Улуу Пайгамбар с.а.вдын улуу позициясы

SAV

Улуу Пайгамбар с.а.вдын улуу позициясы

Биз биерде бир чыныгы күчтүү позиция жөнүндө сөз жүргүзүү бактысына ээбиз. Бул позиция чыныгы, күчтүү далалат-мазмунга ээ. Бул позиция болсо, Пайгамбарыбыздын – ал кишиге эң жакшы салаваттар жана саламдар болсун – өз сахабалары менен туткан позициялсы. Пайгамбарыбыздын бул сахабалары Ухуд согушундагы согуш майданында, өтө оор бир убакытта, т.а. ушул согуш маалындагы тыгыз бир саатта, мусулмандар жеңилип жаткан учурда, кайраттуулук менен бекем турушту.

Себеби, Ухуд тоосунда турган жаа аткычтар тарабынан кылынган тескери иш тутуудан кийин, Курайштын калган-куткан кошууну Холид ибн Валиддин башчылыгында – ошол кезде Холид куфрда эле – бул алтын учурдан туура пайдаланып, мусулмандардын үстүнө таштанды жана алардын арасына өлтүрүү, кыргын салуу куралын ишке салды. Мунун акыбетинде мусулмандар оор кырдалдын айынан жана эч бир билбеген, күтүлбөгөн тараптан өздөрүнүн үстүнө түшкөн оор сокку себептүү алардын алдынан ар тарапка чачылып чачкын болуп кетишти. Бирок, эч бир заман чыныгы эркектерсиз болбогон. Мындай эркектер жалаң ыйманды гана тан алышат, өлүмдү эсепке да алып отурушпайт. Ошондуктан, алсыздык жана коркоктук алардын жүрөгүнө эч бир жол таба албайт. Ошол себептен алардагы позиция бирөө гана болот, анын экинчиси болбойт: же жеңиш, же Алланын жолунда шейит кетүү.

مِنْ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً

– «Момундар арасында өздөрү Аллага берген (Ал Заттын жолунда жыхат кылып, шейит болуу жөнүндөгү) убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан алардан айрым кишилер өз убадасын аткарды (т.а. шейит болушту), алардан айрым кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп, Аллага берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок».  [33:23]

Акыйкатта Пайгамбарыбыз – ал кишиге эң жакшы салаваттар жана саламдар болсун – өз сахабаларынын аз гана тобу менен өлүм чеңгелинде, куфрдун өтө чоң курчоосунда, өз айланасындагы кишилерге кыйкырып, кайраттуулук менен турду. Себеби, капырлардын мына ошол чоң тобу, Пайгамбар с.а.вды курчап алып, ал кишини өлтүрмөкчү болушту. Пайгамбар алейхис-салам болсо, бийик добушу менен: «Эй Алланын пенделери, менин алдыма келгиле… Эй Алланын пенделери, менин алдыма келгиле», – деп чакырган абалда, чыныгы берилган, ишенимдүү момундардын аз гана тобу менен бекем турар эле.

Ибн Касир өзүнүн «Сийрат» аттуу китебинде рыбаят кылып мындай дейт: Ибн Камъа Ал-Хорисий келип, Расулулла с.а.вга таш атты да, ал кишинин мурдун жана кашка тишин сындырды о.э. бетин да жарып жиберди. Натый-жада Расулуллага азар жеткизди. Пайгамбардын сахабалары ал кишинин айланасынан ар тарапка тарап кетишти. Алардын кээ бирлер Мединага кирип алышты, бир тайпасы болсо тоо үстүндөгү аска ташка чыгып алышты. Набий с.а.в адамдарды: Эй, Алланын пенделери, менин алдыма келгиле», – деп чакыра баштады. Ошондо анын алдына отуз киши топтолуп, анын алдында баса башташты, бирөө да токтободу. Болгону Талха менен Сахл ибн Ханиф токтоду. Талха Пайгамбарды коргоп, колундагы найзаларын ыргытты, анан колунда эч нерсе калбады. Ошондо Убай ибн Халаф Жамахий бастырып келди. Ал Набий с.а.вды өлтүрүүгө катуу ант ичкен эле. Набий с.а.в болсо: «Балким, тескерисинче, мен аны өлтүрөмүн», – деди. Ошон үчүн капыр келип кол салган эле, Набий с.а.в ага сооттун капталынан найза сайып, жеңил жарадар кылды. Натыйжада, капыр өгүздөй өкүрүп кулады. Ошондон кийин шериктери аны көтөрүп алып кетишти жана ага: «Акыры сенде дээрлик бир жаракат жок-го, эмне мынчалык дат-байрат салып жатасың?» -дешкен эле, ал: «Мухаммад: албетте сени өлтүрөм – деди! Ошондуктан, эгер менин уруум Рабиъа топтолуп келгенде да, Мухаммад аларды албетте өлтүргөн болор эле», – деп жооп берди. Андан кийин, бул капыр бир нече күндөн ашык жашабай, мына ушул жараатынан өлдү (ибн Касир – 3-том 44-бет).

Согуш майданынан качкан же бекинип коргонуп алган мусулмандар мына ушул бир топту түзгөн ишенимдүү, берилген таза сахабалардын чыныгы момундарча Расул с.а.вдын алдында туруп, каармандык менен согушуп жатышкандыктарын көрүшкөндөн кийин жана Пайгамбарыбыздын: «Эй Алланын пенделери, менин алдыма келгиле, Эй Алланын пенделери, менин алдыма келгиле» деген сөздөрү кулактарында жаңырганын угушкандан кийин, өз ыймандарын эстешти жана душмандан качууга жана артка чегинүүгө Алланын каарданарын эстешти да, согуш майданына кайтып, ошол бекем турган сахабалар менен бирге бир сапта туруп, согушууга киришишти. Акыбетте Алла аларга мархамат көрсөтүп, күчтүү нусрат берди. Ошондуктан, жеңилүү жана согуш майданынан качуу жеңишке жана хак үстүндө туруктуулук менен турууга айланды. Алла Субханахунун Ухуд согушу тууралуу түшүргөн аятында ушул сөздөр бар:

وَلاَ تَهِنُوا وَلاَ تَحْزَنُوا وَأَنْتُمْ الْأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ ۩ إِنْ يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِثْلُهُ وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنْكُمْ شُهَدَاءَ وَاللَّهُ لاَ يُحِبُّ الظَّالِمِينَ

– «(Куфрга каршы күрөштө) суздашпагыла жана (Ухуд согушундагы жеңилүү себептүү) кападар болбогула. Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстүн болуучусуңар. Эгер (бүгүн Ухудда) силере жаракат жеткен болсо, (Бар согушунда) ал кавмга да куду ушундай жаракат жеткен. (Ибрат болсун деп) жана Алла чыныгы ыйман келтирген кишилерди билүү үчүн, о.э. араңардан шейиттерди тандап алуу үчүн бул күндөрдү (т.а. жеңиш жана жеңилүү күндөрүн) адамдардын арасында айландырып турабыз. Алла заалым кимселерди сүйбөйт».        [3:139-140]

Ушундан кийин, Расулулла с.а.в эртеси күнү, т.а. шаввал айынын он алтысында, жекшемби күнү – Ухуд согушу шаввал айынын жарымында ишемби күнү болгон эле – Меккеге кайтып бараткан мушриктердин кошуунун кууп жетүү үчүн душманды издегени чыкты. Расулулла с.а.вдын жарчысы «Расулулла с.а.в менен бирге жалаң кечээги күнүбүзгө, т.а. Ухуд күнүнө катышкан кишилер гана чыгат» деп жарыя кылды. Анан мусулмандар мушриктердин артынан кууганы турушту. Анда мусулмандардын алган жарааттары али айыкпаган эле. Ухуд согушунда катышкан мусулмандардын бири мындай деп баяндайт: «Мен жана агам Ухуд согушуна катыштык. Анан ал жерден экөөбүз тең жаракаттанып кайттык. Расулулла с.а.вдын жарчысы душманды издөөнү жарыялагандан кийин, мен: «Расулулла с.а.в менен бирге казатка чыгуудан четте калабызбы?» – деп агама айттым, же ал мага ушинтип айтты. Аллага ант болсун, бизди бир да мине турга ат-улообуз жок эле. Бизде жалаң оор жарадар болгон кишилер гана бар эле, болгону. Ошентсе да, Расулулла с.а.в менен бирге чыктык. Менин жаракатым агамдыкына караганда жеңилирээк эле. Ошондуктан, качан анын жаракаты чоңойуп кетип, кыйнай турган болсо, аны аркама көтөрүп алар элем жана кээде өзү да кыйналып басып барар эле, мусулмандар жетип барган жайга жеткинибизгече ушинтип бардык. Ошондо Алла Субханаху:

الَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِلَّهِ وَالرَّسُولِ مِنْ بَعْدِ مَا أَصَابَهُمْ الْقَرْحُ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا مِنْهُمْ وَاتَّقَوْا أَجْرٌ عَظِيمٌ

– «Алар Алла тарабынан болгон неъмат жана фазл-карам (айкөлдүк) жөнүндө о.э. өздөрүнө жаракат жеткенден кийин да, Алла жана Расулуна моюн сунган момундардын ажр-сыйлыктарын Алла бекер кылбастыгы жөнүндө кушкабар беришет. Алардын арасында чырайлуу итаат кылган жана Алладан корккон заттар үчүн улуу ажр-сыйлыктар бар». [3:172]

– деген аятын түшүрдү». Бул аятта айтылган кишилер болсо, Ухуд согушунун эртеси күнү Расулулла с.а.в менен бирге жүрүшкө аттанган момундар. Расулулла с.а.вдын чыгууларынын себеби, душманды коркууга салуу жана аларды издеп чыккандыгын аларга жеткирип коюу эле. Мушриктер – Расулулла с.а.вда бир кубат бар экен жана мусулмандарга жеткен мусибат жана жаракаттар аларды душманга каршы чыгуудан алсыздантып койбоптур – деп ойлоолору үчүн ушундай кылынды. Ошондуктан, Расулулла с.а.в душмандын артынан кууш үчүн чыгып Мединадан 8 миль (13 км тегерегинде) алыстыкта жайгашкан Хамроул Асад деген жерге чейин барды жана ал жерде үч күн турду. Абу Суфён болсо, өз кошууну менен Расулулла с.а.вга бетме-бет чыгууга даай албай, Алла мушриктердин жүрөгүнө коркуу салып койгондон кийин, Меккеге кайтып кетти.

Албетте Расулулланын – ал кишиге жана үй-бүлөсүнө о.э. сахабаларына Алланын салаваттары жана саламдары болсун – мына ушул улуу позицияларында ар бир доордо жана ар кандай жерде жашоочу мусулмандар үчүн улуу бир сабак-дарстар бар. Бул сабактар болсо балээ жана кыйынчылыктар учурунда туруктуулук менен турушубуз, алсызданбашыбыз жана багынбашыбыз, ошондуктан, кайсы бир күнү бизге мусибат жана машакат жетсе, үмүтсүз абалда олтуруп калбашыбыз, балким тескерисинче, Аллага болгон ыйманыбыз дагы да күчөп, Анын Өзүнө тобокел кылып, Анын нусратына терең ишенип, Расулулла – ал кишиге Алланын салаваттары жана саламы болсун – изинен көтөрүлүп барып, күрөшкө атылып чыгышыбыз.

Эч күмөнсүз, бул сабактарда мусулмандарга жеткен жана жетип жаткан мээнет-машакаттар үчүн дабаа боло турган дарылык бар. Анткени, мусулмандар куфр күчтөрүнүн алдында аскердик жана материалдык жактан жеңилишкен жана биринчи дүйнөлүк согуштан баштап, күчтүү төмөндөшү себептүү артка кете баштаган убакыттан бери, куфр мына ушул жеңилүүнү дилдерде жана акылдарда дагы да терең тамыр жайылтып күчөтүү үчүн бир да көз ирмемди колдон чыгарбады. Себеби, капырлар сакофат каражаттары, түрдүү мекемелер, куфр малайлары болгон акимдер жана «калем ээлери» ойчул-муфаккирлерге байланган массалык маалыматтар аркылуу «Мусулмандардын капырларга каршы турууга эч кандай күч-такааттары жок, ошондуктан, алар мына ушул вокыйлык алдында турар экен, өз көздөрү менен көрүп, күбө болуп турушкан куфрдун мусулмандардын жерлеринин жана материалдык байлыктарынын үстүнөн болгон толо өкүмдарлыгына ыраазы болуудан башка аргалары жок» деген фикратты бекем сиңдирүүгө тынымсыз түрдө зор берип урунуп келе жатат.

Жоомарттык жана кайратты о.э. катъиятты (туруктуулукту) өчүрүп жогото турган мындай болбогур токума сөздөр жана аларга окшогон үйдүрмөлөр о.э. мусулмандарга каршы алып барылып жаткан психологиялык уруш көпчүлүк мусулман перзенттерин түшкүндүк, аргасыздык жана Алла Тааланын Ислам Үммөтүнө нусрат беришинен үмүтсүздүккө түшүү абалына түшүрүп койду. Мунун натыйжасында, алар өз акимдеринин артынан же мына ушул акимдердин малайлары болгон залалат жолуна кирген уламалардын жана интеллигенттердин артынан туруп «Америкага каршы туруу үчүн биздин эч кандай күч-кудуретибиз жок, ушундай болгондон кийин, биз эч күч-кубаты болбогон күчсүз кишилер боло туруп, куфрдун Исламга каршы күрөшүү үчүн биригишкен мына ошол күчтөрүнө каршы эмне кыла алмак элек? Акыры, Америка, Франция, Британия, ж.б. капырлар Исламий дөөлөттүн бутка турушуна жол коюшабы?!» деп, ушуга окшогон болбогур сөздөрдү кайта-кайта бышыктай башташты. Ал тургай, өтө түшкүндүккө жана үмүтсүздүккө түшүп калган кээ бир кимселердин сиз бүгүнкү күндө: «ошол улуу мамлекеттерге көз каранды болуудан башка ылаажыбыз жок, себеби, мына ушул акимдерди бийлик мансаптарынан алып таштап, өзгөртүүгө күчү жете турган бирер киши жок, ошон үчүн жөөттөр менен келишим түзүүдөн жана чындык болуп турган ищ сыпатында аларга ыраазы болуудан өзгө чарабыз жок, себеби, алардын артында батыш турат, ушундай болгондон кийин, демек, жөөттөр бизге зордоп өткөзмөкчү болуп жаткан нерселерди кабыл алуудан башка аргабыз жок» деген сөздөрдү угуудасыз.

Чындыгында эле, мындай сөздөргө Исламий акыйданын назар нуктасынан туруп, тереңирээк назар таштаган жана ой жүгүрткөн киши бул сөздөр өлүмдүн дал өзү экендигинин жана эгер капырлар о.э. алардын малайлары болгон акимдер бул сөздөрдү адамдардын зээнине сиңдирип таштагыдай болушса, бул сөздөр шерменделүү жеңилүүнүн нак өзү экендигинин күбөсү болот.

Ошондуктан, бул маселени эки көз караштан туруп дабалоо зарыл болот. Оболу бул маселени биз каны-жаныбызда көтөрүп жүргөн Исламий акыйда көз карашынан туруп дабалашыбыз жана кала берсе, ушул акыйданын акыйкаттыгын өз тили менен айтып келген жана алиге чейин айтып келе жаткан вокыйлык көз карашынан туруп дабалоо, албетте, зарыл. Ошон үчүн, жашообузда бүтүн барлыгыбыз менен өзүбүз таяна турган Исламий акыйдага кайрылуу аркылуу жана бул маселени окуп-үйрөнүп чыгып, анын дабаасы үчүн зарыл болгон өкүмдөрдү чыгаруу аркылуу мындай дейбиз:

Биринчиден: момун киши амал кылууга буйрулган болуп, натыйжалар анын желкесинде эмес, балким, натыйжа Алла Табарака ва Тааланын мойнунда. Бул болсо Алланын Китебинде жана Расулулла с.а.вдын сөздөрүндөгү көптөгөн орундарда келген:

يَاأَيُّهَا الرَّسُولُ بَلِّغْ مَا أُنزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ وَإِنْ لَمْ تَفْعَلْ فَمَا بَلَّغْتَ رِسَالَتَهُ

– «Эй Пайгамбар, сизге Парвардигериңиз тарабынан түшүрүлгөн нерсени жеткириң! Эгер (бул буйрукка амал) кылбасаңыз, Анын элчилигин (пенделерине) жеткирбеген болосуз».    [5:67]

لَيْسَ عَلَيْكَ هُدَاهُمْ وَلَكِنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ

– «Аларды хидаят кылуу сиздин желкеңизде эмес (эй Мухаммад), балким, Алла Өзү каалаган кишилерди хидаят кылат».    [2:272]

Пайгамбар с.а.в да мындай дейт: «Албетте адам перзенттеринин калбтары Рахмандын бармактарынан эки бармак арасында турган бир калб сыяктуу, аны Өзү каалаган тарапка бурат». Бул хадисти Муслим рыбаят кылды. Демек, ушул эки аят карима менен ушул хадис шарифте Хак Табарака ва Таала тарабынан болгон амр-буйруктар жана кабар кылуу бар. Бул амр-буйруктар жеткирүүгө т.а. адамдарга дин өкүмдөрүн жеткирүүгө берилген буйруктар. Кабар кылуу болсо мына ушундан турат, Алла Расул с.а.вга: Жеткиргениңден кийин, эми бул иштен сенин мойнуңда эч нерсе калбайт. Балким, пенделердин калбтары жеткирилген нерсени кабыл алуусун же четке кагуусун жалгыз Алла Тааланын Өзү билет. Ошон үчүн, натыйжалар Алланын мойнунда, сенин мойнуңда эмес, – деп кабар кылууда.

Экинчиден: мусулман киши ээ болгон курал – моддий (материалдык) курал эмес, ыйман куралы. Анткени, мусулмандар бирер күн да моддий куралдар менен жеңүүчү болбогон, балким тескерисинче, алар дайым капырлардан сан жагынан да, курал-жарак жагынан да кем болуп келишкен. Ошого карабастан, капырлардын үстүнөн жеңишке жетишишкен. Себеби, Бадр, Ухуд, Хандак, Табук, Ярмук, Кодисия, Ажнадиндеги согуштарда, Куддусту фатх кылууда, Константинополду фатх кылууда… ж.б. уруштарда мусулмандар Алла Тааланын:

وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمْ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ

– «(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч жана токулган аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душмандарыңарды о.э. алардан тышкары силер билбей турган – Алла биле турган – башка бирөөлөрдү да коркууга саласыңар».   [8:60]

– деген амирине моюн сунуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү барынча күч жана токулган аттарды даярдагандарынан кийин, ыйман менен жеңишке жетишишкен эле.

Үчүнчүдөн: түшкүндүккө же үмүсүздүккө түшүү маселеси, эч шексиз, шаръан арам. Ошондуктан, мусулман киши иш кандай даражага жетпесин, мындай үмүтсүздүк чек арасына барып жетиши эч бир туура болбойт. Ал тургай, эгер жыгачка мыкталса да, же дарга асылса да, же бийлик-мансабынан айдалса да, же Үммөттүн күчсүздүгү, суздугунун натыйжасында, куфр өзүнүн моддий кубаттары менен анын үстүнөн жеңип алса да, мусулман кишинин үмүтсүздүккө түшүшү эч бир туура болбойт. Алла Таала мындай дейт:

قَالَ وَمَنْ يَقْنَطُ مِنْ رَحْمَةِ رَبِّهِ إِلاَّ الضَّالُّونَ

– «Ал айтты: Парвардигеринин фазл рахматынан адашкан кимселер гана үмүтсүз болушат».   [15:56]

Алла Таала Якуб (Жакып) алейхис-салам тидинде мындай деди:

يَابَنِيَّ اذْهَبُوا فَتَحَسَّسُوا مِنْ يُوسُفَ وَأَخِيهِ وَلاَ تَيْئَسُوا مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِنَّهُ لاَ يَيْئَسُ مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِلاَّ الْقَوْمُ الكَافِرُونَ

– «Эй уулдарым, баргыла Юсуф (Жусуп) жана анын жолдошторун издегиле жана Алланын рахматынан үмүтсүз болбогула. Анткени, Алланын рахматынан капыр кавм гана үмүтсүз болот». [12:87]

Демек, мусулман кишини Алла Таалага болгон үмүтү дайыма алдыга үндөп турат. Анткени, Алла – куфрдан өтө бийик, улуу жана ыймандын эң жакшы таянычы. Ошондуктан, кимдин таянычы Алла болсо, мындай инсан эч качан үмүтсүздүккө түшпөйт жана өзүнө жетип жаткан же жолугуп жаткан машакат-мээнеттерге көңүл буруп да койбойт.

Төртүнчүдөн: Капырлар Ислам дөөлөтүнүн (улутунун) бутка туруусуна тосук коюу максатында ушу Ислам улутуна каршы жарыя кылышкан уруш – мусулмандарга каршы каратылган болушунан мурунураак, Аллага каршы жарыяланган уруш. Анткени, Алла Таала Расулулла с.а.вга кайрылып, мындай деди:

قَدْ نَعْلَمُ إِنَّهُ لَيَحْزُنُكَ الَّذِي يَقُولُونَ فَإِنَّهُمْ لاَ يُكَذِّبُونَكَ وَلَكِنَّ الظَّالِمِينَ بِآيَاتِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ

– «(Эй Мухаммад), алардын кептери шек-күмөнсүз сени капа кылышын билебиз. Анткени, алар сени жалганчы кылышпайт, балким, бул заалымдар Алланын аяттарын танышат».      [6:33]

Алла Таала дагы айтат:

إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُوْلَئِكَ فِي الأَذَلِّينَ ۩ كَتَبَ اللَّهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا وَرُسُلِي إِنَّ اللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ

– «Албетте Алла жана Анын Пайгамбары сызган сызыктан чыккан кимселер, мына ошолор эң кор кимселердин катарында! Алла (Лавхул Махфузга) «шек-күмөнсүз Мен Өз Пайгамбарларым менен бирге жеңүүчү болом» деп жазып койгон. Албетте Алла күчтүү, кудуреттүү».                                   [58:20-21]

Расулулла с.а.в да мындай дейт: «Кимде-ким менин бирер досума душмандык кылса, демек, ал мага каршы урушка чыгыпыр же Аллага каршы урушка чыгыптыр». Бу хадисти ибн Можа фитналар бабында (бөлүмүндө) рыбаят кылган. Акыры натыйжада болсо, чексиз кудуреттүү, жеңүүчү Алланы өзүнө душман кылып алган урушта кайсы кимсе жеңишке жетмек эле?!

Бешинчиден: Албетте Алла Субханаху ва Таала бул диндин жеңүүчү боло тургандыгын жана Ислам туусу жер жүзүнүн чыгыш-батышындагы бардык туулардан жогору бийик желбирешин убада кылды. Анын убадасы болсо хак жана ырас. Алла Өз убадасына эч бир тескери иш кылбайт.

وَعْدَ اللَّهِ لاَ يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لاَ يَعْلَمُونَ

– «(Бул) Алланын убадасы, Алла Өз убадасына тескери иш кылбайт. Бирок көп адамдар билишпейт».   [30:6]

Алла Таала мына ушуну убада кылып, мындай деди:

يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلاَّ أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ ۩ هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

– «Алар Аллынын нурун (т.а. Исламды) ооздору (т.а. бекерпоз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, капырлар каалашпаса да, Өз нурун гана толо (т.а. ар тарапка) жаюуну каалайт. Ал (Алла) Өз Пайгамбарын хидаят жана хак дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерден үстөм кылуу үчүн жиберген Зат».     [9:32-33]

Пайгамбар с.а.вдан: «Эки шаардын кайсы бири мурун фатх кылынат, Румбу (Рим) же Константинополбу?» – деп суралганда, ал зат: «эң мурда Гераклдын шаары фатх кылынат» – деп жооп берген эле (бул хадисти имам Ахмад рыбаят кылды жана Албаний аны өзүнүн «сахих» деген китебинде айтып өттү). Чындыгында эле, Раббисинин вахийси менен Расул с.а.вдын берген бул кабарынын акыйкаты ырас болуп чыкты. Себеби, Константинополь фатх кылынды, Рум болсо али фатх кылынганы жок. Ошондуктан, биз бул улуу фатхтын Ислам дөөлөтү тикеленгенден кийин жүз беришин өтө сабырсыздык менен жана инша Алла анын жүз беришине болгон бекем, толук ишеним менен күтүп турабыз.

Алтынчыдан: Эч бир тайманбастан, же вокыйлыкка баш ийбестен Алла Тааланын амирине ылайык амал кылуу парз болуп, бул туурасында мусулман үчүн эч бир ыктыяр жок. Ошондуктан, мусулманды Американын кубаты да, же кылмышкер акимдердин куугун-сүргүндөрү да амал кылуу жоопкерчилигинен азат кыла албайт. Анткени, Алла Субханаху жер жүзүндөгү адамдардын эң тандамалы, жакшылары болгон пайгамбарларга кайрылып, аларды амал кылууга, шаръий өкүмдөрдү катуу урмат кылууга, ар дайым сиротул мустакимде жүрүүгө буйруду жана мына ушундан кийин аларга нусрат келишин, акыретте болсо, улуу ажр-сыйлык болушун баяндады. Алла Таала Пайгамбарыбыз с.а.вга мындай деп кайрылды:

فَاسْتَقِمْ كَمَا أُمِرْتَ وَمَنْ تَابَ مَعَكَ وَلاَ تَطْغَوْا إِنَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

– «Демек (эй Мухаммад), сиз жана сиз менен бирге тооба кылган заттар, өзүңүзгө буйрулгандай – туура жолдо болуң! Аша чаап, чектен чыгып кетпегиле! Албетте Ал Зат кылып жаткан амалдарыңарды көрүп туруучу».  [11:112]

Юнус алейхис-салам кыссасында Хак Табарака ва Таала жетик бир сабак таалим берди. Ал сабак ушундан турат, амал кылуу – бизге важып, натыйжаларга болсо биздин эч бир тиешебиз жок. Себеби, Юнус алейхис-салам өз кавмынан каарданган абалда чыгып кеткен учурда Алла Таала ага балыктын карынында бир сабкаты таалим берди, кийин аны балык кардынан чыгарып, жүз миң же андан көбүрөөк адамга пайгамбар кылып жиберди. Бул адамдар Юнус алейхис-салам жогунда, деңиз караңгылыгында жана балыктын карынында турган учурда ыйман келтиришкен эле.

وَذَا النُّونِ إِذْ ذَهَبَ مُغَاضِبًا فَظَنَّ أَنْ لَنْ نَقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَى فِي الظُّلُمَاتِ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنتُ مِنْ الظَّالِمِينَ ۩ فَاسْتَجَبْنَا لَهُ وَنَجَّيْنَاهُ مِنْ الْغَمِّ وَكَذَلِكَ نُنْجِي الْمُؤْمِنِينَ

– «Зуннун – Юнустун (кавмынан) каарданган абалда (өз кыштагынан чыгып) кетип, Бизди анын зыянына өкүм кылбайт – деп ойлогон чагын, кийин (Биз аны балыктын кардына таштаганыбыздан кийин) караңгыда туруп: «Эч кудай жок, бирок Өзүң гана барсың, эй пакиза Раббим, чындыгында мен өз жаныма жабыр кылуучулардан болуп калдым», – деп, добуш кылган (чагын эстегин). Анан Биз анын (дубасын) кабыл кылдык жана аны кам-кайгыдан куткардык. Биз момундарды мына ушундай куткарабыз».     [21:87-88]

Алла Таала дагы айтты:

وَأَرْسَلْنَاهُ إِلَى مِائَةِ أَلْفٍ أَوْ يَزِيدُونَ ۩ فَآمَنُوا فَمَتَّعْنَاهُمْ إِلَى حِينٍ

– «Биз аны жүз миң, балким андан да көбүрөөк (адамга) пайгамбар кылдык. Анан, алар (Юнуска) ыйман келтиришти. Кийин, Биз аларды (белгилүү) бир мөөнөткө чейин (т.а. ажалдары жеткенге чейин жашоо неъматынан) пайдалануучу кылдык».   [37:147-148]

Демек, негизи, бүгүн биз Алла бизге кандай амалды парз кылгандыгы жөнүндө суроо беришибиз, Раббибиз бизге убада кылган нусраттан кубанычка толушубуз жана жакшылыкты зарыгып күтүшүбүз лаазым. Эми, эгер бул нусрат биздин заманыбызда жүзөгө чыкса, бул нерсе Алла Таала тарабынан бизге көрсөтүлгөн улуу фазл-рахмат жана мээрмандык болот. Эгер жүзөгө чыкпаса, бизге Алла Субханахунун дүйнө жана акыреттеги ыраазылыгынын өзү жана Алла жана Расулуна ыйман келтирген заттар үчүн даярдап коюлган, кеңдиги жер-асмандар кеңдигиче болгон бейиш жетиштүү болот.

ذَلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

– «Бу (т.а. убада кылынган магфырат жана бейиш) Алланын фазл-мархаматы (берешен-жоомарттыгы) болуп, аны Өзү каалаган кишилерге тартуу кылат. Алла улуу берешен-жоомарттык ээси». [57:21[

Эми экинчи көз карашка, т.а. вокыйлык жана анын ичинен тарых көз карашына келсек, бул улуу Үммөт тарыхына назар салган киши бул Үммөттүн кымбат баалуу кен экендигин көрөт. Эгер Үммөттү кээ бир чаңдар каптап калган болсо, же жүзтөмөнүнөн кулаган болсо, ал тез арада дагы ойгонот жана кымбат баалуу кендигине кайтат. Чындыгында, бул Үммөт Аббасий халифалар доорунун акырларында жүзтөмөнүнөн кулаган эле. Ошондо аны катуу күчсүздүк камтып алып, көптөгөн майда мамлекеттерге бөлүнүп кетти. Бул мамлекеттер Багдаддагы халифага жогорку берилгендикти көрсөтүшөр эле. Алардын акимдеринин бир бөлүгү болсо, кресттүүлөр менен тил бириктирүүгө өтүп алышкан эле. Куду ушундай абал Мисир (Египет) өкүмдары Камил Айюб менен жүз берди. Бул аким Германия императору Фридрих II менен Куддусту душманга тапшыруу туурасында тил бириктирди. Бирок, ага карабастан, алсыздык жана күчсүздүк бул Үммөттүн жүрөгүнө жол таба албады. Учураган аскердик жеңилүүгө карабастан, малай акимдерге жана бытыранды кылып, майда падышалыктарга бөлүнүп кетишине карабастан, ошол учурда бул Үммөт «крестке чокунуучу баскынчыларга каршы күрөшүү үчүн бизде күч-такаат жок, ошондуктан, келгиле, ушул вокый болуп турган ишке ыраазы бололу» деп айтпады. Жок, эч качан мындай дебеди. Ошон үчүн, ал эки жүз жылдан ашык доор ичинде кресттүүлөргө каршы үзгүлтүксүз уруш алып барды. Үмүт бул Үммөттү дайыма алга үндөп, Алланын нусратына болгон ишеним болсо анын калбын нурга толтуруп, жыхатка козгор эле. Акыбетте, Алла бул Үммөткө фазл-рахмат көрсөтүп, аны мына ушул жүзтөмөнүнөн кулоодон жана аскердик жеңилүүдөн куткарган чыныгы эр-азаматтарды жеткирди. Натыйжада, ал дагы бутка туруп, кресттүүлөрдүн Акка, Куддус, Роха жана Антокия шаарларындагы чептеринин таш-талканын чыгарып жанчып таштады, акыры баскынчы кресттүүлөрдү мусулмандардын бардык жерлеринен айдап чыкты.

Кресттүүлөр менен жүз берген иш монгол-татарлар менен да жүз берди жана куду мына ушул тарыйкатта болуп өттү. Үммөт бул баскынчыларга каршы жыхат кылууну жана жерлерин азат кылууну бир көз ирмем да токтоткон жок. Акыбет натыйжада, Алла бул Үммөткө фазл-рахмат көрсөтүп, ага дагы бир жолу Халифалыкты тартуу кылды. Бул Халифалык Үммөттү жамдап, саптарын бириктирди жана аны дагы кайтадан үммөттөр жана элдердин алдыңкысына айландырды. Ошон үчүн Ислам Үммөтү Осмоний Халифалык көлөкөсүндө Константинополду фатх кылып, өзү үчүн Россиянын ортолоруна жана Европанын тегерегине жол ачты.

Бүгүнкү күндө болсо, Үммөт куфр күчтөрүнүн каршысында аскердик жана моддий жеңилүүдөн турган оор абалда башынан кечирүүдө. Мунун себеби, анын Алладан узакташгандыгы жана куфрга малай болгон акимдердин өкүм жүргүзүшүнө ыраазы болгондугу. Бул акимдер жалаң өздөрүнүн жана кожоюндарынын пайдаларын көздөшөт, Ислам Үммөтүнүн пайда табышына болсо эч бир ыраазы болушпайт. Мына ушундай кап-караңгы туңгуюк жана шерменделүү жеңилүү ириминде, айланасында Ислам кемесин ороп турган жана толкундары көбүрүп шарпа уруп жаткан деңиз ортосунда жана бул Үммөткө ар тараптан тишин кайрап, ач көздүк менен тигилип турган жырткыч бөрүлөр үйүрүнүн как ортосунда Алла үчүн, дини жана Үммөтү үчүн калыс амал кыла турган ыймандуу заттардын тобу бутка турду. Үммөттүн башына түшүп жаткан мусибаттарды көрүү бул топтун кишилерине өтө оор эле. Ыймандары аларды мындай аянычтуу абалдан Үммөттү арылтууга үндөр эле. Ошон үчүн алар Ислам Үммөтү же анын кээ бир бөлүгү учураган мына ушул калактык жана моддий о.э. психологиялык жеңилүү айлампасында сабыр менен бутка турду, хак үстүндө бекем турду, үмүтсүздүк алардын калбына жол таба албады. Алар Расулулла с.а.вдын Ухуд согушунан кийин туткан улуу позициясына эргешишти. Себеби, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Пайгамбарыбыз жана ал кишинин улуу сахабалары Ухудда өздөрүнө жеткен мусибаттар себептүү үмүтсүздүккө түшпөгөн жана алган жарааттарынын айыгышын күтүп олтурбастан, Курайш капырларынын артынан кууду. Натыйжада, капырлардын жүрөгүнө коркуу салды жана Алланын нусраты менен жеңишке жетишишти. Мына ушул калыс кишилер тобу да куду ушу таризде бутка туруп, бийик добуштары менен: «Эй Алланын пенделери, бизге келип кошулгула… Эй Алланын пенделери, бизге келип кошулгула… Анткени, силер улуу, асылзаада Үммөтсүңөр, эң жакшы рисалат ээсисиңер, силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөтсүңөр, ушундай болгондон кийин, асылзаадалыгыңа кайт, бейкабарлык, мастык уйкусунан ойгон жана башыңды ылдый ийүү ордуна, өйдө көтөр» – деп чакырышууда. Капырлар бул добуштан далбасага түшүп, ар тарапка коркуу менен алаңдап карай башташты жана мына ушул калыс топту ар тараптан курчап алып, бууп таштамакчы болушту. Ошондуктан, калыс адамдарды өлтүрүүгө, камакка таштоого, келтектөөгө жана бийлик-мансаптарынан айдоого киришишти. Бирок, булардын бардыгына карабай, мына ушул берилген, ишенимдүү, калыс кишилердин тобу бийик курма дарагындай жана шамал-бороондор да, добул жана чагылгандар да таасир кылбай турган аскар тоолордой туруктуулук менен турушту. Алардын бекемдик-туруктуулуктарынан кийин жана Үммөт алардын ыраскөйлүктөрүн көрүп, хактын ой-чуңкурларына чейин тамыр жайган жана акыйданын тамырларына байланган түпкү добуштарын угушкандан кийин, адамдар аста-секин жеңилүүлөрүнөн, үмүтсүздүктөрүнөн кайтып, мына ушул жамааттын тегерегинде, анын пикирлеринин тегерегинде жана ушул жамаат чакырып жаткан Алланын өкүмүн жер жүзүнө кайтаруу, Үммөттү болсо мурунку ойгонуу, өсүү, өкүмдарлык дооруна кайтаруу сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде биригише башташты.

Чындыгында Үммөт өзүнө болгон ишеничин жана Алланын нусратына болгон ишеничин кайра тикелей баштады жана үммөттөр арасында өзү ээлеши лаазым болгон позициясын о.э. аткарышы важып болгон рисалатты эстей баштады. Ошон үчүн хак менен батылдын ортосунда мына ушул кызуу, аёосуз согуш менен жүрүү, Кудай буйруса, эч бир узакка созулбайт. Акыры натыйжада Алла Өз нусратынын келишине уруксат берет жана Ислам дөөлөтү, Кудурет ээси болгон улуу жана бийик Парвардигер Өз Пайгамбары алейхис-саламдын тилинде убада кылган, туура жолдогу Халифалык дөөлөтү тикеленет. Бул Үммөттүн Раббиси Өзүнүн:

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

– «(Эй Мухаммаддын Үммөтү), адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер жакшы амалдарга буюрасыңар, жаман амалдардан кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер».   [3:110]

– деген сөзү менен сыпаттаганындай, өзүнүн мурунку азиздик жана улуулук абалына кайтып, дагы адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөткө айланат.

Абул Муътасим – Байтул Макдис (Куддус)

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *