Расул С.А.В дын Табуктагы терең мазмундуу хутбасы

Расул С.А.В дын Табуктагы терең мазмундуу хутбасы

Байхакий «Далоил»де, ибн Асокир «Тарых» китебинде жана Хоким ибн Омиро Жухайнийден рыбаят кылып чыгарышкан, ал киши мындай дейт: Биз Табук казатында болгонубузда Расулулла с.а.в ды уйку тартты. Себеби, ал киши да түнкүсүн жүргөн эле. Күн найза бою көтөрүлгөнчө ойгонбоду. Ойгонгондо: «Эй Билал! Биз үчүн таңга чейин уктабай тур дебедим беле», – деди. Ошондо ал: «Я Расулулла, сизди тартып кеткен нерсе мени да тартып кетти», – деди. Ал зат азыраак жүрдү да, намаз окуду. Кийин Аллага хамду-санаа айтып мындай деди: «Амма баъд: сөздөрдүн ырасы – Алланын Китеби; туткалардын ишеничтүүсү – таква сөзү; улуттардын жакшысы – Ибрахимдин улуту; сүннөттөрдүн жакшысы – Мухаммаддын сүннөтү; сөздөрдүн даңктуусу – Алланын зикири; Кыссаларынын көркөмү – Куран; иштердин жакшысы – катъий буйрулгандары, иштердин жаманы – кийин пайда кылынгандары; жолдордун жакшысы – пайгамбарлар жолу; эң ардактуу өлүм – шейиттер өлүмү; сокурлуктардын ичиндеги эң жаман сокурлук – хидаяттан кийинки залалат; илимдердин жакшысы – пайдалуусу; хидаяттардын жакшысы – амал кылынганы; эң жаман көрдүк – дил көрдүгү; жогору кол – төмөн колдон жакшыраак; көп болуп чалгыта турган нерседен көрө аз болуп жетиштүү болгон нерсе жакшыраак; эң жаман үзүр – өлүм келген убакыттагысы, эң жаман өкүнүч – кыямат күнүндөгүсү; адамдар ичинде ушундайлары бар, намаздын жалаң акырына жетип келишет, жана дагы ушундайлары бар, Алланы кээ-кээде гана эстешет; эң улуу ката – жалган сүйлөөчү тил; эң жакшы байлык – дил байлыгы; эң жакшы азык – таква; хикматтын башы – Алладан коркуу; дилге орношкон эң жакшы нерсе – ыйман; күмөнсүрөө – куфрдан; өлгөнгө ыйлоо – жахилият амалынан; бөлүштүрүлбөгөн олжодон алуу – тозок таштарынан; канз (байлыкты сарптабастан жыйып коюу) – тозоктон болгон тамга; ыр – иблистин най-чоорлорунан; хамр (мас кылуучу ичимдик) – күнөөлөрдүн энеси; аялдар – шайтан тузактары; өспүрүмдүк – жиндиликтин бир бөлүгү; кирешелердин эң жаманы – сүткордук кирешеси; тамактардын эң жаманы – жетимдин малы; бактылуу – башкадан насааттанган киши; бактысыз – энесини курсагында бактысыз болгон кимсе; Баарыңар төрт кез жерге барасыңар. Иш – аягы менен; иштин маңызы – анын натыйжалары; рыбаяттар ичинен эң жаманы – жалган рыбаяттар; ар бир болочок нерсе – жакын; момунду акаарат кылуу – фасыктык, момун менен согуш кылуу – куфр, анын этин жеш – Аллага осий болуу, анын малы кудум каны сыяктуу арам; Кимде-ким Алланын үстүнө ант ичсе, Ал зат аны жалганчы кылат. Кимде-ким кечирсе, Алла аны кечирет. Кимде-ким афв кылса, Алла да аны афв кылат. Кимде-ким казабын токтотсо, Алла ага ажр берет. Кимде-ким чоң зыянга сабыр кылса, Алла ордун толтурат. Кимде-ким даңк таратмакчы болсо – Алла аны абройсуз кылат. Кимде-ким сабыр кылса, Алла дагы да сабырдуу кылат. Кимде-ким Аллага итаатсыздык кылса, Алла аны азаптайт. Илахым, мени жана үммөтүмдү кечиргин. Илахым, мени жана үммөтүмдү кечиргин. Илахым, мени жана үммөтүмдү кечиргин. Өзүмө жана силерге Алладан магфират сураймын…».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *