«Пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн» (2)

                                                                           

بسـم الله الرحمن الرحيم

لأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ

«Пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн» (2)

Алла Таала айтат:

لأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ

– «Бул пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил-хужжат болуп калбашы үчүн (пайгамбарларды жибердик)». [4:165]

Саййид Кутб «Куран саясында» деген эмгегинде өткөн санда айтып өткөндөрүбүзгө төмөнкүлөрдү кошумча кылат.

لأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ

– «Бул пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы хужжат болуп калбашы үчүн (пайгамбарларды жибердик)».   [4:165]

«Эми бул маселеге башка жактан жандашалы, пайгамбар с.а.вдын, ал заттан кийин момундардын желкесине жүктөлгөн улуу жоопкерчиликке назар таштайлы. Алардын бүткүл адамзат каршысындагы бул жоопкерчиликтери канчалык улуу болсо, ошончолук оор да.

Бүткүл адамзаттын дүйнө-акыреттеги акыбети пайгамбарлар менен алардын тобелерине байланыштуу. Адамзаттын дүйнө-акыретте бактылуу же бактысыз болушу, сыйлыкка ээ болушу же жазаланышы жоопкерчиликтин аткарылышына карай болот.

Ал абдан маанилүү жоопкерчилик. Анын канчалык бийиктигин пайгамбарлар сезген. Алла Субханаху аларга желкелериндеги жүктүн маани-маңызын көрсөтүп турар эле. Ал зат бул иш ал үчүн кандай даяр туруу керектигин пайгамбарына мына мындай үйрөтөт.

يَاأَيُّهَا الْمُزَّمِّلُ ۩ قُمْ اللَّيْلَ إِلاَّ قَلِيلاً ۩ نِصْفَهُ أَوْ انْقُصْ مِنْهُ قَلِيلاً ۩ أَوْ زِدْ عَلَيْهِ وَرَتِّلْ الْقُرْآنَ تَرْتِيلاً ۩ إِنَّا سَنُلْقِي عَلَيْكَ قَوْلاً ثَقِيلاً

– «Эй (кийимдерине) оронуп алган зат, түнкүсүн (уйкусуз болуп намазда) тургун! Аз гана ал (түндүн) жарымында (уктап эс алгын) же (уйкуну түндүн) жарымынан да бир аз кемит, же ага (бир аз) кош жана Куранды тартип менен (т.а. даана кылып) тилават кыл! Анткени, Биз сага оор сөздү – Куранды түшүрөбүз». [73:1-5]

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْقُرْآنَ تَنْزِيلاً ۩ فَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلاَ تُطِعْ مِنْهُمْ آثِمًا أَوْ كَفُورًا۩ وَاذْكُرْ اسْمَ رَبِّكَ بُكْرَةً وَأَصِيلاً ۩ وَمِنْ اللَّيْلِ فَاسْجُدْ لَهُ وَسَبِّحْهُ لَيْلاً طَوِيلاً

– «(Эй Мухаммад) албетте, Биздин Өзүбүз сага бул Куранды бөлүп-бөлүп түшүрдүк. Эми сен Рообиңдин өкүмүнө сабыр кылгын жана ал (капырлардан) бир да күнөөкөр же көрнөмөк-тузу арамыга моюн сунба! Жана эртели-кеч Роббиңдин атын зикир кыл! Дагы түндүн бир бөлүгүндө да Ал затка сежде кылгын жана түндө узак (уйкусуз болуп) Ал затка тасбех айткын». [76:23-26]

Пайгамбарына сүйлөөнүн жана сүйлөп жаткан сөзүнүн маани-маңызын сезүүгө буюрган Алла сезүү ыкмасын мына  мындай таалим берет:

قُلْ إِنِّي لَنْ يُجِيرَنِي مِنْ اللَّهِ أَحَدٌ وَلَنْ أَجِدَ مِنْ دُونِهِ مُلْتَحَدًا ۩ إِلاَّ بَلاَغًا مِنْ اللَّهِ وَرِسَالاَتِهِ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ

– «Айткын: «Албетте, мени Алла(нын азабы)нан (эгер Ал затка күнөөкөрлүк кылсам) бир да кимсе коргой албас жана мен Ал заттан башка башбаанек да таба албасмын. Мен жалгыз Алла тарабынан жеткизүүгө жана ал заттын элчилик тапшырмаларына гана (ээмин). Кимде-ким Алла жана Анын пайгамбарына күнөөкөр болсо…». [72:22-23]

عَالِمُ الْغَيْبِ فَلاَ يُظْهِرُ عَلَى غَيْبِهِ أَحَدًا ۩ إِلاَّ مَنْ ارْتَضَى مِنْ رَسُولٍ فَإِنَّهُ يَسْلُكُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ رَصَدًا ۩ لِيَعْلَمَ أَنْ قَدْ أَبْلَغُوا رِسَالاَتِ رَبِّهِمْ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيْهِمْ وَأَحْصَى كُلَّ شَيْءٍ عَدَدًا

– «(Ал зат) гоиб-кайыпты билүүчү, Анан Ал Өз кайыбынан бир да кимсени кабардар кылбайт. Жалаң Өзү ыраазы болгон пайгамбарды гана (Өзүнүн кайып сырларынын айрымдарынан кабардар кылат). Ошондуктан, албетте,  Ал (Алла) (пайгамбарлар) Роббилеринин элчилик тапшырмаларын (өз үммөттөрүнө) толук жеткиргендерин билүү үчүн (Өзүнүн кайыбынан кабардар кылып койгон ар бир пайгамбардын) алдынан да, артынан да күзөтүүчү (периште) жолдойт. Ал зат (пайгамбарлар) алдындагы бар нерсени (т.а. алардын илимдерин да, амалдарын да) камтып алган жана (ааламдагы) ар бир нерсенин санагын эсеп-китеп кылып койгон». [72:26-28]

Бул өтө маанилүү иш. Жеткирилген рисалатты кабыл алып, ага ээрчиген адам дүйнө-акырет бактысына жетишет. Эгер рисалат жеткезилбей калса, ал Роббисине каршы далилге ээ болот да, анын бактысыздыгы менен адашкандыгынын жоопкерчилиги жеткизүү жоопкерчилигин мойнуна алгандардын желкесине түшөт!

Бирок, Алланын пайгамбарлары с.а.в аманатка кыянат кылбай, рисалатты жекткизишти, бул оор милдеттен кутулган абалда Роббисине карай жол алды. Алар даъватты тил менен эле эмес,  ишинде көрүнгөн үлгү болуу менен күнү-түнү тыным билбей, тоскоолдуктарды алып таштоо жолундагы жихад менен жеткизишти. Пайгамбарлардын акыркысы Мухаммад с.а.в дын тоскоолдуктары тил менен эле эмес, тык менен да алып таштаганы мунун мисалы:

حَتَّى لاَ تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ لِلَّهِ

– «Фитна түгөнүп, дин бүтүндөй Алла үчүн болгонго чейин…» [2:193]

Бул оор милдет кийинкилердин – рисалатка ишенүүчү момундардын желкесине түшөт. Муундар артынан муундар келе берет. Кудум Пайгамбар с.а.в дай жеткирүү милдети болсо анын издештеринин желкесинде кала берет.

Жеткирүү шарт. Аткаруу шарт. Тил менен жеткирүү. Амал менен жеткирүү. Даъваттын жолуна туруп алып, адамдарды күч менен, акыйкат жолдон буруп жаткан тоскоолдуктарды алып таштоо менен жеткирүү. Жеткирүүчүлөр жеткирип жаткан нерселеринин чындыктагы жандуу мисалына айлансын. Жеткирүүнүн, аткаруунун мындан башка жолу жок.

Бул ушундай милдеттенме болуп, аны моюнга алуудан баш тартуунун эч кандай ылаажысы жок. Антпесе, өтө оор жоопкерчилик – бүткүл адамзаттын адашканы, акыретте аларга каршы Алланын далили болбой калганы жоопкерчилиги желкесине түшөт. Бул жоопкерчилик менен ойношо турган ким экен?

Мен мусулманмын деген адам же кудум ушундай түстө жеткизет, аткарат, же дүйнө жана акыретте азаптан кутула албайт. Мен мусулманмын деп туруп, кудум ушул түстө жеткизбеген, аткарбаган адам өзү дааба кылып жаткан Исламдын пайдасына эмес, зыянына күбөлүк бериптир. Алла Таала айтат:

وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا

– «О.э. силердин башка адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир миллет-үммөт кылдык». [2:143]

Исламдын пайдасына күбөлүк берүү үммөттү шахсий, ижтимаий, экономикалык, саясий сыяктуу тармактардын баарында, кыскача айтканда, бүткүл турмушта Исламды жүзөгө чыгарууга даъват кылуу менен башталып, адамдарды чалгыта турган, жолдон бура турган ар кандай тоскоолдукту алып таштоо жолундагы жихад менен аягына жетет».

[уландысы бар]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *