Расулдардын эң жакшысы болгон садик жана амин Пайгамбарыбыздан үлгү алуу, анын тарыйкатына ээрчүү аркылуу динди тикелөө жөнүндөгү баасыз маалыматты сунуштайбыз. Мына ушул нерсе бүгүнкү заманда Исламга кайтуу болуп эсептелет. Аллах жардам берсин. Мусулмандардын мамлекети жана бүтүндүгү ыдырап, алар Исламды колдонууну иш жүзүндө токтоткон кезде мусулмандардын поезди рельсинен чыгып кетти. Бул окуя Исламий Халифалык мамлекети кулатылып, өткөн кылымдын башында т.а. 1924-жылы Халифалык жоюлган соң жүз берди. Ошондуктан, Исламга дагы кайтуу үчүн Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө керек. Исламга кайтуу жана исламий жашоону кайрадан баштоо маселеси – Үммөттүн аң-сезимдүү перзенттеринин эң маанилүү маселесине, максатына айланды. Бирок, ушул максатка алып бара турган жол жана анын абалы көптөн бери талкуу орду болуп келүүдө. Негизи, садик жана амин Пайгамбарыбыздын манхажы аркылуу динди тикелөө маселесинин туура чечими шариятта т.а. Куръан жана Сүннөттө камтылган. Ушундай бир суроо туулат, мусулмандарды Исламды таштоого, акыбетте, алардын сөзүнө салмак кошкон, алардын бүтүндүгүн билдирген жана аларды бириктирип турган мамлекетке кайдыгер кароого эмне мажбур кылды? Эгер, ой жүгүртсөк, Халифалыктын кулашы мусулмандардын кырсыгынын башкы себеби эмес, натыйжасы экенин көрөбүз. Туура, мусулмандардын акылы жана ыйманы күчсүздөнүп, Исламды Расул С.А.В. Аллахтан кандай алып келген болсо, ошондой түшүнбөстүктөрү да себеп болгону шексиз. Бирок, учурдагы көпчүлүк мусулмандар, өзгөчө, акылы жана жүрөгү динди саясаттан, мамлекеттен бөлүү оорусу менен булгангандар Исламий мамлекеттин кулашын натыйжа деп билишет. Алар мамлекеттин кулашын Үммөттүн бүгүнкү абалына алып келген себеп деп карашпайт. Алар, кудум мамлекеттин кулашы динге болгон кайдыгерлик эместей: «Мусулмандар Исламды ташташкан соң, алардын мамлекети кулады», – деп айтышат. Биз айтабыз, Ислам мамлекетинин кулашы себептүү Исламга көңүл бурбоо жана динди бекем кармабоо келип чыккандай, мамлекетти тикелөө динди тикелөө Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр дегени. Себеби, Ислам мамлекети кулаган соң, жер жүзүндөгү айрым мусулмандардын Исламды туура эмес түшүнүшү, а түгүл, бүтүнбөй түшүнбөстүгү дагы да күчөп кетти. Алар исламий өкүмдөрдөн алыстап, натыйжада, кыйынчылыктары көбөйдү, мусийбаттары артты, биримдиги, атак-даңкы жана кубаты жоголду. Бул эки түшүнүктүн айырмасын проблемабыздын чечимин үйрөнүүдө ачык-айкын көрүүгө болот. Жогоруда айтылган түшүнүктүн жактоочуларынын айтымында, Үммөт абалын оңдоо үчүн эң оболу башкарууну колго алууга жана мусулман өлкөлөрүндө Исламга негизделген мамлекетти курууга аракет кылган саясий уюшкан жамаат аркылуу Исламды туура, тез жана борборлошкон таризде түшүнүү керек, Себеби, мындай иш-аракет алардын иштерин түп-тамырынан чечет жана абалын толук оңдойт. Ошол эле учурда, мындай пикирге карама-каршы манхажды кармангандардын айтымында, Үммөттүн жаман абалга түшүүсүнүн себеби – Исламды бекем кармабоо. Алар мамлекет исламий шарият өкүмдөрүнүн энеси, ал кыйраса шарият өкүмдөрү толук жана кеңири түрдө кыйрайт деген түшүнүктөн алыс. Ошондуктан, мамлекетке көңүл бурбоо эмнелерге алып келиши жөнүндө ойлонушт. Себеби, алар зээндердеги баёолук себептүү мамлекет динден ажыраган деп билишет, бул, колонизатор Батыш алардын жүрөгүнө салган Батыш сакафатынын натыйжасы болуп эсептелет. Алар Ислам мамлекетинин кулашы мусулмандарды артта калган үммөткө айлантып, алардын жерин бардык тармактарда ойрондуга айланткан жана акыркы сапка түшүрүп койгон себеп жана натыйжалардын акыркысы деп билишет. Алар айтышкандай, Исламга кайтуу жеке адамдарды тарбиялоо жана шахстарды оңдоо менен болот, ошондон кийин мамлекет экинчи, үчүнчү же онунчу баскычта табигый тикеленет, себеби, ал көпчүлүк ойлогондой керектүү баскыч болсо да, Исламда башталгыч амалдардан эмес. Ошондуктан, алар мамлекет тикелөө маселесин биринчи даражалуу амалдардын акырына коюшат, жада калса, аны биринчи даражалуу амалдарга да коюшпайт. Алар айтышат, андан мурун бир нече (түгөнгүс) баскычтар бар, мисалы, көптөгөн мусулман адамдарды даярдоо жана оңдоо керек, ошондо алардан коом пайда болот. Көрүнүп тургандай, алар Ислам мамлекетин тикелөө маселесине көңүл бурушпайт! Колонизатордун Ислам өлкөлөрүндөгү сакафий чабуулунан улам пайда болгон нерселердин бири – мусулман адамдар ушул таризде оңдолсо, бир Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр нече жылдардан кийин мамлекет тикеленет деген түшүнүк! Алардын пикиринде, ар бир адам өзүнчө-өзүнчө оңлодуп, коомдо жетиштүү адамдар тарбияланса, коом Исламды колдонууга карай аракетке түшөт, бул акыркы баскычта болот. Бул, куру кыял! Себеби, Ислам душмандары коом мындай баскычма-баскыч өзгөрүп акыры оңдолушун күтүп турушпайт. Бул манхажда Ислам мамлекетин турмушка кайтаруу деген нерсе жок. Себеби, бул түшүнүксүз жолду өтө куу жана зирек адамдар түзгөн. Бул манхажга ээрчигендер оболу дин, кийин мамлекет деп Исламды карманышат, ошентип, дин биринчи, мамлекет болсо акыркы баскычта келе турган нерсеге айланды. Бул эки баскыч т.а. адамдарды оңдоо жана мамлекет тикелөө баскычтары алардын зээнинде да, аракеттеринде да бири-бирине каршы жана бирикпей турган баскычтар. Себеби, биринчи баскыч акыры көрүнбөгөн аракет болуп, андайын, ал тургай, ага окшошун Пайгамбарыбыздын сийратынан да, сахабалардын түшүнүктөрүнөн да, салафтардын кабарларынан да таппайбыз. Исламда анын эч бир белгисин да көрбөйбүз, ошондой болгон соң, анын Исламга алакасы жок. Бул жөнүндө кийинчерээк баяндап өтөбүз! Туура вахий хаким жана кабардар Аллах тарабынан 23 жыл ичинде түрдүү себептерге байланып Расул С.А.В.га түшкөн. Ал кишинин жашоосу акыйкат менен батыл ортосундагы күрөшкө толо болгон. Андан тышкары, вахий азиз жана алим Заттын каалоосу менен ошол убактагы кишилердин, алардын катарында, Расул С.А.В.дын жашоосундагы окуяларга байланыштуу таризде түшкөн. Бул вахийдеги исламий шарияттын улуулугун баяндаган жана Жаратуучунун кудуретин көрсөткөн манилүү нерсе – вахий (инсан, шахс жана коом деген этибарда) инсаний проблемаларды Кыяматка чейин чечүү үчүн келген, мында заман, мекен жана шарттардын мааниси жок. Ошондуктан, мужтахид араб тили жана усул илимдери менен бирге Куръан жана Хадис илимдерин үйрөнүшү шарт. О.э. Үммөттүн бүгүнкү кордук абалында мусулмандардын абалын оңдоого аракет кылган адам Расул С.А.В.дын сийратын ачык-айкын үйрөнүшү жана Сүннөттү жакшы түшүнүшү шарт. Бирок, бүгүнкү күндө маанилүү ишке т.а. Үммөт абалын оңдоого бел байлаган кишилердин иш-аракеттерине назар салсак, алар бир чоң проблемага кабылганын көрөбүз. Б.а. алар чечим Исламга кайтууда деп канааттанып, ушуга келишишсе да, Исламга кандай Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр кайтуу туурасында ар түрдүү пикирде. Алардын ичинен маселени үстүртөн карманганы болобу же терең шуңгуганы болобу, баары чечимди Сүннөт жана сийраттан алып жатам деп дейт. Бирок, бүгүн мусулмандардагы жаңылыш түшүнүктөрдөн бири – Үммөт абалы жеке адамдарды оңдоо аркылуу оңдолот дегени. Биз муну Исламий Үммөттүн абалын жакшыртуудагы, иштерин чечүүдөгү жана жолун түздөөдөгү адаштыруучу программа деп атайбыз. Жеке адамдарды оңдоо аркылуу Исламга кайтуу шахстын акылына жана жүрөгүнө исламий акыйданы эгүү менен болсо, анда, көрүнүп тургандай, өзүн оңдоо ниетинде болгон адам вахийдин жеке адамды оңдоого байланыштуу бөлүгүн гана карманган болот, шаръий өкүмдөрдө ибадат, ахлак, жеп-ичүү жана кийинүүгө байланыштуу өкүмдөрдөн ары өтпөйт. Адамдын башка адамдар менен болгон алакасын муалажа кыла турган т.а. коом деген этибарда адамдар ортосундагы алакаларды оңдой турган шаръий өкүмдөргө этибар берилбейт. Бүгүн биз дагы бир таң калычтуу нерсеге күбө болуп жатабыз, бүгүн прагматиктер (пайда негизинде аракет кылган адамдар), натыйжасыз экенине карабастан, адамдарды ушул ката жол Исламга алып барат, кайтарат деп чакырып жатат. Адамдар болсо Үммөт абалы аста-секин өзгөрүп, кордук жана төмөндүктөн азиздик жана улуулукка кайтат деп күтүп жатат. Бирок, бул куру кыял, себеби, алардын зээнинде коом эмнелерден куралышы жөнүндө туура эмес түшүнүктөр орношуп калган. Бул, эки кылым ичинде мусулман өлкөлөрүнө кирип келген, көпчүлүк мусулмандардын элестетүүсүн өзгөрткөн (жана өзгөртүп жаткан), алардын, уламалардын акылдарын жана жүрөктөрүн арбаган о.э. бүгүн Исламга кайтууну оорлоштурган Батыштын пикирий жана сакафий уусу себептүү болду! Шариятта адам оңдолсо, коом оңдолот деген түшүнүк жок, тескерисинче, бул Шариятка карама-каршы. Себеби, адамдарды оңдоо жамаат жана коомдун абалын оңдоодон бүтүндөй айырмаланат. Адамдар оңдолсо, коом аста-секин жакшы абалга өзгөрөт деген адаштыруучу жол пайдасыздык жана акмактыктан башка нерсе эмес. Андан тышкары, ал Пайгамбар С.А.В.дын ишине жана шариятка тескери. Ошондой болгон соң, мындай түшүнүк кайдан пайда болду? Шек-күмөнсүз, бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктын чечими – Расул С.А.В. алып келген нерседе камтылган. Ал мамлекетти исламий акыйда негизинде тикелөө, башкача айтканда, Халифалыкты кайтарууга аракет кылуу. Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр 31 Ошондо, иштер өз ордуна түшөт жана мусулмандардын абалы бүгүнкү күндөгүдөй т.а. душмандар мусулмандарга өкүмдар болуп алган күндөгүдөй болбойт. Исламга кайтуу, исламий коомду куруу туурасында мындай туура эмес жол менен мусулмандардын абалын өгөртүү же оңдоо жөнүндө сүйлөп жаткандар амал тиякта, элестетүүлөрүндө да Халифалыкты кайтарууга жакын арада аракет кылыштайт. Эгер, мусулмандар, катардагылары да, аалымдары да Исламды проблемаларынын чечими катары кабыл алышканда т.а. эгер, алар мамлекетти сактап калуу аркылуу Усманий Халифалык (акыркы Халифалык) кулаганга чейин Үммөттүн абалын оңдоого аракет кылышканда – Шарият талап кылгандай – Ислам эл аралык деңгээлде жана Ислам Үммөтүнүн жашоосунда бар болушун кепилдешмек. Алар Үммөт салтанатын жана акыйдага бекем байланган жана диндин негизи болгон шаръий өкүм эсептелген мамлекетинде Шарият үстөмдүгүн сактап калышканда… мамлекет кулаганда эле аны кайтарууга аракет кылышканда Үммөт башына түшкөн мусийбат жана кыйроолордун алдын алуу мүмкүн болмок. Бирок, 18-19-кылымдарда мамлекеттеги мусулмандар жана кайрымусулмандар мамлекетке, коомго жана турмушка батыштыктардын көз карашы менен карашчу. Бул колонизатордун пикирий жана сакафий чабуулунан жана европалык тыңчы жана малайлардын тил бириктирүүсүнөн улам ушундай абал жаралды. Батыштыктар Европада жарандык мамлекет жана динди саясаттан бөлүү идеясы негизинде, башкача айтканда, фикрат жана тарыйкатта мусулмандарга душман болуу негизинде күчтүү мамлекетти курушкан. Алар, өзгөчө, англистер аз өтпөй 20-кылым башында мусулмандардын мамлекетин жок кылды. Бардык жамандыктар ушул англис кафирлер тарабынан келди. Абалды оңдоону жана мусийбаттарга чек коюуну көздөгөн акылдуу мусулмандардын ар кандай аракетине тоскоолдук кылган туура эмес жол ушул доордон башталды. Бүгүн мусулмандар мамлекети кулап, бытыранды болуп, абалы жамандашып, биримдиги бөлүнгөндөн кийин т.а. оору олуттуу түс алган соң, душмандардын канжары аларды майдалап, мусийбат эң чоң кыйроого айланган соң, өз абалын жана иштерин ооруга себеп болгон нерсе менен оңдомокчу болуп жатышат. Бул, шек-күмөнсүз кафир англистердин калк жана үммөттөрдүн абалын бузуудагы айла-амалы болуп эсептелет. Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр Андан да жаманы – жаңылыш методдун айрым жактоочулары шариятта исламий коомду курууну белгилеп берген белгилүү бир жол жок деп жатышат. Алардын пикиринде, Пайгамбарыбыздын сийраты тарыхий бир тажрыйба гана, ал бардык замандарда ээрчиле турган вахий болушу тиякта турсун, а түгүл, андан үлгү алуу да болбойт. Алар мына ушинтип сийратты жөн гана тарых деп карап жатышкан соң, анан кантип андан чечим алышсын?! Батыштыктар т.а. (тышы ичине туура келбеген) айлакер капиталисттер катардагы, баёо мусулмандардан пайдаланып өз шахсиялары жөнүндөгү көрүнүштү өзгөртүп көрсөтүштү. Алар Үммөттү ойготуу үчүн сийратты үйрөнүп жаткандарды артта калгандар жана өтмүштөгү нерсеге жабышып алгандар деп аташты. Негизи, Мустафа С.А.В.дын пайгамбар болгондон кийинки т.а. вахий түшүп баштагандагы жашоосу адам жашоосу болсо да, Аллах тарабынан колдоп-кубатталып турган. Башкача айтканда, Мухаммад ибн Абдуллахка Куръан жана Сүннөт түрүндө Аллахтан түшүп жаткан нерсе менен колдоп-кубатталып турган. Ал киши вахий түшүп жаткан Аллахтын Расулу болгон. Ошондуктан, ал кишинин Сүннөтү Куръан сыяктуу Исламдагы мыйзам чыгаруу жана хидаят булагы болуп эсептелет. Эгер, Пайгамбар С.А.В.дын жашоосу тигилер түшүнүп жаткандай болсо, анда исламий шариятта Сүннөттүн маани-мазмуну тиякта, ал тургай, сүннөт деген сөздүн өзү да болмок эмес. Уламалар бул нерсе андай эмес экенине тилектеш. Себеби, шек-күмөнсүз Сүннөт Ислам шариятында Куръандын эгизи болуп эсептелет. Демек, Сүннөттө, садик жана амин Пайгамбарыбыздын сийратында динди тикелөө программасы камтылган. Сөзүбүздүн башында айтканыбыздай, мындан бүгүнкү күндө Үммөттүн абалын оңдоо үчүн жакшы кишилер хидаятына ээрчүүдө Пайгамбар С.А.В.дын сийратына туура назар салуу важиб экени келип чыгат. Эгер, жакшылап карап чыксак, бул ката жолдун жактоочулары Расул С.А.В.дын ишинен үлгү алуу важиб деген шаръий өкүмгө амал кылбай жатканын көрөбүз. Тескерисинче, бул жол вакиъден т.а. мусулмандардын душманы болгон Батыштын өлчөөсү исламий турмуштун бардык тармактарына өкүмдар болуп алган вакиъден алынганын көрөбүз. Бул жолду кармангандардын көпчүлүгү мамлекет жана анын формасы техникалык маселе, шариятта ал жөнүндө эч нерсе көрсөтүлбөгөн (мисалы, көпүрөнү кандай куруу жөнүндө эч нерсе айтылбаган) дешет. Эми, ойлоп көргүлө, Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр Үммөттүн абалы бул оорулуу программага менен жакшы тарапка т.а. Исламга кайтуу тарабына өзгөрөбү?! Бул сыяктуу «даъватчылар», өзгөчө, минбарларга коюлгандар, түшүнүксүз иш жүргүзгөндөр Расул С.А.В.га ээрчүү жана ал кишиден үлгү алуу маселесин бурмалап көрсөтүшүүдө. Алар Исламды (мамлекет жана саясат деген маселелерди четтеп) адамдын адеп-ахлагына гана байлап жатышат, же Исламды салт деп, же ылайыкташтыруучу нерсе деп көрсөтүшүүдө. Алар мына ушинтип Исламды бурмалап көрсөтүүнү каалап жатышат. Булардын баары Расул С.А.В.дан үлгү алуу эмес. Андан тышкары, бүгүнкү күндө (Батыштан келип чыккан) жарандык түшүнүгү жана жарандык мамлекет түшүнүгүн Расул С.А.В.дын иштеринен, айткан сөздөрүнөн жана Ислам мамлекетин куруу үчүн Мединага барганда түзгөн келишимдеринен алууга аракет кылып жаткандар бар. Алар да мына ушинтип Батыш программаларын жүзөгө чыгарууда жана мусулмандарды олуттуу иштен бурууда режимдин куралына айланып калышты. Себеби, алар Батыш сакафатын жана жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрүн мусулмандар арасында өнүктүрүп, таңуулап жатышат. Акыйкат ушул, мусулмандардын мамлекет жок кылын кезде Ислам Үммөтү деген этибардагы поезд өз жолунан чыгып кетти. Ушул себептен улам, алар Исламды колдонууну жана Ислам рисалатын иш жүзүндө көтөрүүнү токтошту. Биз көп учурларда минбарлардан: «Аллахым, бизди Исламга кайтаргын» деген сыяктуу дубаларды угуп жатабыз. Ошол эле учурда, көптөгөн мусулмандар бул сөздөн жалпы мусулмандарды түзгөн коомго эмес, жеке адамга тиешелүү Исламды карманууга жетишүүнү түшүнүшөт. Б.а. көпчүлүк мусулмандар исламий өкүмдөрдүн коомду оңдой турган бөлүгүн таштап, кудум бир адамдын оңдолушу менен башка адамдар оңдоло тургандай, мүмкүнчүлүгү жеткенче Исламдын жеке адамга тиешелүү бөлүгүн гана ала турган болушту. Жеке адамдар өзүлөрүн оңдой турган нерселерди канчалык бекем кармашпасын, алардын саны канчалык көбөйбөсүн жана убакыт канчалык созулбасын даъваттын мындай жолу Үммөттүн Исламга кайтуусуна алып барбайт. Себеби, коом негиздери андан бүтүндөй айырмаланат. Биз ката программа деп атап жаткан бул жол мусулмандардын кыйроосун токтотпойт, Ислам адамдардын жашоосунда тирүү абалда болушун жана эл аралык майданда Халифалык мамлекети түрүндө бар болушун кепилдебейт. Батыштыктар тил бириктирүүдө, айла-амалда, саясий Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр жана аскерий тармакта мусулмандарды кырсыктуу алдоодо болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишишти. Алар мусулмандардын жерине кирип алып аларга чабуул кылышты, мамлекетин кулатып, өлкөлөрүн басып алышты. Алардын өлкөлөрүн бөлүштүрүп түздөн- түз жана малайлары аркылуу калкына өкүмдар болуп алган соң, алардын кол астындагы нерселерин да тартып алды. Мындан өткөн мусийбат болбосо керек. Батыштыктар муну менен өзүлөрүнүн хазараты башка хазараттардан «үстөм» экенин өздөрүнө жана дүйнөгө көрсөтүүнү каалашты. Алар мусулмандарга, өзгөчө, көрөгөч эмес мусулмандарга Ислам заманы өттү, эми ал тарыхты жарат албайт, дүйнө, илим, хазарат, заман кербенин жана адамзат жетишкен башка тармактарды жетектей албайт деп таңуулоону каалайт. Бул нерсе мусулмандар арасында мына ушул ууну ичип, ал ооруну жайылткан адамдардын пайда болушуна алып келди. Акыбетте, Исламды түшүнүүдө т.а. Исламга кайтуу маселесин түшүнүүдө туура эмес жол (программа) пайда болду. Оңдоо жөнүндөгү бул адаштыруучу методду үйрөнүп чыксак, ал күтүлгөн максатка карама-каршы натыйжаларга алып бара жатканын көрөбүз. Б.а. бул ката түшүнүк ээлери ушундай бир нерсеге негиз салышты, ага ылайык коом абалын өзгөртүү үчүн канчалык аракет кылышпасын жана канча убакыт өтпөсүн коом өзгөрүүсүз калууда. Ошондуктан, алар мечит минбарларында, университеттердин лексия залдарында, радио жана телевидение каналдарында Исламга кайтуу туурасында канча көп сүйлөнбөсүн, өзгөчө, мусулман өлкөлөрүндө ар жума мечит минбарларында Үммөт абалын оңдоо туурасында бири-бири менен канчалык жарышпасын бул нерсе Үммөт абалын өзгөртпөй жатат. Тескерисинче, бул нерсе карама-каршы натыйжа көрсөттү. Башкача айтканда, бул жол адамдар арасында индивидуализмди таңуулап, колонизатор орноткон абалды бекемдеди. Өз кезегинде, малай акимдер – кудум аларды кафир кожоюндары дайындагандай – алар да мечит минбарларынан жана коомдук мекемелерден адамдарга кайрылуу жасаган «расмий» коомдук адамдарды дайындашат. Колонизаторлуктун бул кулдары бир максат үчүн аракет кылышат, ал да болсо, Исламга кайтуунун жолу катары Халифалыкты тикелөө керек дегендерге сөз бербөө. Ошондуктан, баары түшүнүп алуусу керек, Исламга кайтуу иш жүзүндө Ислам мамлекетин тикелөө менен болот, ошондо исламий жашоо кайрадан башталат жана дин тикеленет. Бул сөздү Аллах хидаят Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр берген кишилерден башка эч бир имам мечит минбарынан айтууга батына албайт. Бул сөз аларды дайындагандардын көрсөтмөлөрүнө шайкеш келбейт. А негизи, алар Мухаммад С.А.В.дын Үммөтү туурасында Аллахтан коркуп, туура сөздү гана сүйлөөсү керек. Жогорудагы айтылгандардан улам, бүгүн биз көрүп турган Үммөт ичиндеги акимдерге каршы козголгон иш-аракеттер Исламий мамлекеттин жоктугу, акимдер Үмөттөн ажырап калганы себептүү о.э. адамдарда аларга жана алардын туура эмес башкаруусуна карата казап жана нааразылыгы себептүү пайда болду деп ишенимдүү айта алабыз. Бул казап жана нааразылыкты жогоруда айтылып өткөн «реалист» кыймылдар пайда кылган жок. Себеби, алар: реалдуулукту ыйык деп билген, учурдагы абалды колдоп-кубаттаган, малай режимдердин жардамында вазыйпасын оңой эле аткарган, пайда, табияты жана курамынан келип чыгып, коомдогу бузгунчулук минбарларын жашырган, Батыштын айла- амалына алданган, коомду арта калтырган, душман менен тил бириктирген жамагыч жана реалист кыймылдар. Мындан тышкары, алар ар бир баскычта башкаларга үлгү. Көп учурда акимдер алардан – Батышка көз карандылыктан азат болууга ынтызар Үммөттүн казабын жана керек эмес козголоңдарду бастырууда – калкан кайтары пайдаланышат. Бул кыймылдардын мүчөлөрү орточо чечимге ыраазы боло турган, келише турган, жан бере турган болушканы үчүн Үммөт жана анын душмандары ортосунда орточо чекти таба билишет. Биз адамдардын ачуусу басылып, иштер Батыш пайдасына т.а. «өлчөөсүнө» кайткандан кийин арзуулар жокко чыкканына бир нече ирет күбө болгонбуз. Түпкүлүгүндө, бул кыймылдар вакиъни тастыктоо, мусулмандардын зыянына убакытты зая кетирүү үчүн түзүлгөн. Үммөт ар сапаркы жеңилүү жана ийгиликсиздикте өз перзенттерин жоготту, он жылдап кымбат убактыларын зая кетирди. Батыш саясий жана аскерий жактан ийгиликке жетишкенден кийин өзүнүн пикир жана түшүнүктөрүн Үммөт перзенттерине тыгыштыруу амалиятында ушул кыймылдарга таянды. Батыш бүгүн мамлекети болгону үчүн кубаттуу, мусулмандар болсо мамлекети жок болгону үчүн күчсүз. Батыш өз хазараты (илимий жана технологиялык жактан) бардык адамдарга жарактуу дүйнөлүк жана инсаний хазарат катары кабыл алынышы оңой болушу үчүн бул кыймылдарды мыктылык менен колдонду. Бул болсо, мусулмандарды Исламдан алыстатып, аларга Батыш көз карашын, өзгөчө, башкаруу жана экономика жөнүндөгү Пайгамбар манхажын түшүнүүдөгү алгылыктуу сөздөр назариясын сиңдирди. Натыйжада, ар кандай Батыш түшүнүгүн мусулмандар жашоосуна киргизүү үчүн аны «исламий» деп атоонүн өзү жетиштүү болуп калды. Бүгүн Батыш мамлекеттери (Америка жана Британия жетекчилигинде) кыйраткыч соккулар жана ийгиликсиздиктерге алып бара турган ыплас ыкмалар менен мусулмандарды жийиркеничтүү капитализмди кабыл алдыруу үчүн бул кыймылдын мүчөлөрүн ишке салды. Мусулмандар билип алуусу зарыл, Үммөт абалы өзгөрбөшүнүн сыры жана себеби – «расмий» имамдардын минбарлардан айтып жаткан натыйжасыз даъваттарында, тамтыгы чыккан сабактарда, малай режимдер тарабынан түзүлүп жана каржыланып жаткан «уруксат берилген» басылмаларда. Колонизатор Батыш күчтөрү көп убакыттан бери Исламга каршы алдын алуучу согуш алып барып келе жатышат. Алар мусулмандардын ойгонуусун жана лидер мамлекет катары мусулмандардын мамлекети тикеленишин алдын алууга умтулушууда. Мындан да жаманы, бул туура эмес программанын жактоочулары колонизаторлор исламий өлкөлөрдө – Усманий Халифалыктын урандылары үстүндө – тургузган «мамлекеттерди» исламий мамлекеттер деп жатышканында. Ушул тараптан алып калаганда да Исламий мамлекетти тикелөө алардын программасында жок. Алар бул мамлекеттерди Исламий мамлекет деп моюнга алуу менен өзүлөрүнүн ката программаларын жана адамдарды оңдоо керек деген талаптарын актап жатышат. Алар «Көп болсо да, көздөлгөн мамлекет бар, жана жеке адамдарды гана оңдоо керек» деп айтышат. Ошондуктан, мындай түшүнүктүн жактоочулары – исламий коомду куруунун жараяны деген максатта – жеке адамдардын адеп-ахлагын оңдоого киришишти. Бирок, түпкүлүгүндө андай эмес. Эң өкүнүчтүүсү, алар бул түшүнүктөрүн Расул С.А.В.дын сийратынан истинбат кылып жатабыз дешет. Алар алдын ала бир чечимге келип, кийин гана нусустарды ушул чечимге буруп, Расул С.А.В.дын сийратынан далил келтиришүүдө. Мына ушундай жандашуу бул маселедеги мусулмандардын аң-сезимин чаташтырган жана чаташтырып жатат. Ошондуктан, ар кандай амалдан мурун туура илим жана жаркын пикир болушу зарыл экенин даана түшүнүп алуу керек.
Салих Абдуррахим – Алжир Биз окурманга