Расулулла с.а.в дын биринчи хутбасы

Расулулла с.а.в дын биринчи хутбасы

 Байхакий Абу Салама ибн Абуррахман ибн Авф р.а дан рыбаят кылат, ал мындай дейт: Расулулла с.а.в дын Мединада сүйлөгөн биринчи хутбасы мындай болгон. Пайгамбарыбыз мусулмандар алдында туруп Аллага ылайык сыпаттар менен хамду-сана айтып, кийин мындай деди: «Аммо баъд: Эй адамдар өзүңөр (т.а. өз пайдаңар) үчүн акыретке жакшы амал кылып калгыла, анткени, силер, Аллага касамки, албетте жакшы билесиңер, бирөөңөр өлүп, өз койлорун роийсиз (башкаруучусуз) калтырып кетет. Ошондон кийин Роббиси Ага – эч бир котормочусуз жана тосуп тура турган пардасыз – албетте мындай дейт: «Акыры Менин элчим келип сага (буйругумду) жеткизбеген беле, сага мен мал бербеген белем? Өз айкөлдүк-мээримдүүлүгүм менен жакшылык кылбаган белем?. Эми өзүң үчүн эмне кылдың?». Ошондо ал адам оң жана сол тарабына карап эч нерсени таппайт. Кийин алды тарабына карап тозокту көрөт. Эми ошондой болгон соң, кимде-ким жарым курманы садака кылуу менен болсо да өзүн тозок отунан сактап кала алса, ушуну кылсын, ким (жарым курманы да) таба албаса, бир аруу-ширин сөздү айтуу менен болсо да садака кылсын. Анткени, мындай сөз себептүү он эседен жети жүз эсеге чейин болгон хасанат (жакшылык) сыйлык кылып берилет. Алланын Расулуна саламдар, Алланын рахматы жана берекеси болсун». Ошондон кийин, Расулулла с.а.в дагы хутба кылып мындай деди: «Аллага мактоолор болсун, ага хамддар айтамын, жардам сураймын, напистерибиздин жамандыгынан, жаман амалдарыбыздан Алланын баанегине качабыз. Кимди Алла хидаят кылган болсо, эч ким аны залалатка баштай албайт. Эң сулуу сөз Алланын китеби, кимдин дилин Алла зыйнаттаган жана куфрдан кийин Исламга киргизген болсо о.э. ошол адам Алланын Китебин адамдардын сөзүнөн абзел деп билсе, ошол адам анык нажат тааптыр. Анткени, Алланын сөзү эң көркөм жана жеткиликтүү сөз. Силер Аллага махабаттуу болгон кишини жакшы көргүлө. Алланы бүткүл жүрөгүңөр, бар вужудуңар менен сүйгүлө, Алланын Сөзү жана зикиринен эринбегиле. Алланын зикиринен баш тартып дилиңер таштай катпасын. Анткени, зикир (Алланы тасбех-дубалар менен эстөө) Алла ыктыяр кылып тандаган нерсе болуп, Алла аны амал жана ибадаттардын эң жакшысы, сөздөрдүн эң тандалмасы жана адамга берилген бардык нерселердин эң жакшысы деп атады. Эми Аллага ибадат кылгыла, Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Андан чындап такыба кылгыла, Алладан коркуп чын сүйлөгүлө, Алланын ыраазылыгы үчүн бири-бириңерге мээримдүү болгула. Алла Өзүнүн ахд-убадасы бузулушуна каарданат. Вассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатуху».

 Абу Наъим «Ал-Хиля» китебинде Хусайн ибн Алий р.а дан рыбаят кылышынча, Хусайн адамдарды дүйнө менен алек болуп калбоого чакырган хутбасында мындай деди: «Мен Расулулла с.а.в мындай деп хутба кылганын көрдүм: Эй адамдар, кудум өлүм бизден башкаларга жазылгандай, кудум акыйкат бизден башкаларга важып болгондой жана биз акырет сапарына узаткан өлүктөр кудум бизге жакында кайтып келе тургандай иш тутабыз. Кудум өзүбүз түбөлүк жашай тургандай алардын мурастарын жейбиз. Биз бардык воиздердин (насаат кылуучулардын) насаатын унуттук, өзүбүздү бардык чоң мусибаттардан аман калдык деп эсептедик. Башкалардын айыбын издештен мурун өзүнүн айыбын издеген кишиге бейиш болсун, адал кесип кылган, ичи-тышы таза көркөм болгон жана туура жолду туткан кишине бейиш болсун. Аллага кемчиликсиз тавозелик (сылык-сынган кичипейилдик) менен ибадат кылган жана адал жол менен тапкан мал-дүйнөсүн инфак-эхсан кылган, фикх жана хикматтуу адамдар менен аралашып, алар менен маектеш болгон, бей-бечара, мискиндерге ырайымдуу-кайрымдуу болгон кишиге бейиш болсун. Артыкча малын инфак-эхсан кылып, артыкча сөздү айтуудан өзүн тыйган, сүннөткө катуу амал кылып, андан бидъат тарапка (бир карыш да) чегинбеген кишиге бейиш болсун», – деди, кийин минбардан түштү».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *