Өзгөртүү мыйзамы
Түп тамырынан бери өзгөртүү бүгүн мусулмандардын үстүнө парз кылып жүктөлгөн бир ишке айлангандан кийин, ал тургай, башкарып тургандардын өздөрү да бузуктугуна күбө болуп турушкан вокыйлыкты өзгөртүү үчүн олуттуу аракет кылуудан башка анын ордун баса турган эч кандай иш же ыктыяр табылбай жаткандан кийин, Исламий уюмдар жана өзгөртүүгө даъват кылуучу кишилер да, айрыкча, өздөрүнүн бардык жолдорду тажрыйба кылып көрүп, натыйжада ийгиликке жетишпегендиктерин түшүнүп жеткен кишилер да кайсы жолдордон жүрүүнү билбей аң-таң болуп калгандан кийин, ошондуктан, демек, бир токтолуп өтүшүбүз жана ошол токтолуп өтүүнүн негизинде мына ушул аң-таңдык жана ийгиликсиздиктин уланышына чекит коюуга урунушубуз албетте зарыл. Айрыкча, өз программасын терең үйрөнүп чыгылбаган негиздер менен жараксыз тажрыйбалардын үстүнө курган кыймылдар ийгиликсиздикке учураган ушул учурда мындай кылуу албетте зарыл. Жараксыз болгон мына ушул тажрыйбалар бул кыймылдарга да, аларга кошулган кишилерге да балээлерди алып келди. Балким, бул кыймылдардын көпчүлүгү бир дуу этип, кайра тез эле өчүп кала турган бирер окуяга реакция билдирүүдөн келип чыккан эле. Бүгүнкү күндө болсо, даъватты аркага сүрүүчү кимселердин бир тобу бизге өзгөртүү мыйзамдарына түшүнүксүз, аныкталбаган калыпта эргешүү зарылдыгын уктурмакчы болуп жатышат. Мына ушул кимселер болгону кээ бир жалпы (умумий) далилдерге гана таянышат. Алар бул далилдерге тереңирээк шуңгуп отурушпайт жана бул далилдерди вокыйлыкты өзгөртүп, андан арылууга алып бара турган амалий калыпта (практикалык формада) вокыйлыкка салыштырып көрүшпөйт. О.э. алар ууланган массалык маалымат каражаттары аркылуу жетишкен өз аброй-этибарларына таянышат. Себеби, алар мына ушул массалык маалымат каражаттары аларды «азыркы кылымда ойгонуунун жана Исламий пикирдин жетекчи жол башчылары, алгачкы чабелекейлери» деп атап, көтөрүп көрсөтүшөт. Ошон үчүн, албетте, мына ушул кимселерге жана ошолорго окшогон кишилерге күңүрттүктү алып таштап, андан арылуу абалын көрсөтүп бере турган ачык-айкын түшүндүрмө болушу зарыл.
Ошондуктан, Алланын тавфигине (колдоосуна) таянып айтам, Исламий Үммөттүн вокыйлыгын өзгөртүүгө үндөөчү факторлор өтө көп. Айрыкча, төмөн карай кулоо абалы өзүнүн эң жаман жана эң өткүр формалары менен көзгө көрүнүп калган азыркы абалда мындай факторлор толуп жатат. Себеби, зулум менен арамзалык такаат кылса боло турган ар кандай чек арадан өтүп кетти. Жакырчылык жана кембагалдык мусулмандардын өтө көп мамлекеттеринде уя куруп алды. Мусулмандар кордук-зардык менен жеңилүүнүн ирээнжитүүчү жытын эртели-кеч жыттап келишүүдө. Миллиард кишиден ашып кеткен Үммөттөгү алсыздыкты, шалдык жана начарлык себептүү тапталып жаткан ар-намыстарды о.э. аяк астында калып жаткан ыйык нерселерди болсо, эстетип, айтып отурбаса да болот. Бул арылуу жолун табууга зор күч менен үндөй турган ажайып бир иш. Бул эң зарыл жана тагдыр чечүүчү тема жөнүндө сөз жүргүзүү үчүн акыйкаттын жүзүнөн парданы алып таштай турган күч-кайрат жумшоо, албетте, лазым болот. Ошондо гана акыйкат жаркырап, анык көрүнөт жана өзгөртүү туусун көтөрүп чыгып жаткан кишилер аны өз көздөрү менен көрүшөт. Ошондуктан, бизге өзүбүз өзгөртмөкчү болуп жаткан вокыйлыкты жана аны кандай вокыйлыкка өзгөртмөкчү экендигибизди жетиштүү даражада терең түшүнүп жетүү зарыл болуп калды.
Бул ишти жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрүү үчүн ушуну айтмакчымын, Исламий үммөт башынан кечирип жашап жаткан каргашалуу вокыйлык төмөнкүдөй калыпта көзгө урунат: Чачкындык жана элүүдөн ашык мамлекетчеге жана мамлекетчеге окшоп көрүнө турган нерсеге бөлүнүп кеткендик. Капыр батышка өтө жийиркеничтүү түрдө көз каранды болуп калгандык. Палестина жана андан башка жерлер сыяктуу көптөгөн мусулмандар журттарынын жана ыйык жерлеринин колдон чыгып кеткендиги, аларды капырлардын басып алгандыгы. Бай Исламий дүйнөнүн бүтүн майданы бойлоп алтын жана нефть о.э. башка кымбат баалуу нерселер сыяктуу санагына жетип болбой турган эсепсиз, үлкөн байлыктардын талап-тонолуп жаткандыгы. Бул балекеттердин башында болсо, адамды бактысыз кыла турган, бактысыздыкка жана өлүмгө жетелей турган, о.э. аны биз өзүбүз көрүп, башыбыздан кечирип жаткан төмөнкү абалга алып барып коё турган жахилият мыйзамдары жана түзүмдөрүнүн зордукчул өкүмдарлыгы турат.
Шексиз, бул каргашалуу мусибаттар бүгүнкү күндө мусулмандардын башына түшкөн балээлердин кээ бирлери болуп, алар шарияттын бекем өкүмдөрүнө бүтүндөй тескери. Ислам чындыгында түгөл, толук аягына жеткен дин болгондугу үчүн, ал мына ушундай тескери нерселердин пайда болушуна жол койбоо максатында бир нече өкүмдөрдү түзүп берди. Мисалы, Ислам бардык мусулмандар үчүн бир халифаны вужудга келтирүүнү жана ошол халифадан иш талашкан кимселерди өлтүрүүнү буйруду. Расул алайхис-салам мындай деди: «Эгер эки халифага байъат кылынса, алардын экинчисин өлтүргүлө». Пайгамбарыбыз дагы мындай деди: «Мусулман кишинин каны адал болбойт, бирок, алардан үч кишинин гана каны адал болот… жана динин таштоочунун, жамааттан ажыралуучунун (каны адал болот)». Ушул сыяктуу эле, бардык мусулмандар уламалары ушуга келишишкен: мусулмандар жерлеринен бир карышы басып алынган болсо, мына ушул басып алынган жерди кайтарып алуу үчүн бардык мусулмандардын жыхат кылуулары важып болот. Мына ушундан биз Ислам түзүм жана мыйзамдарды жолго коюп бергендигин, ошол эле учурда шариятты тоотпой коюуга жол койбоо үчүн жана аны Үммөт вокыйлыгында тирүү абалда калтыруу үчүн бир канча өкүмдөрдү түзүп бергендигинин күбөсү болобуз. Биз бул абалды мыйзам жана өкүмдөрдүн жаза-хаддары маселесинде да өтө анык жана ачык көрөбүз. Мисалы, Исламий акыйданы бузулуудан сактоо үчүн Ислам бир шаръий мыйзамды жолго койду.Бул мыйзам жөнүндө Расул алайхис-салам мындай деди: «Ким дининен кайтса, өлтүргүлө». О.э. Ислам уурулукту арам кылды жана уурулук кылуучунун жазасы кылып колун кесүүнү белгиледи ж.б.у.с.
Бирок, коомдун бардык катмарларын камрап алуучу Исламий программанын конституция жана мыйзамдарын калптандырып турган мына ушул өкүмдөр бийликке жана ушул өкүмдөрдү аткаруу кудуретине ээ болгон кишиге муктаж. Мына ушул жерден эми дөөлөттүн ролуна кезек келет жана дөөлөт адамдардын иштерин камкордук менен башкара турган саясий жана аткаруучу бийлик – деп чечмеленет. Мына ушундан Халифалыкты тикелөөгө болгон кечиктирилгис күчтүү муктаждык келип чыкты. Халифалык – Исламдагы саясий жана аткаруучу башкаруу системасынын шаръий формасын калптандырып берет жана ушул Халифалык аркылуу Ислам өкүмдөрү аткарылат жана корголуп сакталат. Ошондуктан, Халифалыктын мусулмандар турмушунда эң зор мааниси бар жана ал шариятта мазмун-мааниге ээ болгон бир сөздөн турат. Бул сөз, кыскача кылып айтканда, «шариятты мусулмандар турмушунда колдоо үчүн тапшырылган султан» деген сөз. Ошон үчүн да шаръан важып болгон мына ушул султанды тикелөө – парздардын тажысы болуп калган. Себеби, мына ушул парздар султан аркылуу тикеленет жана ушул султанга таянып аткарылат. Ошондуктан да имам Газзолий ушундай деген эле: «Дин – негиз, султан болсо корукчу кароол. Демек, негизи жок нерсе жемирилип жок болот, корукчусу жок нерсе болсо бүлүнүп, жок болуп кетет».
Ошондуктан, жогоруда айтылып өткөндөй, биз Исламий үммөттүн башына түшкөн бардык каргашалуу мусибаттардын болушу шарият менен өкүм жүргүзө турган мына ушул султандын жоктугунун акыбетинде келип чыккандыгын көрүп турабыз. Бул болсо соо сезим аңдап жете турган нерсе. Себеби, мына ушул мусибаттар – динибизди кайтарып, абайлап-асырай турган Исламий дөөлөт сыпатында көрүнүүчү табигый-бекем коргоо коргонунун жоктугу натыйжасында пайда болгон өткүнчү көрүнүштөр. Муну биз Пайгамбар с.а.вдын заманындагы мусулмандардын турмушунан даана, тунук көрдүк. Ошол учурда Мединада Исламдын султаны вужудга келишинен мурунку мусулмандардын вокыйлыгы менен, султан вужудга келгенден кийинки мусулмандардын вокыйлыгынын ортосунда өтө чоң айырма бар. Себеби, күчсүздүк, кордук-зардык абалы күч-кубат, азиздик жана адамдар Алланын динине топ-топ болуп кирүү абалына айланды. Ушуну менен бирге мусулмандардын абалы Ислам дөөлөтүнүн саясында болгон учурларындагы азиздик жана өкүмдарлык абалынан, бул дөөлөт жок болгондон кийинки аянычтуу, ыйлатуучу абалга өзгөрдү. Ошентип, демек, мусулмандардын башына түшкөн мусибаттардын шаръий дары-дабаасы бир гана ушул дөөлөттү тикелөө менен гана ишке ашышы бизге анык-ачык болот. Бирок, тааптын кеселдикти түшүнүп жетиши жана анын дабаасын сыпаттап, түшүндүрүп беришинин өзү жетишсиз. Себеби, бул кеселге мына ушул дарыны каерден даярдап алып келиши мүмкүн экендигин да көрсөтүп бериши лазым.
Ушул жерден ортого коюла турган жана темабыздын маани-маңызы болгон бир суроо туулат: Мусулмандарда ойгонууну пайда кыла турган өзгөрүү кандайча болот? Айрыкча, шаръий чечим болгон Исламий Халифалыкты тикелөө арзуу-үмүткө, балким, күчтүү каалоо-көксөөгө айланган экен, мындай өзгөрүү кандайча пайда болот? Бул Үммөттүн башынан өткөн каргашалуу окуя-көрүнүштөр аны жанчып, эзип таштагандай болду. Мунун акыбетинде, ал өзүнө Исламды колдоо үчүн сылык, жумшак, итааткөй абалына келип калды жана Исламга дөөлөтүнүн кайтышын, мусулмандарга болсо азиздиктери жана улуулуктарынын кайтышын интизар болуп күтүп турат.
Ошондуктан, Ислам келип, улуу Алла Тааланын аалам жана турмуш үчүн белгилүү бир мыйзамдарын, анын ичинде коомду өзгөртүү мыйзамын тартиптештирип бергендигин бизге көрсөтүп берди. Демек, албетте мына ушул мыйзамдарга токтолуп өтмөк жана алардын акыйкатын түшүнүп жетмек зарыл. Ошондо гана Алланын изни жана фазли рахматы менен мына ушул мыйзамдар өз убактысында кабыл алынат жана Раббоний мыйзам жүзөгө чыгат. Өзгөртүүнүн таңы атып жаткандыгынан бейкабар калган кимселер кабарсыздык уйкусуна карк болуп жатышкан кезде, ушул мыйзам жолуна хидаят тапкан заттар атып келаткан таңдын алгачкы кушкабарларын сезишет. Алла Таала ушундай деди:
إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ
– «Аныгы, бирер кавм өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». [13:11]
Ибн Касир өзүнүн тафсиринде мындай дейт: Жахмдан, ал болсо Ибрахимден рыбаят кылат, – Алла Бани Израил пайгамбарларынан бир пайгамбарга вахий жиберип айтты: «Кавмыңа ушуну айт, бирер шаар же кыштак ахлинен же бирер үйдүн ахлинен, кимде-ким Алланын таатында болушуп, кийин андан Алланын маъсияты тарапка өзгөргөн болушса, Алла алардын жакшы көргөн нерселерин жаман көрө турган нерселерине алмаштырып коёт». – Кийин Ибрахим: Мунун тастыгы Алланын Китебиндеги ушул:
إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ
– «Аныгы, бирер кавм өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». [13:11]
– деген аяты, – деди. Бул марфуъ хадисте келген. Бизге Хайсам ибн Ал-Ашъос Саламий, ага болсо Абу Ханифа Ал-Яманий Ал-Ансорий Умайр ибн Абдулмаликтен хадис рыбаят кылып айтты: Бизге Али ибн Абу Талиб Куфа минбарында хутба кылып, хутбасында мындай деди: «Мен эгер Расулулла с.а.вдан бирер суроо сураштан өзүмдү тыйсам, ал киши мага өзү сөз баштар эле жана эгер ал кишиден бирер кабар жөнүндө сурасам, мени кабардар кылар эле. Ошон үчүн ал киши мага Уллу Раббисинен рыбаят кылып мындай деди: «Парвардигер айтты, – Өзүмдүн кудуретиме, улуулугума жана аршымдын үстүндөгү бийиктигиме ант болсун, бирер журттун ахли жана бирер үй-бүлө ахли Мен жаман көргөн маъсият тарабында турушуп, кийин андан Мен жакшы көргөн таатым тарабына өзгөргөн болушса, Мен да аларды өздөрү каалабаган азабымдан, алар сүйгөн рахматым тарабына өзгөртүп коём».
Имам Куртубий да өзүнүн тафсиринде мындай дейт: «Алла Таала бул аятта бирер кавмдагы нерсени, алардын өздөрү тарабынан өзгөрүү жүз бермейинче, өзгөртпөшүн кабар кылды. Бул өзгөрүү же алардын өздөрү тарабынан жүз бериши керек же аларды көзөмөлдөп туруучу кишилер тарабынан жүз бериши керек же болбосо, бирер себеп менен алардын катарына кошулуп калган кишилер тарабынан жүз бериши керек. Куду ушул таризде Алла Таала Ухуд согушу күнү жеңилген кишилерди жаадан ок атуучу кишилер өздөрүн өзгөртпөгөндүктөрү себептүү жеңүүчүлөргө айландырып өзгөрткөн эле. Шарияттын мындан башка мисалдары да өтө көп. Демек, бул аят – бирер кишиге азап-укубат жалаң ушу киши тарабынан бирер күнөө кылынса гана түшөт – дегенди билдирбейт, балким, Пайгамбар с.а.вдан: «Арабызда салих кишилер боло туруп өлөбүзбү?» – деп суралганда, Пайгамбарыбыз с.а.в: «Ооба, эгер бузукулук, ыпластык көбөйүп кетсе», – деп айтканындай, башкалардын күнөөлөрү себептүү да мусибаттар түшүшү мүмкүн» (имам Куртубийдин сөзү бүттү).
Имам Табарий өзүнүн тафсиринде мындай дейт:
إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ
– «Аныгы, бирер кавм өздөрүндөгү нерселерди өзгөртмөйүнчө, Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». [13:11]
– деген сөзүндө зикири бийик болгон Алла Таала ушундай дейт: Албетте, Алла бирер кавмдагы саламаттык жана неъматты, алар бири-бирине зулум кылуу, бири-бирине зордукчулдарча баскынчылык кылуу менен өздөрүндөгү мына ушул нерселерди өзгөртмөйүнчө, алардагы мына ушул саламаттык жана неъматты өзгөртпөйт, аны жок кылбайт жана аларды өлтүрбөйт. Качан эми, бири-бирине зулум жана баскынчылык кылууга өтүшсө, ошондо гана аларга Алланын азап-укубаты жана өзгөртүүсү түшөт (имам Табарийдин сөзү бүттү).
Мен бул улуу тафсирлерди космостук телеканалдарда чыгып жаткан кээ бир замандаш кишилер тарабынан бул аятты өтө калети формада, балким, түшүнүксүз формада колдонуп, аны бузуп түшүндүрүүлөрүнө чек коюу үчүн келтирдим. Себеби, мына ушул кишилер өздөрүнчө «бул Кураний нусустарды тирилтип жатабыз» деп элестетишүүдө. Негизи, түпкүлүгүндө алар бул аятты жаман түшүнгөндүктөрү жана аны өз маани-мазмунунан ыраакта иштеткендиктери себептүү аны бууп ташташууда. Ошондуктан, сиз алардын бул нусустарга же вокыйлыкка эч кандай байланбай турган анык эмес болбогур бир программаны көтөрүп чыгып жаткандыктарын көрөсүз. Балким, таң каларлык нерсе, алар кыңыр, туура эмес логикаларын актоо үчүн, өздөрүнүн ушул аяттан келип чыгып жаткандыктарын дааба кылышууда. Ошондуктан, сиз алар өздөрүн – «мурункулар кыла албаган нерсени биз кылдык», деп көрсөтүүлөрү үчүн нерселерди бири-бирине туура эмес аралаш-торалаш кылып жиберип жаткандыктарын көрөсүз. Себеби, алар коомду мына ушундай түшүнүшө: «Коом адамдардын белгилүү бир санагынан түзүлөт. Ошон үчүн мына ушул белгилүү бир санактагы адамдар фасад болуп бузулушса, коом да бузулат, эгер алар оңдолушса, коом да оңдолот. Ушуга ылайык, демек, ар кандай коомдун негизи жеке адам болуп, эгер жакшы адам вужудга келсе, жакшы коом вужудга келет, болбосо, анын тескерисинче болот. Ошондуктан, жеке адамга жана анын тарбиясына маани берүүдөн өзгө чара жок. Ошондо гана мына ушул адам жакшы шахска айланып, өз кезегинде башка шахсты оңдоп жакшылоо менен алектенет. Бул иш коомдун бардык адамдарын камтып алганга чейин ушундай абалда улана берет да, натыйжада, коом жакшы коомго айланып калат». Дал ушул логиканын өзү менен, бирок, кеңирээк формада адам өзүнүн кичинекей үй-бүлөсүн, аялын жана балдарын оңдоо менен алектенет жана ушуга ылайык жана ушуну менен бардык өз карамагындагы кишилерди оңдоп, натыйжада салих үй-бүлөлөрдөн түзүлгөн коом салих коомго айланып калат. Бул гана эмес, балким алардан бир киши бул жаатта этибарды тарта турган даражада тырышкаактыгын көрсөттү. Себеби, ал калькуляторду алып жана сандарды кошуп, көбөйтүүгө киришти. Эсептөөнүн натыйжасындагы адамдардын өтө көп өлчөмдөгү өз-өзүнөн оңдолушу отчётунан кийин «коом балан мөөнөттөн кийин бүтүндөй салих-жакшы коомго айланат» деген так кесер жыйынтыкка келди!
Эң өкүнүчтүүсү, ортого ташталган мындай пикир узак мөөнөт өкүм сүрүп, акыры, бүгүнкү күндө да мына ушундай «пикирлөөчү» кишилер табылды. Мындай пикир алиге чейин көлдөлөң кылынып, өнүктүрүлүп келе жатат жана бизге жер жүзүндө Ислам дөөлөтү пайда болушунан мурун напистердеги нерсени өзгөртүү жана мына ушул написте Ислам дөөлөтүн тикелөө важып экендигин тастыктап келе жатат. Мына ушул сөздүн мааниси мажозий (өтмө мааниде) экендигине жана өзгөртүү ишине аракет кыла турган уюмдун амалий программасы кылып алууга бул сөздүн жарабай тургандыгына карабастан, мына ушул пикир бизге мына ушул сөздү тастыктап келүүдө. Анткени, пикир жүргүзүүдөгү бул программа формалдуу болуп, ал башталбай туруп фасад. Себеби, ал адамдарга жансыз нерселердей мамиле кылат. Ошондуктан аларга сандар мыйзамын колдошот. Мисалы, жыгач уста өзүнүн күнүгө 2 күрсү жасай алышын айтса, бул анын 4 күндүн ичинде 8 күрсү жасай алышын түшүндүрөт. Ошол эле учурда даъватты алып чыгуучу киши өз даъватына белгилүү бир мөөнөт ичинде кээ бир жаңы мүчөнү касб кылышы мүмкүн жана ошол эле мөөнөттүн өзүндө дагы бирер-бир кишини касб кыла албашы да мүмкүн, ал тургай, мурун касб кылган жана өзүнө кошулган кишини колдон чыгарып, зыян кылышы да мүмкүн. Себеби, бизге маалым, адам эртең менен момун болуп, кечкисин капыр болуп калышы да мүмкүн. Бул болсо, тарбиянын жамандыгына же жакшылыгына барып такалбайт. Себеби, бул абал Пайгамбарлар жана Расулдарга эргешкен кишилерде да жүз берген эле. Ал эми, Пайгамбарлар эң жакшы тарбиячылар эле. Ушуну да кошумча кылуу керек, биз эгер өзгөртүүгө сандар мыйзамын колдой турган болсок, бири-бирине тескери натыйжаны чыгарышыбыз мүмкүн. Бул натыйжа ушундан турат, туура эмес даъват алып чыгып жаткан кимселер, ал тургай, көпчүлүктү түзүшсө да жана алардын колунда массалык маалымат каражаттары, үлкөн финансылык мүмкүнчүлүктөр жана ал тургай, таалим-тарбия программаларын жана коом мыйзамдарын мажбурий жүктөп жаткан бийлик да бар болуп, алар узак доордон бери адамдарды адаштыруууга жана залалатка баштоого даъват кылып жаткандар болушса да, биз бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен коом Исламдан бүтүндөй ажыралып калганын көрүп турабыз. Ушул сыяктуу саййидибиз Нух алайхис-салам – ал киши катъият ээлеринен бири болгон Расулдардын бири эле – өз кавмынын арасында миң жылга жакын мөөнөт туруп, аларды ушул мөөнөт ичинде Аллага даъват кылды. Эч шек-күмөн жок, Нух алайхис-салам билимдүү тарбиячы, ыраскөй даъватчы эле. Ал киши өз кавмын күнү-түнү, жашыруун жана ашкере даъват кылар эле. Ушулардын бардыгына карабастан, ал кишиге аз гана адамдар ыйман келтиришти. Ал тургай, ал кишинин аялы капырлыгынча өлүүчүлөрдөн, уулу болсо адашуучулардан болуп калды. Ал тургай, өткөн Пайгамбарлардын арасында кыямат күнүндө өзү менен бирге бир дагы эргешкен тобеъси болбогон абалда келе турган Пайгамбарлар да болот. Бул иштердин болсо сезип, көрүү мүмкүн болгон вокыйлыгы бар. Себеби, биз даъватты алып чыгуучулар деген кишилердин ашынган жаалдуу душмандары аларга эң жакын адамдар экендигинин көп жолку күбөсү болгонбуз. Ошон үчүн, эгер иш өзүнөн-өзү болуп кете бергенде эле, Абу Лахаб албетте ыйман келтирген болор эле. Анткени, ал Пайгамбар с.а.вдын абасы эле. Курайш да албетте ыйман келтирген болор эле. Себеби, ал Пайгамбар с.а.вдын кавмы жана тууган-уруктары эле. Бирок, иш бүтүндөй мунун тескерисинче болуп, алар Пайгамбар с.а.вга жана анын даъватына ашынган каардуу душман болушту.
Ушундан келип чыгып, бул аят кариманын маанисин муфассирликти дабаа кылуучу кимселердин мааниси боюнча эмес, балким тафсир имамдары болгон күчтүү уламалардын тафсирлери боюнча түшүнүп жетүү зарыл. Себеби, бул аяттан биз өзгөртүү ирада кылынган вокыйлыктагы бузулуу орундарын түшүнүп жетүүгө жана өзгөрүү болгонго чейин өзгөртүү ишине күч-кайрат сарптоого көңүлдү бургандыгын көрүп турабыз. Анткени, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Ухуд согушунда аскердик тартипте бузулуу жүз берген эле. Бул болсо согуш тараза ташынын душман пайдасына өзгөрүшүнө алып келди. Ушундай болгон соң, демек биердеги түзөтүү процесси напистерди тарбиялап, тарбиялоо үчүн бакшылардай чилдеканада отуруу менен эмес, ачылып калган коргоосуз тешиктерди кайрадан бекитүү менен болот. Ошондуктан, напистерди напистерди тарбиялоочу кимселер тарабынан болуп жаткан зулумдуктарды жана баскынчылыктарды жоготуу зарыл. Ошондо гана саламаттык жана неъматтар кайтарылып алынат, о.э. бактысыз турмуш бактылуу жашоого айланат. Ошон үчүн, бузулуу орундарына бүткүл көңүл-этибарды каратуу, аларды оңдоп түзөтүү жана алардан кабарсыз калбоо же аларды четтеп өтпөө албетте зарыл.
Биз Исламий Үммөттүн вокыйлыгын үйрөнүп чыгуу менен, батыш жырткычтыгына болгон көз карандылык отуна куурулуп жаткандыгынын жана жырткыч батыш анын байлыктарын сүлүктөй соруп алып жаткандыгынын, ошондуктан, бул Үммөт Ислам жана анын дөөлөтү аркылуу андан арылууга күчтүү каалоо менен умтулуп жаткандыгынын күбөсү болобуз. Ошон үчүн бул Үммөт эгер өз ыктыярына таштап коюлганда эле, эч шек-күмөнсүз ал Исламды өзүнө аким кылып тандаган болор эле. Бирок, азыркы күндө аны кишендеп турган жана Исламды өкүмдар кылып алууга тыюу салуу үчүн аны келтек менен келтектеп турган кимселер бар. Бул монеълик кылуучу тосук болсо өкүмдар режим болуп, ал Үммөттүн үстүнө батыш пикилерин жана хазаратын зордук менен жүктөп келе жатат жана өздөрүнө берилген бардык зордукчулдук жана зөөкүрлүк каражаттары аркылуу Исламды турмуш чындыгынан алыстатуу менен алектенишүүдө. Бул болсо акылдуу адам кабарсыз калып, билбей калышы мүмкүн болбогон, ушунчалык анык даана көрүнүп турган иш. Буга күбө далилдер Туркиядан тартып Тунис, Сирия, Өзбекстан… га чейин болгон бардык мусулмандар журттарында бар. Ушундай болгон соң, демек, биз эгер өзгөртүү мыйзамы бойлоп жүрмөкчү болсок, Үммөттүн байлык жана күч-таакаттарына зөөкүрлүк менен ээлик кылып жаткан мына ушул бийлик түзүмдөрүн өзгөртүүгө багыттанышыбыз албетте зарыл. Бул болсо кубат ээлерине карап кайрылуу менен болот. Себеби, мындай кылуу – өзгөртүүнү жүзөгө чыгаруу жана Үммөткө султандыкты кайтаруу максатында Алланын Китеби жана Расулунун сүннөтү менен өкүм жүргүзүү туурасында бир халифага байъат кылуу үчүн Алланын өзгөртүү мыйзамы менен дал келе турган иш.
О.э. мусулмандар журттарына зөөкүрлүк менен өкүмүн өткөрүп жаткан капыр батыштын батыл түзүмү өз акыйдасынын кубатына таянбагандыгына жана акыйкатты таптакыр урмат кылбоосуна да көңүлдү буруу да зарыл болот. Себеби, батыш акимдердин малайлыгы жана кыянаттары себептүү бардык нерседен, ал тургай, мусулмандардын күч-кубаттарынан ит бекер пайдаланып келе жатат. Исламдын жеңүүчү болушу жана адамзаттын үстүнөн өкүмдар болушу албетте зарыл. Себеби, ал адамзатка тынчтык жана бейгамдыкты жүзөгө чыгарып берет. Бирок, азыркы убакта ал аны коргой турган бир кубатка таянбай жатат. Ошондуктан, ал өчүрүлүп, болгону кээ бир китептерде гана жана кээ акылдарда гана сакталып турат. Адамзатка кыйроо алып келип жаткан батыштын батыл акыйда жана хазараты болсо ушул эле учурда жеңүүчү жана өкүмдар болуп турат. Себеби, ал коргой турган кубатка ээ. Ушундан келип чыгып, Исламды турмушта колдоо, аны коргоо жана башкаларга жеткирүү үчүн бир күч-кубатты издеп табуу зарыл болуп калды. Ошондуктан, ушул динге жардам берүү жана аны жер жүзүндө жеңүүчү жана бекем кылуу максатында, албетте, кубат ээлерин касб кылуу жолуна жүрүү зарыл. Бул болсо Расул алайхис-салату вассаламдын ал кишиге Меккенин башчылары душмандык мамиледе болгон учурларында кылган ишинин дал өзү. Себеби, Пайгамбарыбыз с.а.в уруулар арасындагы кубат ээлерине атайлап барып, аларды Исламга ва Алла Табарака ва Таала буюрганындай, алардын арасында Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзүү мүмкүндүгүн берүүгө даъват кыла баштады. Демек, мына ушул – эргешүү важып болгон сүннөт. Ушул сүннөткө эргешүү менен гана Набий Мухаммад с.а.вдын колунда жүзөгө чыкканындай, арзуу кылынган мына ушул өзгөрүү жүзөгө чыгат. Пайгамбарыбыз с.а.в жүзөгө чыгарган өзгөрүү болсо, Мединаи Мунавварада Исламий дөөлөттү тикелөө аркылуу амалга ашты. Бул өзгөрүү Мединаи Мунавварадагы кээ бир күч-кубат ээлеринин даъватты кабыл алгандарынан кийин жүз берди. Муну менен мына ушул кубат Мединада падышалык таажыны киймекчи болуп турган мунафыктардын башчысы Абдулла ибн Салулдан бийликти тартып алды. Ошондон кийин, Медина калкынын кубатын ишке салып, Мекке фатх кылынды жана Арабстан жарым аралынын калган бөлүктөрү да Ислам дөөлөтүнүн курамына кирди. Ошентип, шарият бизге Раббоний мыйзамдарга эргешүүгө таалим берди. Бул таалим болсо, нерселердин акыйкаттары менен абдан ылайык-дал келет. Ошондуктан, түшүнүксүз, анык эмес сөздөрдү сүйлөп, түзөтүүгө карай бурулуу – бирер мөмө жана натыйжа бериши эч бир мүмкүн болбогон иш. Раббибиз бизге хактын хак экендигин көрсөтүп, ага эргешүүнү бизге ырыскыландырган жана батылдын батыл экендигин көрсөтүп, андан сактанууну бизге ырыскыландырган.