Ар бир сөздүн акыйкаты бар

islamcover-768x432

بســـــم الله الرحمن الرحيم

АР БИР СӨЗДҮН АКЫЙКАТЫ БАР

“Ислам” сөзү лугатта (сөздүктө) моюн сунуу дегенди түшүндүрөт. Терминде болсо, Аллах Таалага ыйман келтирип, Анын буйрук жана кайтарууларына эч бир экиленбестен моюн сунуучу адамды түшүндүрөт. Ислам ар бир ишке мамилесин билдирген, ошондуктан, анда баян кылынбаган нерсенин өзү жок. Кээ бир нерселердин баяны “Куран” жана “хадис”те келбеген деп этикад кылуу кафирлик болуп, Курандын ачык аятына тескери келет. Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ

“Сага бардык нерсени баян кылып берген, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн куш кабар болгон Китепти  түшүрдүк”. [16:89]

Демек, «Аллах Таалага ишенемин жана Ага моюн сунамын» деген адамда ыктыярдуу бирер иш жок. Аллах Таала айтат:

وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ

Силер өз ара келише албаган ар бир нерсенин өкүмү Аллага кайтарылат. [42:10]

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

Эгерде кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла”.  [4:59]

Дарукутний риваят кылган хадисте Расулуллах (с.а.в):

«كُلُّ أَمْرٍ لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

“Биздин буйругубуздан болбогон ар бир иш четке кагылган”, – деген.

Ушулардан белгилүү болгондой, “Ислам”да негиз – бул шариятты ээрчүү жана аны менен байлануу. Мусулман ар кандай ишти кылуудан мурда ошол иштин шаръий өкүмүн билип, андан соң ага карата мусулмандыгынан келип чыгып, ага ылайыктуу көрүнүштө өзүн калыптандырышы керек. Антпесе, ал киши мусулмандыкты дааба кылып жаткан жалганчы, мунафык болуп калат. Эгерде билбесе, анда билүүчүлөрдөн сурашы керек, «өзүм билип аламын » деп жүрүшү аят жана хадиске тескери келет. Аллах Таала айтат:

فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Эгерде билбесеңер зикр калкынан т.а. билгендерден сурагыла”.  [16:43] жана [21:7].

Расулуллах(с.а.в) Абу Давуддун Жабир (р.а)дан риваят кылган таяммум жөнүндөгү хадисинде:

«أَلاَ سَـأَلُوا إِذْ لَمْ يَعْلَمُوا فَإِنَّمَا شِفَاءُ الْعِيِّ السُّؤَالُ»

“Билишпесе, сурабаптыр да. Себеби, жахилдиктин дабаасы суроо”, – деген.

“Ислам аалымы” деген сөз – Аллах Тааланын амр-буйруктарын жакшы билген, өз коомуна салыштырмалуу шарият негизинде жашоону билүүчүрөөк адам деген мааанини түшүндүрөт.

Демек, “аалым” болсоң, үйрөт, даъват кыл. Буга Аллах Таала буюруп жатат:

ادْعُ إِلِى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُم بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ

«(Эй Мухаммад), Роббиңдин жолуна хикмат жана чырайлуу насаат менен даъват кылгын, алар менен эң жакшы жол аркылуу талкуу кылгын! Албетте, Роббиңдин Өзү Анын жолунан азган кимселерди абдан жакшы билет жана Ал Зат хидаят табуучу кишилерди да абдан жакшы билет». [16:125]

Хикмат – аклий хужжат т.а. хужжаты болбогон сөз аятка тескери болот. Чырайлуу насаат болсо көркөм эскертме. Т.а. адамдардын акылдарына хытаб кылган убакта алардын туйгуларын жана туйгуларына хытаб кылууда болсо алардын пикирлерин козгоо. Анткени ушул себептүү туйгулар пикирлер менен байланышып, толук көрүнүштөгү амал келип чыксын. Көркөм көрүнүштөгү талкуу болсо фикратка чектелген жана жеке адамдардын өздүгүнө өтпөй турган талкуу.

Ислам өкүмдөрүн билбеген кимсе жахил (билбеген) деп аталат. Мисалы, бүгүнкү күндө камсыздандыруу маселеси элдин баарына табышмак болууда, анын чечими Куран жана хадисте бар. Калк ушуну баян кылышыңды күтүп турат. Хужжатсыз сүйлөбө, себеби хужжатсыз өкүмдүн өзүн сүйлөшүң аятка тескери болушунан тышкары, үммөттү таклидге көнүктүрүү болуп эсептелет. Натыйжада, кафирлер бир алдамчы малайды башчы кылып коюп, үммөттү алдашына жардам берген болосун. Т.а. кафирлерге жардам берген болосуң. Мунун ачуу чындыгын башыбыздан көп жолу өткөрдүк. Камсыздандыруу сыяктуу көптөгөн маселелердин Исламдагы чечимин баян кылышыңды жакындарың күтүп жатат. Расулуллах (с.а.в)дын мындан башка иши болгон эмес, бул ишти улантууну дааба кылып жаткан соң, өз милдетиңди аткар. Үммөттү, сага ишенген адамдарды алдаймын деп аракет кылба, бекер эле убара болосуң. Аалымдыкты дааба кылган жахил болсоң, адамдарды алдап, натыйжада шерменде болосун. Өз акыйкатыңды моюнга алып, билгендерден сурап үйрөн, себеби, жахилдикте жүрүшүң «мусулманмын» деген сөзүңө да, аят жана хадиске да тескери болуп, өзүңө эле жаман. Өзүңдү өзүң алдаба! Дилиңдеги мерезди тазала! Аллах Таала айтат:

وَمِنْ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ ۩ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ۩ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمْ اللَّهُ مَرَضًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ ۩ وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ ۩ أَلَا إِنَّهُمْ هُمْ الْمُفْسِدُونَ وَلَكِنْ لَا يَشْعُرُونَ

“Адамдардын арасында ушундай кишилер да бар, өздөрү момун болбой туруп «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет. Алар Аллахты жана ыймандуу адамдарды алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын дилинде мерез бар эле, анан Аллах мерездерин дагы да ашырып койду. Алар үчүн жасаган жалгандарына байланыштуу жан чыдагыс азап бар. Аларга: «Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла» деп айтылса, «Биз түзөтүүчү-оңдоочубуз»  дешет. Байкагыла, булар албетте бузукулар, бирок өздөрү муну сезишпейт”. [2:8-12]

Гариб.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *