Алладан коркуу жүрөктө коркпостук, азиздик жана улуулукту өстүрөт

korkuu

Коркуу – адамдагы табигый ка-сиет. Себеби, ал адамдагы бако гарыйзасынын бир көрүнүшү. Кайсы бир нерсе себептүү адам-дагы гарыйзалардын ушул көрү-нүшү аракетке келген убакытта, адам ага өзүндөгү акыйданын түрткүсү менен каршы турат жа-на анын коркуусун козгогон нер-се жөнүндөгү түшүнүгүнө карап, өзүнүн багытын калыптандырат. Эгер анын ошол нерсе жөнүндө-гү түшүнүгү ката болсо, ал түшү-нүк адамды ката багытка багыт-тайт. Эгер ал нерсе жөнүндөгү түшүнүгү туура болсо, туура багытка багыттандырат.

Ушуга караганда, коркуу – эгер адамдардан коркуу жана алар-дын ыраазылыгын көздөө, о.э. алардын алдындагы дүйнө мата-ларын талап кылуудан келип чыккан болсо, адамда коркок-тукту жана кордукту өстүрөт. Эгер коркуу – Алладан коркуу-дан жана Анын ыраазылыгын көздөөдөн, о.э. Анын бейиш неъ-маттарын талап кылуудан келип чыккан болсо, адамда азиздик жана улуулукту өстүрөт. Узак убакыт улантылган мүдүрүлүү-дөн кийин, ойгонууга умтулуп жаткан мусулмандар Өз пенде-лери үстүнөн үстөм Зат болгон Алладан башкасынан коркпооло-ру лаазым. Ошондо алар өз иба-даттарында улуу, турмуш жана өлүмдөрүндө азиз болушат.

Алла Субханаху айтат:

وإذا سمعوا ما أنزل إلى الرسول ترى أعينهم تفيض من الدمع مما عرفوا من الحق يقولون ربنا آمنا فاكتبنا مع الشاهدين ۩ وما لنا لا نؤمن بالله وما جاءنا من الحق ونطمع أن يدخلنا ربنا مع القوم الصالحين ” فأثابهم الله بما قالوا جنات تجري من تحتها الأنهار خالدين فيها وذلك جزاء المحسنين

– «Алар Пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Куранды) уккан чактарында, анын чындык экенин билишкени себептүү, көздөрүнөн жаш куюлуп жатканын көрөсүң. Алар: «Роббибиз, ыйман келтирдик, эми бизди күбөлүк берүүчүлөрдүн катарына жазгын», – дешет». [5-83-85]

الله نزل أحسن الحديث كتاباً متشابهاً مثاني تقشعر منه جلود الذين يخشون ربهم ثم تلين جلودهم وقلوبهم إلى ذكر الله ذلك هدى الله يهدي به من يشاء ومن يضلل الله فما له من هاد

– «Алла эң сонун Сөздү (аяттары көркөмдүк-кооздукта) бири-бирине окшогон, (ичиндеги өкүмдөрү) кайта-кайта келүүчү бир Китеп – Куран кылып түшүрдү, (андагы Алланын азабы туурасындагы аяттарды тилават кылышканда) Парвардигерлеринен корко турган заттардын терилери–денелери титиреп кетет. Кийин терилери-денелери да, дилдери да Алланын зикринен жумшайт – ал жакка ыктайт. Мына ушул (Китеп) Алланын Туура Жолу, ага Өзү каалаган кишилерди хидаят кылат жана кимди Алла жолдон аздырса, кийин ал үчүн эч бир хидаят кылуучу болбойт». [39:23]

والذين يصلون ما أمر الله به أن يوصل ويخشون ربهم ويخافون سوء الحساب ۩ والذين صبروا ابتغاء وجه ربهم وأقاموا الصلاة وأنفقوا مما رزقناهم سرا وعلانية ويدرؤون بالحسنة السيئة أولئك لهم عقبى الدار ۩ جنات عدن يدخلونها ومن صلح من آبائهم وأزواجهم وذرياتهم يدخلون عليهم من كل باب ۩ سلام عليكم بما صبرتم فنعم عقبى الدار

– «Алар Алла барды-келди кылууга буйруган нерселерди (т.а. тууган-уруктар менен карым-катнашты) аткарышат. Раббилеринен коркушат жана оор эсеп-китепке душар болуушунан коркуп, (ар дайым жакшы амалдарды кылууга умтулушат). Раббилеринин Жүзүн (ыраазылыгын) эңсеп, (мээнет-машакаттарга) сабыр-канаат кылып, намаздарын толук аткарган жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден жашыруун жана ашкере кайыр-садага кылган, о.э. жамандыкты жакшылык менен кайтара турган заттар, дал ошолор үчүн акырет журту бар, (ал журт) түбөлүк тура турган бейиштер болуп, алар ал жайларга ата-бабалары, жубайлары жана урпактарынан турган саалих кишилер менен бирге киришет. Кийин алардын алдыларына ар эшиктен периштелер кирип (мындай дешет): «(Алла жолунда мээнет-машакаттарга) сабыр канаат кылып өткөнүңөр себептүү (эми бул бейиштерде) силерге тынчтык-бейпилдик болсун. Бул акырет журту кандай жакшы!». [13:21-24]

Бул сыяктуу башка аяттар да Алладан корккондуктарынан жүрөктөрү толуп-ташып, Аллага итаат кылуучуларды мактап келген. Анткени, алар ар дайым Алланын каарынан жана анын азабынан коркушат, о.э. Анын ыраазылыгына жетишүү жолунда аракет кылышат жана анын сообун үмүт кылышат.

Адам жүрөгүнө бул сыяктуу боёк мөөрлөнүп калган убакытта, андай адам  Алла өзүнүн китебинде айтып өткөн кишилердин бирине айланат. Алла Таала мындай деп айтат:

من المؤمنين رجال صدقوا ما عاهدوا الله عليه فمنهم من قضى نحبه ومنهم من ينتظر وما بدلوا تبديلا

– «Момундар арасында өздөрү Аллага берген (ал заттын жолунда жыхат кылып шейит болуу жөнүндөгү) убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан алардан (айрым) кишилер өз убадасын өтөштү (т.а. шейит болушту), алардан (айрым) кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллага берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок». [33:23]

رجال لا تلهيهم تجارة ولا بيع عن ذكر الله وإقام الصلاة وإيتاء الزكاة يخافون يوماً تتقلب فيه القلوب والأبصار ” ليجزيهم الله أحسن ما عملوا ويزيدهم من فضله والله يرزق من يشاء بغير حساب

– «Ал (мечиттерде) эртели-кеч ал затты аруулай турган кишилер бар, аларды соода да, алды-сатты да Алланы эстөөдөн, намазды толук өтөөдөн жана зекетти (акылууларга) бөрүүдөн алаксыта албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган (Кыямат) Күнүнөн коркушат. Алар, Алла өздөрүнүн кылган амалдарынан эң көркөмдөрү себептүү сыйлашы жана дагы аларга өзү берешен-жоомарттыгы менен ашыкча (соопторду атаа) кылышы үчүн (эртели-кеч Алланы аруулап табынышат). Алла өзү каалаган кишилерге эсепсиз ырыскы берет». [24:37-38]

Ушуга негизделип, ушул таза көчөт өз уругун момун кишинин жүрөгүнө эксе жана анда тамыр сайса, көп жакшы мөмөлөр берет. Кесел жүрөк болсо, мунун тескериси болот. Ал жүрөк бул сыяктуу таза уруктун эгилишине жарактуу эмес. Себеби, анын топурагы ыплас нерселердин эгилишине гана ылайыктуу болгон жаман топурак. Ошондуктан, жүрөк эки түргө бөлүнөт. Бири – Алладан ашкере жашыруун корко турган жана Аны менен боло турган алакасынын бузулушунан чоочуй турган таза саалих жүрөк. Ал жүрөк башкалардын каарына учураса да, Алланын ыраазылыгын талап кылуу жолунда тынбай катуу аракет кылат. Экинчиси – Алладан коркпой турган жана күнөө иштерди ашкере кыла турган, о.э. жаратуучусу менен боло турган алакасына көңүл бурбай турган жана ал алаканы эч качан эсепке албай турган, кесел, бузук жүрөк. Ал жүрөк Алланын каарын келтирүү эсебине башкалардын ыраазылыгына жетишүүгө умтулат. Ушул жүрөктөргө эргешүү тарабынан кишилер да топторго бөлүнөт жана ушуга ылайык амалдар аткарылат. Мисалы, зомбулук кылуучу султандын алдына барып, ага насаат кылгандыгы себептүү, султан аны өлтүргөн киши менен Алла ага өз динин билүү неъматын берген, бирок, ал дүйнө турмушун ыктыяр кылып, зомбулук кылуучу султандын өргөөсүндө отуруп алып, анын кылып жаткан иштерин актай турган фатваларды түзүп берип жаткан кишинин ортосун теңештирип болбойт. (Ушул экинчи топтогу кишилер бүгүнкү күндө көпчүлүктү түзөт). Биринчи киши туурасында Ислам мындай дейт: Эгер ал зомбулук кылуучу султанга насаат кыла туруп өлтүрүлсө, ал – шейит. Ал эми, өзүнүн ак селдесин Алланын сөздөрүн өз ордунан өзгөртүү жана Ага куру жалаа жабуу укугун бере турган ыкма кылып алган жана султанды ыраазы кылуу үчүн нусустарды өз мазмунунан жана андан көздөлгөн максаттан чыгарып жиберүү үчүн башка тарапка бурган киши туурасында Алла Азза ва Жалла мындай дейт:

إن الذين يكتمون ما أنزل الله من الكتاب ويشترون به ثمناً قليلاً أولئك ما يأكلون في بطونهم إلا النار ولا يكلمهم الله يوم القيامة ولا يزكيهم ولهم عذاب أليم

– «Алла түшүргөн Китеп (Тоорот)тон турган нерсени (Тоороттогу Мухаммад алайхис-саламды сыпаттары баян кылынган аяттарды) жашыра турган жана аны аз гана баага сата турган адамдар курсактарын жалаң гана от менен толтурушат, аларга Кыямат күнү Алла сүйлөбөйт жана аларды (күнөөлөрүнөн) арылтпайт жана алар үчүн жан чыдагыс азап бар». [2:174]

وإن منهم لفريقاً يلوون ألسنتهم بالكتاب لتحسبوه من الكتاب وما هو من الكتاب ويقولون هو من عند الله وما هو من عند الله ويقولون على الله الكذب وهم يعلمون

– «Алардан (жөөттөрдөн) дагы бир тобу бар, силер Китептен (Тоорот)тон болбогон нерсени Китептен деп ойлошуңар үчүн, Тоорот китебинин тилдерин буруп (бузуп-өзгөртүп) окушат жана Алланын алдынан келбеген (өздөрүнүн сөздөрүн) «Алланын алдынан келген» дешет. Алар билип туруп Алла жөнүндө жалган сүйлөшөт». [3:78]

Алладан таква кылуудан узак болгон, о.э. залымдар жана шайтандардын досторунан коркууга ушунчалык ашык болгон жүрөктөрдүн көрлүгү ушундай болот. Ошондуктан, жүрөк көр болуп калганда, Алланын каары менен эсептешүүдөн көрө, залымдардын каары менен эсептеше турган болуп калат. Натыйжада, жүрөгү көр адамдардын назарында акырет, анын сообу жана жазасы арзыбаган болуп көрүнөт жана акыретти өткүнчү арзыбаган дүйнө маталары эсебине сатып жиберишет!!! Ушундай болгон соң, ошондой адамдар тарабынан чыгарылып жаткан «ажайып» фатваларга таң калбайбыз. Андай адамдар жөөттөрдүн мамлекети менен келишим түзүүнүн мүмкүндүгү, мусулмандарга сокку берүү үчүн капырлардан жардам суроо мүмкүндүгү, ачык куфр менен башкарып жаткан акимге каршы чыккан «ашынгандарды» өлтүрүүнүн мүмкүндүгү, о.э. ушул Үммөт арасындагы амри-маъруф жана нахий-мункар кылып жаткан калыс жигиттердин –«алар террорист, экстремист жана башчыларга баш ийүүдөн моюн толгоочулар болгондуктары себептүү» – кандарын, малдарын жана абройлорун адал саноонун мүмкүндүгү жөнүндөгү жана андан башка фатваларды беришет. Алар – өздөрүн кара санатай акимдерге саткан кимселер. Ошондуктан, акимдер аларды өздөрүнүн кылмыштуу максаттары жолунда ар кандай милдеттерге дайындашат.

Ошондуктан, улуу жана  кудуреттүү болгон заттан коркуу – таквалыктын белгилеринен. Бул – ааламдардын Раббиси болгон Алла үчүн калыс турган жүрөк жана мүчөлөр тарабынан жүзөгө келе турган бир жалгыз боёк. Бул боёк өз ээсин заалымдардын тузагына түшүп калуудан жана шайтан досторунун куурчагына айланып калуудан сактайт. Бул боёк ээсине террордук иштер таасир эте албайт жана аны өзү жоопкер болгон милдетти аткаруудан буруп жибере албайт. Ал милдеттер – саалих амалдарды кылуу, Алланын дини жолунда Үммөттү куткаруу жана аны колонизаторлор, алардын малайлары, о.э. жүгүртөк-жетимдеринин кишендеринен азат кылуу жолунда курмандыктар берүүдөн турат. Андай кишилерди азаптоо аспаптары да, желдеттердин камчылары да, камактар да, дарлар да, мылтыктардын октору да коркууга сала албайт. Алланын ыраазылыгы жолунда бул жана бул сыяктуу нерселер алардын назарында арзыбаган болуп көрүнөт. Бизге Алланын Китеби жана сийрат китептери залымдардын алдында коркпостук менен турган кишилердин тирүү мисалдарын келтирүү аркылуу кубаттандырат. Алла Субханаху Фиръавн Муса алахис саламды жеңүү максатында алып келген сыйкырчылар туурасында мындай дейт:

قال آمنتم له قبل أن آذن لكم إنه لكبيركم الذي علمكم السحر فلسوف تعلمون لأقطعن أيديكم وأرجلكم من خلاف ولأصلبنكم أجمعين ” قالوا لا ضير إنا إلى ربنا منقلبون ” إنا نطمع أن يغفر لنا ربنا خطايانا أن كنا أول المؤمنين

– «(Фиръавн) айтты: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Албетте ал (Муса) силерге сыйкыр үйрөткөн чоңуңар. Эми жакында билесиңер. Албетте мен бут-колуңарды карама-каршысына (оң кол, сол бутуңарды же тескерисинче) кесем жана силердин баарыңарды (дарга) асам». Алар айтышты: «Зыяны жок. Анткени, биз Парвардигерибизге кайтуучубуз. Албетте биз (Мусага) биринчи ыйман келтирген кишилер болгонубуз себептүү Парвардигерибиз биздин ката-күнөөлөрүнүбүздү кечиришин үмүт кылабыз». [26:49-51]

Ал Зат башка бир орунда дагы мындай дейт:

قالوا لن نؤثرك على ما جاءنا من البينات والذي فطرنا فاقض ما أنت قاض إنما تقضي هذه الحياة الدنيا ” إنا آمنا بربنا ليغفر لنا خطايانا وما أكرهتنا عليه من السحر والله خير وأبقى ” إنه من يأت ربه مجرماً فإن له جهنم لا يموت فيها ولا يحيى

– «Алар айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген таасын далил-кереметтерди жана бизди жараткан Затты коюп, сени тандабайбыз. Демек, кыла турган өкүмүңдү кыла бер. Сен бар болгону мына ушул дүйнөдө гана өкүм кыласың. Биз болсо каталарыбызды жана сен бизди мажбур кылган сыйкырчылыктан болгон (күнөөлөрүбүздү) кечириши үчүн Раббибизге ыйман келтирдик. Алла(нын сообу) жакшыраак жана (азабы) узун – туруктуураак». Эч күмөн жок! Кимде-ким Раббисинин (алдына) кылмышкер-капыр болуп келсе, анда албетте ал үчүн тозок бар, ал (капыр) ал жайда өлө да албайт, өмүр сүрө да албайт». [20:72-74]

Фиръавндын азгыруулары мына бул кишилердин ыйманына таасир кылбады. Анын коркутуулары, алар Муса алайхис-саламдан акыйкатты түшүнүп жетишкенден кийин, ага эргешүүгө катуу чечим кылуудан жана Фиръавнга күнөөкөрлүк кылуудан буруп жибере албады. Ошол кылымдарда жашап өткөн Фиръавн же азыркы замандын фиръавндары канчалык кубатка ээ болушпасын жана канчалык кайсар болушпасын, кишилерди өздөрү хидаяттанган акыйкат жолдон буруп жиберүүгө эч качан кудурети жетпейт. Ал залымдардын зулуму канчалык күчөбөсүн, алар өздөрүнө токой айбандарын коркута турган арстандардын түсүн бере алышпайт. Балким, алар Алладан корко турган кишилердин наза-рында ар дайым, түнү-күнү корунуп жаткан, ийинине кирип, жашырынып алган коркок жана жеңилген чычкандар болуп кала беришет.

Жападан-жалгыз, Каххар болгон Аллага ыйман келтирүү жана анын азабынан, өч алышынан коркуу кесиети кишилердин жүрөгүн кооздойт жана андагы датты кетирет, о.э. аны эң жакшы кишилердин коркпостугу сыяктуу коркпостук, эр жүрөктүк жана тайманбастыкка толтурат. Биз ошондой кишилердин кээ бирлерин мисал катары келтиребиз: Суфён ас-Сафрий, Абу Ханифа, имам Нававий, ибн Коййим ал-Жавзийя, ибн ат-Таймийя шайх Абдулазиз Бадрий, шайхул-ислам Мустафа Сабрий, Саййид Кутб, Абдулкодир Авда жана башкалар. (Алла аларды өз рахматына алсын). Алла аларга да, алар сыяктуу адамдарга да, алар кылган иштерди кылып, алардын эрдигине эргешкендерге да өз берекесин жаадырсын. Алар жана алар сыяктуу кишилер ушул Үммөттүн атак-данкы, о.э. анын сыймыгы жана коркпостук символу. Алардын баары улуулук жана коркпостук касиетин жоготкон коркок жана көз карандылардай жашаштан баш тартышкан, о.э. адилетсиз топтор колунда кор болуп жашоодон көрө, өлүм же зындан же хижратты ыктыяр кылышкан. Ушул негизге карап, коркуу проблемасын түшүнүү жана ага туура чечим берүү зарыл болот.

Жогоруда келген нерселерге кошумча түстө бул маселеге кошумча түшүндүрмө берүүнү лаазым деп билем.

Алладан коркуу – кулчулук жана кордуктан кутулуунун бирден-бир жолу.

Билип койгула, Алла Субханаху ва Тааладан коркуу кулчулуктан кутулуунун бирден-бир жолу. Себеби, Алладан коркуу адамды өзүнөн да, башкалардан да азат кыла алат. Алладан башкадан коркуу болсо, бүтүндөй мунун тескериси. Анткени, ал адамды кишендеп коёт жана аны өз напсинде да, башкалар алдында да кул кылып коёт. Т.а. адам өз напсинде да туткун, башкалардын капасында да туткун болот. Мунун себеби, Алладан корко турган адам дүйнө азгырыктарына жана напсинин каалоолоруна каршы ар дайым күрөштө болот, жерге жабышып албайт, анын зеб-зыйнаттарына алданбайт жана анын жасалгаларынан таасирленбейт, о.э. дүйнө анын кам-ташбиши жана максатына айланып калбайт, балким, ал дүйнөгө маскаралагандай карайт жана дүйнө анын назарында дүйнө менен акыретти байланыштырып турган көпүрө болуудан нарыга өтпөйт. Ал адам акыретке бара жаткан жолунда бул дүйнөдөн, бар болгону, Кураны Керим ишара кылган насибесин гана алат. Анткени, Алла Таала айтат:

وابتغ فيما آتاك الله الدار الآخرة ولا تنس نصيبك من الدنيا وأحسن كما أحسن الله إليك ولا تبغ الفساد في الأرض إن الله لا يحب المفسدين

– «Дагы Алла, сага берген байлык-дөөлөт менен (оболу) акырет (жыргалчылыгын) изде, дүйнөдөн болгон насибеңди да унутпа. Алла сага кайрымдуулук кылганы сыяктуу, сен да (Алланын пенделерине) кайрымдуулук эхсан кыл. Жерде (зордук-зомбулук менен) бузукулук кылууга аракеттенбе. Албетте, Алла бузук кишилерди сүйбөйт». [28:77]

Дүйнөнүн кишендеринен жана азгырууларынан азат болуунун мына ушул түшүнүгүнө эргешкен киши, дүйнө кишенинен жана Алладан башкалар алдында кор болуудан кутулган болот. Ошондон кийин, ал адам жер жүзүндө Алланын шарияты жана ал шарият кожоюндугунан башка эч кандай салтанатка баш ийбейт жана бул дүйнөдө Алла Азза ва Жалладан башка эч кимге баш ийип багынбайт. Адамдардагы мына бул үлгү өзүнүн вокыйсында тиги эт-бетинен кулаган кишилерден түп-тамырынан айырмаланат. Бул кимселер – дүйнө өзүнө тарткан жана анын зеб-зыйнаттары жана жасалгалары алдап койгон кимселер. Алар дүйнө менен алек болуу жана колго киргизген байлыктарын топтоо менен дүйнөдө түбөлүк калабыз деп ойлоп, бул дүйнөдө бүтүндөй адашкан кимселер. Ошондуктан, алардын дүйнө азгырууларына жана жыргалчылыктарына башы менен шуңгуп кеткенин көрөсүз. Ал адам өзүнүн гарыйзаларын – чөлдөрдө жапайы айбандар чуркагандай – дүйнө жылгалчылыктарынын артынан кууп чуркашы үчүн эркин коюп жиберген. Написке кул болуунун жана жерге жабышып алуунун натыйжасында, ал адам кээде өзүн напсине же кээде бир сындырым нан берүү эсебине ага таасирин өткөзүүгө кудуреттүү болгон башка адамдарга кул кылган болот. Ушул убакытта, ал ошол адамдардын каалоосуна моюн сунуучу, алардын буйрук жана ишараларына кулак салуучу, о.э. аларга ар дайым баш ийүүчү жана алардын каалоолору менен гана чектелген адамга айланат. Алардын чеңгелинен чыгып кетүүгө жана алардан кутулууга кудурети жетпейт. Ошондо, ал адамгерчилик, азиздик жана улуулук туйгуларын жоготот, андан эркектик намыс кетет жана ал ар дайым кор жана туткун абалында калып кетет. Адамзаттын мындай тобунан азиздикти жана улуулукту кандай күтүүгө болот? Негизи, алар мыкаачы акимдер жана дүйнөнүн тогуттары (шайтандары) колундагы баш ийүүчү курал болушса, акимдер аларды өз Үммөтүнө каршы жана өз диндештерине каршы коюшат. Алар болсо акимдердин буйруктарына эч каршылык кылбай, баш ийишет. Алар залым кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн Исламды көтөрүп чыгып жаткандарды куугунтукташат, камашат жана азапташат. Кожоюндары болсо, кыямат күнү тозоктогу жайларын көргөн убакыттарында алардан танышат. Алла Таала айтат:

إذ تبرأ الذين اتُبعوا من الذين اتبعوا ورأوا العذاب وتقطعت بهم الأسباب ” وقال الذين اتبعوا لو أن لنا كرة فنتبرأ منهم كما تبرؤوا منا كذلك يريهم الله أعمالهم حسرات عليهم وما هم بخارجين من النار

– «Ал Күндө баштоочулар ээрчигендерден танышат жана бардыгы азапты (көздөрү менен) көрүшөт. Ал Күндө аларды байланыштырып тура турган шылтоолор, себептер үзүлөт. Эргешкендер: «Дагы бир кайра (жашоого) мүмкүнчүлүк болсо кана, алар бизден тангандай, биз да алардан танар элек» дешет. Ошондой кылып, Алла Таала алардын кылган иштерин өздөрүнө өкүнүч кылып көрсөтөт жана алар тозоктон чыккыс болушат». [2:166-167]

Акыркы айтар сөзүбүз, жараткан Алладан коркуу жана Анын ыраазылыгын талап кылуу – кишини бийиктерге көтөрөт жана жогорку даражаларга алып чыгат. Алланы каардантып туруп, пенделерди ыраазы кылуу үчүн алардан коркуу – кишини дүйнөнүн эң төмөн тепкичтерине түшүрүп коёт.

يتمتعون ويأكلون كما تأكل الأنعام والنار مثوى لهم

– «Капыр болгон кимселер болсо (мына ошол дүйнө турмушунун өткүнчү жыргалчылыктарынан) пайдаланып, чарба айбандары жегендей жеп-ичишет жана тозок алардын жайлары болот».  [47:12]

Алла бизди Өзүнөн чыныгы таква кыла турган жана Алланын жолунда жаман атты кылуучунун жамат атты кылышынан коркпой турган пенделерден кылсын. Биз да Расулулла с.а.в жана анын сахабалары жетишкен жеңиштерге жетишели.

وبشر المؤمنين

– «Бул момундарга бейиш кушкабарын жеткириң».        [9:112]

Холид Иброхим

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *