«Алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле»

بسـم الله الرحمن الرحيم

كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ

«Алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле»

Алла Таала айтат:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ

– «Бани Израил арасында капыр болгон кимселер Давуд жана Исанын тилинде наалаттанышкан. Мунун себеби алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары. Алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш». [5:78-79]

Ибн Касирдин тафсиринде мындай делген: «Алла Таала Бани Израилден болгон капырлар Аллага осий-күнөөкөрлүктөрү жана Анын калкына кол салгандыгы себептүү, пайгамбары Давуд а.сга түшүргөн нерседе о.э. Иса а.с тилинде алардын анча доорлордон бери наалаттанганын кабар берип жатат. Авфий, ибн Аббастан рыбаят кылып айтат: Аларга Тооротто, Инжилде, Забурда жана Фурканда да наалат айтылган. Кийин алардын өз доорлорунда бекем токтом кылышкан иштери туурасындагы абалдарын баян кылып Алла Таала мындай деди:

كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ

– «Алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш». [5:79]

т.а. алардын бири-экинчисин күнөө-арам иштерди кылуудан кайтарчу эмес. Кийин алар кылган «иштер»дей иш кылуудан сактануу үчүн, аларды ушул «иштери» себептүү жемелеп мындай дейт:

لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ

– «Бул кылмыштары кандай гана жаман иш». [5:79]

Ахмад Набий с.а.в дан рыбаят кылат, ал зат айтты: «Бани Израил күнөөлөрдү кыла беришкен соң, аалымдары аларды кайтарды, бирок, алар кайтышпады. Ошондо аалымдар алар менен жыйындарда (Язид: «Менин оюм боюнча, ал зат: «…базарларда» деп айткан» дейт) бирге отурушту, бирге тамактанышты жана бирге (чай) ичишти. Ушул себептен улам, Алла алардын көңүлдөрүн бири-бириникине жуурулуштуруп, аларды Давуд жана Иса бинни Марям тилдери менен наалаттады».

ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ

– «Мунун себеби алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары». [5:78]

Расулулла с.а.в сүйөнүп турган эле, отурду да: «Жок менин жаным Анын колунда болгон затка ант болсун, аларды акка кайтармайыныңарча», деди. Абу Давуд айтат, Расулулла с.а.в айтты: «Бани Израилде бул кемчиликтин башы мындай болгон эле, бир киши бир кишиге жолугар эле да: «Эй, Алладан корк, кылып жаткан иштериңди ташта, себеби, алар сага адал эмес», – дейт эле. Кийин ага эртеси күнү дагы жолугар эле. Бирок, ошол кимсенин ошондой иштерин улантышы аны анын табакташ, чайлаш жана маектеш болушунан тоспос эле. Алар ушундай кылышкан соң, Алла алардын дилдерин бири-бири менен жуурулуштурду». Андан кийин:

لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ

– «Бани Израил арасында капыр болгон кимселер Давуд жана Иса бинни Марям тилинде наалаттанышкан», [5:78]

«фасикун»га чейин окуду. Анан мындай деди: «Аллага ант болсун, маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасың жана залимдин колунан кармап, аны акыйкатка жеткиресиңер же аны акыйкатка чектеп коёсуңар». Бул хадисти Термизий жана ибн Можа да ушундай рыбаят кылышкан… Амру маъруф жана нахий мункар туурасындагы хадистер абдан көп. Биз алардан ушул орунга ылайыктуурагын айтып өтөбүз. Ахмад Набий с.а.в дан ривоят кылат: «Жаным Анын колунда болгон затка ант, силер маъруфга буйруйсуңар жана мункардан кайтарасыңар, болбосо, Алла силердин үстүңөргө Өзү тарабынан жаза жиберет. Кийин Ал затка дуба кыла бересиңер, Ал зат болсо силердин кылган дубаларыңарды кабыл албайт». Муслим рыбаят кылат: «Силерден кимде-ким бирер мункарды көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Эгер (колу менен өзгөртүүгө) кудурети жетпесе, тили менен өзгөртсүн, эгер (ага да) кудурети жетпесе, дили менен өзгөртсүн. Бул болсо эң алсыз ыйман». Ахмад рыбаят кылат: «Алла омманы (жалпы элди) – качан мункар ишти кайтарууга кудуреттүү боло туруп, анын өз алдында болуп жатканын көрүп туруп, андан кайтарбай турган даражага жетмейинче – хоссанын (айрым адамдардын) кылган иши себептүү азаптабайт. Эгер ушундай кылышса (т.а. мункарды көрүп-билип туруп кайтарышпаса, анда) Алла хосу-оммду (бүт баарын) азаптайт». Абу Давуд рыбаят кылат, Набий с.а.в айтты: «Эгер жер жүзүндө бир күнөө иш кылынса, бир киши ошол иштин күбөсү болуп жактырбаса (жана бир жолу инкар кылса), ал кудум ошол ишти көрбөгөн кишидей болот. Кимде-ким ошол иштин күбөсү болбостон туруп аны макулдаса, ал кудум ошол иштин күбөсү болуп турган кишидей болот». Ибн Можа рыбаят кылат, Расулулла туруп хутба кылды жана хутбасында мындай деди: «Эсиңерде болсун, эч кимди акыйкатты айтуудан адамдардын айбаты тоспосун». Ровий айтат, ошондо Абу Саид ыйлап: «Шексиз, Аллага касам-ки, көп нерселерди көрүп, айбаттанганбыз», деди. Абу Давуд, Термизий жана ибн Можалар рыбаят кылат: «Жихаддын эң абзели – залим падыша алдында (айтылган) ак сөз». Ибн Можа рыбаят кылып айтат, Расулулла с.а.в айтты: «Эч бириңер өзүнө акарат назары менен карабасын». Сурашты: «Я Расулулла, кантип өзүбүзгө акарат назары менен карайбыз?» Айтты: «Алланын амири туурасында сүйлөө керектигин көрүп-билип турат да, анан бирок ошол нерсе жөнүндө сүйлөбөйт. Ошол себептүү Алла кыямат күнү: «балан-түкүн нерсе жөнүндө сүйлөшүңдөн сени эмне тосту?» – дейт. Ошондо ал: «Адамдардан кооптонуу», дейт. Ошондо Ал зат: «Сенин коркушуң керек болгон зат Мен элем го», – дейт». Ибн Можа Набий с.а.в дан рыбаят кылат: «Алла пендеге кыямат күнү суроо берип мындай дейт: «Мункарды көргөн убагыңда аны кайтаруудан сени эмне тосту?» Ошондо Алла пендеге далилин көрсөтсө, ал: «Я Роббим, Сенден үмүткөр болдум жана адамдардан айбыктым», – дейт». О.э. бул хадисти ибн Можа Анас ибн Маликтен рыбаят кылган. Ал мындай дейт: Айтылды: «Я Расулулла, амри маъруф жана нахий мункар качан таштап коюлат?» Айтты: «Качан силерден мурунку үммөттөрдө жүз берген нерсе силерде да жүз берсе». Сурадык: «Я Расулулла, бизден мурунку үммөттөргө эмне жүз берген?» Айтты: «Мал-мүлк кичинекей балдарыңарда, фахш-бузукулук карыларыңарда жана илим паскечтериңерде (болгондо)».

Саййид Kутбдун «Фий Зилалил Куръан»ында ушул аяттар келтирилгенден кийин мындай делген: «Кыскасы, ушундан көрүнүп тургандай, Бани Израилдин куфр жана күнөөдө кечкен тарыхы эң байыртан келет, аларга туура жолду көрсөтүү жана куткаруу үчүн жиберилген пайгамбарлары да алардын күнөөгө баткандыгы жана өздөрүн Алланын хидаятынан куру калтырышкандыктары үчүн алардан жүз үйрүштү. Ошондо Алла алардын дубаларын кабыл алды да, Бани Израилдин тагдырына каар наалат-каргышын жазып койду…». «Бани Израил коомунда күнөө жана чектен чыгуу айрым гана адамдардын иштери эле болуп калбастан, тескерисинче, бүткүл жамааттын иштерине айланып, коом акыйкатты айтпай, бири-бирин кайтаруу жана инкар кылуу менен ал иштерге каршылык көрсөтпөө даражасына  жетип келишкен эле…».

«Ашынган кара мүртөздүк, адеп-ахлаксыздык, оомачылыктан турган ар бир коомдо күнөө жана чектен чыгуу жүз бере берет. Анткени, жер жүзү кара мүртөздүктөн, коом болсо, табигый абалдан таюудан куру эмес. Бирок, жакшы-изги коомдун табияты кара мүртөздүк менен мункардын жалпы элдин ишине айланып калышына о.э. аны кылмакчы болгон ар бир киши батына ала турган түстө жеңил-желпи болушуна жол койбойт».

Амру маъруф жана нахий мункар туурасында Кураний жана Набавий нусустарды арты-артынан айткандан кийин мындай дейт: «Булардын баары Аллага болгон чыныгы ыйманга жана ушул ыймандын милдеттерин билүүгө, Алланын манхажын туура түшүнүүгө жана ошол манхаждын турмуштун бардык тараптарын камтып алганын билүүгө, акыйданы алууга катуу киришүүгө жана ошол акыйдадан балкып чыга турган манхажды бүткүл коомдун турмушуна тикелөө үчүн катуу аракетке муктаж…». «Чыныгы аракет жана чыныгы курмандыктар эң оболу жакшы коомду тикелөөгө багыттандырылышы керек… Жакшы коом болсо – аракет, каармандык, курмандык, амру маъруф, нахий мункар аркылуу – аларды жузъий, шахсий жана фардий (индивидуалдык) түзөтүүлөргө сарптабастан, Алланын манхажы негизинде тикеленет… Коом бүтүндөй бузулуп, Алла манхажынан өзгө манхажга негизделген жана өзүнө Алланын шариятынан башканы шарият кылып алган убакта , жузъий аракеттердин пайдасы жок. Эми, мындай учурда аракет негизден башталышы керек жана мээнет да Алланын салтанатын жерде орнотууну көздөй багыттандырылышы керек… Мына ушул салтанат орногон убакта амру маъруф жана нахий мункар негизге таяна турган нерсеге айланат».

Амру маруф жана нахий мункар туурасындагы бардык нусустар мусулман коомундагы мусулмандын милдети жөнүндө сөз кылгандыгында шек жок. Ал ушундай бир коом болуп, эң оболу Алланын салтанатын тан алат да, анын шариятына өкүм сурап кайрылат – ырас, кээ бир убактарда ал коомдо бийлик баскынчылыгы өкүм сүрүп турса да… Мындай абалды биз Расулулла с.а.в дын сөздөрүнөн көрөбүз: «Эң абзел жихад – залим имам (падыша) алдында (айтылган) акыйкат сөз». Демек, ошол «имам» эң биринчи Алланын салтанатын о.э. Анын шариятын хакам-өкүмдар кылууну тан алмайынча, имам боло албайт. Анткени, Алланын шариятын хакам кылбай турган киши «имам» делбейт. Андай киши жөнүндө Алла Субханаху:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

– «Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар капырлар», [5:44]

الظَّالِمُونَ

– «…залимдер», [5:35]

الْفَاسِقُونَ

– «…фасыктар»,  [5:37]

дейт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *