ОМАН МУФТИЙИ ХАК МЕНЕН БИЙЛИК ОРТОСУНДА
Оман султанатынын муфтийи шейх Ахмад Халилий саясатка таасир кылган Исламий маселелерге туура шаръий өкүм берип, өз позициясын эрдик менен ачык билдирип жатканын бат-бат угуп жатабыз же окуп жатабыз. Алардын катарында, ал Фалестин маселесинде, Расулуллах Aды акаарат кылуу кампаниясына каршы туруу жана Умматты көз карандылыктан азат болууга чакыруу маселелеринде өз позициясын ачык билдирди. Ал бүгүнкү күндө Кошмо Штаттар кабыл алган, Блинкен ачык айткандай, мамлекеттик департамент ага даъват кылууну өз ишмердигинин бир бөлүгүнө айланткан гомосексуализмди четке каккан позициясын да айтып өттү… Андан тышкары, анын дагы бир нече позициялары бар, расмий диний борборлордун лидерлери ал жөнүндө ооз ачышпайт же алар аларга буйрулган нерселерди гана айтышат… Шейх Ахмад Халилийдин мындай позициялары айрымдардын ачуусун келтирди о.э. алар анын тегин сүрүштүрүп, ал тургай, айыптоого өтүштү. Алар бул шейхтин билдирүүлөрү шейхке тоскоолдук кылбаган мамлекеттин расмий позициясы менен келишилгенби деген суроолорду беришүүдө. Мындай позициялар ал тараптан капыстан жол берилген орунсуз аракетпи? Же шейх өзүнүн фикирин жана позициясын билдирүүдө эрктүүбү? Бул, расмий муфтийлер арасында айтылган суроолор. Себеби, мындай адамдар арасында акыйкатты жашыруу о.э. Хак Таалага берилген убадага эмес, өкүмдарга берилген убадага амал кылуу өкүм сүрөт…
Башка тараптан, мындай позиция жана билдирүүлөрдү колдоп жаткандар да бар экенин көрөбүз. Ошондуктан, ага мактоолор жаадырылып жатканына, адамдар ага ыйыктык жана улуу аалымдык даражасын берип жатканына күбө болобуз. Мунун себеби, расмий муфтийлер жана уламалар акыйкатты айтпоо, туура позицияны билдирбөө жана муну орунсуз деп эсептөө адаты бар… Ошондуктан, туура позиция билдирген уламалар адамдардын колдоп-кубаттоосуна ээ болушат… Демек, мындай абалдарга кандай мамиледе болуу керек?
Комментарий: күзөткөн киши колонизатор Батыш жана ага малай болгон өкүмдарлар мусулмандар арасында аброй жана таасирге ээ болуу үчүн айла-амалга жана алдоого таянаарын билет. Батыш эл башкарбайт, эл башкарылат деп билет. Ким калктын фикирин ачык айтып чыкса, калк ага жетекчиликти берет жана анын проблемаларын көтөрүп чыккан жетекчини издейт. Жетекчилик кылуу үчүн демилгени колго алуу жетиштүү. Батыш өкүмдарлар, уламалар жана муфаккирлер аркылуу жетекчиликти колго алышууда. Мисалы, бир убакыттарда Абдуннасир (израилди) деңизге чөктүрөм деген, Абу Аммар (Ясир Арафат) болсо Фалестиндин деңизден дарыяга чейинки жерин кайтарып аларын айткан. Алар мындай сөздөр менен адамдардын жүрөгүнөн орун алгандан кийин бардык нерсени унутуп, Уммат маселелерин сатышты жана алардын сөздөрү жалган-алдоо болуп чыкты…
Мындай абалда акыйкатты батылдан кандай айырмалайбыз?! Мусулмандар өз позициялары жана көз караштарында шариятка негизделүүлөрү керек. Ошондо алардын позициялары эч качан жана эч кандай жайда өзгөрбөйт. Биринчи мусулмандар ушинтип шариятка негизделүүдөн кылча чыгышпаган. Алар «Ээрчүү үчүн эң ылайык болго нерсе – акыйкат», «Акыйкатты билсең, анын тарапкерлерин билесиң», «Рижалдар акыйкат менен таанылат, акыйкат рижалдар менен таанылбайт» сыяктуу эрежелерди бекем кармашкан… Бүгүнкү мусулмандар ушул эрежелерден пайдаланып, башчы жана уламалардын позицияларын өлчөөлөрү жана мурунку позициялары менен чектелип калбашы керек. Себеби, алар канча деген позицияларды өзгөртүштү. Унутпагыла, Хак бекем болуп, эч качан өзгөрбөйт.
Булак Ал-Ваъй журналынын 433 санына алынды.