«Адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн»

بسـم الله الرحمن الرحيم

لِأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ

«Адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн»

Алла Таала айтат:

رُسُلًا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِأَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

– «Бул пайгамбарлар өткөндөрүнөн кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн, пайгамбарларды (момундарга бейиш жөнүндө) кушкабар жеткирүүчү жана (капырларды тозок азабынан) коркутуучу кылып жиберди. Алла кудурет жана даанышмандык ээси болгон зат». [4:165]

Саййид Кутб рахимахуллах бул аяттын тафсиринде мындай дейт: «Алланын жандар жана уфктарда жеткиликтүү далили бар. Ал адамга жандар жана уфктардагы ыйманга чакыруучу чакырыктарды тадаббур кылып карап чыга турган акылды берди. Ушуну менен эле чектелбей, пендесине ырайым кылып, шахваттардын акыл аттуу болот калканды да тешип кете алышын эсепке алып, аларга пайгамбарларды:

مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ

– «(Момундарга бейиш жөнүндө) кушкабар жеткирүүчү жана (капырларды тозок азабынан) коркутуучу», [4:165]

кылып жиберди, алар адамдарга эстетишет, көрсөтүшөт, алардын табият жана акылдарын жандар жана уфктардагы ыйманга чакыруучу жактардан тосуп туруучу шахвоний кирлерден тазалайт.

وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

– «Алла кудурет жана даанышмандык ээси болгон зат». [4:165]

Ооба, Алла Азиз, пенделерди кылган иштерине карай азаптоого кудуреттүү. Ал Аким, ар бир ишти ийине жеткирип, хикмат менен кылуучу зат».

لِأَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ

– «Адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн»,  [4:165]

мына ушул кыска жана нуска ибара чоң-чоң, терең-терең, назик-назик сырларды ашкере кылгандай болот. Темадан чыгып кетпөөнү эсепке алып, алардын үчөөсүн гана тандай алабыз.

Бул ибарадан эң биринчи адам акылынын кадыр-кыйматы, милдети о.э. бүткүл турмушунун маани-маңызы болгон ыйман маселесинин ролу көрүнүүдө. Ооба, адам турмушунун бардык негиздеги багыттары, абалдары, бурулуулары о.э. акыреттеги акыбети дал ушул маселеге байланыштуу. Ал канчалык улуу, канчалык түбөлүктүү маселе…

Эгер адамдын өзүн да, бардык мүмкүнчүлүктөрүн да ийнесинен-жибине чейин билүүчү Алла «адамга берилген акыл хидаят үчүн, дүйнө-акырет бактысына жетишүү үчүн жетиштүү болот» деп билгенде эле, бүткүл тарых ичинде пайгамбарлар жиберип отурбастан, адамды ушул акылдын өзүнө тапшырып коё калар эле. Пайгамбарлардын жиберилгенинин пенделерине каршы, жетип келбегенин болсо, алардын пайдасына далил кылбаган болор эле. Бирок, Алла Субханаху рисалат башкарбаган, жолдобогон жана колдобогон акылдын өзүнчө хидаятка жетише албашын, ошол эле учурда, дүйнө-акырет бактысына жеткирүүчү турмуш жолун да түзө албашын билип, Өз хикматы жана рахматы менен адамдарга пайгамбарларды жиберүүнү жана ошондон кийин гана аларды азаптоону ыктыяр кылды.

وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا

– «Биз тээ бирер пайгамбар жибермейинче (ал аркылуу Өзүбүздүн буйруктарыбызды жиберип, ага моюн сунуудан баш тартышмайынча, бир да адамды) азаптоочу эмеспиз». [17:15]

Ко-ош, адам акылынын милдети эмне? Ыйман жана хидаят маселесинде, турмуш жолу жана түзүмү маселесинде ал кандай роль ойнойт? Акылдын ролу – рисалатты кабыл алуу, милдети болсо – пайгамбардан алганын түшүнүү. Пайгамбардын милдети жеткирүү, уктуруу, адам табиятын кирлерден тазалоо, акылды жандар жана уфктардагы ыйман-хидаятка чакыруучу чакырыктардан кабардар кылуу, адамга үйрөнүүнүн эң туура жолун көрсөтүү жана дүйнө-акырет бактысына жеткирүүчү турмуш жолунун пайдубалын куруп берүү.

Акылдын ролу динге жана анын токтомдоруна алардын Алладан экендигин билген соң, туура же туура эмес, кабыл алуу же кабыл албоо жагынан жандашуудан турбайт.  Тескерисинче, аны ойготуу, ага жолдонмо берүү жана эң туура көз караштан сунуш кылуу рисалаттын иши. Шаръий далил далилдендиби, болду, ал өкүмгө айланат. Адамдын акылы – көңүлүнө туура келеби же жокпу – аны кабыл алышы, аткарышы жана итаат кылышы шарт. Анткени, далил Алла тарабынан. Акыл илах эмес, Кудай тарабынан келген өкүмдүн туура же туура эместигин текшергидей, кабыл алуу же кайтарууну чечкидей.

Мына ушул назик нуктада көптөгөн каталыктарга жол коюлат… Кимдир бирөө акылды илахийлештирип хакамга (өкүм чыгаруучуга) айландырса, дагы кимдир бирөө анын ыйман жана хидаят турасындагы ролун инкар кылат (жокко чыгарат)… Ал эми, ортодогу туура жол болсо жогоруда айтып өткөндөрүбүз…

Алладан кабыл алуунун туура жолу – акылдын диний  токтомдорду өзүнүн мантикий (логикалык) тыянактарына, чала-чарпыт териштирүүлөрүнө, кемтик тажрыйбаларына салыштыруу эмес, балким, сахих далилдерди эч экиленбестен кабыл алып, ошолордун негизинде өз токтомдорун пайда кылуу. Анткени, сахих далилдер анын токтомунан туура… Акыл илах эмес, өз токтомдору менен Алланын токтомдорун териштиргидей.

Далилдин бир адамча аклий түшүнүлүшүнө башка бир адамча аклий түшүнүү каршылык билдириши мүмкүн… Ырас, түрдүүчө таъвил кылуу менен түшүнүүнүн сахих усулдарына жана дин өзү белгилеп берген коидаларга таянылып жаткан соң, бул ишке эч кандай тоскоолдук жок…

Эгер Алла Субханаху аалам туурасындабы, адам туурасындабы, же башка махлукаттар туурасындабы, же буйрук жана тыюу салуулар туурасындабы бир токтом чыгарса жана анын мазмун-мааниси идирек кылынган болсо, аны алып барган адамдан кабыл алуу жана ага итаат кылуу важып. Эгер Алла Таала аалам, жандуу жана жансыз мавжудаттар туурасында:

اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ وَمِنْ الْأَرْضِ مِثْلَهُنَّ

– «Алла жети асманды жана жерден да ошолорлордун окшошун (т.а. жети кабат жерди) жараткан зат».  [65:12]

أَوَلَمْ يَرَى الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ كَانَتَا رَتْقًا فَفَتَقْنَاهُمَا وَجَعَلْنَا مِنْ الْمَاءِ كُلَّ شَيْءٍ حَيٍّ

– «Капыр болгон адамдар асмандар да, жер да (башында) тосулган (асмандардан жамгыр жаабас, жерден болсо, бир да чөп өнбөс) болгондугун, анан, Биз аларды ачып жибергенибизди (т.а. асмандан жамгыр жаадырып, жерден чөп өндүргөнүбүздү) жана бардык жандуу мавжудатты суудан (пайда) кылганыбызды көрүшпөдүбү?!»,  [21:30]

деген болсо, Анын айтканы акыйкат. Акыйкаттан башка нерсеге жоюлбайт.

Эгер Алла Субханаху адамдын турмуш жолу туурасында:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

– «Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар капырлар»,        [5:44]

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنْ الرِّبَا إِنْ كُنتُمْ مُؤْمِنِينَ

– «Эй момундар, Алладан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, сүТкордук илдеттерин таштагыла»,  [2:278]

وَقَرْنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجْنَ تَبَرُّجَ الْجَاهِلِيَّةِ الْأُولَى

– «Өз үйлөрүңөрдө орношуп отургула (т.а. себепсиз үйүңөрдөн сыртка чыкпагыла, бирок, эгер бирер муктаждык үчүн чыкканыңарда болсо), мурдагы динсиздик (кез)деги жасан-түсөн сыяктуу жасанбагыла!».     [33:33]

деген болсо, Анын айтканы акыйкат. Акылдын «Менимче баландай болгону макул» деп, Алланын буйругуна туура келбей турган, шариятка тескери сөздү айтууга акысы жок. Анткени, акылдын райы туура да, ката да болушу мүмкүн. Эмнеге дегенде, каалоолор аны жазгырып турат. Алла Субханахунун токтому болсо, эң туура жана да эң туура … Сахих далил турган жерде акылдын «Акыйда жана ибадаттарды кабыл алсам да, турмуш жолу жана түзүмү туурасында заман өзгөргөн деп ойлоймун» дешке акысы жок. Далил мутлак мааниде болгон соң, далил түшкөн заманга да, акыр заманга да бирдей тийиштүү…

Биз акылдын кадыр-кыйматын, адамдын турмуштагы ролун кемитмекчи эмеспиз. Анын каршысында чексиз майдан турат. Ал далилдерди Алланын дини жана таалиматы менен сугарылган көз карашы жана өлчөөлөрү менен жакшылап түшүнүп алган соң, жаңы-жаңы абалдарга колдонушу мүмкүн. Анын каршысында чексиз майдан турат… Ал ааламды, жандуу жана жансыз мавжудаттарды үйрөнүшү, Алла моюн сундуруп берген бул нерселерден пайдаланышы, турмушту өнүктүрүшү, өркүндөтүп-өстүрүшү мүмкүн. Болгону, акыл адаштыруучу, табиятты кирлештирүүчү хаваи-напистердин каалоолоруна карай эмес, Алланын жолунан ообой барса болду.

[уландысы бар]

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *