Алар өздөрүн гана алдашат

alar-ozdodun-gana-aldashat

Куран Керим сабагында:

إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَهْدِي لِلَّتِي هِيَ أَقْوَمُ

«Албетте бул Куран эң туура жолго хидаят кылат».

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ 

Алар өздөрүн гана алдашат

وَمِنْ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ ۩ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلاَّ أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ۩ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمْ اللَّهُ مَرَضًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ ۩ وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ ۩ أَلَا إِنَّهُمْ هُمْ الْمُفْسِدُونَ وَلَكِنْ لاَ يَشْعُرُونَ۩  وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا كَمَا آمَنَ النَّاسُ قَالُوا أَنُؤْمِنُ كَمَا آمَنَ السُّفَهَاءُ أَلاَ إِنَّهُمْ هُمْ السُّفَهَاءُ وَلَكِنْ لاَ يَعْلَمُونَ ۩  وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَى شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ  ۩ اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ وَيَمُدُّهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ ۩ أُوْلَئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوْا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَى فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينََ

– «Адамдардын арасында ушундай да кимселер бар, өздөрү момун болбогон абалда «Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет. Алар Алланы жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын дилдеринде мерез-ооруу бар эле, анан, Алла мерездерин дагы да ашырып койду. Алар үчүн кылган жалгандары себептүү жан чыдагыс азап бар. Аларга: «Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла» – делинсе, «Биз түзөтүүчүбүз, оңдоочубуз», – дешет. Билип койгула, алар албетте бузукулар, бирок өздөрү муну сезишпейт. Аларга: «Мына бул адамдардай ыйман келтиргиле», – делинсе, «Ушул паскечтерге окшоп момун болобузбу?» – дешет. Билип койгула, алардын өздөрү пас адамдар, бирок, муну билишпейт. Ыйман келтирген заттарга жолугушканда: «Биз да ыйман келтирдик», – дешет. Өздөрүнүн шайтандары (башчылары) менен ээн калганда болсо: «Биз албетте силер менен биргебиз, болгону (алардын үстүнөн) күлүүдөбүз», – дешет. Алла алардын үстүнөн күлөт жана өздөрүнүн чектен чыгууларында адашып-кеңгиреп жүрүүлөрүн улантып коёт. Алар туура жолдун ордуна адашууну сатып алган кимселер болуп, бул соодаларында пайда көрүшпөдү жана туура жолго жүрүүчүлөрдөн болушпады».    [2:8-16]

Алла Субханаху бизге бул сүрөнүн башында момундардын акыбалын маалым кылгандан кийин, андан соң капырлардын акыбалын баяндагандан кийин, шаани улуу болгон Алла бул аяттарда мунафыктардын акыбалын айтты. Себеби, мунафыктар өздөрүн сыртынан ыйман келтиргендей кылып көрсөтүшүп, куфрларын жашырып, Алланы о.э. ыймандуу кишилерди алдамакчы болушар эле. Бирок, алар болгону өздөрүн гана алдашчу. О.э. дилдериндеги акыйдалары мерез акыйдалар болуп, шек жана күмөн менен толуп ташкан эле. Алар өздөрүн «түзөтүүчүлөр» деп дааба кылышар эле. Негизи, түпкүлүгүндө алар бузукулук таркатуучу бузуку кишилер эле. Алар калпычылык менен ыйман келтирдик дешер эле, чындыкта болсо, алар момундардын үстүнөн күлүшөр эле. Кийин Алла Субханаху Өзүнүн алардын үстүнөн күлүп жаткандыгын жана алардын соодалары зыяндан тургандыгын, алар болсо эч шексиз адашууда экендиктерин бизге маалым кылды.

  1. Бул аяттарда төмөнкү маселелер ачык көрүнөт:

يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ

– «Алар Алланы жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрүн гана алдашат».        [2:9]

مُخَا دَعَةٌ – «бири-бирин алдоо» сөзү араб тилинде مُفَاعَلَةٌ бабынан болуп, бул бапта иш эки тарап ортосунда жүз берет, демек, алдоо иши да бул бапта эки тараптын ортосунда жүз берип, эки тараптын тең ар бири экинчи тарапты алдайт. Ушундай болгондон кийин, бул нерсе бир тараптан Алла Субханаху жана момундар, экинчи тараптан болсо мунафыктар ортосунда кандай жүз берген болот?!

خَدْعٌ сөзү түпкүлүгүндө жашырып, жашыруун кылуу жана анык эмес кылуу маанисин түшүндүрөт. Бул болсо, момундар менен мунафыктардын ортосунда жүз бериши мүмкүн болгон иш. Себеби, мунафык өзүн Исламга киргендей кылып көрсөтөт жана куфрун момундардан жашырып, жашыруун тутат. О.э. момун киши да, капырлар жана мунафыктардан белгилүү бир иштерди жашырып, жашыруун кылат жана алардын күмөнүн башка бир ишке буруп, аларды чалгытат. Куду ушундай абал, мисалы, урушта жүз берет. Себеби, хадисте айтылгандай, «Уруш – алдоо». (1) Бирок, мунафыктардын Алла Субханахуну алдоого урунуулары жөнүндөгү суроого токтолуп өтүү лаазым. Бул маселеге назар таштоо менен Алланын мунафыктарды «алдоосу» аларды өздөрү билбей кала турган тараптан аста-секин өлүмгө алып барып коюшу экендиги маалым болот.

وَالَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا سَنَسْتَدْرِجُهُمْ مِنْ حَيْثُ لاَ يَعْلَمُونَ

– «Биздин аяттарыбызды жалган деген кимселерди болсо, өздөрү билбей кала турган тараптан аста-секин өлүмгө алып барабыз».                                                                                         [7:182]

 Мал-дүйнө, сак-саламаттык жана ак сарайлар мунафыктарга түпкүлүгүндө бир жамандык жана жогорудагы аятта келгендей, аларды тозокко алып бара турган жол болуп турган бир учурда, мунафыктарды өздөрүндөгү мал-дүйнө, сак-саламаттык жана ак сарайларды өздөрү үчүн бир жакшылык деген күмөнгө салып коюу менен да Алла Субханаху аларды алдап коёт:

وَلاَ يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ خَيْرٌ لِأَنْفُسِهِمْ إِنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ لِيَزْدَادُوا إِثْمًا وَلَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

– «Куфр жолун туткан кимселер аларга берген мөөнөтүбүздү эч качан өздөрү үчүн жакшылык деп эсептешпесин. Тескерисинче, Биз аларга жалаң күнөөлөрүн ашыруулары үчүн гана мөөнөт беребиз. Алар үчүн кор кылуучу азап бар». [3:178]

Демек, бул нерсе:

إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ

– «Албетте мунафыктар Алланы алдамакчы болушат. Негизи, Алла аларды алдап коюучу». [4:142]

– деген аятта келгениндей, Алланын мунафыктарды алдап коюшу.

Эми мунафыктардын Алла Субханаху ва Тааланы алдамакчы болгондук-тарына келсек, Аллага бир да нерсе жашыруун эмес. Ошондктан, бул орунда иш тереңирээк талкууга муктаж болот. Бул аятты көңүл коюу менен күзөтүү аркылуу ушул нерсе маалым болот, Алла Субханаху يَخْدَعُونَ اللهَ وَالَّذِيْنَ آمَنُوا – т.а. Алланы жана ыймандуу кишилерди алдашат – деген жок, балким:

يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ

– «Алар Алланы жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрүн гана алдашат».        [2:9]

– деди. Себеби, бул аяттагы يُخَادِعُونَ этиштин масдары مُخَادَعَةٌ болуп, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, مُفَاعَلَةٌ бабында келүүдө. Бул бап болсо иштин сөзсүз жүзөгө чыкканын түшүндүрбөйт. Ошондуктан, «алдоо» иши жүзөгө чыкканын түшүндүрбөйт, балким, болгону алдоого урунуу жүз бергендигин түшүндүрөт. Мисалы قَاتَلَ زَيْدٌعَمْرًا – «Зайд Амр менен өз ара урушту» делсе, бул сөздөн өз ара урушуу жүз бергендиги түшүнүлөт. Бирок бул сөз Зайд Амрды өлтүрүп койгондугун түшүндүрбөйт, балким, аны өлтүрүшү да мүмкүн же атаандашын өлтүрбөй өзүн өлтүрүшү да мүмкүн. Бул аятта да маани куду ушундай болот. Себеби, мунафыктар Алланы жана момундарды алдамакчы болушат, бирок, алар акыры натыйжада өздөрүн гана алдашат. Анткени, Алла Субханаху алар жашырган нерсени да, ашкере кылган нерселерин да билет. Демек, алар Алла Субханахудан бирер нерсени жашырып, жашыруун кылышка кадыр боло алышпайт. Ошондуктан, Алла Субханаху аларды өздөрү татыктуу болгон азап менен жазалайт, алдоого урунуулары болсо, өздөрүнүн үстүнө балекет болуп түшөт.

Ушул жерден бир нерсеге этибар каратып өтөбүз. Ал нерсе – мунафык-тардын момундарды алдоого жетишүүлөрү мүмкүн болгон иш. Ошон үчүн:

يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ

– «Алар Алланы жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрүн гана алдашат».        [2:9]

– деген аяттын сүйлөм түзүшү жана мазмунунан бир түшүнүк келип чыгат. Т.а. мунафыктардын Алла Субханахуну алдоолору таптакыр мүмкүн эместиги анык, катъий нерсе, ал эми, момундарды алдоосу болсо мүмкүн болгон иш. Бул болсо үстүртөн Алла Субханахудан келген وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ – жана алар өздөрүн гана алдашат – деген кабарга тескери болуп калууда. Сөз сүйлөөчүнүн, т.а. Алла Субханахунун ырас сүйлөшү зарылдыгы болсо сөз мазмунунан бир түшүнүк чыгышын талап кылат. Бул болсо دَلاَلَة إقْتِضَاء – талап кылуу далалаты – деп атала турган нерсе, т.а. бул аяттагы кабар талап маанисине айланып калат. Ошондуктан, анын мааниси бул абалда: «эй момундар, мунафыктарга ишенип, тынч-бейгам болушуңар жана аларга алданып калышыңар же алар менен достук мамиледе болушуңар силерге арам, балким, аң-сезимдүүлүк жана сактык даражасында болгула жана аларга силерди алдоо мүмкүнчүлүгүн бербегиле» – деген мазмунду берет.

فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمْ اللَّهُ مَرَضًا

– «Алардын дилдеринде мерез бар эле, анан, Алла мерездерин дагы да ашырып койду».      [2:10]

Мунафыктардын дилдериндеги мерез эч шексиз, алардын акыйдасындагы, т.а. алардын дилдеринде болгон мерез. Бул акыйда деген сөз болсо قُلُوبِهِمْ сөзүнө музаф (кошулган) сөз жана түшүрүп калтырылган. Демек, бул мерез алардын дилдериндеги акыйданын мерез экендиги. Себеби, ал каны-жандагы мерез эмес, балким, акыйдадагы таюу, шек, күмөн жана залалат мерези. Ошондуктан, качан Алла Таала өтөөлөрү парз болгон бир нерсени парз кылса же кылуулары лаазым болгон бирер хад – шаръий өкүмдү баяндаса, же Алла мунафыктардын чыныгы жүзүн ачып таштоо менен аларды шерменде кылса, алардын мерези дагы да ашып барат. Себеби, алар бирер жаңы парзды өтөөгө же жыхатка чыгууга же өздөрүнө колдонулуп жаткан бирер хадка амал кылууга буюрулушса, камтама болушуп, бул нерселерди өтөөдөн моюн толгошот. Демек, мына ушул нерсе Алла Субханаху:

وَإِذَا مَا أُنزِلَتْ سُورَةٌ فَمِنْهُمْ مَنْ يَقُولُ أَيُّكُمْ زَادَتْهُ هَذِهِ إِيمَانًا فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَزَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَهُمْ يَسْتَبْشِرُونَ ۩ وَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَتْهُمْ رِجْسًا إِلَى رِجْسِهِمْ وَمَاتُوا وَهُمْ كَافِرُونَ

– «Качан бирер сүрө түшүрүлсө, алардан (мунафыктардан) болгон кимселер (маскара кылышып): «Кана, бул сүрө кайсы бириңердин ыйманыңарды ашырып жиберди?» – дешет. Анан ал (сүрө) ыйман келтирген заттардын ыймандарын албетте ашырат жана алар кубаныч-шаттыкта болушат. Ал эми, дилдеринде мерез болгон кимселерди болсо, динсиздиктерине дагы да динсиздик кошот жана алар капыр абалдарында өлүшөт». [8:124-125]

– деп айткандай, алардын мерезинин дагы да ашып көбөйүшү.

  1. Алла Субханаху мунафыктардын «биз түзөтүүчүлөрбүз» деген даабаларын катуу каралап, катъиян четке какты:

أَلاَ إِنَّهُمْ هُمْ الْمُفْسِدُونَ وَلَكِنْ لاَ يَشْعُرُونَ

– «Билип койгула, алар албетте бузукулар, бирок өздөрү муну сезишпейт». [2:12]

Ошондуктан, алардын жалган ыймандарын да катъиян четке какты:

أَلاَ إِنَّهُمْ هُمْ السُّفَهَاءُ وَلَكِنْ لاَ يَعْلَمُونَ

– «Билип койгула, алардын өздөрү пас (төмөн-жүхү кара) кимселер, бирок муну билишпейт».         [2:13]

Алла Субханаху бул аятта لاَ يَعْلَمُونَ – «муну билишпейт» – деген сөздү айт-ты. Мурунку келген аятта болсо لاَ يَشْعُرُونَ – «муну сезишпейт» – деген сөздү айткан эле. Себеби, Алла Таала бул аятта «төмөндүк» деген сөздү айтты, төмөндүк болсо караңгылык. Ошондуктан, «билүү» сөзүн аны менен бирге айтуу, ага абдан чырайлуу таризде ылайык-дал келет. Себеби, ыйман чукур назар таштоо жана далил келтирүүгө, т.а. билүүгө муктаж болот. Ошондук-тан, لا َيَعْلَمُونَ – «муну билишпейт» сөзү бул жерде абдан орундуу болот. Ал эми, жер жүзүндө фасад-бузукулук кылуу болсо, сезүүгө, т.а. шуъурга таянат жана ал сезүү аркылуу даана көзгө көрүнөт. Ошондуктан, لاَ يَشْعُرُونَ – «муну сезишпейт» сөзү бул жерде абдан орундуу болот.

اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ وَيَمُدُّهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ ۩ أُوْلَئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوْا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَى فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ

– «Алла алардын үстүнөн күлөт жана өздөрүнүн чектен чыгууларында адашып-кеңгиреп жүрүүлөрүн улантып коёт. Алар туура жолдун ордуна адашууну сатып алган кимселер болуп, бул соодаларында пайда көрүшпөдү жана туура жолго жүрүүчүлөрдөн болушпады».                                                         [2:15-16]

Т.а. Алла Субханаху мунафыктардын момундардын үстүнөн күлгөндүктөрүнө жооп кылып, алардын өзүнүн үстүнөн күлүү менен аларды жазалайт. Себеби, Алла Таала истехза т.а. маскаралап күлүүгө бериле турган жазаны истехза б.а. «ошол маскаралап күлүүчү кимселердин өздөрүнүн үстүнөн күлүү» деп атады. Бул болсо Алла Тааланын:

وَجَزَاءُ سَيِّئَةٍ سَيِّئَةٌ مِثْلُهَا

– «(Ар кандай) жамандыктын жазасы куду өзүнө окшогон жамандык». [42:40]

– деген сөзүнө жана:

فَمَنْ اعْتَدَى عَلَيْكُمْ فَاعْتَدُوا عَلَيْهِ بِمِثْلِ مَا اعْتَدَى عَلَيْكُمْ

– «Демек, ким силерге каршы чектен чыкса, силер да аларга каршы чектен чыккандарына жараша чектен чыга бергиле». [2:194]

– деген сөзүнө окшойт. Жаза берүү акыйкатын айтканда (түпкүлүгүндө) жамандык же чектен чыгуу болбосо да, Алла Субханаху бул аяттарда жамандыктын жазасы – жамандык, чектен чыгуунун жазасы – чектен чыгуу деп атады. Бул сөздөр бул аяттарда араб тилинин эрежелерине ылайык өтмө мааниде иштетилүүдө. Алла Тааланын يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ – «алардын үстүнөн күлөт» – деген сөзүнүн мурунку сөздөргө атф болбой (байланбай) өзүнчө бөлөк башталышы өтө күчтүү маанини берет. Анткени, Алла Субханаху мунафыктардын үстүнөн абдан жетик истихза менен күлөт. Алланын үлгүлүү жазалары алардын үстүнө саатма-саат түшүп тургандыгы үчүн Алла алардын үстүнөн тынымсыз күлөт, – делинет. Ушул себептен, Алла Субханаху аларга бериле турган үлгүлүү жаза катуураак, күчтүүрөөк болушу үчүн мунафыктар إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ – «болгону (алардын үстүнөн) күлүүдөбүз» – деп айткандарындай, اللَّهُ مَُسْتَهْزِئُ – «Алла алардын үстүнөн күлүүчү» – деген жок, балким, اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ – «Алла алардын үстүнөн күлөт» – деди. Ошон үчүн бул аятта мунафыктардын өз залалаттарында уланууларын айтууда, т.а. куфрлары жана залалаттарында уланууларын жана андан чыгуу жолун таба алышпай, айран-таң калып, экиленип туруп калышат.

Ошондон кийин, Алла Субханаху мунафыктардын хидаяттын ордуна(2) залалатты сатып алышканын, ошондуктан, өздөрүнүн бул соодаларында зыянга учурагандыктары себептүү бул дүйнөдө да зыянга учурагандыктарын, хидаяттарын жоготуп зыян көрүүлөрү себептүү, акыретте да зыян көрүшөрүн баян кылып берди. Бул болсо анык-ачык зыян.


  1. Бухарий: 2803; Муслим: 1771
  2. Эки нерсени бири-бирине алмаштыруу учурунда, ошол алмаштырылып жаткан эки нерсенин бирине араб тилинде ب тамгасынын уланып келиши, ب тамгасы уланган ошол нерсени башка нерсеге алмаштырылып жиберилгенин жана колдон чыккандыгын түшүндүрөт. Алмаштырып жиберип, колдон чыккан нерсе ордуна алган нерсеге болсо ب тамгасы кирбейт, т.а. اشْتَرَوْا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَى аяты ошол мунафыктардын хидаятты пайда кылуу ордуна залалатты пайда кылгандыктарын түшүндүрөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *