Халифалыкты мойнуна ала турган кишинин cыпаттары

  • Ибн Асокир Осимден рыбаят кылат. Осим айтты: «Абу Бакр р.а кесел болуп жаткан абалында адамдарды топтоду. Алардан бирине өзүн минбарга чагарып коюуну буюрду. Бул ал киши айткан акыркы хутба эле. Ошондо, Аллага хамд-санаа айтып, кийин мындай деди: «Эй адамдар, дүйнөдөн сактангыла, ага ишенбегиле, себеби, ал алдамчы. Ошондуктан, акыретти дүйнөдөн абзел көрүп, ага көңүл койгула. Себеби, алардан бирине көңүл коюу менен экинчиси жаман көрүлөт. Бизди ээлеп турган иштин (Исламдын) акыры да башы оңдолгон нерсе менен оңдолот. Ошондой болгон соң, бул ишти силердин араңардан эң кудуреттүү, өзүн колго алган, катуулук кылуу керек болгон абалда эң катуу колдууңар, жумшактык кылуу керек болгон абалда болсо, эң жумшагыңар, пикир ээлеринин пикирин билүүчүрөөгүңөр гана көтөрө алат. Бул ишти дүйнөгө да, акыретке да пайдасы болбогон иштер менен алек болуп калбай турган, өзүнө насип болбогон нерселерге капа болбой турган, таалим алуудан уялбай турган, күтүлбөгөн иштер алдында өзүн жоготпой турган, малы-мүлккө алданбай, ага үстөм келе турган, мал-мүлктөн бирер нерсеге кыянат кылбай турган, (мусулмандар) малы-мүлкүнө кылына турган кол салууга кескин каршы туруп, бул туурасында кош көңүл болбой турган, келе турган малы-мүлктү сак күзөтүп тура турган, куралы сактык жана таат-ибадат болгон киши гана көтөрө алат. Ушундай киши – Умар ибн Хаттаб». Кийин минбардан түштү. Бул рыбаят «Канзул Уммал»да келтирилген».
  • О.э. ибн Асокир дагы рыбаят кылып айтат: Умар ибн Хаттаб Халифанын сыпаттары жөнүндө мындай деди: «Бул ишти бир гана жумшак болгон, лекин, алсыз болбогон күчтүү, бирок, орой болбогон; колу ачык, бирок, ысырапкер болбогон; сарамжал, бирок, сараң болбогон адам гана көтөрө алат… Бул ишке кошоматчылык кылбай турган, кылган иши эл көрсүнгө окшобой турган жана таъма кылбай (кылган иши үчүн элден үмүттөнбөй) турган… киши гана чыдай алат».
  • Ибн Саъд (3\228) Суфён ибн Абу Авжадан келтирип айтат: «Уммар ибн Хаттаб р.а: «Аллага ант болсун, билбей калдым, мен халифамынбы же падышамынбы?» – деген эле. Салман: «Эгер сиз мусулмандар жеринен бир дирхам же кемирээк же көбүрөөк салык жыйып, кийин аны орунсуз жайларга иштетсеңиз ушул убакта сиз халифа эмес, падыша болосуз» – деди. Ошондо Умардын көзүнө жаш толду.
  • Нуайм ибн Хаммад «Фитан» деген китебинде келтиришинче, Салман: «Сиз албетте падыша эмес, халифасыз. Себеби, калкка адилеттүүлүк кыласыз. Алардын арасында теңдик менен бөлүштүрөсүз. Аларга кудум өз үй-бүлөсүнө боорукердик кылгандай, боорукерлик кыласыз жана Алланын Китеби менен өкүм кыласыз» – деди. Ошондо Каъб: «Бул жыйында халифаны падышадан ажыратып ала турган менден башка бирер киши бар деп ойлобогон элем, бирок, Алла Салманды хикматтуу илимге толтурган экен…» – деди.
  • Ибн Асокир ибн Аббас р.адан мындайча рыбаят кылат. Ибн Аббас мындай деди: «Умар ибн Хаттаб р.а халифа болгондон кийин ал кишиге бир адам мындай деди: «Айрым адамдар (кээ бир жактарыңыз боюнча) бул иш сизге насип кылбоосун каалашты». Умар: «Ал эмне экен?» деди. Ал адам: «Айтуларына караганда, сиз оройсуз» – деди. Умар: «Менин дилимди аларга карата ырайымдуулукка толтурган жана алардын дилдерин мага карата айбыгууга толтурган Аллага хамд-мактоо болсун» деди. «Мунтахабул канз» китебинде ушундай келтирилген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *