КАМАКТАГЫ ЭСКЕРҮҮЛӨР (Экинчи бөлүм)

Хизб-ут-Тахрир амири УЛУУ ААЛЫМ ШЕЙХ Ато ибн Халил Абу РУшта МЕНЕН МАЕКТЕШ БОЛУУ ШАРАПАТЫ ЖӨНҮНДӨГҮ КАМАКТАГЫ ЭСКЕРҮҮЛӨР

(Экинчи бөлүм)

Ал-Ваъй урматтуу боордош Салим Амрга таандык мемуарлардын бир бөлүгүн алды. Ал-Ваъй ушул эскерүүлөрдүн айрымдарын басып чыгарууда. Бул эскерүүлөрдө жүрөгү бар же күбө болгон абалда акыйкатка кулак салган кишилер үчүн – инша Аллах – ибрат бар.

Боордош Салимге ушул – инша Аллах – таасирдүү үлгү болгон эскерүүлөрү үчүн терең ыраазылык билдиребиз. Аллах Субханахудан анын эскерүүлөрүндө келген нерселерди жүзөгө чыгарышын жана аны бардык жамандыктардан сакташын сурайбыз…

Маектеш болуу шарапаты жөнүндөгү камактагы эскерүүлөр (6)

Боордош Салим Амр мындай деп жазган:

Мен Абу Ясинден бизге намазда имамдык кылганда титиреп кеткенинин себеби жөнүндө сурап, бул абал кыйноолор натыйжасында пайда болгонун билдим. Ал Иордания, Ливия жана Ирактагы коопсуздук кызматынын камактарында электр тогу жана башка ар кандай кыйноолорго салынган экен. Ошол камактарда жигиттер абдан оор кыйноолорго салынып, катуу суукта жыландай чимирилиши үчүн газ трубаларына колдору байланып, ар тараптан камчылар урулчу экен.

Хизб жигиттеринен болбогон боордоштордон Хизб жигиттери жөнүндө өзүм уккан айрым күбөлүктөрдү айтып берүү үчүн төмөндөгүлөр менен чектелемин, биз алар менен камакта жана сыртта танышканбыз:

1)   Киркте жашаган Устаз Азхарий Ахмад Фарах (Абул Амин). Аллах Субханаху 2006-жылы аны Өз даргөйүнө алып кетти. Анын жашы 80ден ашкан эле. Андан Хизб пикирлери жөнүндө сураганымда ал мындай деген: «Эй Салим, Аллахка мактоолор болсун, мен үчүн Хизб-ут-Тахрир бир фуркан (акыйкат менен батылды ажыратуу) болду. Күбөлүк беремин, Хизб-ут-Тахрир акыйкат үстүндө». Азхарий мага Анбатадагы коммунисттердин бири жөнүндө мындай деп айтып берген: «Ал киши жигиттер менен ар дайым тартышып жүрчү. Бул коммунисттин бир кызы бар эле, анын коммунисттик партиядагы досторунун көбү ага үйлөнүү үчүн колун сурап келген, бирок, ал баарын четке какты. А бирок, талкуулашып анын кыжырына тийип жүргөн Хизб жигиттеринин бири кызынын колун сураганда, ал дароо ыраазылык берди. Андан: Эмнеге кызыңды күн бою сени менен талашып тартышып жүргөн бир тахрирчи жигитке берүүгө ыраазы болуп, баарыбыз бир (коммунисттик) партиядан болгон бизге кызыңды берүүгө ыраазы болбодуң? – деп сурашканда, ал: Алар кызымды коргоп, сый-урматташат, силер болсо аны таптакыр урматтабайсыңар, деп жооп берди».

Бир күнү Азхарий мага мындай деди: «Хизб-ут-Тахрирге каршы кек сактаган анбаталык боордоштордун бири кандай жол менен болбосун шейх Такийюддин Набаханий менен жолугушуп, аны менен талкуулашууга бел байлаптыр. Ал жигиттер аркылуу Ливанга барып шейх Такийдин мейманы болуп, кийин Ливандан кайткан соң, андан шейх Такий жөнүндө сурашканда, мындай деп жооп бериптир: Мен силерге ал киши жөнүндө өзүм күбө болгон нерсени жөнөкөй сөздөр менен төмөнкүдөй кыскача айтамын, эгер Куръан Мухаммад Aга түшпөгөндө, албетте, Куръан ал кишиге түшмөк эле, деп айтмакмын».

Улуу аалым, шейх Ахмад Фарахты Аллах рахмат кылсын. Аны тааныган Кирк адамдары ал жөнүндө жакшы сөздөрдү айтат. Жигиттер аны менен туруктуу байланышып турду, а түгүл, ал өлүмүнөн үч күн мурун ушул жигиттердин катарына кошулууга чечим кылган.

2) Биз менен камакта бирге болгон белгилүү акын, инженер, доктор Айман Атум. Мен силерге анын Хизб жигиттери жөнүндө жазган кээ бир нерселерин «Эй зындандагы досторум» деген китебинин 192-197-беттеринен үзүндү окуп беремин: Бири-бирине маңдайлаш эки камерадагы 12 керебетте 10 Хизб-ут-Тахрир жигиттери болгон. Бизге коюлган айыптоо т.а. «тили узун» деген айыптоо боюнча ишибиз бири-бирине окшош болгондуктан алардын алдына мейман болуп бардым. Алардын алдына киргенимде мени узун сакал койгон, отуз жашка барып калган жатак амири Валид ачык жүз менен күтүп алды. Анын үнү жоон, жагымдуу эле, дээрлик ар дайым жылмайып турчу. Басканда денесинин жогору бөлүгү бир аз оңго ийилип, кудум кердейгендей же бийге түшүп жаткандай көрүнчү. Ушул он туткундун бири болгон Хизб-ут-Тахрирдин Иорданиядагы масъулу Ато айбаттуу, бакыйган, жашы элүүгө жеткен, чачы агарган, аз сүйлөгөн, жагымдуу киши эле. Көзү көк, жүзүнө жарашкан аппак сакалы бар болчу. Камалган хизб жигиттери аны абдан урматташчу. Алар бири-биринен өтүп анын кызматын кылууга, иштерин аткарууга, андан чыгып жаткан ар бир үнгө кулак салууга шашылышат эле. Мындай болушу табигый, себеби, ал Хизб-ут-Тахрир башчысы болуп, ушул он туткунга эле эмес, Иорданиянын түрдүү тараптарындагы, мүмкүн Палестинадагы Хизбдин бардык мүчөлөрүнө жетекчи эле. Бир күн келип ал Хизбдин бүткүл дүйнөдөгү биринчи жетекчисине айланышы да мүмкүн.

Валид мен үчүн өзүнчө бир төшөм даярдады. Хизб-ут-Тахрир ушул иш боюнча камалгандарды сыйлаганы үчүн жана алар менин позициямды жана ырларымды угушканы үчүн жатак амири Валид жаңы таза төшөк жана кең жетиштүү шейшеп болушун о.э. ордум да бөлүнүп турушун каалады. Ошентип, менин төшөм Хизб-ут-Тахрир масъулу шейх Атонун төшөмү менен жанаша болуп калды.

Атодо Хизб-ут-Тахрир пикирлери амалий вакиъий таризде көрүнүп турчу. Хизбдин эң маанилүү негизги максаты – Халифалык мамлекети. Себеби, алар эмнени кылышпасын, эмне үчүн аракет кылышпасын жана бул бийик максатка жетүү жолунда кандай кыйынчылык тартышпасын, булардын баарын жер жүзүндө Исламий Халифалыкты тикелөөгө байлашат. Ал эми, ал кандай, каякта жана качан тикеленет, каражаттар эмнеден турат, бул үчүн зарыл болгон убакыт мөөнөтү канча? Бул суроолор хизбдин эч бир мүчөсүн жоопсуз калтырбаган.

Алар киришкен ар бир талкууда Аллах Тааланын ушул сөзү абдан көп айтылчу:

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. алардын (абалын Меккеде көргөн) кооп-коркунучтарынан кийин (Мединада) бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды»                                                                                   [24:55]

Алар Аллахтын бул аяттагы убадасы албетте жүзөгө чыгышына толук ишенишчү жана бул аятты төмөндөгү аятка байлашат эле:

«Андыктан, сабыр кылгын! Шек-күмөнсүз, Аллахтын убадасы акыйкат. (Акыретке) ишенбеген кимселер сени эч качан сабырсыз кылышпасын»              [30:60]

Ато аптасына тафсир боюнча үч сабак, тил боюнча үч сабак берет эле. Туткун Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн аптасы мына ушул эки күнгө бөлүштүрүлгөн болчу: тафсир үчүн бир күн, андан кийин тил үчүн бир күн. Ато менин акындыгымды билчү. Ошондуктан, ал мени башкаларга караганда көбүрөөк бул сабактарга келип, активдүү катышууга жана бул сабактарда туруктуу илим үйрөнүүгө үндөйт эле. Акыбетте, ошондой да болду. Ато Аллах Тааланын:

«Ал Сага Китеп түшүргөн Зат, ал (Китептен) ушул Китептин түпкү маңызы болгон мухкам аяттар да жана башка муташабих болгон аяттар да (орун алган). Эми, дилдеринде акыйкат жолдон адашуу бар болгон кимселер башка адамдарды алдап фитнага салуу жана өз көңүлү, нафсине ылайык таъвил кылуу үчүн Анын муташабих аяттарына ээрчишет. Акыйкатта болсо, андай аяттардын таъвилин жалгыз Аллах гана билет. Илимде бекем адамдар болсо: Ал Китепке ыйман келтиргенбиз. Бардык аяттары Роббибиздин алдынан, дешет. Мындан акыл ээлери гана насаат алышат»                                                                         [3:7]

деген сөзүн кандай тафсир кылганы бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Шейх бул аяттагы (tbqã‚Å™º§9$#ur) лафзындагы «вав»га атф вавбы же истиънаф вавбы деп узакка токтолгон. Акыйкатта болсо, бул маселе илгерки муфассирлер жана лугат аалымдары талкуулаган, бирок, шейхибиз раъйларды карап чыгууга көп киришип, ижма раъйына тескери раъйга ыктады. Абдан көп муфассирлер «бул вав – истиънаф вавы» деген раъйды айтышкан. Уламалардын бул раъйы шейх Атого анчейин жаккан жок. Тескерисинче, Ато бул вав атф үчүн деген раъйда болду.

Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү болгон шакирттер жана издештер өздөрү менен Мусхаф жана дептерлерди алып келишип, шейхтин Аллах ага ачып берген нерселерин жазышат эле. Шейхтин колу менен жазылган, Бакара сүрөсүнүн тафсири камтылган үч дептерди өзүм көргөнмүн. Бул дептерлер кудум кымбат баалуу казыналар сыяктуу Хизб-ут-Тахрир жигиттери ортосунда колдон колго өтүп турчу. Алар бул дептерлердин айрылып, жоголуп калышынан сакташат эле. Алардын бири бул дептерди көкүрөгүнө же жүрөгүнө басып жүрчү десе да болот. Туурасын айтсам, шейхтин бул дептерлерде аяттарды тафсир кылууда жана бул аяттардан чыккан өкүмдөр туурасында бекем ижтихад кылганын көрдүм. Бул дептерлердин адамдарды өзүнө тарткан бир сыры бар болчу, ошондуктан, алар кудум баалуу берметтердей эле. Ошентип, шейх камакта Куръанды тафсир кылуу боюнча китеп жазууга киришип, натыйжада мына ушул үч дептерди жазды. Ошол кезде ал ушул долбоору менен алек эле. Бүгүн билбейм, ал Куръан тафсирин аяктаганбы же Хизб-ут-Тахрирге башчылык кылуу менен алек болуп калганы буга тоскоолдук кылдыбы…

Тил боюнча сабактарга келсек, шейх мажаз жана анын алакаларын түшүндүргөн сабак дале эсимде. Ал Аллах Тааланын:

«(Аллах) асмандан суу (жамгыр) жаадырганда жылгалар толуп ташып агып, бул сел өзүнүн үстүнө көбүктөрдү да көтөрүп келет»                                                              

                                                                                                   [13:17]

деген аяты жөнүндө мындай сөз кылган: «Биз жылгалар акты деп айтпайбыз, жылгалардагы суу акты дейбиз, бул мажаз. Анын алакасы болсо жылгалардын суу менен болгон алакасы. Себеби, жылгалар суу орду. Демек, аяттагы көркөм түс мажазы мурсал болгон болот. Орун болушу – анын алакасы».

Шейх: «Мага Али Имран сүрөсүндөгү мажаздын беш алакасын билип келгиле», же болбосо: «Фуркан сүрөсүнөн насх кылуучуларды түрлөрү менен чыгарып келгиле жана бул сүрөдөгү кабарларды, алар кайсы таризде келгенин аныктап келгиле», деп шакирттерине үй тапшырма берет эле. Хизб мүчөлөрү Анын сабактарын абдан жакшы колдошту. Алардын арасында карысы-жашы, таалим алуучу жана башкасы, врач жана окумуштуулар бар эле.

Мен ушул шакиттер тобу арасында ынтымакка, амирге итаат кылууга, ага кайрылууга күбө болдум. Алар талкуу жаатында тайманбайт эле. Дале эсимде, алардын бири бир офицер менен талкуулашып кызышып кетип, өзүн кармай албай мамлекет жетекчилигине сөз тийгизди. Ошол офицер ал жөнүндө дароо арызданды. Кийин ал жигит дагы коопсуздук сотунда соттолуп, мурунку эки жылына кошумча жарым жыл камак жаза өкүмү чыгарылды. Башка саясий туткундар бул окуя жөнүндө сүйлөшүп, ал жигитке: «Эми жакшы жүргүн, кийинки жолу тилиңди тыйгын, сен да, жамаатың да тыңчылардын арасындасыңар», дешип айрым жаман сөздөрдү айтканын көп көрдүм. Ал аларга алардын жаманаттысынан да катуу жооп кайтарып, аларды коркоктукта айыптап, алар акыйкат сөздү айта албашын, акыйкат сөз үчүн бекем тура албашын ачык айтар эле. Аларга кайра-кайра: «Акыйкатты эркектер айтат, адамдардын баары да эркек эмес», дечү.

Хизб-ут-Тахрир даражама-даража, аста-секин өзгөрүү жасоо аракетти текке кетирип, пайдубал саналбайт, пирамиданын башынан баштоо керек, жыландын башын жанчып ташташың керек, мына ошондо анын жамандыгына бүтүндөй чек коюлат, деп ишенген жана дагы эле ушуга ишенет. Каражатка келгенде алар аскерий төңкөрүш жасоо үчүн армиядагы ишеничтүү офицерлерден жардам алуу мүмкүн деп билишет. Алар режимдерди кулатууда күч колдонуу керек деп билишпесе да, бирок, алар башкалардан жардам алуу мүмкүн, өзгөрүү жүзөгө келиши үчүн күч албетте зарыл, деп эсептешет.

Шейх Ато жөнөкөй жашаган, жупуну адам эле. Ал ден соолук үчүн төшөгүнүн түбүнө бир нече бадыраңды катып койчу. Ато бадыраңды колу менен тазалап эки-үчөөсүн жегенин көп көргөнмүн. Мени да ушуга үндөп алардын бирин мага берет эле.

3)   Төмөндө болсо, боордош Мухаммад Али Абдулхамид (Абу Бакр) Хизб жигиттеринен алып айтып берген күбөлүктү келтиремин:

Бисмиллахир Рохманир Рохим

«Бир ынсаптуу киши тарабынан берилген күбөлүк»

Боордош Ато Абу Рушта Хизб-ут-Тахрир амири вазыйпасын мойнуна алгандан бир нече күн өтүп биз Аммандагы Замилий мечитинен беш убакыт намаздын бирин окуп чыгып келе жатканыбызда инженер Салих Абдуллах Жийтавий (Ихванул Муслимин жамаатынын мүчөсү) алдыма келип, колумду катуу кысып: Сизге мубарек болсун, деди. Мен: Эмне? – дедим. Ал: Боордош Ато Абу Рушта Хизб-ут-Тахрир амири болгону менен куттуктаймын. Мыдан улам, ушул таптан тартып Хизб-ут-Тахрир калыс хизб экенине толук ишенимдим. Себеби, ал боордош Ато Абу Руштага Хизб амирлигине жетүү мүмкүнчүлүгүн берди. Мен ал кишини жакшы тааныймын, ал менин кесиптешим жана азиз досум эле.

Орто мектептеги экзамендерден кийин мен аны менен бирге Бейрутка Америка университетине кирүү үчүн экзамен тапшырганы бардым. Бирок, Аллах бул университетке киришибизди каалабады. Ошондон кийин инженерликти үйрөнүү үчүн Каирге бардык жана ал жерде бирге болуп инженерликти үйрөндүк. Аны менен бирге болгон учурумда ал таква, ахлактуу жана кичи пейил жакшы киши болгонуна күбөлүк беремин. Амманда да жолугушуп турчубуз. Аны көрсөң менден чоң салам айт.

«Кудурет ээси болгон Роббиң алардын сыпаттоолорунан (т.а. ар кандай айып, кемчиликтен) аруу. (Бардык) пайгамбарларга Аллах тарабынан салам болсун! Хамду-сана бардык ааламдардын Роббиси – Аллах үчүн!»   [37:180-182]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *