Алланын өкүмү жана акылдын өкүмү

Allani-okmu-jana-akildin

Алланын өкүмү жана акылдын өкүмү

Адамдардын иштер жана нерселер үстүнөн чыгара турган өкүмдөрү, өкүм чыгаруу орду болгон мына ошол иштер жана нерселер жөнүндөгү анын дүйнө карашы ар түрдүү болушуна карап ар түрдүү болот.

Себеби, мисалы мусулман киши өзүнүн өкүмдөрүн жаратуучу – холык, аким жана мыйзам чыгаруучу деп ыйман келтирген Алла Субханахудан алат. О.э. капиталист сыяктуу мусулман болбогон киши болсо, өзүнүн өкүмдөрүн акылынан алат жана өз акылын вокыйлык үстүнөн өкүм чыгаруунун түп негизи кылып коёт.

Алардан башкалар болсо, өз өкүмдөрүн турмуш жөнүндөгү кандайдыр бир көз карашка ээ болгон ойчулдардын биринен алган болушу мүмкүн. Ошон үчүн алар вокыйлык жана нерселер үстүнөн өз өкүмдөрүн чыгаруу үчүн мына ошол ойчулдун пикирлерин негиз деп эсептешет. Ошентип, мына ошол өкүм чыгаруу булактарынын ар түрдүү болушуна карап, адамдардын чыгара турган өкүмдөрү да ар түрдүү болот.

О.э. адамдар өкүм чыгарууну (т.а. өкүм чыгаруу укугуна ээ болгон кишини) дайындоодо, чыгарылмакчы болгон өкүмдүн ар түрдүү болушуна карап, кайчы пикирде болуулары мүмкүн. Ошондуктан бул нерсе аклан чырайлуу же куник же бул нерсе шаръан адал же арам же бул нерсе мыйзам боюнча уруксат берилген же тыюу салынган деп айтылат.

Демек, ушуга караганда, мына ошол өкүм чыгарып берүү укугуна ээ болгон кишини таанып, билүү үчүн өкүмдүн түрүн билүү зарыл болуп калат. Ошондо гана адамдын кыла турган ишине же нерсеге карата кыла турган мамилеси т.а. мына ошол ишти кылыш керекпи же ташташ керекпи же аны алыш керекпи же албоо керекпи деген мамилеси анык, дайын болуп калат.

Элден мурда байкоо жүргүзүп сезүү мүмкүн болгон нерсе: адам нерселер үстүнөн алардын вокыйлыгы жагынан т.а. жакшы же жамандыгы жагынан өз өкүмүн чыгара алат. Ошондуктан ал мисалы, кеселдикти жаман, сак-саламаттыкты жакшы дейт же байлыкты жакшы, кембагалдыкты жаман же чынчылдыкты жакшы, жалганды жаман дейт ж.б.у.с.

Кээде болсо адам же акыл өзүнө карата пайда же зыян тарабы бар нерселерге окшош башкача көз караштан туруп вокыйлыктар үстүнөн өкүм чыгара алат. Мисалы, ал асел үстүнөн ал пайдалуу деп же уу үстүнөн ал зыяндуу деп өкүм чыгарат жана ал аракты пайдалуу же зыяндуу, доңуздун этин зыяндуу же пайдалуу деп пикир кылышы мүмкүн, же суунун вокыйлыгына өкүм берип, ал кычкылтектин бир атому жана суутектин эки атомунан пайда болот же жер тоголок түстө, күн болсо чыгыштан чыгат дейт. О.э. акыл иштер үстүнөн өкүм чыгарып берип: Табигый байлыктарды адамдар ортосунда тең бөлүштүрүп берүү зарыл дейт же адамдардын күч-кайрат сарпташына карап бөлүштүрүү зарыл дейт же сүткордук банктары экономика системасы үчүн зарыл, себеби ал пайдалуу дейт. Кээде болсо сүткордук банкы акча-байлыкты бир ууч адамдар колуна топтоп коёт, демек, ал зыяндуу дейт ж.б.у.с. Демек, акыл мына ошол нерселерге өзү ылайык деп көргөн кандайдыр бир өкүмдү бериши мүмкүн. Бул өкүмдөр болсо замандар өзгөрүшү менен, жерлер алмашышы менен жана бир адамдан башка адамга өтүшү менен тууралык жана каталыкка бута (мишен) болуп калат.

О.э. адам нерселер үстүнөн, ошол нерселерге ыкташы же өзүнүн табиятына бул нерселердин туура келиши же туура келбеши жагынан өкүм бере алат. Мисалы, атырдын жыты жагымдуу, пияздын жыты жагымсыз же шириндик жакшы ачуу жаман же вино апельсин согунан көрө ширинирээк, же рахат түйшүктөн абзел же үйдө отуруу согушка чыгуудан жакшыраак дейт. Демек, акыл өзүнүн табиятына мына ошол нерселердин туура келишине карап алар жөнүндө өз өкүмүн берет. Адамдардын табияттары болсо, алардын турмуш жолдору ар түрдүү болушу менен бири-биринен айырмаланат.

Ал эми Алла тарабынан мактоо же каралап жамандоого тиешелүү өкүмдөргө келсек, алар үстүнөн өз өкүмдөрүн чыгарууга адамдын акысы жок болгон өкүмдөр. Балким алар жалгыз Алланын Өзүнө таандык. Мына ошол өкүмдөр мисалы, бейиш жана тозок Алла Субханаху адамды, асмандар-жерди жараткандай жараткан махлуктар экендиги, бейиш-тозокко ылайык болушу болсо, Алла Өзү буйруган өкүмдөргө моюн сунуп, эргешүүгө байланыштуу кылып койгондугу сыяктуу.

Себеби, бейиш жана тозок о.э. Алла тарабынан азап жана сооп берилиши, Алла чектеп-чегаралап койгон чектүү махлук болгон инсанга эмес, бейиш тозок ээси болгон Алланын өкүмдөрүнө эргешүүгө байланыштуу кылып койгондугу. Анткени, адам өз акылыны чегинен тышкарыдагы же өз такаат-кудуретинен жогору болгон иштер жөнүндө өз өкүмүн бере албайт, балким, өзүнүн сезип-туя албаган иш үстүнөн өкүм берүүгө, бул адал, т.а. бейишке алып кирет, бул болсо арам, тозокко алып кирет – деп айтууга кудурети жетпейт. Эгер Алла Субханахудан бул туурасында келген кандайдыр бир өкүмгө сүйөнүп гана ошол сөздөрдү айтышы жана өкүм бериши мүмкүн. Чындыгында эле, Алла Субханаху ва Таала өз хавои нафстарына (көңүл каалоолоруна) карап адал-арам өкүмдөрүн чыгаргандарды айыптады. Себеби, мындай өкүм чыгаруулар Раббул Аззага кылынган ачык доомат жана жалган болот. Ошондуктан Алла Субханаху ва Таала мындай деди:

وَلاَ تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمْ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ

– «Тилиңерге келген жалганды айтып: «Бу адал, бу арам» – дей бербегиле».           [16:116]

Ооба, ушундай, Алла Тааладан башкалардын адал-арам деп сыпаттолору Аллага кылынган жалган. Анткени, мындай сыпаттоону дабаа кылуучу адам өзүн жаратуучу деп же өзүн адал-арам менен өкүм чыгара турган жаратуучунун ордунда деп дабаа кылган болот. Бирок, улуу кудурет ээси болгон Алла Таала Өзүнүн улуу мартабасына эч бирөөнүн жакындашышынан пак-таза болгон Зат.

وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُوًا أَحَدٌ

– «Жана эч ким ал Затка тең эмес».                                                [112:4]

Ошон үчүн Адий ибн Хотам Ат-Тоий – ал жахилиятта насронийликти кабыл кылган эле – Набий с.а.вдын алдына келгенде Пайгамбарыбыз Алла Тааланын:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

– «Алар Алланы коюп өздөрүнүн данышмандарын жана рохибтарын (попторун)… Парвардигер кылып алышты».     [9:31]

– деген сөзүн окуп отурган эле. Ошондо Адий: «Алар рохибтарына ибадат кылышпаган эле-го?» – деди. Пайгамбар с.а.в болсо: «Туура, ошондой, бирок ошол рохибтар жана данышманддар аларга адалды арам, арамды болсо адал кылып беришкен эле, алар ошол рохиб-данышманддарга эргешишти. Мына ошол алардын өз рохибтерине кылган ибадаттары» – деди.

Мына ошентип, Пайгамбар с.а.в убудият (пенделик-кулдук) маанисин түшүндүрүп берди. Ошон үчүн рохиб жана данышманддар өздөрүнө эргешкен мына ошол кимселер үчүн парвардигер-кудайлар болуп калышкан эле. Балким, Алла Субханаху ва Таала Алланын аяттары жана өкүмдөрүнө эргешүү ордуна, өз хавои нафстерине эргешкен кимселерди өтө жаман-куник сыпаттады. Анткени, Алла Өз Китебинде мындай дейт:

وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ الَّذِي آتَيْنَاهُ آيَاتِنَا فَانسَلَخَ مِنْهَا فَأَتْبَعَهُ الشَّيْطَانُ فَكَانَ مِنْ الْغَاوِينَ وَلَوْ شِئْنَا لَرَفَعْنَاهُ بِهَا وَلَكِنَّهُ أَخْلَدَ إِلَى الْأَرْضِ وَاتَّبَعَ هَوَاهُ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ الْكَلْبِ

– «(Эй Мухаммад), аларга (жөөтөргө) бир кимсенин кабарын тилават кылың – ал кимсеге аяттарыбызды билдирген элек. Кийин, ал ошол аяттарыбыздан четтегенден кийин (т.а. аларга амал кылбагандан кийин) аны шайтан эргештирип кетип, жолдон адашуучулардан болуп калды. Эгер кааласак аны ошол аяттар себептүү (жогору даражаларга) көтөргөн болор элек. Бирок ал жерге (т.а. малы-дүйнөгө) берилди жана хавои нафсине эргешти. Эми, анын мисалы кудум бир итке окшойт».  [7:175-176]

Себеби, бул аяттарда айбандар даражасына түшүп кетүү себептүү хавои нафстерине эргешип кете турган мына ошол кимселерди сыпаттап берип жатат. Буга себеп, мына ошол кимселердин Алланын өкүмдөрүн-буйруктарын таштап, хавои нафстарына эргешкендиктери. Хавои нафстары аларды кудум иттин абалы сыяктуу бүтүндөй көңүл каалоолору жана гарыйзалары (инстинкттери) артынан жүрө турган айбандык аракетке салып койду. Итти болсо Алла Субханаху эч нерсени түшүнүп жетпей турган же ажыратпай турган гарыйзалык аракет менен аракет кылуучу махлук кылып жаратты. Бул болсо адам затынан терс көрүнүш. Себеби, Алла адамды акыл жана идирек менен, о.э. Өз буйругу менен бийик даражага көтөрдү. Ошондуктан ал эгер Алланын буйруктарына эргешсе жана кайтаргандарынан четтесе, кайтса, мына ошол буйрук-амрлер жана кайтаруулар себептүү жогорулап бийик даражага көтөрүлөр эле.

وَلَوْ شِئْنَا لَرَفَعْنَاهُ بِهَا

– «Эгер кааласак аны ошол аяттар себептүү (жогору даражаларга) көтөргөн болор элек».   [7:176]

Бирок, ал өз хавои нафтарына эргешкендиги себептүү ит даражасына түшүп калды.

Демек, адал жана арам деп сапаттоо жалгыз Алланын акысы. Ошон үчүн акыл пайда жана зыян, жакшы же жаман деп көрө турган нерсеге карап адал жана арам деп сапатташы таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, эгер адам баласы ушундай кыла турган болсо, өз акылын жана хавои нафсын өзүнө кудай кылып алган болот. Бул болсо кайтарылган өтө жаман иш. Алла Таала деди:

أَفَرَأَيْتَ مَنْ اتَّخَذَ إِلَهَهُ هَوَاهُ وَأَضَلَّهُ اللَّهُ عَلَى عِلْمٍ وَخَتَمَ عَلَى سَمْعِهِ وَقَلْبِهِ وَجَعَلَ عَلَى بَصَرِهِ غِشَاوَةً فَمَنْ يَهْدِيهِ مِنْ بَعْدِ اللَّهِ أَفَلاَ تَذَكَّرُونَ

– «(Эй Мухаммад), хавои нафсин өзүнө кудай кылып алган жана Алла аны билген абалында жолдон аздырып, кулагын жана дилин мөөрлөп, көз алдына парда тартып койгон кимсени көргөнсүзбү? Эми аны Алла жолдон аздыргандан кийин ким хидаят кыла алат?! Акыры, эскертме-сабак албайсыңарбы?».        [45:23]

Эми бирер киши: Албетте Алла Субханаху инсаният акылына Курандын көптөгөн аяттарында кайрылып хытап кылды, о.э. адамдардан акыл жолу аркылуу Жараткандын бардыгын издеп табууларын жана Алланын махлуктары жөнүндө акыл менен чукур ойлоп, пикир жүргүзүүлөрүн талап кылды. Демек, ушундай болгон соң, акылдын ролу каерде калды? – деп айтышы да мүмкүн.

Ооба, туура, чындыгында эле, Алла Субханаху бизден акыйкатка жана ушул аалам артындагы Жаратуучуга жетүү үчүн изденүүнү жана аклан пикир жүргүзүүнү талап кылды. Балким, Алла ыйман фикратын вокыйлыкка дал келе турган катъий тастыктоо менен жана ушул тастыктоого болгон далил менен эмес, балким таклыт (карапайымдарча ээрчиш) жолу менен ала турган кимселерди катуу каралады:

قَالُوا حَسْبُنَا مَا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا أَوَلَوْ كَانَ آبَاؤُهُمْ لاَ يَعْلَمُونَ شَيْئًا وَلاَ يَهْتَدُونَ

– «Алар: «Биз үчүн ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок, ошол жетиштүү дешти. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбей турган жана акыйкат жолду таба албай турган болушса дагы-бы?!».  [5:104]

Алла туура, соо акылга мындай деп хытап кылды:

أَفَلاَ يَنْظُرُونَ إِلَى الْإِبِلِ كَيْفَ خُلِقَتْ ۩ وَإِلَى السَّمَاءِ كَيْفَ رُفِعَتْ ۩ وَإِلَى الْجِبَالِ كَيْفَ نُصِبَتْ

– «Акыры алар төөнүн кандай жаратылганына, асмандын кандай көтөрүп коюлгандыгына, тоолордун кандай тикеленгенине… карашпайбы?». [88:17-19]

Булар Халыктын бар экендигине болгон далилдер. Алла Таала дагы айтты:

أَمْ خُلِقُوا مِنْ غَيْرِ شَيْءٍ أَمْ هُمْ الْخَالِقُونَ

– «Балким алар эч нерседен (т.а. жаратуучусуз) жаралып калышканбы?! Же алар өздөрү жаратуучу бекен-а?!».   [52:35]

أَفَرَأَيْتُمْ الْمَاءَ الَّذِي تَشْرَبُونَ ۩ أَأَنْتُمْ أَنزَلْتُمُوهُ مِنْ الْمُزْنِ أَمْ نَحْنُ الْمُنزِلُونَ

– «Силер өзүңөр иче турган суу жөнүндө эч бир ойлоп көрдүңөрбү? Аны булуттардан силер жаадырдыңарбы же Биз жаадыруучубузбу?!».   [56:68-69]

Алла Таала дагы айтты:

مِنْ أَيِّ شَيْءٍ خَلَقَهُ ۩ مِنْ نُطْفَةٍ خَلَقَهُ فَقَدَّرَهُ

– «Алла аны кайсы нерседен жаратты өзү? Аны бир нутфадан (уруктук суудан) жаратып, кийин аны(н эне курсагында өсүшүн жана ай-күнүн) белгилеп койду-го!». [80:18-19]

Алла Таала айтты:

أَمْ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ آلِهَةً قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ

– «Же Аны коюп (башка) «кудайларды» таап алыштыбы?! (Эй Мухаммад), айтың: (эй мушриктер, мына ошол ширктериңер акыйкат экендигине) хужжат-далилдериңерди көрсөткүлө!». [21:24]

Мына ошол аяттарга чукур ой жүгүрткөн киши, эч кандай шексиз Алланын адам затына ыймандын негизги маселеси туурасында акылын иштетүүгө буйруп жатканын көрөт. Бул маселе болсо мына ошол аалам артында эмне бар экендиги, т.а. Жаратуучу ким өзү, өкүмдөр чыгарууга ким акылуу, бейиш-тозокту ким жараткан, бейиш-тозокко тийиштүү өкүмдөрдү чыгаруу укугуна ким ээ – деген маселе. Демек, бул талкуунун негизи, албетте, акыл болушу лазым. Ошон үчүн жаратуучуну чыныгы таануунун жалгыз жолу ушул Жаратуучуга далалат кыла турган белгилерди чукур пикирлөө жана сак акыл жардамында изденүү.

Ошондуктан, адам затына мына ошол аклый коидага (пайдубалга) акылды иштетүү менен жетишиши лазым болуп калат. Бул аклый пайдубал болсо, адам затынын турмуш жөнүндөгү бардык өкүмдөрүнө негиз болуп кызмат кыла турган туура-сак акыйда. Адам муну менен өз өкүмдөрүн алып жаткан булакка анык аклый моюн сунган болот. Бирок, мыйзам чыгарып берүүчү, өкүм кылуучу Жаратуучуга мына ушундай моюн сунгандан кийин, эми адам затына Алланын махлуктарынан кайсы бирин Алланын өкүмүнө шерик кылышы таптакыр жарабайт. Алла мындай шериктиктен (ширктен) бүтүндөй бийик болгон пак-таза Зат.

Албетте, акыл Исламий акыйдадагы негизги иш. Себеби, аклый жол менен адам заты Жаратуучу Субханахунун бардыгына, анын вожибул вужуд (бар болушу зарыл болгон Зат), азалий (эзелки – барлыгынын башталышы жок) Зат экендигине, андан башка эч бир кудай жок экендигине, Ага эч ким, эч нерсе тең-барабар эмес экендигине, Анын эч кандай шериги жок экендигине эч кандай шексиз катъий ишенет. Мына ушул акыл менен адам заты Мухаммад с.а.вдын пайгамбардыгына, Куран Алланын каламы-сөзү экендигине катъий ишенет, о.э. бейиш-тозок, кайра тирилүү, эсеп-китеп сыяктуу түп негизи акыл менен далилденген бардык нерсеге ыйман келтирет.

Мына ушул акылдын ролу. Бул өтө чоң рол. Бирок, акылдын Алла Субханаху чектеп койгон чеги бар. Ошондуктан, ал ошол чек арадан ашып өтүп кетсе, залалатка түшүп калат да, адашып тентирейт. Себеби, акыл сооп жана жаза тарабынан өкүмдү анык белгилеп бере албайт. Себеби, адамдын акылы бир ишти жакшылык деп ойлойт, бирок ал иш Алланын алдында жаман иш болот. Дагы бир иште пайда бар деп ойлойт, бирок ал иш Алла алдында күнөө жана зыяндуу болот. Буга далилдер өтө көп болуп, алар адам затынын алсыздыгын жана акылынын чектелгендигин баян кылат. Алла Субханаху мындай дейт:

كُتِبَ عَلَيْكُمْ الْقِتَالُ وَهُوَ كُرْهٌ لَكُمْ وَعَسى أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ وَعَسَى أَنْ تُحِبُّوا شَيْئًا وَهُوَ شَرٌّ لَكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لاَ تَعْلَمُونَ

– «Силерге жакпаса да, согушуу парз кылынды. Силер бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн, негизи, ал нерсе силер үчүн жакшы эле. Жана силер бир нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн, негизи, ал нерсе силер үчүн жаман эле. Алла билет, силер билбейсиңер».  [2:216]

Бул жыхат жөнүндө болуп, жыхат адам үчүн жагымсыз нерсе. Бирок, ал Алланын алдында өтө улуу жакшылык. Ошон үчүн сүткор кишилер байъды (соода-сатыкты) сүткордукка окшогон нерсе деп билишти. Ошондо Алла аларга байъ адал экендигин, сүткордук болсо арам экендигин жана бул экөөсү бири-биринен бүтүндөй айырмалана турган иш экендигин билдирди:

ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا

– «Буга себеп алардын: «Байъ да сүткордуктун өзү-го?» – дегендиктери. Негизи Алла байъды адал, сүткордукту арам кылган».    [2:275]

Эч кандай шексиз, адам затынын акылы башкаларды оңдоп, жакшылай турган нерселерди белгилеп бериш тиякта турсун, өзүнүн ишин оңдой турган же ийрилигин тууралай турган нерсени да анык белгилеп алуудан ажыздык кылат. Себеби, ал маалым саатта бир маселе туурасында өкүм чыгарса, андан мурда же кийин чыгарган өкүмдөн бүтүндөй башкача өкүм чыгарышы мүмкүн. Ал эми, Халык Субханаху болсо, Өз махлуктарын көрүүчү, жакшылык, жамандык, чирайлык-куникти билүүчү, кабардар Зат. Ошондуктан, Өзүнүн Расулуна адамдар турмушунун бардык иштерин тартипке сала турган өкүмдөрдү вахий кылды жана аларга мына ушул өкүмдөрдү бекем кармап, моюн сунууну, алардын чегинен чыкпоону важып кылды. Анткени, алар ушул өкүмдөр себептүү бу дүйнө жана акыретте бак-таалайга жетишишет.

Бул шаръий өкүмдөргө мындай катуу баш ийүү жана алардын чегинен чыкпоо акылга тосук коюуну түшүндүрбөй, балким тескерисинче, ал акылды өзү пикирлөөгө жарай турган нерселер үстүндө лазым бир өлчөмдө эркин коюуну түшүндүрөт. Анткени, Алла Субханаху адам затын акыл менен кадыр-барктуу кылды жана аны менен аны башка махлуктардан жогору кылып, даражасын бийик кылды.

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ

– «Чындыгында эле, Биз Адам баласын азиз-улуу кылдык».             [17:70]

Алла Субханаху акылды жаратып, адамга бул акылдын чек араларын баян кылып берген Зат.

وَمَا أُوتِيتُمْ مِنْ الْعِلْمِ إِلاَّ قَلِيلاً

– «Силерге өтө аз илим берилген».                                                  [17:85]

Алла Таала дагы айтат:

نَرْفَعُ دَرَجَاتٍ مَنْ نَشَاءُ وَفَوْقَ كُلِّ ذِي عِلْمٍ عَلِيمٌ

– «Биз Өзүбүз каалаган кишилерди бийик даражаларга көтөрөбүз. Ар бир илим ээсинин үстүндө андан күчтүүрөөк билимдан бар».                                                                                 [12:76]

О.э. Алла Субханаху акылды иштетүү орундарын да жана акылды иштетүү дурус болбой турган орундарды да көрсөтүп берди. Себеби, Алла Субханаху адам затына Халыкты таануу жолу Анын махлуктары жөнүндө аклый пикир жүргүзүү экендигин көрсөтүп берүү үчүн Маккий аяттар менен хытап кылды. Муну биз жогоруда баян кылып өттүк.

Ушундан кийин Алла Таала акылга жерди гүлдөтүп өстүрүү жөнүндө пикир жүргүзүү үчүн кең эшик ачып берди. Бу Алла адам затына адал кылып койгон илимий изденүү, өнөр-жайды жана аскердик тармакты өнүктүрүү сыяктуу жалпы мубах болгон иштер катарына кирет.

فَامْشُوا فِي مَنَاكِبِهَا

– «Жана анын (жердин) ар тарабында аракет кылып жүрө бергиле». [67:15]

كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ

– «Силерди ырыскыландырган таза ырыскыларыбыздан жегиле».    [20:81]

وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ

– «(Эй момундар) алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөр барынча күчтү… даярдап койгула».   [8:60]

Пайгамбарыбыз с.а.в мындай деди: «Илим издөө (алуу) ар бир мусулман эркек жана аял үчүн парз».

О.э. акыл менен адам заты дагы Алланын өкүмдөрүн түшүнүп жетет. Себеби, адам заты вазыйпа-милдет жүктөлгөн махлук. Вокыйлык үстүнөн изденүү жана ушул өкүмдөрдүн вокыйлыктарга дал келишин билүү болсо, акылдын ролу. О.э. Алланын өкүмдөрүн шаръий далилдерден чыгарып алуу үчүн күч-аракет сарптап, ижтихат кылуу эшиги да булардын бардыгы акылды иштетүү менен болот. Бул иштер Алла мактаган жана кылууга үндөгөн иштерден.

قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ

– «Айтың: «Биле турган заттар менен билбей турган заттар барабар болобу?».        [39:9]

فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنتُمْ لاَ تَعْلَمُونَ

– «Эми, эгер өзүңөр билбесеңер ахли илимдерден (билимдүүлөрдөн) сурагыла».      [21:7]

يَرْفَعْ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَالَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ دَرَجَاتٍ

– «Алла силерден ыйман келтирген жана илим ата кылынган (берилген) заттарды бийик даража-мартабаларга көтөрөт».     [58:1]

وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُ إِلَّا اللَّهُ وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ آمَنَّا بِهِ

– «Негизи, андай аяттардын таъвилин (чечмесин) жалгыз Алла гана билет. Илимде бекем болгон кишилер болсо: «Ал Китепке ыйман келтиргенбиз» – дешет».   [3:7]

Ошондуктан, акылдын чыныгы ролун түшүнүү менен Алла Субханаху ва Тааланын өкүмү ортосундагы мына ушул шайкештик жана ылайыкташтыруу себептүү алгачкы сахабалар – Алла алардан ыраазы болсун – акылдын ролун түшүнүшкөн убакытта жана бардык нерседен мурда Алланын өкүмүнө катуу моюн сунуу маанисин түшүнүп жетишкен убакытта Холык менен махлук (пенде) ортосундагы алакада бүткүл адамзаттын эң сонун, эң көркөм өрнөгү болуу даражасына жетишишти жана Пайгамбарыбыз с.а.в менен жиберилген рахмат (дин) жүзөгө чыкты.

Биз сахабалардын – алардан Алла ыраазы болсун – турмушундагы эң сонун ирмемдердин биринен ушу маанини сезе алабыз. Себеби, чоң Бадр казатында Пайгамбар с.а.в суунун жанына отурукташып, жайлашкан убакытта Хаббоб ибн Мунзир Расулуллага: «Эй Расулулла, эмне дейсиз, бул орун Алла сизди түшүргөн,бизге андан бир кадам алдыга да, аркага да жылуу мүмкүн болбогон орунбу же бир рай жана согуш айласыбы?» – деп сурады. Пайгамбарыбыз с.а.в: Балким бу рай жана согуш айласы» – деди. Ошондо Хаббоб: «Эй Расулулла, андай болсо бул орун ылайыктуу орун эмес, адамдарды козгоң, биз суунун кавмга (элге) эң жакын болгон жерине барып, ошол жерде жайгашалы…» – деди. Сахабалар – алардан Алла ыраазы болсун – Алланын өкүмүн мына ушундай түшүнүшкөн эле. Хаббоб ибн Мунзир: «Бу орун Алла сизди түшүргөн орунбу?» – деп, т.а. бу дегени, эгер бул Алланын өкүмү болсо, биз ага катуу моюн сунуп, итаат кылышыбыз гана важып болот, же эгер өзүбүз билген жана акылыбыз иштей турган бир иш болсо, анда сизге бир туура пикирди-райды билдирели – дегени, о.э. «бу рай жана согуш айласыбы?» – деп сураганы сахабалар пенденин өкүмү менен Алланын өкүмүн ажыратып алгандыктарына далалат кылат. Пайгамбарыбыз с.а.вдын жообу болсо, бу иш пикир билдирүү мүмкүн болгон иштерден экендигин билдирди. О.э. билдирилген пикир да Алла Субханаху ыраазылыгына жетүү максаты үчүн болду. Мына ошондон кийин аларга нусрат-жеңиш болду…

Сөзүмдүн акырында мына ушуну айтмакчымын: «Ислам акылды иштетүүгө тыюу салган» – деп же «Ислам адам заты жетишкен материалдык өнүп-өсүү менен бирге кадам таштап жүрө албайт» – деп айтуу Исламга кылынган куру доомат, жалаа, кала берсе, Ислам акыйкатын, пенденин Холыкка карата болгон ордунун акыйкатын, адамдык акыл жана күч-кудуреттин акыйкатын түшүнбөстүк. Ушу нерсе адам затты адашууга жана бүлүнүп-кыйроого алып барат. Себеби, Ислам – пенделер Холык Азза ва Жалла буйругандай жүрүшү үчүн асмандан түшүрүлгөн ак рисалат (дин). Бул рисалат дүйнөдө бардык адам заты үлгү алып эргеше турган, кийин акырет сообуна жетише турган бир нурлуу чырак болуп, алардын турмушун нурлуу кылып, жарык кылат. Муну менен дүйнө жана акырет азиздигине жетишилет. Бардык хамд-сано, мактоолор бүткүл аалам Раббиси Аллага болсун.

Холид Али – Америка

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *