мени орто кылып алгыла. Мен карымын, кыйынчылыктарга чыдай албаймын». Бул ырдын мааниси төмөнкүчө: «мени өзүңөргө орто кылып алгыла, мага жардам бергиле жана камкордук кылгыла. Мен эгер жалгыз калсам, төөмдүн кокустан секирип жибериши себептүү силерден илгерилеп кетүүдөн же артта калуудан коркомун». Бул ырдагы وَسَطًا дын эъробу экинчи мафъулун бихи. وَسَطًا сөзү жогоруда өткөн мисалдардын эч биринде да сыпат болуп келбеди. Кээде Зухайрдын төмөндөгү сөзүндө келгендей сыпат болуп калат:
Алар орто т.а. адилеттүү: «Эгер түндөрдүн биринде чоң бир балээ келсе, адамдар алардын башкаруусуна ыраазы болушат». Бул мисалда وَسَط сөзү сыпат болуп, эъробталып жатканы жок. Себеби, ал накра, هُم болсо маърифадыр. وَسَط бул жерде кабар болуп эъробталып жатат. Бул وَسَط сөзүнүн макталып жаткан кишилердин сыпаты болушун инкар кылбайт (четке какпайт). Аятта وَسَطًا дын сыпат болуп келгендиги болсо ачык-айкын көрүнүп турат.
وَ كَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا
– «О.э. биз силерди орто (адилеттүү) үммөт кылдык». [2:143]
Бул жерде وَسَطًا сөзү جَعَلَ этишинин экинчи мафьулум бихиси болгон أُمَّةً сөзүнүн сыпаты.
Мындан аятта келген وَسَطًا сөзү зарф да эместигин жана эки нерсенин арасындагы орточолукту да билдирбестигин, балким, сыпат экендигин далилдөө көздө тутулат. Аяттагы وَسَطًا сөзү «орто» маанисинде деп айткан кишилер анын зарфиятын же эки нерсенин арасындагы ортолукту билдирет деп тапсир кылышат. Негизи андай эмес, балким, аяттагы وَسَطًا сөзү жалаң сыпат, башкача болушу мүмкүн эмес. Куртубий: «Аяттагы وَسَطًا сөзү эки нерсенин арасындагы орточолукту түшүндүрбөйт» – деп абдан туура айткан.
Бешинчиси: Алардын: Биз – христиандардын чукур кетиши менен жөөттөрдүн чегинен чыгышы арасындагы ортобуз, т.а. Иса алайхис-саламды кудай кылып ала турган тарап менен пайгамбарларды өлтүрө турган экинчи тарап арасында ортобуз деп айтып жаткан сөздөрү ката. Биз алардын ортосунда эмеспиз, балким, алардын экөөсүн бүтүндөй инкар кылабыз. Биз Мухаммад с.а.вды өлтүргөн да, ал кишини кудай кылып да алган эмеспиз. Ушундай болгон соң, кандай кылып биз алардын ортосунда болобуз? Себеби, аркандын ортосу анын эки тарабынын ортосу дегени. Жолдун ортосу да ушундай. Эгер وَسَطًا орто т.а. чегинен чыккан жөөттөр менен чукур кеткен христиандардын ортосу маанисинде болсо, анда бизде да бир аз чукур кетүү жана чегинен чыгуунун болушу лаазым болуп калат. Жок, таптакыр мындай эмес. Алардын биз, жөөттөрдүн көзгө-көз жазасы жана христиандар жөнүндө айтыла турган ким сенин оң бетиңе урса, сол бетиңди тос деген өкүмдүн арасында орто үммөтпүз деп далил келтиришине келсек, бизде тишке-тиш өкүмү бар. Робиъдин күрөк тиштери жөнүндөгү окуя баарына белгилүү. О.э. Умар ибн Хаттаб өзүн урматтуунун уулумун деп бой көтөргөн Амр ибн Остон бир чапканга бир чабуу менен өч алууга өкүм кылган. Бул жерде эки тарап арасындагы орточолук кана?
Орточулук капиталисттик пайдубал. Айлакерлер ар канча айла кылышса да ал эч качан Исламдан эмес.