«Эй адамдар, Парвердигериңерге ибадат кылгыла»

Allah_mwn

Куран Керим сабактарынан:

إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَهْدِي لِلَّتِي هِيَ أَقْوَمُ

– «Албетте, бул Куран эң туура жолго хидаят кылат»

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ 

يَاأَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمْ

– «Эй адамдар, Парвердигериңерге ибадат кылгыла».

يَاأَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمْ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ۩ الَّذِي جَعَلَ لَكُمْ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنْ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنْ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَندَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ ۩ وَإِنْ كُنتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنتُمْ صَادِقِينَ ۩ فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ ۩ وَبَشِّرْ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا قَالُوا هَذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

– «Эй адамдар силерди жана силерден мурда өткөндөрдү таква ээлери болушуңар үчүн жараткан Парвердигериңерге ибадат кылгыла. Ал Зат силер үчүн жерди коломто, асманды баш панек кылып койду жана асмандан суу түшүрүп, анын жардамында силерге ырыскы болсун деп мөмөлөр чыгарды. Ошондуктан, биле туруп өзгөлөрдү Аллага теңдештирбегиле. Эгер биз пендебизге түшүргөн нерседен (Курандан) шекте-күмөндө болсоңор, анда ушуга окшогон бир эле сүрө келтиргиле жана Алладан башка күбөлөрүңөрдү (ишенгениңерди) чакыргыла – эгер чынчыл болсоңор. Эгер андай кыла албасаңар – эч качан кыла албайсыңар да – анда отуну адамдар жана таштар болгон капырлар үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула. Ыйман келтирип, жакшы амалдар кылган заттарга кушкабар  бериң, алар үчүн астыларынан дарыялар агып туруучу бактар бар. Качан ошол бактардын кайсы бир мөмөсүнөн ырыскыланышса (татып көрүшсө), «мурда татып көргөн нерсебиз-го»-дешет. Анткени, аларга бири-бирине окшогон мөмөлөр берилет жана алар үчүн бейиште пакиза-таза жубайлар бар. Ал заттар бейиште түбөлүк калышат». [2:21-25]

Бул аяттарда Алла жалла жалалуху адамдардын Анын өзүнө гана ибадат кылууларына буйруду. Ажап эмес, алар ушул ибадат себептүү Алла ыраазы боло турган таквалуу кишилер болсо деп баян кылды. (лаалла) тамгасы таражжий, т.а күтүп, үмүт кылуу маанисинде келсе да, бирок, бул сөз Алла Субханаху тарабынан айтылган убакытта сөзсүз ишке аша турган убада маанисинде жүрөт.

Кийин Алла Субханаху пенделерине өзүнүн аларды да, алардан мурдагы өткөндөрдү да жараткан Зат экендигин жана Ал Зат жер-асманды жаратып, жерди аларга тегиз коломто, асманды баш панек кылып койгондугун баян кылды. Бир нерсенин үстүндө болгон бардык нерсе өз астындагы нерсе үчүн асман эсептелет. Ошондуктан үйдүн шыбы жана төбөсү «ушул үйдүн асманы» деп да айтылат. Ушундан кийин, Алла Субханаху пенделерине өзүнүн аларага ырыскысын берүүчү Раззак (ырыскыландыруучу) экендигин эстетет. Анткени, Ал асмандан жамгырды түшүрүп, ал аркылуу мөмөлүү бардык эгиндерди чыгарат. Ушундай болгон соң, кандай кылып пенделер ушу Раззак Затка өзгөлөрдү тең жана окшош билип, Ага ибадат кылбай, ошол өзгөлөргө ибадат кылуулары мүмкүн? Акыры, өзгөлөр өздөрү жаратылган махлуктар болуп, алар эч бир нерсени жарата алышпайт. Ошондуктан эгер алар бул туурасында пикир жүргүзүшкөндө, Алла Субханахунун  жалгыз өзү теңи жана шериги болбогон жалгыз маъбуд (ибадат кылынуучу) экендигин албетте билишмек эле.

Андан кийин, Алла Субханаху пенделери үстүнө далил (факт) келтирүү үчүн аларды ушу Куран сүрөлөрүнө окшогон  бир сүрөнү келтирүүгө чакырды. Ошону менен бирге бул чакырыкка кошумча, Алладан башка өздөрү ишенгендерин чыкырышпасын, ага окшогон бир да сүрөнү таптакыр келтире албоолорун аларга маалым кылды.

Айтып өтүү орундуу болгон нерсе, Алла Субханаху аларды Меккеде да бир сүрө келтирүүлөрүнө чакырган эле. Ошондо,  буга кудурети жетпеди. Мына ошол чакырык Юнус сүрөсүндө келген эле:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِثْلِهِ وَادْعُوا مَنْ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

– «Же: «Аны (Мухаммад) токуп чыгарган» – дешеби?! Айтың (эй Мухаммад): «анда, эгер чынчыл болсоңор, Алладан өзгө күчүнөр жеткен бардык буттарды (жардамга) чакырып, ушуга (Куранга) окшогон бир эле сүрө келтиргиле». [10:38]

Бул жерде Бакара сүрөсүндө жана хижраттан кийин Алла Субханаху бул чакырыкты дагы бир жолу баса белгилеп жатат. Ошондуктан, Бакара сүрөсүндөгү бул аят каримада:

وَإِنْ كُنتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ

– «Эгер биз пендебизге түшүргөн нерседен (Курандан) шек-күмөндө болсоңор, анда ушуга окшогон бир гана сүрө келтиргиле». [2:23]

деп «мислихи» сөзүнөн мурда «мин» тамгасы иштетилди. Бул «мин» тамгасы болсо, бул жерде баса белгилеш маанисин билдирет. Анткени, зоида (кошумча) «мин» тамгасы баса белгилеш үчүн келет.(1) Бакара сүрөсүндөгү бул аят Юнус сүрөсүндө мурда келген бул чакырыкка баса белгилөө болгондугу үчүн да бул аяттан кийинки аят аларды Куран сүрөсүнө окшогон бир сүрөнү келтирүүдөн түбөлүк кудуретсиз экендиктерин даана көрсөтүп:

فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا

– «Эми эгер мындай кыла албасаңар – таптакыр кыла албайсыңар да»  [2:24]

– деп келди. Мындан максат – бул Улуу Куран алдынан да, артынан да батыл (жалган нерсе) жакын жолой албай турган Китеп болуп, Ал Азиз, Хамид (мактоо ээси) болгон Зат тарабынан түшүрүлгөндүгүнө, Алла Субханахунун сөзү экендигине катъий далилди келтирүү эле.

Мына ошондон кийин Алла Субханаху бул аяттардын акырында өзүнүн капырлар үчүн өтө чоң тозок отун, момундар үчүн болсо астынан дарыялар агып тура турган бейиш бактарын даярдап койгондугун баян кылды. Бул бейиш бактары момундардын көңүлү каалаган, жогору сапаттуу, көрктө жана даамдуулукта бири-бирине окшогон ар түрдүү мөмөлөрдөн турган ырыскыны өз ичине алышын, алардын ичинде жаман, сапаты төмөн мөмөлөр болбоосун, о.э. момундар үчүн бардык күнөө жана жагымсыз нерселерден таза болгон жубайлар болушун баян кылды.

Ушундан кийин Алла Субханаху өзүнүн чыныгы момун пенделери ошол бейиш бактарында дайымый неъматтарга жана баары жыргап пайдалана турган жакшылыктарга көмүлүп, түбүлөк калуу менен аларга фазл-карам көрсөткөндүгүн айтып өтөт.

Ушул жерде Алланын пайгамбарларды жибериши жана алардын мөжизалары жөнүндө бир токтолуп өтүү лазым болгондугу үчүн ушуларды айтып өтөбүз.

1) Эч кандай шексиз, Алла Субханаху махлуктарды (пенделерди) бир хикмат үчүн жаратты. Ал хикмат – Ага ибадат кылуу.

وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِي

– «Мен жин жана инсти (инсандарды) өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым»          [51:56]

2) Алла пайгамбарларды Өзүнө кандай ибадат кылуулары керектигин адамдарга баян кылуу үчүн жиберди. Анткени, Алланын рахматы (мээримдүүлүгү) адамдарга Алла Субханахунун буйруктарын жана кайтарууларын жеткизе турган бир пайгамбарды жибермейинче, эч кимди азаптабоону талап кылат.

وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا

– «Биз бир пайгамбарды жибермейинче, эч кимди азаптоочу эмеспиз».   [17:15]

وَرُسُلًا قَدْ قَصَصْنَاهُمْ عَلَيْكَ مِنْ قَبْلُ وَرُسُلًا لَمْ نَقْصُصْهُمْ عَلَيْكَ

– «Айрым пайгамбарлар жөнүндө сизге мурда икая кылдык, айрым пайгамбарларды болсо, сизге икая кылган жокпуз».  [4:164]

3) Алла Субханаху Өз пайгамбарларын адамдарга мөжизалар менен жиберип, аларды да ушундай мөжизаларды келтирүүгө чакырды. Мындан максат жиберилген мөжиза ээси болгон пайгамбардын Алла тарабынан келтирилген элчи экендигин катъий далил менен далилдөө.

Алланын хикматы өз элине келген пайгамбарлар менен бирге жиберилген, адамдарга чакырык болуп түшкөн мөжизанын чакырык даражасы жана ажыз калтыруу күчү дагы да күчтүүрөөк болушу үчүн, ошол элдеги эң чоң, эң маанилүү нерсе туурасында болушун талап кылат.

4) Мисалы, сыйкырдын Муса алайхис-салам доорундагы шайтан Фиръавн жана анын үй-бүлөсүнүн назарында өтө чоң мааниси бар эле. Ошондуктан Муса алайхис-саламдын мөжизасы да сыйкырга окшор эле.

فَأَلْقَى عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعْبَانٌ مُبِينٌ ۩ وَنَزَعَ يَدَهُ فَإِذَا هِيَ بَيْضَاءُ لِلنَّاظِرِينَ

– «Ошондо (Муса кармап турган) таягын таштаган эле, күтүлбөгөндө ал таяк чыныгы  ажыдарга айланды. Кийин колун (чөнтөгүнөн) чыгарган эле, күтүлбөгөндө ал карап тургандарга (күндөн да) аппак болуп көрүндү. (А негизи болсо, Муса кара-тору адам эле)». [7:107-108]

Ошондо Фиръавн өз мамлекетинде сыйкырдын өтө күчтүү болгондугу үчүн бул ишти өтө жеңил нерсе экен деп ойлоду да, Муса алайхис-саламдын мөжизасын жокко чыгаруу үчүн өзүндөгү сыйкырчыларды  топтоду:

قَالُوا أَرْجِهِ وَأَخَاهُ وَأَرْسِلْ فِي الْمَدَائِنِ حَاشِرِينَ ۩ يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَاحِرٍ عَلِيمٍ ۩ وَجَاءَ السَّحَرَةُ فِرْعَوْنَ قَالُوا إِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِنْ كُنَّا نَحْنُ الْغَالِبِينَ ۩ قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ لَمِنْ الْمُقَرَّبِينَ

– «Алар айтышты: «Аны жана агасы Харунду коё тургун да, бардык шаарларга (сыйкырчыларды) топтоп келе турган кишилерди жибергин, алар сага бардык сыйкырчыларды алып келсин». (Ошондон кийин) сыйкырчылар Фиръавндын алдына келишип: «Эгер биз жеңип чыксак, албетте, (чоң) сыйлык (бересиң)»,-дешти. Ал: «ооба, (эгер жеңип чыксалар), албетте, силер менин жакындарымдан болосуңар»-деди». [7:111-114]

Ушундан кийин Муса алайхис-салам ошол сыйкырчылар менен алардын майрам күнү, адамдардын өтө чоң жыйынында учурашты. Ошол жерде Алла сыйкырды жалганга чыгарып жок кылды жана өз пайгамбарынын мөжизасын жеңишке жетиштирди.

قَالَ أَلْقُوا فَلَمَّا أَلْقَوْا سَحَرُوا أَعْيُنَ النَّاسِ وَاسْتَرْهَبُوهُمْ وَجَاءُوا بِسِحْرٍ عَظِيمٍ ۩ وَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى أَنْ أَلْقِ عَصَاكَ فَإِذَا هِيَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ

– «Ал (Муса): «Силер таштагыла»-деди. Ошондо алар ташташканда, алар адамдардын көздөрүн боёп коркууга салып коюшту да зор сыйкыр көрсөтүштү. Биз Мусага: «Таягыңды таштагын»-деп вахй жибердик. Күтүлбөгөндө ал (ажыдарга айланган таяк) алардын токумаларын жута баштады». [7:116-117]

Ошол убакытта сыйкырчылар Муса алайхис-саламдын Алла тарабынан жиберилген чыныгы пайгамбар экендигин жана ал келтирген нерсе сыйкыр эместигин түшүнүп» жетишти да, бүткүл ааламдар Раббиси болгон Аллага ыйман келтиришти. Алардын ыйманы өтө укмуш бир ыйман болду. Себеби, алар мурда Фиръавнга эгер жеңип чыгышса, өздөрүнө өтө чоң белек беришин шарт кылып коюшкан эле. Азыр болсо, алардын дүйнөнү бүтүндөй унутушкандыктары жана Фиръавн аларды өлүм, асып жиберүү менен коркутса да чечкиндүү ыймандары таптакыр күчсүздөнбөй, эрки бүгүлбөстөн заалым шайтан Фиръавнга тик каршы чыгып жатышканын көрүп турабыз.

لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ مِنْ خِلَافٍ ثُمَّ لَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ ۩ قَالُوا إِنَّا إِلَى رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ ۩ وَمَا تَنقِمُ مِنَّا إِلَّا أَنْ آمَنَّا بِآيَاتِ رَبِّنَا لَمَّا جَاءَتْنَا رَبَّنَا أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًا وَتَوَفَّنَا مُسْلِمِينَ

– «Албетте, буту колдоруңарды карама-каршысына (оң кол, сол бутуңарды) кесемин, кийин силердин  баарыңарды дарга асамын»-деди. Алар айтышты: «Албетте биз первердигерибизге кайтабыз (эми сен бизди өлүм менен коркута албайсың). Сен бизден Парвердигерибиздин аяттары келгенде, аларга ыйман келтиргенибиз үчүн гана өч алмактасың. Оо Парвардигерибиз, үстүбүздөн сабыр-канаатты жаадыргын жана бизди мусулман болгон абалыбызда гана өлтүргүн!». [7:124-126]

فَاقْضِ مَا أَنْتَ قَاضٍ إِنَّمَا تَقْضِي هَذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا

– «Эми, кыла турган өкүмүңдү кыла бер, сен мына ушул дүйнө турмушунда гана өкүм кыласың». [20:72]

5) Иса алайхис-саламдоорунда болсо таапчылыкка (медицинага) катуу көңүл бурулар эле. Тааптар өлүктөрдү гана тирилтүүгө, көр жана пестерди гана дабалоого кудурети жетпес эле. Ошондуктан, Иса алайхис-саламдын мөжизасы алардагы мына ушул эң чоң илим үстүндө күчтүү, ачык-айкын чакырык болуп келди.

وَرَسُولًا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنِّي قَدْ جِئْتُكُمْ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ أَنِّي أَخْلُقُ لَكُمْ مِنْ الطِّينِ كَهَيْئَةِ الطَّيْرِ فَأَنفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيْرًا بِإِذْنِ اللَّهِ وَأُبْرِئُ الْأَكْمَهَ وَالْأَبْرَصَ وَأُحْيِ الْمَوْتَى بِإِذْنِ اللهِ

– «Аны Бани Израилге пайгамбар кылат. (Иса Бани Израилге айтат): «Мен (өзүмдүн  чыныгы пайгамбар экемдигим жөнүндө) силерге парвардигериңерден аят-далил келтирдим: мен силерге ылайдан куштун келбетин жасап, ага үйлөсөм (дем салсам), ал Алланын уруксаты менен чыныгы куш болот. Жана дагы көр, пес, кеселдерди дабалай аламын жана Алланын уруксаты менен өлүктү тирилтемин». [3:49]

Капырлар Иса алайхис-саламды өлтүрүүгө аракет кылышкан убакытта башка бирөө ага окшотуп коюлду жана Алла аларга аны өлтүрүүдө же асып жиберүүдө мүмкүнчүлүк бербеди, балким, Алла аны өз алдына көтөрдү жана алардын жамандыктарынан куткарды:

وَقَوْلِهِمْ إِنَّا قَتَلْنَا الْمَسِيحَ عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ رَسُولَ اللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَكِنْ شُبِّهَ لَهُمْ وَإِنَّ الَّذِينَ اخْتَلَفُوا فِيهِ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ مَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ إِلَّا اتِّبَاعَ الظَّنِّ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينًا ۩ بَلْ رَفَعَهُ اللَّهُ إِلَيْهِ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا

– «О.э. Алланын пайгамбары болгон Ал-Масих Иса бинни Марямды «биз өлтүргөнбүз»-деген сөздөрү себептүү (Биз аларды лаанаттадык). Бирок, алар аны өлтүрүшкөн да жок, асышкан да жок. Болгону алар үчүн (башка бирөө Исага) окшотулуп коюлду гана. Албетте, Иса жөнүндө талашып тартыша турган кимселер анын (өлтүрүлгөн – өлтүрүлбөгөндүгү) жөнүндө күмөндө калышкан. Ал туурасында күмөнгө-шекке гана түшүшөт. Аны өлтүрүшпөгөнү анык, балким, аны Алла өзүнүн алдына көтөрүп алган. Алла кудурет жана хикмат ээси болгон Зат». [4:157-158]

Иса алайхис-саламдын сахабаларынын ыйманы да ушундай бир укмуш ыйман болгон эле. Ошондуктан, пайгамбарыбыз с.а.в: «Исанын сахабалары сыяктуу болгула, алар араалар менен арааланышты жана жыгачтарга асылышты. Жаным колунда болгон Затка касам, албетте, Алла жолундагы бир өлүм, анын маъсиятында (т.а. ага күнөөкөр болуп) жашагандан көрө жакшыраак»,(2) – деди.

6) Расулулла с.а.в доорунда болсо, арабтардын фасохат (тил чеберчилиги) жана сөз баянындагы чыгармачылык өнөрү өтө өнүккөн эле. Алар бул туурасында базарлар уюштуруп,  бул базарларда эң жагымдуу, өзүнө тартуучу жана эң жеткиликтүү сөздөр боюнча бири-бири менен мелдешишчү эле. Ошол үчүн Мухаммад с.а.вдын мөжизасы – Алланын ал кишиге, ошол арабтардын сөздөрү жынсынан болгон, аларга тилават кылына турган Куран болду. Пайгамбарыбыз аларды Куранга окшогон китеп келтирүүлөрүнө чакырганда, алар буга эч бир жол таба алышпады. Ооба ушундай, Пайгамбарыбыз аларды элден мурда Куранга окшош китеп келтирүүгө чакырды:

قُلْ لَئِنْ اجْتَمَعَتْ الْإِنسُ وَالْجِنُّ عَلَى أَنْ يَأْتُوا بِمِثْلِ هَذَا الْقُرْآنِ لَا يَأْتُونَ بِمِثْلِهِ وَلَوْ كَانَ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍ ظَهِيرًا

– «Айтың, эгер бардык инсандар – жиндер мына ушул Курандын окшошун келтирүү жолунда биригип, бири –бирине жардам беришсе да, анын окшошун келтире алышпайт». [17:88]

Андан соң, Пайгамбарыбыз аларды Куранга окшош он сүрө келтирүүгө чакырды:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِعَشْرِ سُوَرٍ مِثْلِهِ مُفْتَرَيَاتٍ وَادْعُوا مَنْ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنتُمْ صَادِقِينَ

– «Же: «Аны (т.а. Куранды Мухаммад) токуп чыгарган», – дешеби? Айтың: «Анда, эгер чынчыл болсоңор, Алладан өзгө күчүңөр жеткен бардык буттарды (жардамга) чакырып, ушуга окшогон он гана токулган сүрө келтиргиле!». [11:13]

Андан кийин ага окшогон  бир гана сүрө келтирүүлөрүнө чакырды:

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِثْلِهِ وَادْعُوا مَنْ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِين

– «Же: «Аны (Мухаммад) токуп чыгарган»-дешеби?! Айтың (эй Мухаммад): «Анда эгер чынчыл болсоңор, Алладан өзгө күчүңөр жеткен бардык буттарды (жардамга) чакырып, ушул (Куранга) окшогон бир гана сүрө келтиргиле!». [10:38]

Расулулла с.а.вдын даъватын жок кылууга өтө-өтө муктаж болуп турган бул кимселер, эгер алардын колунан келгенде, Куранга окшогон бир сүрө келтиришер эле. Бул чакырык ажыз калтыруу болсо, арабтар ушундай чакырык жана ажыз калтыруу маанисин аябай жакшы биле  турган акхох (нукура, таза араб тилинде сүйлөөчү) болгон бир убакытта жүз берди. Ошондуктан, Куранга окшогон бир гана сүрөнү келтирүүгө кудурети жетпегенден кийин, Курандын Алла тарабынан жиберилгендигин билишти. Натыйжада, алардын ыйманы да ушундай бир укмуш ыйман болду. Алар Алла жолунда эч бир жаман атты кылуучунун жаман атты кылышынан коркпой турган болушту. Аллага жана анын Расулуна ыйман келтиришкендиктери үчүн Расулулла с.а.вдын: «Сабыр кылгыла, Эй Ёсир үй-бүлөсү, албетте, силерге убада кылынган жай – бейиш»(3) – деген сөзүн угуп, бейиштеги ак өргөөлөрдү өз көздөрү менен көрүп тургандай сабыр кылып, шейит болушар эле. Бир сахаба болсо Алла жолунда катуу азаптанып жатып, анын тилинде жалаң Ахад, Ахад (Алла жалгыз, Алла жалгыз) деген сөздөр гана айланар эле. Башка бир сахаба болсо, тирүү бойдон эти майда-майда кылып кесип алынып жатса, аскар тоолор сыяктуу бекем турар эле. Капырлар анын бир гана нерсени арзуу-үмүт кылышынын эсебине, т.а. ал азаптанып жаткан мына ушул орунда Расулулла с.а.вдын болушун, өзү болсо сак-саламат үй-бүлөсүнүн кучагында болушун, ушундай жөн гана арзуу-үмүт кылып коюшунун эсебине азат кылып, коюп жиберүүлөрүн айтышып аны көндүрүү үмүтүндө жаны калбай аракет кылышканда ал – ага Алланын ыраазылыгы болсун – «Аллага ант ичип айтам, Мухаммад алайхис-салам азыр менин ордумда болушун каалашым тыякта турсун, ал тургай, өзүм үй-бүлөмдүн кучагында тынч-аман отурган чагымда да, ал кишиге оорута турган бир тикендин киришин да каалабаймын»- деген эле. Ошондо Абу Суфён: «Мен адамдардын арасынан Мухаммаддын сахабалары Мухаммадды жакшы көргөндөй жакшы көрө турган эч бир кишини көрбөдүм»-деди. Ошондон кийин ал сахабаны өлтүрүштү.  Ал Алланын рахматы менен шейит болду».(4) Ошондуктан да Алла аларды өз дини менен азиз кылды жана өз нусраты (жеңиши) менен аларга жардам берди. Натыйжада, алар эки дүйнө бак-таалайына жетишишти. Жакшы амал кылуучулардын ажр-сыйлыгы кандай жакшы.

7) Мына ушул мөжизалар пайгамбарлар үчүн алардын чыныгы пайгамбар экендигине катъий далил болду. Бирок, мурда өткөн пайгамбарлардын мөжизалары убактылуу болуп, алардын өз коомдорунун – элинин арасындагы рисалаты (пайгамбарлыгы) бүткөндөн кийин улантылбай токтоп калар эле. Ал эми Расулулла с.а.вдын мөжизасы болсо түбөлүктүү болуп, бардык доордо, бардык жерде, бардык адамдарга чакырык болуп жаңырып тура берет. Анткени, Ислам рисалаты – рисалаттардын акыркысы жана кыямат күнүнө чейин бардык адамдар үчүн жиберилген рисалат. Мурда өткөн пайгамбарлардын рисалаттары болсо, өздөрүнүн коомуна-элине гана чектелген эле. Ошон үчүн Пайгамбарыбыз с.а.в: «Мага менден мурда эч бир кишиге берилбеген беш нерсе берилди: Ар бир пайгамбар өзүнүн чектелген коомуна-элине чектелген эле. Мен болсо, бардык кызыл, кара (адамдар жана жиндерге) пайгамбар кылып жиберилдим. Мага ганимат-олжолор адал кылынды, менден мурдагы бир да пайгамбарга адал кылынбаган эле. Мага жер жүзү таза же мечит (сежде кыла турган жай) кылып коюлду. Ошондуктан, кайсы кишиге намаз убактысы жетсе, кайсы жерде болсо да намаз окуп кете берет. Мага дагы бир айлык жерден туруп душманга коркуу салуу менен нусрат (жеңиш) берилди, о.э. мага дагы шапаат кылуу да берилди». (5)

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ

– «Эй (Мухаммад), чындыгында эле биз сизди бардык ааламдарга рахмат (т.а. Алланын рахмат бейишине жетелөөчү) кылып жибердик». [21:107]

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا

– «(Эй Мухаммад), Биз сизди эч кандай шексиз бардык адамдарга (момундарга бейиш жөнүндө) куш кабар алып келүүчү, (капырларды болсо тозок азабынан) кулактандыруучу болгон пайгамбар кылып жибердик».  [34:28]

Демек, бул Улуу Куран – Расулулла с.а.вдын мөжизасы жана Алла Субханахунун сөзү.

هَذَا بَيَانٌ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِلْمُتَّقِينَ

– «Бул (Куран) адамдар үчүн туура жолду баян кылуучу жана таква ээлери үчүн хидаят жана насаат». [3:138]

إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَهْدِي لِلَّتِي هِيَ أَقْوَمُ وَيُبَشِّرُ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا كَبِيرًا

– «Албетте, бул Куран эң туура жолго хидаят кылат жана жакшы амалдарды кыла турган момундарга чоң ажр-сыйлыктар бар экендигинин куш кабарын берет». [17:9]


  • Куранда маанисиз бир да кайталоо же ашыкчалык жок. Ошондуктан Куранда келген ар бир сөз кайталоого же ашыкчага окшоп көрүнсө да, ал негизи кандайдыр бир маанини кошумча кылуу болот. Мисалы, «мин» сөзү сыяктуу. Анткени, таъкидтеш (баса белгилеш) маанисин кошумча кылуу үчүн, т.а. мурда башка сүрөдө өткөн чакырык маанисин таъкидтеш үчүн келип жатат.
  • Ал Мужам ас-сагир китеби 749 бет, Ал Мужам ал-Кабир китебинде 9/20, Шамдыктар (Суриялыктар) муснады 658.
  • Ал Мустадрак китеби 3/ 383, Ал Матолибул олия китеби 4034, Ал-Хиля китеби 1/140.
  • Ибн Хишамдын Сийрат аттуу китеби 3/181.
  • Бухарий 323, Муслим 810

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *