Исламий ӨКҮМДӨРДҮ баскычма-баскыч КОЛДОНУУГА ЧАКЫРУУ – бидъат ЖАНА КЫЙРАТУУЧУ фитна
Саид Асъад – Палестина
Диндеги бардык адамдар Исламды толугу менен колдонууну билиши зарыл. Мусулмандардын бири да бул жөнүндө ихтилаф кылышпаган (кайчы пикирде болушпаган). Мисалы, хамр (мас кылуучу ичимдик) оболу намаз убагында арам кылынды, кийин бүтүндөй арам кылынды. Ушул сыяктуу кээ бир өкүмдөр баскычма-баскыч арам кылынды. Ошондуктан, Исламды да баскычма-баскыч колдонсо болот деген ката жана чаташ түшүнүктөр пайда болду. Бирок, бул чаташтыктарга карабастан, Исламды толугу менен жалгыз өзүн колдонуу керектиги туурасында ихтилаф жок. Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонууга чакырып жаткан үгүткө назар салсак, мында айрым исламий кыймылдар Исламды бийликтен аста-секин алыстатуу, кийин бүтүндөй Исламсыз башкарууга адаттанып калуу коркунучу бар экенин көрөбүз. Бул болсо, капыр мамлекеттердин алдоосуна, чалгытуусуна түшүп калуунун дал өзү. Капыр мамлекеттер айрым исламий кыймылдарга аз эле мөөнөт берип, өз тузагына түшүрөт. Алар менен алакалар бекемделгенде аларды жолдун ортосунда таштап кетет. Натыйжада, бул кыймылдар Исламды да, Үммөттү да Ислам өкүмдарлыгы саясындагы кадыржамдык жана амандыкка алып барбайт.
Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонууга Куранда да, Сүннөттө да далил көрсөтүлбөгөн. Тескерисинче, Исламды бир да өкүмүн калтырбастан, толугу менен колдонууну важиб кылган жаркын далил жана нусустар бар. Аллах Таала айтат:
«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын көңүл кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүүнү каалоодо. Албетте, адамдардын көптөрү баш ийбегендер» [5:49]
Бул аятта башкаруу сөзү – (ما) лафзи менен баса белгиленип жатат. Бул умумийликти түшүндүрүүчү сийга болуп, бардык өкүмдөрдү толук колдонууну баса белгилеп жатканына далалат кылат. Бул жерде шектүү нафс же ыплас жүрөктүн жолун жабуу үчүн баса белгилөө байма-бай келүүдө. Бул аяттагы баса белгилөө эки түрдүү: биринчиси, акыйкат менен башкаруу т.а. Аллах түшүргөн нерсе менен эч бир кемтиксиз башкарууга болгон баса белгилөө. Буга аяттагы умумийлик далалат кылат:
«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын» [5:49]
Экинчиси: фитнадан т.а. Аллах түшүргөн нерселердин айрымдарын колдонбой коюудан этият болууга болгон баса белгилөө:
«Жана да Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият бол!» [5:49]
Шарият муну фитна деп карап, фитнадан, фитнага чакырып жаткандардан этият болууга буюрду. Себеби, фитна – адамдар арасындагы шайтандардын каалоосуна ээрчүү. Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөө жөнүндөү үч аятта үч түрдүү сыпат т.а. фиск (бузгунчулук), зулум жана куфр көрсөтүлүүдө. Ал үч сыпат бир иш т.а. Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөөнүн сыпаты.
«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар капырлар» [5:44]
Бул жердеги баса белгилөөдөн Аллах түшүргөн нерселердин баары максат кылынып, ал (ما) лафзи менен көрсөтүлүүдө. Ал Куръан тилинде бир сөз менен умумду түшүндүрүүчү лафз болот. Андан сырткары, Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүнү катъий (кескин) тастыктаган аяттар бар, алар Аллахтын өкүмүнө ыраазы болуу, ага моюн сунуу жана аны менен кадыржам болууну, андан башкасына ыраазы болбоону, андан башкасын тогут деп эсептөөнү талап кылат. Аллах Таала айтат:
«(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куръанга) жана сенден мурунку түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептей турган (айрым) адамдардын шайтанга өкүм сурап барууну калап жаткандарын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Анткени) шайтан аларды биротоло жолдон азгырууну каалайт» [4:60]
Бул аяттардын бардыгы Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүүгө болгон талапты анык көрсөтүп турат, ушуга катъий далалат кылып жатат. Бул аяттарга Аллахтын ушул:
«Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылган убакта бир да мумин жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн таштап коюп) өз иштеринен бирээр ишти тандоосу жайиз эмес» [33:36]
Аятын да кошсок, момундарда эч кандай ыктыяр жок экендиги жана алар итааткөй болушу керектиги көрүнөт. Себеби, итаатсыздыктан фитна келип чыгат. Аллах Таала айтат:
«(Пайгамбардын) буйругуна каршы иш кыла турган кишилер өздөрүнө бирер фитна-кайгы жетип калышынан же жан чыдагыс азап жетип калышынан сактанышсын!» [24:63]
Момундарга Аллахтын өкүмүнөн башка өкүмдү тандоодо ыктыяр жок. Себеби, Аллахтын өкүмүнүн ордун баса турган нерсенин өзү жок жана буга эч кандай далил да жок.
Ал эми, шаръий өкүмдөрдү баскычма-баскыч колдонуу жайиз деген сөзгө келсек, анын эч кандай далили жок. Тескерисинче, мындай колдонуунун жайиз эместигине далил келген. Бул – көтөрүп чыга турган долбоору жок кишинин далилсиз иштерин акташы. Ибн Хишам «Сийрат»ында келген хадис баскычма-баскыч колдонуунун жайиз эместигине анык далил болот: Сакиф элчилери Расулуллах A менен сулх (келишим) түзүү үчүн келишкенде, ал кишиден буттары Лутту үч жыл талкалабай турушун сурашты. Бирок, Расулуллах A буга ыраазы болгон жок. Кийин эки жыл, бир жыл, акыры келип бир ай кыйратпай турушун сурашты. Бирок, Расулуллах A булардын эч бирине ыраазы болбоду. Алар муну менен – алардын сөзүнө караганда – эгер Лут талкаланса кыска ойлуу адамдар, аялдар жана балдар али Исламга кирбеген коомду Исламга каршы тукурууларынын алдын алып калмакчы болушкан. Бирок, Расулуллах A Абу Суфян ибн Харб менен Мугийра ибн Шуъбаны бутту талкалоо үчүн жиберди. Себеби, сакифтиктер Расулуллах Aдан бутту четке кагуунун, таштоонун акысына намазды аткарбоону жана буттарын өз колдору менен талкалабоону сурашкан. Расулуллах A болсо:
«أَمَّا كَسْرُ أَوْثَانِكُمْ بِأَيْدِيكُمْ فَسَنُعْفِيكُمْ مِنْهُ، وَأَمَّا الصَّلاَةُ فَإِنَّهُ لاَ خَيْرَ فِي دِينٍ لاَ صَلاَةَ فِيهِ»
«Мейли, бутту өз колуңар менен талкалоодон силерди азат кыламын. Бирок, намаз маселесине келсек, намазсыз динде жакшылык жок». Булардын баары Исламга эми гана кирген кишилер арасында жүз берди.
Ал эми, айрымдардын мыйзамчылыктагы баскычма-баскычты т.а. хамрды баскычма-баскыч арам кылынышын колдонуудагы баскычма-баскычтыкка далил катары көрсөтүүсү ката. Себеби, бул, колдонууга эмес, мыйзамчылыкка тиешелүү иш. Ал эми, мыйзамчылык менен колдонуунун ортосунда чоң айырма бар. Инсанга канчалык оор болбосун, ал Аллахтын өкүмүнө итаат кылуу жана аны тезинен аткарууга буйрулган.
«(Анткени) силер өзүңөр үчүн жакшы (пайдалуу) болгон нерсени жаман көрүшүңөр жана силер үчүн жаман (зыяндуу) болгон нерсени жактырышыңар мүмкүн. Аллах билет, а силер билбейсиңер» [2:216]
Т.а. шарият нафс каалаган жана тандаган нерсени алып келбейт. Шарият Аллах буйруган нерсе менен инсандарды оңдоо үчүн келет. Мисалы, Аллах рамазанда толук бир ай орозо кармоону мыйзам катары белгиледи. Аны нафс каалагандай аста-секин, алгач үч күн, кийин бир апта, кийин он күн кылып баскычма-баскыч белгилебеди. Же орозо хамрга караганда жеңилирээк деп ойлогондор барбы? О.э. Аллах жолунда жихад кылууну алсак, андагы таклиф хамрды арам кылуудагы тартиптен башкача. Себеби, анда момундар алгач өздөрүнөн он эсе көп душман менен согушууга буюрулушту. Кийин бул жеңилдештирилип, эки эсе душман менен согушуу көрсөтүлдү. Эгер, жеңилдик маанисинде баскычма-баскычтык буйрулганда мурун жеңилиреги жүктөлүп, кийин оорурагы сунуш кылынмак. Шарият мусулмандар өз мамлекетин эми гана куруп жаткандагы абалдын оордугу баскычма-баскычтыкты актай турган нерсе деп белгилеген жок. Тескерисинче, мунун таптакыр карама-каршысы болду. Мамлекет жана Үммөттү күжүрмөндүк, күч-кубат негизинде тикелөө – жетик даанышмандык. Бул, баскычма-баскыч колдонуу жайиз деп айтып жаткандардын пикирин кескин четке кага турган хужжат. Бул аяттар адамды итааткөйлүккө калыптандыруу үчүн мыйзамчылыкта жеңилдик кылуу деген түшүнүктүн тескериси. Буга кошумча аткаруу жана колдонууда бул эки ишти ар кандай абалдарда да кечиктирбестен жана бекем аткаруу талап кылынган. Бул жерде мыйзамчылык баскычма-баскыч болобу же толугу менен болобу, мунун айырмасы жок. Себеби, мыйзамчылык Аллахтын иши, аткаруу болсо биздин ишибиз. Мыйзамчылыктагы жеңилдетүүгө же күчөтүүгө биздин тиешебиз жок. Бул иштер Аллахка гана хас (таандык) болуп, Аллах кандай буйруса, ошондой аткаруу бизге важиб.
Бул, мыйзамчылык жана колдонуу ортосундагы айырма. Ал эми, Ислам мамлекетиндеги колдонуу тарабын алып карасак, Исламдын ар кандай өкүмүн аткарууда Расулуллах A жада калса жеке абалдарда да баскычма-баскычтыкты кабыл албаган. Ал тургай, Исламга жаңы кирген кишилерден да хамр ичүү жаатында баскычма-баскычтыкты кабыл албаган. Расулуллах A Исламды толугу менен, бүтүн боюнча колдонду. Бул нерсе кийинчерээк фатх кылынган Таиф, Яман, Бахрейн өлкөлөрүндө да ушинтип уланды. Мунун эң жаркын далили Сакиф элчилери Расулуллах Aдан буттарга ибадат кылуу жана намазды таштоо маселелеринде баскычма-баскыч колдонууну талап кылышканда Расулуллах A мындан баш тартып, бүтүн бойдон колдонду. Булардын бардыгы баскычма-баскыч колдонуу жайиз эместигине кескин, катъий, кемтиксиз жана жаркын далил болот. Ошондуктан, толугу менен жана түптөн ыңкылаптык көрүнүштө колдонуу важиб. Расулуллах A башка өлкөлөргө валий кылып жиберип жаткан сахабаларына кемтиксиз түрдө Аллахтын Китеби жана Расулунун Сүннөтү менен өкүм жүргүзүүнү, баскычма-баскыч колдонбоону насаат кылчу. Бул, Ислам менен башкарылбаган өлкөлөрдө толугу менен, түптөн, ыңкылаптык көрүнүштө өкүмдү колдонуу важибдигине – абал кандай болушуна карабастан – бир өкүмдү болсо да баскычма-баскыч колдонуунун жайиз эместигине катъий далил. Эми, уруксат жөнүндө айта турган болсок, ал асл өкүмдө жеңилдик берилген шаръий өкүмгө баш ийүү. Мында баскычма-баскычтык жок, эки абалда тең асл өкүм бар.
Шариятты колдонууда баскычма-баскычтык жайиз эмес. Исламдын колдонуудагы жолу бир, аны нусустар жана Расулуллах Aдын жасаган амалдары көрсөтүп турат. Расулуллах A валийлеринен жана омилдеринен мына ушул негизде т.а. толук, түптөн, ыңкылаптык түрдө колдонуу жолун карманууну талап кылган. Абу Бакр Сиддик бул жөнүндө мындай деген: «Жада калса, Расулуллах Aга беришкен музоону берүүдөн баш тартышса да, мен аларга каршы согуш кыламын».
Ал эми, ички шарттар, биринчи аткарылыш зарыл болгон иштер, ички тартип, калкты даярдоо, аларды ыраазы кылуу, эл аралык коомчулукту тынчсыздандырбоо, башкалардын пикирин урматтоо, аларды да түшүнүү сыяктуу нерселер – эч кандай далили бидъат болуп, Аллах бул жөнүндө бир да хужжат түшүрбөгөн. Бул пикирге ээрчүү мүмкүн эмес. Себеби, бул – Ислам кемтиксиз рисалат жана турмуштун бардык тармактарын камтыган түзүм болуп, ар кандай абалдарды ийне-жибине чейин оңдоочу чечимдер бар деген катъий негизге тескери. Акыры, Ислам жахилиятты ийне-жибине чейин бардык тармактардагы өз өкүмдөрү менен өзгөртпөдүбү?! Ислам менен өкүм жүргүзүү ушундай бир толугу менен колонулуучу баскыч болгон, коом өз пикирлерин жана раъйи оммун анын үстүнө курган. Башкаруу – адамдардын иштерин Ислам өкүмдөрүнө ылайык түздөн-түз башкаруу деген этибарда өкүм бардык иштерге жана маселелерге толук колдонулган эмес беле?! Биздин режимдерди өзгөртүү жана акимдерди кулатуудагы каалообуз Исламдын каалоосу т.а. баскычма-баскычтыкты жана шериктикти кабылдабаган каалоо. Бану Амир ибн Саъсаа Исламды толук, баскычма-баскычсыз бийликке алып келерин, бирок, бийлик өздөрүнүн колунда каларын айтты. Расулуллах A буга абдан муктаж болуп турган болсо да, алардын бул сунушун кабыл албады. Алардын бир гана шарты үчүн муну кабыл албады. Эми, элестетип көргүлө, адамдар Исламды кабыл алуусу үчүн баскычма-баскыч колдонууну шарт кылышканда эмне кылышмак?! Баскычма-баскычтыкты хужжат кылып Ислам өкүмдөрүнүн бир канчасын бекер кылуу бир шартты четке кагууга караганда чоңураак күнөө болуп, ал Исламдын бийликти ээлөөдөгү тарыйкатына тескери.
Ислам коомдун бардык алакалары, турмуштун бардык тармагы үчүн жарактуу мыйзамдарды өзүнө камтыган. Бул мыйзамдар жеке адамга, же үй-бүлөгө, же жамаатка, же коомго, же Үммөттүн башка үммөттөр менен боло турган алакаларына тиешелүү болобу, айырмасы жок. Ошондой болгон соң, Мудаббир, Латиф, Хабир, Халик болгон Зат тарабынан келген мабдаий чечимди үйрөнүп жаткан ар бир киши бул чечимден башка бирер өкүмдү тандашына жол жок. Андыктан, кайраттуулук, далил жана көңүл-этибар менен даъват кылып жаткан, инсандарды Аллахка кулдук кылууга, чоң-кичине нерселерде Аллахтын өкүмүнө каршы чыгуудан жана аны четке кагуудан этият болууга үндөп, таква менен даъват кылып жаткан кишилер кантип башка өкүмдү тандоосу мүмкүн. Биз Аллахтын ушул:
«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, неъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн Исламды (гана) дин кылып тандадым» [5:3]
«Өкүм-өкүмдарлык Аллахка гана таандык. Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок, адамдардын көбү муну билишпейт» [12:40]
«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!» [5:50]
«Жок, (эй Мухаммад), Роббиңе касам, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт» [4:65]
аяттарын тилават кылып туруп, бирок, өкүмдү башкасынан алсак, Кыямат күнүндө Аллахка кайсы бетибиз менен жолугабыз?! Биз минбарларда жана аянттарда туруп мына ушуга чакырсак, ал жөнүндө көп сүйлөсөк, бирок, абал олуттуулашканда баскычма-баскычтык жана солчулар менен келишүү жөнүндө сүйлөсөк кандай болот?! Адамдарды сүткордуктан кайтарып, аялдардын ачык жүрүүсүнө чакырсак, анда, ким деген адам болобуз?! Парадан кайтарып, уятсыздык жана эркек менен аялдын аралашып жүрүшүнө уруксат берсек, исламий эмес партиялар өлкөбүздө куфр жана кудайсыздыкка чакыруусуна таштап койсок, ким деген адам болобуз?! Каир, Багдад, Дамаск, Тунис жана Кайраван сыяктуу улуу шаарларда куфрдан Исламды ажыратып болбой турган даражада аралашып кетүүсүнө ыраазы болобузбу?! Аллах бул жөнүндө эч бир хужжат түшүрбөгөн го?!
Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонуу жайиз эмес болгон соң, бул, Исламдын толук, түптөн, ыңкылаптык түрдө колдонуу тарыйкатына тескери келген соң, Ислам өкүмдөрүнүн бир бөлүгүн алуу менен бирге куфр өкүмдөрүнүн бир бөлүгүн алуу жана муну Ислам өкүмдөрүн баскычма-баскыч колдонуу деп эсептөө кантип жайиз болсун?! Акыры, бул, Исламдын бир бөлүгүн о.э. шарият бузгунчулук жана куфр деп караган анык куфрдун бир бөлүгүн колдонуу эмеспи?!
Ислам тарыйкаты белгилүү бир өзгөчө жашоо таризи болуп, башка өкүмдөр менен аралашууну кабыл албайт. Ислам гана туура, башкасы батыл. Акыйкат батыл менен шерик болбойт.
«Жок, (Биз андай айып-кемчиликтен аруубуз), Биз акыйкат Куръанды батыл-жахилияттын үстүнө таштайбыз, анан (акыйкат батылды) эзип-жанчып, (батыл) капыстан жок болот. Силер үчүн болсо сыпаттаганыңар себептүү азап бар»
[21:18]
«(Эй Мухаммад), айткын: «Эй капырлар! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын» [109:1-2]
Анын өкүмү Пайгамбарыбыз Aдын хадисине негизделген, бекем негизге ылайык баарына, акимге да, махкумга да бирдей. Расулуллах A айтат:
«أَتَشْفَعُ فِي حَدٍّ مِنْ حُدُودِ اللهِ؟ وَاللهِ لَوْ أَنَّ فَاطِمَةَ بِنْتَ مُحَمَّدٍ سَرَقَتْ لَقَطَعْتُ يَدَهَا»
«Аллахтын хаддарынын бири туурасында ортого түшөсүңбү? Аллахка касам, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылса, албетте, анын колун да кесет элем». Эй даъватчылар, шейхтер, исламий кыймылдын мүчөлөрү, Исламды толугу менен алгыла, анын бир да өкүмүн эч кандай шылтоо менен таштабагыла. Кимде-ким Аллах каалаган Исламды кааласа жана момун абалында аракет кылса, Аллахтын өкүмдөрүн кечиктирбестен, тезинен колдонсун. Аллахтын бул сөзүнө кулак салгыла:
«Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, Кыямат күнүндө болсо катуу азапка дуушар кылынат. Аллах жасап жаткан ишиңерден кабарсыз эмес» [2:85]
Исламыңарга этият болгула жана аны толук колдонуу үчүн важиб болгон тарыйкат т.а. ар кандай абалда да куфр жана батылды шерик кылбаган толук, ыңкылаптык тарыйкат менен бийликке алып келүүгө шашылгыла. Себеби, Аллах бизди өз каалообуз менен эмес, Ал Заттын буйругу менен ибадат кылышыбызга буюрду. Ал билүүчүрөөк жана эң жакшы өкүм чыгаруучу Зат. Аллахка касам, адамдар силерди ошон үчүн шайлашат жана силерден ушуну үмүт кылышууда. Эгер, алар баскычма-баскычтыкты жана Исламдын куфр менен шерик болушун каалашканда, силерге ээрчимек эмес жана силерге арзыбаган добуштарын беришмек эмес.
Исламий Үммөт сакайып барган сайын, Куръанга толугу менен ыйман келтирет, аны менен гана өкүм жүргүзүүгө ыраазы болот, Батыш-Чыгыш тарабынан ортого салынып жаткан капитализмдин жамандыктарына жана жыйынтыксыз чечимдерине таптакыр ыраазы болбойт. Себеби, шериктик жана баскычма-баскычтык – айрым Ислам өкүмдөрүнүн ордуна куфр өкүмдөрүн кабыл алуу жана аны менен жашоого ыраазы болууну түшүндүрөт. Өз диниңер үчүн жана куфр менен өкүм жүргүзгөн кишилерден салтанатты кабыл алууда Аллахттан корккула. Куфрдун бир бөлүгү менен өкүм жүргүзүүгө ыраазы болгон кишинин абалы Аллахтын салтанатын кулаткан кишинин абалынан жакшы эмес. Аллах Таала бул жөнүндө мындай өкүм кылат:
«Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, Кыямат күнүндө болсо катуу азапка дуушар кылынат. Аллах жасап жаткан ишиңерден кабарсыз эмес» [2:85]
Исламга моюн сунган, аны менен өкүм жүргүзүүнү каалаган жана Аллахты ыраазы кылып эки дүйнө бакытына жетишүүнү үмүт кылган кишилерге калыс насаатыбыз ушул, Ислам өкүмдөрүнүн бирин да кечиктирүүгө жана анын ордуна кичине болсо да куфр өкүмүн колдонууга ыраазы болбогула. Аллахка итаат кылуу менен өлүшүбүз, Ага күнөөкөр болуп жашагандан көрө жакшыраак жана абзелирээк. Табароний «Кабир»де Муаз ибн Жабал Gдан, ал киши Расулуллах Aдан риваят кылат:
«خُذُوا الْعَطَاءَ مَا دَامَ عَطَاءً، فَإِذَا صَارَ رِشْوَةً عَلَى الدِّينِ فَلاَ تَاْخُذُوه، وَلَسْتُمْ بِتَارِكِيهِ يَمْنَعُكُمُ الْفَقْرَ وَالْحَاجَةَ، أَلا إِنَّ رَحَى الإِسْلامِ دَائِرَةٌ، فَدُورُوا مَعَ الْكِتَابِ حَيْثُ دَارَ، أَلا إِنَّ الْكِتَابَ وَالسُّلْطَانَ سَيَفْتَرِقَانِ فَلا تُفَارِقُوا الْكِتَابَ، أَلا إِنَّهُ سَيَكُونُ عَلَيْكُمْ أُمَرَاءُ يَقْضُونَ لأَنْفُسِهِمْ مَا لا يَقْضُونَ لَكُمْ، فَإِنْ عَصَيْتُمُوهُمْ قَتَلُوكُمْ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ أَضَلُّوكُمْ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، كَيْفَ نَصْنَعُ؟ قَالَ: كَمَا صَنَعَ أَصْحَابُ عِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ، نُشِرُوا بِالْمَنَاشِيرَ، وَحُمِلُوا عَلَى الْخَشَبِ، مَوْتٌ فِي طَاعَةِ اللَّهِ خَيْرٌ مِنْ حَيَاةٍ فِي مَعْصِيَةِ اللَّهِ»
«Хадя (белек), ырас, хадя болгон соң, аны ала бергиле, эми, эгер ал динде пара берүүгө айланса, албагыла. Силер аны (пара алууну) таштабайсыңар, себеби, ал силердеги жакырдыктын жана муктаждыктын алдын алат. Эсиңерде болсун, Ислам тегирмени айлана берет, демек, Китеп каякка айланса ошол жакка айлангыла. Эсиңерде болсун, Китеп жана султан бири-биринен ажырайт, силер Китептен ажырабагыла. Эсиңерде болсун, үстүңөрдө силердин пайдаңар үчүн өкүм кылбаган нерсени өздөрүнүн пайдасына өкүм кыла турган амирлер болот, аларга каршы чыксаңар силерди өлтүрүшөт, аларга итаат кылсаңар силерди адашууга башташат». Ошондо сахабалар: «Я Расулуллах, кандай иш кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Пайгамбарыбыз мындай деди: «Ийса ибн Марям асхабы иш туткандай иш тутасыңар, алар аралар менен араланды, жыгачка мык менен кагып коюлду. Аллах итаат кылуу менен өлүү Аллахка күнөөкөр болуп жашагандан көрө жакшыраак».
«Айткын: «Мени Роббим Туура жолго, Чыныгы динге-ак жолдон тайбаган (Аллах Таалага бирөөнү) шерик кылуучулардан болбогон Иброхимдин динине хидаят кылды. Айткын: (Эй Мухаммад): «Албетте намазым, ибадаттарым, тирүүлүгүм жана өлүгүм бүткүл ааламдардын Роббиси болгон Аллах үчүн. Ал Заттын бир да шериги жок. Мына ушуга буйрулганмын. Демек, мен моюн сунуучулардын биринчиси-алгачкысымын»»
[6:161-163]