Кор болгон күнүбүздүн үстүнөн азиз болгон күнүбүздүн үстөм келүү убактысы жетип келбедиби?!

khilafa

Азыркы күндөрдө мусулмандардын оюнан өткөн мезгилдеги эки күндүн элеси өтүүдө. Бул эки элес бири-бирене карама каршы болгон эки түрдүү боёктор менен жазылган. Алардын бири кардай аппак боёктор менен, экинчиси болсо, капкара боёктор менен жазылган. Биринчи күн хижрат күнү. Ал Расулулла с.а.вдын жетекчилигинде Мадинаи Мунавварада мусулмандар өз мамлекетин тикелөө аркылуу азиз болгон күн. Экинчи күн болсо, 1924-жылы 3-март күнү Истамбулда кылмышкер заалым Мустафа Кемел колунда мусулмандар мамлекети жок кылынган күн. Бул иште ага анын кылмышкер кыянатчы жардамчылары жана колонизатор капырлардан турган кожоюндары жардам беришти.

Бул күндөрдүн бири Үммөттү азиздик жана улуулукка карай жетелесе, экинчи күн аны капачылыктын түбүнө тартат. Биринчи күн азиздик жана курсантчылык күнү. Экинчи күн болсо, капачылык жана эскерүү күнү. Бул күндөрдүн экөөсүндө тең эскертме-насаат жана сабактар бар.

Мусулман адам биринчи күндү эстегенде, анын көз алдына Расулулла с.а.в дын Пайгамбар кылып жиберилген доору, Маккаи Мукаррамада алып барылган даъватты жаюу иштери, о.э. акыйкат даъваты болгон жаңы даъват менен жахилият даъваты болгон батыл даъват ортосунда болуп өткөн пикирий жана саясий күрөштөр көз алдына келет. Расулулла с.а.в менен сахабалары бир тарапта, куфр башчылары болсо экинчи тарапта турушар эле.

هل يستويان مثلا

– «Ушул экөө (момундар жана капырлар) бири-бирине тең болушабы?». [11:24]

Күрөш токтоосуз уланар эле, мусулмандарга жетип жаткан азаптар болсо, күн сайын күчөп барар эле. Мусулмандар Расулулла с.а.в дын артында, Алланын жолунда жаман атты кылуучунун жаман атты кылышынан коркпой, акыйкат үстүндө бекем турушар эле. Кийин талабы нусрат (уруу башчыларынан жардам суроо), өрөөндөгү байъат жана капырлардын Расулулла с.а.в ды өлтүрүүнү пландаштыруу иштери болуп өткөн. Ошондо Алла өз фазли-карамы менен ал затты алардын жамандыгынан куткарды. Өзүнүн Расулуна хижрат кылууну, мамлекет тикелөөнү жана Анын жолунда чыныгы жыхат кылууну буйруду. Ошондон кийин Мекке фатх кылынды. Байма-бай жеңиштер колго киргизилди. Жакшылык жана нур таратуу, о.э. зулум жана караңгылыкты талкалап таштоо иштери алып барылды.

Мусулман адам экинчи күндү эстегенде, капыр мамлекеттер жана алардын кыянатчы малайлары Халифалыкка жана анын калкына кээде адаштыруу менен, кээде кыргын cалуу менен иттердей асылышканы, абал оорлошуп барып, бир капыр кыянатчы кимсенин адамдардын көз алдында Ислам жана анын түзүмүнүн, Дарул Ислам жана Халифалыктын түгөтүлгөнүн жарыя кылууга даай алганы көз алдына тартылат. Ошондон кийин, караңгы күндөрдүн жаңыдан кайтып келгени, мусулмандардын өлкөлөрүнө Дарул куфрдун кайтып келип, ал жерде өнүккөнү жана мусулмандардын селде агып келген чөп-чарларга окшоп, алсыз жана кадырсыз болуп калгандыктары көзгө ташталат. Бул иштердин натыйжасында, башка элдер мусулмандардын үстүнө ачкөздөр өздөрүнүн идиштерине жутунушкандай жутунушту. «Жакында элдер силердин үстүңөргө ачкөздөр өздөрүнүн идиштерине жутунушкандай жутунушат». (Сахабалар) сурашты: «Ошол күндө биздин азчылыгыбызданбы, эй Расулулла?» Расулулла с.а.в жооп берди: «Силер ал күндө көпчүлүк болосуңар, бирок, селде агып келген чөп-чарлар сыяктуу (алсыз жана кадырсыз) болосуңар. Алла силердин жүрөгүңөргө алсыздыкты салып коёт». (Сахабалар) сурашты: «Алсыздык эмне?» Расулулла с.а.в жооп берди: «Дүйнөгө берилүү жана өлүмдү жактырбоо». Расулулла с.а.в акыйкатты айткан.

Түн жана күндүн өтүшү менен күндөр өзгөрүп бара берет экен. Бир күн сенин пайдаңа өзгөрсө, экинчи күн зыяныңа өзгөрөт экен. Бирок, Алла Субханахунун Сүннөтү ар эки күндүн тең Үммөттүн абалына жана анын эмнеге ылайыктуу экендигине карап өзгөрүшүн талап кылат экен.

فمن اتبع هداي فلا يضل ولا يشقى ” ومن أعرض عن ذكري فإن له معيشة ضنكاً

– «Ким менин эскертмемден жүз үйүрсө, албетте, ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны кыямат күнүндө көр абалда тирилтебиз».  [20:123-124]

Үммөт дүйнө жана акыретте бакыт-таалайга жетишүүгө умтулуп, Алланын жолунда бардык нерсесин сарптаса, Анын жолунда малы-жаны менен чыныгы жыхат кылса, Ага ашкере-жашыруун жардам берсе, мындай Үммөт Алланын нусратына татыктуу.

إن تنصروا الله ينصركم

– «Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер, (т.а. анын жолунда жыхат кылсаңар) Ал Зат да силерге жардам берет». [47:7]

Үммөт жогору даражаларга жетишүүгө умтулуудан артка чегинсе, ар кандай (жыхаттык) аракеттерди аткаруудан суздашып отуруп калса жана абал оорлошуп барып, Халифалык мамлекетинин кошуунундагы бир жөнөкөй аскер Халифалык түгөтүлгөнүн жарыя кылган убакытта Үммөт ага каршы кылыч көтөрүп аны өлтүрбөсө, анда мындай үммөт кор-зар, алсыз болууга жана жеңилүүгө ылайыктуу.

Үммөттүн белгилүү бир мөөнөт аралыгында бет маңдайынан жыгылышы таң калыштуу абал эмес. Бирок, анын жаңыдан бутка турбай, ошол жыгылышын уланта бериши өтө таң калыштуу абал. Ислам Үммөтү – тирүү Үммөт. Тирүү Үммөттөр болсо капачылык жүз берген убакытта аракеттен токтоп калбайт жана өткөн мезгилде колго киргизилген атак-даңкты эске алып, аны ырдап жүрө беришпейт. Балким, капачылыктарды бир четке сүрүп, атак-даңктарын кайта тикелөө үчүн аракет кылышат. Эми, эгер ошол бет маңдайынан жыгылган үммөт Алланын Китебинде аларды жер жүзүндө халифа кылышы туурасындагы Анын убадасын тилават кылып жүргөн үммөт болсо, кандай болот?

وعد الله الذين آمنوا منكم وعملوا الصالحات ليستخلفنهم في الأرض كما استخلف الذين من قبلهم وليمكنن لهم دينهم الذي ارتضى لهم وليبدلنهم من بعد خوفهم أمنا يعبدونني لا يشركون بي شيئا

– «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга кудум илгери өткөн (ыйман этикаттуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да Жер жүзүнө Халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну, о.э. алардын абалын кооп-коркунучтан кийин, тынчтык-кадыржамдыкка айландырып коюуну убада кылды. Алар мага ибадат кылышат жана Мага эч бир нерсени шерик кылышпайт».  [24:55]

Ошондуктан, Расулулла с.а.в дын хадисиндеги «Диниңердин башында пайгамбарлык жана рахмат болот. Кийин болсо, пайгамбарлык манхаажындагы(программасындагы) Халифалык болот. Кийин, Алла аны Өзү көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин, калкка зулум жана адилетсиздиктер жете турган падышалык болот жана ал Алла каалаганча улантылат. Андан соң, Алла каалаганда аны көтөрөт. Кийин залым жана зөөкүр падышалык болот жана ал Алла каалаганча улантылат. Кийин, Алла Өзү калаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык манхаажындагы Халифалык болот» сөздөрүн окуп жүргөн жана ушул эле учурда Алла Субханахунун:

وقل اعملوا فسيرى الله عملكم ورسوله والمؤمنون

– «Айтың: (каалаган) амалды кылгыла. Анткени, Алла, Анын пайгамбары жана момундар кылган амалдарыңарды көрүп турат».  [9:105]

сөзүн жакшы түшүнгөн Үммөт болсо кандай болот? Халифалык тез аракеттенүүчү, күчтүү жана куткаруучу аракетсиз кайтып келбейт.

Үммөттү жогорудагы убадалар катуу аракет кылууга үндөшү керек. Ал Расулулла с.а.в дын изинен барышы жана анын асхабтарынын сийратын өзүнө өрнөк кылышы лаазым. Эгер Үммөт халифалыкты кайра тикелөө үчүн астейдил аракет кылбаса, жахилият өлүмүндө өлөт. Келечеги караңгы, натыйжасы жаман жана халифалыксыз үч түндөн ашык жашаган өмүрү арам болот. Эгер ошол бет маңдай жыгылган үммөт ушуларды жакшы биле турган үммөт болсо кандай болот?

Үммөт башынан халифалык түгөтүлгөн ошол экинчи кара күндөн бери сегиз он жылдык өттү. Ошончо убакыттан бери ал кордук-зарлыкты башынан өткөрүүдө. Душман алардан коркпойт, достор аны урмат кылбайт. Анын адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болушу үчүн мурдагы абалына кайтуу убакты келбедиби?

Үммөттүн калыс перзенттеринен болгон бир уюмдун туура жолдогу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий турмушту кайра баштоо үчүн иш алып барып жатканы, бул ишке астейдил бел байлап, акыйкат үстүндө бекем турганы Үммөт башынан кечирип жаткан кайгы-капаны бир аз жеңилдетет. Бул жигиттер дүйнөгө бир жолу карашса, акыреттерине миң жолу карашууда. Алланын жолунда Анын нусратын жана Ал Өз убадасын ишке ашырышынын куш кабарын берип, түндү күнгө улашууда. Үммөт ал перзенттерин өз кучагына алса, алар менен бирге аракет кылса, аларга жардам берсе жана аларга залым акимдердин колдору жетип барышынан аларды коргосо арзыйт. Анткени, ошол залым акимдер Исламды жаюучуларды  камашууда. Ал тургай, өлтүргөнгө чейин азапташууда.

Биз биринчи азиздик күнүбүз кайтып келиши жана экинчи кордук күнүбүз көтөрүлүшү үчүн, бизге Өзүнүн колдошун жана жардам беришин сурап, Аллага жалынабыз. Бизге Расулулла с.а.в дын: «Кийин туура жолдогу Халифалык кайтып келет» деген сөзү күч-кубат берет. Бул иш болсо, Аллага оңой.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *