Беш нерсе бар, аны менен балээленсеңер кандай абалда калар экенсиңер

beshnerse

Абдулла ибн Умардан рываят кылынат: Расулулла с.а.в биздин алдыбызга келип: «Эй мухажирлер жамааты, беш нерсе бар, алар менен балээленсеңер кандай абалда калар экенсиңер. Силер аны менен балээленишиңерден Алладан баана сураймын (т.а. силердин бул балээге чалдыгып калбооңорду Алладан суранам): бирер бир коомдо бузукулук (жыныстык мамилелер назарда тутулууда) кең жайылып кетсе, аларда вабо жана ата-бабаларында болбогон ооруулар көбөйөт. Бирер бир коом өлчөө жана таразадан уруп калса, алардын башына ачарчылык, кыйынчылык жана жетекчинин жабыры келет. Бирер бир коом малдарынын зекетин бербей койсо, аларга асмандан жамгыр жаабай коёт, эгер айбандар болбогонунда, аларга эч жамгыр жаабай коёр эле. Бирер бир коом Аллага жана Расулуна берген убадасын бузса, Алла алардын үстүлөрүнө өздөрүнөн башка, (бөлөк бир) душмандарын өкүмдар кылып коёт. Алар ошол коом ээлик кылган нерселердин айрымдарын тартып алышат. Бирер бир коомдун жетекчилери Алланын Китеби менен өкүм жүргүзбөсө, алар Алла түшүргөн нерсени ыктыяр кылышпаса, Алла аларды өз ара уруша турган кылып коёт» (Ибн Можа рываяты).

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *