Туура райды текширип үйрөнүү
«Рай» дегени сөздүктүк мааниси «көрүш», «караш» деген сөздөн алынган болуп, ал көрүүчү көз т.а. назар салыш аркылуу же акыл т.а. билим аркылуу пайда болот. Биринчисинде көрүш деген этиштин таасири бир эле кылынмышка өтөт. Мисалы: «аны өз көзүм менен көрдүм» – деген сыяктуу. Экинчисинде болсо (т.а. акыл менен көрүлгөндө) бул этиштин таасири эки кылынмышка өтөт. Мисалы: «Зайтты жумшак, сылык деп көрдүм» т.а. Зайт жөнүндөгү менин райым – көз карашым аны сылык киши деп билиш – деген маанидеги, аны сылык деп билдим дегени. Бизди бул тема жөнүндөгү кызыктыра турган нерсе мына ушул экинчи маани.
Райдын вакыйлыгы (чыныгы мааниси) болсо, адамдын нерселер, иштер же пикирлер үстүнөн өкүм чыгарышынан турат. Ага болсо пикирий процесстен кийин акыл жолу аркылуу толук жетишилет жана сөз, жазуу же ишара менен билдирилет. Рай өз айтуучусу тарабынан пайда болуп, ошол айтуучу аны өз дилинин эң ичкерисинен келтирип жүзөгө чыгарат, натыйжада бул рай өз айтуучусунун көз карашына же анын этикатына жана кандайдыр бир маселени же белгилүү бир теманы түшүнүш көлөмүн билдирет. Ошондуктан рай жекече иш болуп, өз айтуучусунан эч качан ажыралбайт. Ушул себептен биз баланчанын райы же менин райым же хизбтин райы же түкүнчө жамааттын райы дейбиз. Райдын сезиле турган вокыйлыгы болсо пикир болот, болбосо куру бекер сөз болуп кала берет. Мындайда ал эч бир негизге ээ болбогон болбогур нерселер: пуч кыялдар, божомолдор жана токума жалгандар үстүнө курулган болот.
Бул пикирге анын ээси өзүндөгү маалыматтар жана Аллах ага неъмат (тартуу) кылып берген байланыштыра алуу кубаты т.а. ошол маалыматтарда вокыйлыка байланыштыра алуу кубаты аркылуу жетишет. Натыйжада бул пикир, өз айтуучусунун шахсиятынын (өздүгүнүн) жана аклиятынын (түшүнүгүнүн) кубаттулугун же күчсүздүгүн ачып берет. Себеби адам сөздү айткан убакытта дароо эле анын шахсияты маалым болуп калат. Анткени бул шахсият же урандыга айланган эч кими жок үй сыяктуу эч нерсеге жарабай турган өтө жаман шахсият болуп чыгат же кооз деңиз сыяктуу илимдер жана маалыматтар менен гүлдөп өскөн чыгармачыл шахсият болуп чыгат. Ошондуктан «кишинин өкүмү эки жаагынын ортосунда» деп бекер айтылбаган.
Албетте пикирдин адам үстүнөн блдгон өкүмдарлыгынан көрө башка өктөмүрөөк нерсе болбойт. Ошондуктан анын өкүмдарлыгы кылыч өкүмдарлыгынан көрө күчтүүрөөк жана таасир көлөмү чоңураак болот. Бул болсо, пикирдин Аллах адамды башка макулуктардан көтөрүүгө себепчи болгон акыл үстүндөгү өкүмдарлыгынан келип чыгат. Анткени пикир себептүү адам өсүп-өнүгөт жана адамдар ортосунда жогору даражага көтөрүлөт да эң жогорку деңгээлге жетип барат. Пикирсиздтк менен болсо, айбандык даражасынан да төмөнүрөөк шуңгуп өтө төмөндөшүп кетет.
Аллах Өзүнүн Расулу Мухаммад с.а.в ды пайгамбар кылып жиберген убакытта ал кишини пикир менен, Куран жана Сүннөт менен жиберди. Башка пайгамбар жана расулдарды жиберген убакытта да, аларга акыл жолу аркылуу кайрылды жана алардын мөжизалары көз көрө турган мөжизалар болгон болсо да, аларды пикир менен элчи кылып жиберди. Аллах биринчи инсан болгон Адамды жараткан убакытта болсо, аны периштелерден пикир менен абзел кылды. Себеби Аллах Адам алайхиссаламга периштелерге бербеген пикирлеш негиздерин үйрөттү. Аллах таала мындай деди:
قَالَ يَاآدَمُ أَنْبِئْهُمْ بِأَسْمَائِهِمْ فَلَمَّا أَنْبَأَهُمْ بِأَسْمَائِهِمْ قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ غَيْبَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَأَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا كُنتُمْ تَكْتُمُونَ
– «Эй Адам, буларга ал нерселердин аттарын билдир, – деди. (Адам) аларга бардык нерселердин аттарын билдиргенден кийин (Аллах) айтты: – Мен силерге жер-асмандардын сырларын жана силер ашкере кылган жана жашырган нерселерди билемин деп айтпаган белем». [2:33]
Натыйжада Адам алардан, Аллах аны абзел кылышы менен, аларды ага сажда кылдырышы менен абзел болду.
Чындыгында эле, Абул Касым с.а.в Ислам мамлекетин жана анын уүчүн пикир менен курду. Ошондуктан мунафыктар жана алардын жардамчылары болгон батыш христиандары, жөөттөр жана о.э. Ислам жана мусулмандардын душмандары бул Халифалыкты талкалап кулатууга жана аны жоготууга, ал тургай, адамдардын зээндеринде болсун, анын ар бир изин өчүрүп жок кылууга мүмкүнчүлүк таба алышпады. Алар бул ишке пикир өтө төмөндөшүп кеткенден кийин, мусулмандар өз Исламдарынан узакташып кеткенден кийин гана зорго жетишишти. Ошондуктан туура жолдогу Халифалык жакында, Кудай кааласа, пикирлеш негизинде дагы кайра тикеленет. Анткени пикир бардык нерселерден мурда, биринчи турат, андан соң, адам турмушындагы башка нерселер ушул пикирлердин натыйжалары катарында, ошондон кийин гарыйзаларды жана материалдык, моралдык жана рухий муктаждыктарды кандыруу келет. Пикирдин жок болушу менен бардык нерсе жок болуп кетет.
Райдын маанилүүлүгү темасынын ар түрдүү болушу жана айтуучусунун ар түрдүү болушу менен бири-биринен айырмаланат. Себеби мисалы, акыйда сыяктуу негизги пикирлердеги рай мааниси жагынан экинчи даражадагы райдан айырмаланып турат. Саясат туурасында рай болсо тарых жөнүндө райдан бүтүндөй айырмаланып турат, душман менен согуш майданындагы рай болсо, аскердик манёврлар (машыгуулардагы) райдан бүтүндөй айырмаланат ж.б.
Адам болсо өзүнүн туума табияты менен өзүнүн турмуш иштеринде алардын чоңунан болсун же кичинесинен болсун – өзү кылып жаткан нерселердин бардыгында туура райга эргешүүгө зор кызыгуу менен умтулат жана өзү жашап жаткан жамаат ортосунда туткан деңгээлинин ар түрдүү болушуна карап, анын кызыгышы жана мунун мааниси барган сайын күчөп барат. Себеби жөнөкөй аскердин жоопкерчилиги аскер командачысынын жоопкерчилигинен бүтүндөй башкача болот. Мамлекет башчысынын жоопкерчилиги болсо үй-бүлө тарбиячысынын жоопкерчилигинен бүтүндөй башкача. Себеби бул үй-бүлө тарбиячысы райынын таасири анын үй-бүлөсүндөгү адамдардан нарыга өтпөйт. Дал ушул убакыттын өзүндө бүткүл үммөт момундар амиринин райы менен – ал иштерди жакшы көңүл буруп башкарган убакытта – таасирленет жана бул таасир кылымдар бою келечек муундарга чейин жетип барышы мүмкүн.
Ошондуктан жооптуу адамдын райы жоопкерчиликтен тышкары кишинин райынан көрө маанилүүрөөк болот. Имом Али – Аллах анын жүзүн жарык кылсын – өз хутбаларынын биринде: «Баш ийилбей турган кишинин райы болбойт» – деп аябай туура айткан. Себеби рай менен иштер башкарылат жана үммөт үстүнөн саясат жүргүзүлөт, армияларга жетекчилик кылынат жана согуштар алып барылат, рай менен хизб амири башка жигиттерге пикирий жетекчилик аркылуу жетекчилик кылат. О.э. жигиттер да Үммөттүн Исламий турмушун жаңыдан баштоо үчүн жана өз рисалатын бүткүл дүйнөгө жеткирүү үчүн ойгонуу максатында рай менен үммөт жетекчилигин колго алууга аракет кылышат.
Мына ушулардын бардыгынан келип чыгып, кишинин, айрыкча, даъватты көтөрүүчүнүн, т.а. адамдарга ртетолерди көтөрүп чыгуучунун туура райга кандайча жетүү жолу жөнүндө суроо бериши жана мына ушуну жүзөгө чыгарып берүүгө тийиштүү болгон бардык нерселерге жетишүү үчүн аракет кылышы жана астейдил умтулушу табигый иш.
Эми, кимде-ким кандайдыр бир тема туурасында же маселелерден кайсы бир маселе туурасында туура райды кааласа, ага төмөндөгү иштердин бири же бир нечесин чукур текшерип үйрөнүшү важып болот.
Биринчиден: Райдын өзүнүн сахих (туура) далилине туура түстө сүйөнүшү.
Экинчиден: Райдын сезилинген вокыйлыкка толук туура келиши.
Үчүнчүдөн: Башкалардык райын алуу менен кеңешүү, т.а. шоро (кеңеш).
Төртүнчүдөн: Напистин көңүл каалолорунан узак туруу.
Мына ушулар туура райды издеп жаткан ар бир кишиге көңүл буруу зарыл болгон төрт иш.
Ал эми далил болсо, сөздүктө далил кылып келтириле турган ар бир нерсени, же далалат кылуучу ар бир нерсени түшүнтүрөт. Анын көптүк формасы (أَدِلَّةٌ) (далилдер) болот жана бул сөз (دَلَّ عَلىَ الشَّىْءِ) (бир нерсеге далалат кылат) – деген сөз сыяктуу. Бул сөздүн мааниси болсо, аны ушул нерсеге тууралап койду же аны ошол нерсеге жолдоп койду – дегени. Мисалы (دَللْتُ عَلَيْهِ بِهَذاالطَّرِيْقِ) аны бул жолго далалат кылдым, т.а. ага бул жолду тааныттым – дейилет. Ошондуктан жол (دَلِيْلَةٌ) далалат кылуучу, көрсөтүүчү – деп да аталат.
Демек далалат этишти мааниси, бир нерсени билүүгө жетишүүдө жардам бере турган нерселер. Мисалы сөздөрдүн маанилерге далалат кылышы сыяктуу жана жол-жоболордун, жазуунун, ишаранын өз маанилерине далалт кылышы сыяктуу. Бул нерсе атайлап болобу же атайлап болбойбу мунун айырмасы жок. Мисалы киши бир адамдын кыймылдап жаткандыгын көрүп, анын тирүү экендигин билип алат. Бул болсо Аллах тааланын:
مَا دَلَّهُمْ عَلَى مَوْتِهِ إِلَّا دَابَّةُ الْأَرْضِ تَأْكُلُ مِنسَأَتَهُ
– «Анын (Сулаймандын) өлүмүнө таягын кемирип жеп жаткан (жыгач) кемируучу курт гана далалат кылды». [34:14]
деген сөзүнөн түшүнүлө турган нерсе. Али (Аллах анын жүзүн жарык кылсын) сахабаларды сапаттап айткан хадисинде мындай деди: «Алар ал кишинин алдынан далилдер болуп чыгар эле». – т.а. Расулуллах с.а.вдын алдынан таалим алган нерселери менен чыгышчу да, адамдарды мына ушул нерсеге далалат кылышчу эле, т.а. пайгамбар алдынан адамдарга бере турган фукахолар (билимдүү, окумуштуу кишилер) болуп чыгышар эле. Мына булар далалат кылыштын сөздүктүк мааниси. Бардык терминдик (бардык адамдар ортосунда өз ара келишип кабыл кылынган) маанилер, эгер терминге көңүл бурула турган болсо, мына ушул маанилер чегинен чыкпайт. Демек далалат башка нерсеге жол көрсөтө турган бардык нерсеге айтылат.
Райдын далилге болгон байланышы болсо, анын (далилдин) райга туура жол көрсөтүп берүүчү экендигинен келип чыгат, т.а. пикирди баяндап бере турган райдын негизин жакшылап бериштен келип чыгат. Ал эми рай, эгер рай кылуучунун болбогур түшүнүгүнө жана куруу кыялдануусуна сүйөнө турган болсо, анда мындай райдын эч кандай кадыры болбойт жана ойдогудайкөңүл буруш даражасынан түшүп калат. Себеби далилге сүйөнө турган райга катуу көңүл бурулат. Бул жерде ушуну кошумча кылып өтүш мүмкүн, албетте ойчул же даъватты көтөрүүчү ар дайым эң биринчи далил келтирүүгө кайрылат, ушундан кийин анын артынан багыты туура көрсөтүп коюлган рай келет. Ошондуктан далилдери ар түрдүү болушу менен райлар да ар түрдүү болот, далидери бири-бирине дал келиши менен болсо, райлар да бири-бирине дал келет. Себеби эгер бир рай айтуучу менен аны угуучу, далил үстүндө өз ара карама-каршы пикирде болушса, экөөсүнүн рай үстүндө карама-каршы болушу табигый. Ошондуктан мужтахиттер, факихтар, аалымдар жана ойчулдар райларынын карама-каршы болушу мына ушул бөлүмгө гана кирет. Себеби далилдердин карама-каршы болушу менен райлар жөнүндөгү карама-каршылыктын келиши анык. Анткени, мисалы, айтуучу менен угуучунун Абу Хурайра рыбаят кылган хадисти кабыл кылууда карама-каршы пикирде болушса, алардын ушул хадистен истинбат кылынган (чыгарып алынган) рай үстүндө бир токтомго келүүлөрү мүмкүн эмес. Ушуга караганда кимде-ким адамдарды бир далил үстүндө бириктиришти кааласа, эң биринчи жана бардык нерседен мурда, ага аларды бир далил үстүндө бириктириши зарыл болот. Ошондуктан пайгамбар жана расулдарга келген далилдер, акылдуу адамдар үчүн далилдерди кабыл кылууда жана аларга баш ийүүдө экиленүүгө эч кандай орун калтырбай турган даражада далалаты катъий (анык-кескин) далилдер болгон. Бул далидерге акыйкат сөзгө моюн сунбай турган бекерден-бекер бой көтөрүүчүлөр гана көнбөстүгү мүмкүн.
Далилдерге назар таштоочу адам, далил келтирүүчүнүн сөз айтылып жаткан адамдын жана талкуу темасынын ар түрдүү болушу менен бул далилдердин да ар түрдүү болуп жатканын көрөт. Мисалы усул (дин негиздери) аалымы вахийге байланыштуу боло тураган далилдер жөнүндө талкуу жүргүзөт. Факых (фикх аалымы) болсо тафсилсилий (майда-чүйдөлөр жөнүндөгү) далилдер жөнүндө изденет. Тилчи аалым болсо, нукура араб тилинде сүйлөшүүчү арабтар айткан нерселер жөнүндө изденүүлөр алып барат. Тарыхчы болсо, илгерки тарыхый эстеликтер (антикварлар) жана рыбаяттар жөнүндө талкуу кылат. Саясатчы болсо жүзөгө келип жаткан окуялар артында жашырынган себептер жөнүндө талкуу жүргүзөт ж.б.у.с.
Ал эми далил менен сөз айтылып жаткан кишиге келсек, эң биринчи ага, ал түшүнө ала турган нерсе менен сүйлөшүү керек болот. Себеби андай кылып, биз ал өздөштүрө албай турган бир далил менен, ага далил-фактты келтиришибиз мүмкүн. Бухарий Али р.адан ушундай дегенин рыбаят кылды: «Адамдарга алар биле турган нерселер менен сүйлөгүлө же силер Аллах жана Анын Расулун жалганчы кылууларын каалайсыңарбы». Абу Нуаъйм болсо өзүнүн «Мустахраж» китебинде мына ушул сөздөрдү кошумча кылды: «Алар баш тарта турган нерсени бул жакка коё тургула жана түшүнүш аларга күмөндүү болгон нерселерди ташатагыла».
О.э. далил сөз айтылып жаткан адамдын абалы, далилди танышы же кабыл кылышына карап да ар түрдүү болот. Мисалы капырдын абалы сыяктуу далилди тануучу болсо, анда эгер аны Исламдын жана анын өкүмдөрүнүн туура экендигине канааттандырууну көздө тутулуп жатса, ага акыйда далилдери менен кайрылбастан мурда өкүмдөр далилдери менен кайрылуу пайдасыз. Ал эми далилге көнө турган мусулман кишиге болсо, сүйөнө турган райды кабыл кылышы үчүн ага далилдин тууралыгын баян кылып бериш жетиштүү болот.
Ал эми талкуу темасына келсек, эгер тема наклий (көчүрмө) илимдер жөнүндө болсо, анда анын далили аклый (акылдын негизиндеги) илимдер жөнүндө болгон ыкма далилинен бүтүндөй башкача болот. Анткени наклий нерселердин далили аклый болбойт, аклый нерселердин далили болсо наклий болбойт. Себеби биз кайсы бир орууну кандай дарылоону фикх китептеринен издебейбиз жана келер чак этишинин мүчөлөрүн лабораториядан издебейбиз. Кээ бир билимдерде катъий далил болушу талап кылынса, башка кээ бирлеринде болсо мындай далил талап кылынбайт, балким ал туурасында күмөндүү далилдин күчтүү келишинин өзү жетиштүү. Ошондуктан акыйда жана тажрыйба илимдери жөнүндөгү далил аклый болушу же түп негизи акыл менен далилденген нерсе болушу албетте зарыл.
Ал эми өкүмдөр саясат, тарых жана сөздүктөгү сөз далилдери сыяктуу наклий нерселер жөнүндө болсо, күмөндүү далилдин күчтүү келишинин өзү жетиштүү болот. Бул болсо илим-билимдердин, турмуш шартынын, абалынын жана далилди алуу артынан келип чыга турган натыйжалар маанисинин ар түрдүү болушу себептүү болот. О.э. буга далилдердин кең тармактуу жана кеңейе алуу касиетинде ар түрдүү болушу да себеп болот. Себеби далилдердин бир канча райларды чыгарып алууга жарай тургандары бар жана алардан бир гана райды чыгарып алууга жарай тургандары да бар.
Кээде далилди кабыл кылууга бир жамаат (топ) өз ара келишиши мүмкүн. Мисалы тилчи аалымдар сыяктуу. Кээде болсо далилди бир үммөт да кабыл кылышы мүмкүн, Исламий Үммөттүн Куран жан Сүннөттү кабыл кылышы сыяктуу. Кээде болсо, бир далил бир жамаатта далил болушка жараса, башка жамаатга жарабай калышы да мүмкүн. Ошондуктан эгер далилдикке жараса аны бул жамаатка далил кылып келтирсе болот, эгер жарабаса далил кылып келтирүү туура болбойт.
Далил болсо илим-билимдин бардык тармактарында бар. Далил аны Аллахтын алдынан вахий келтирген болушу да мүмкүн, же танып болбос акыйкат болушу да мүмкүн, же адамдар узак замандардан бери адаттанып үйрөнүп калган үрп-адат болушу да мүмкүн же адамдар тууралыгына канааттанып кабыл кылышкан бир ойчулдун райы болушу да мүмкүн. Ушундай кылып далилдин пайда болуш орду тышкарыда экендигин, т.а. мисалы адамдын ичине Аллах тарабынан келишин же айлана чөйрөнү камрап алган абал шарттарынан келишине ой жүгүртүп билип алса болот. Ошондуктан киши далилге токнош келген убакытта аны жакшылап түшүнүп алышы жана анын мааниси далалат кылып жаткан мазмунга токтолуп өтүш менен аны түшүнүп жетиши керек. Ал (далил) болсо адамдын ичкерисинен пайда боло турган райдын тескериси. Себеби райды адам акылынын жардамы менен пикирлегенден кийин өзү тарабынан пайда болот.
Мына ушундан өз райынын туура экендигин анык көрсөтүп бериш үчүн адамдын тышкары болгон илим-билимдерди билишинин мааниси өтө зор экендиги көзгө даана көрүнөт. Буга болсо таалим алыш, окуп үйрөнүш, изденүү менен окуш, кулак салыш жана билим алыш аркылуу өзүн кыйнашы жана оор кыйынчылыктарды көтөрүү менен жетишет. Ошондуктан адам билим жагынан өскөн сайын далил-фактысы да көбөйүп бара берет.
Мына ошондон келип чыгып, сакофатты жана андан башка даъватты көтөрүүчүгө өз даъватын алып чыгышы үчүн зарыл боло турган билимдерди алышы, «Важып эмне менен ишке ашса, ошол нерсе да важып» деген коидага (эрежеге) негизделип парз болуп калат. Себеби даъватты көтөрүп чыгуучунун бул билимдерди албоосу, аны адамдарга даъватты көтөрүп чыгуудагы өз милдетин, т.а. парздардан бир парзды аткарууга кудуретсиз кылып коёт.
Далилдин туура болушу, жетиштүү болбосо да, көрсөтүлүп жаткан райдын туура болушунда шарт эсептелет. Себеби далил келтириштин туура болушу, т.а. далилдин өзү далалт кылып жаткан маани-мазмунга туура келиши албетте зарыл.
Далилдин туура болуш шарттары болсо, илим-билим түрүнүн ар түрдүү болушуна карап, ар түрдүү болот. Себеби эгер илим-билим наклий нерселерден болсо, анда далилдин туура болушу, көчүрмөнүн жалгандан, туура эмес нерселерди аралаштырып жиберүүдөн, каталыктан, бузуп-өзгөртүрүп жиберүүдөн узак болушун жана көчүрмөнүн асыл нукуралыгына таасир кыла турган бардык нерседен узак болушун талап кылат. Эгер илимдер акыл негизиндеги нерселерден болсо, анда далилдин туура болушу, анын (далилдин) акылга туура келишин, же анын түп негизинин акылга туура келишин жана сезилип турган вокыйлыкка туура келишин талап кылат.
Чындыгында эле, аалымдар ар бир кылымда билимдин ар бир түрү үчүн, ушул илимдер туурасында көрсөтүлгөн далилдердин туура болушун камсыздоо максатында анык коидалар иштеп чыгышты жана бул туурасында миң-миңдеген окуу колдонмолорун, китептерди жазышты. Мисалы усулу фикх (фикх негиздери) аалымдары вахийдин түшкөндүгүн тастыктоочу далилдин туура экендигине тийиштүү коидаларды иштеп чыгып жолго коюшту. Мисалы ошол коидалардагы масолихул мурсала далил-факт кылып келтирүүнүн туура эместиги, себеби мындай далил-факт келтириш, далил болушунан чыгып кеткендиги турасындагы коиданын айтып өтүштүн өзү жетиштүү.
О.э. мусталахул хадис (хадис илиминин термин-сөз тексттери) аалымдары да сахих хадистерди сахих болбогон башка хадистерден ажыратып, билип алыш үчүн зарыл болгон коидаларды жолго коюшту. Хадисти четтен кирип калган туура эмес аралашмалардан тазалаш үчүн көзгө көрүнгөн, атактуу залкар аалымдар ишке киришти. Алар хадис рыбаят кылган кишилер туурасындагы илимди, жарх (хадис рыбаятчылары жалган сүйлөшү же башка айып тары бар болгон кишилерди көрсөтүп өтүш) жана таъдил (хадис рыбаятчылары арасындагы туура кишилерди көрсөтүп өтүш) илимин, рыбаяты жана рыбаят кылуучуларды ж.б. илимдерди өз ичине алган илмул мусталах (хадис илими терминдери) коидаларын жолго коюшту. Муну менен алар хадиске четтен кирип келген бардык туура эмес нерселерди жок кылып, хадистерди өзүнүн асыл нукура абалына келтиришти. Натыйжада хадисти сахабалар Расулуллах с.а.вдан кандай алышкан болсо, дал ошондой нукура таза абалда алып үйрөнүш оңой болуп калды. Башка коидалар туурасында, эгер хадис заиф (күчсүз) болсо, мындай хадистен чыгарып алынган райдын эч кандай мааниси жок экендиги жөнүндөгү коиданы айтып өтүүнөн өзү жетиштүү. Ал эми далил келтирүүнүн жолуна келсек, анын маанилүүлүгү райдын туура болушу үчүн далилдин туура болушу зарыл экендигинен эч качан калышпайт. Себеби кээде аят же сахих хадис сыяктуу, далил эч бир кемчилдик аралашпаган туура далил болушу мүмкүн, бирок аны далил кылып келтириш жолу туура эмес болушу мүмкүн. Натыйжада андан чыгарып алынган рай да сөзсүз ката болуп калат. Себеби кишинин өзүнө бир маселе туурасында далил келтиргендей болуп көрүнөт, бирок иштин акыйкатын алып каралганда болсо, мунун бүтүндөй тескериси болуп чыгат же өзүнүн көңүл каалоосуна эргешкен арам ойлуу адам туура далилди өз райынын тууралыгына далил кылыш үчүн зордоп келтирүүгө аракет кылган болот. Райдын туура болушуна далилдин же далил келтирүүнүн таара эмес болушу эң көп коркунуч туудурат. Себеби эгер далил туура болсо, жана вокыйлыкты үйрөнүп чыккандан кийин жана далилдин вокыйлыкка дал келишин билгенден кийин, далил келтириш жолу да туура болсо, анда рай өзүнүн туура болушуна терс таасир кыла турган башка иштерден узак болсо, рай туура болушуна эң жакын болот. Далилдин туура болушунун болсо, иштердин акыйкатын билүүдө өтө чоң салымы бар жана ал адамды напис каалоолорунун таасиринен жана залалаттын адаштырып коюусунан бекем коргоонун туура кепилдиги да болуп эсептелет. Ошондуктан да Шоръе (Аллах) адамды турмушту түшүнө албай жол-жоруксуз, тентиреп жүрө турган кылып жөн таштап койгон жок,балким турмушту жаркын, вокыъий (реалдуу) чыныгы түстө түшүнүп жетиш үчүн, турмуштун назик жактарын билиш үчүн, анын турмуш жөнүндөгү анык жана туура далилдер менен камсыздап койду. Мисалы акыйдаларды анык ишенүү үстүнө курган убакытта, ширктен бекем коргоп сактады, өкүмдөрдү вахий Аллах алдынан алып келген далилдер үстүнө курган убакытта болсо, аны залалатка (адашууга) түшүп калуудан бекем коргоп сактады.
Ошондуктан ойчул же даъватты көтөрүп чыгуучу имараттын бекем, жакшы турушу имараттан мурда анын пайдубалына жакшы көңүл бурган инженер-архитекторго окшоп, райга көңүл буруштан мурда, эң биринчи далилге көңүл бурат. Бул туурасында, бул рай даъватты көтөрүп чыгуучунун райы болобу же башка адамдардын райы болобу, мунун айырмасы жок. Эми эгер анын өз райы болсо, анын туура экендигине көңүлү толук канааттанат жана жана аны канааттануу менен ыймандан келип чыгып адамдарга жүрөктөн-жүрөккө таасирлүү кылып жеткизет. Эгер рай башкалардын райы болсо, анын далили тууралыгынан жана аны далил кылып келтириш жолунун туура экендигине канааттанып, бул райдын тууралыгы үстүнөн өкүм чыгарат. Натыйжада аны кабыл кылууда же кабыл кылбай кайтарууда көңүлү ток болуп, өзүн эркин сезет. Муну менен ал өзүн тетири райлардан же залалатка баштоочу напис каалоолорунан бекем сактаган болот. Даъват көтөрүп чыгуучу адамдарга пикирлерди жеткизүүдөн максатты, т.а. аларды да ушул пикирлерди көтөрүп жүрө тарган кылып коюу максатын жүзөгө чыгарышы үчүн ага өз райын, райдын туура экендигин далилдөөчү далил менен бекемдеши важып. Себеби курудан-куру райдын өзүн берүүнүн өзү жетиштүү эмес, балким бул райды угуучу аны туура далил менен түшүнүп жетиши да албетте зарыл болот. Ошондуктан даъватты көтөрүп чыгуучу далили жардамында далили дагы да күчөйүшү максатында жана угуучусуна таасир кылышы үчүн далилдерди издеши, аларды жакшылап текшерип чыгышы жана аларды жаттап алып, ар дайым көз алдында элестетип турушу керек. Себеби райды өз далилине сүйөндүрбөстөн туруп, угуучу өзү угуп жаткан бардык нерсени оңой-олтоң кабыл кыла бербейт, балким мындай рай анда, ал өзү уккан нерсесинин тууралыгына болгон кандайдыр бир далилге жол тапканга чейин, же анын тууралыгына бир далилди табышынан мурда, мындай райды унутуп жибергенге чейин шектүү жана таң калычтуу болуп кала берет. Ошондуктан биз адамдардын далилдерди өз ичине алган хизбтин саясий баракчаларын жана андан башка нерселерди мындай далилдерге кембагал болгон башка баракчалардан көрө тезирээк кабыл кылууларын көрүшүбүз табигый. Ушул эле убакытта атайын жаштарга ылайыктап чыгарылган баракчалар да алардын далилдери болбосо да, кабыл кылууга, балким толук канааттанууга жолугууда. Себеби кыядаттын түшүнүшүнө жана түшүнүү кудуретине болгон толук ишеним, бул жаштардагы жана адамдардагы канааттануу жана далил ордуна тура турган бир иш эсептелет. Бул болсо хизбти башка адамдардан айырмалап тура турган жагы.
Пикирлерди угуучуга жеткизүүдөгү далилдин канчалык мааниге ээ экендиги болсо, далилдин адам сезимдеринен, кызыгууларынан, каалоолорунан алыста туруп, акылдын өзүнө гана каратылган сөз экендигинен келип чыгат. Демек, ал сүйлөөчү менен угуучу ортосунда калыс ажырым кылуучу жана бейтарап өкүм чыгаруучу. Анткени адам үстүнөн акылдын өкүм жүргүзүшүнөн көрө күчтүүрөөк эч бир өкүмдарлык жок, акыл үстүнөн болсо пикир өкүмдарлыгынан көрө күчтүүрөөк болгон өкүмдарлык жок, пикир болсо далил менен гана өкүмдарлыкка ээ болот. Ушунтип адамдарга пикирди далилсиз жеткизүүчү киши кудум согуш майданындагы куралсыз аскерге окшоп калат.
Туура далил келтирилген убакытта угуучу адам ак ниет, ак көңүл адам болсо, мындай далилге жакшы пикирде болбой ылажысы жок. Угуучу менменсиген адам болсо, мындай далилге ичинде жашыруун жакшы пикирде болуудан башка чарасы болбойт. Себеби адам туура далилге тышында терс жообун бере алса да, бирок ал туура пикир менен же туура рай менен таасирленбей койбойт.
Ошондуктан эгер кулак салуучу ак ниет адам болсо, далилди уккан убагында анын жүзүндө жакшы пикирде болгондугунун жана чукур канааттангандыгынын белгилерин көрөсүз жана сезесиз, айрыкча далил ушунчалык туура болсо ушундай болот. Демек даъватты көтөрүп чыгуучу тарабынан далилди келтирилишине кулак салып жаткан кишилерге же анын даъватын окуп жаткан кишилерге таасир кылуунун олуттуу башталышы, деп эсептелет.
Бул айткандарыбыз далил жана анын түп негизи, о.э. рай менен болгон байланышы жана бул байланыштын мааниси жагынан айтылган сөздөр эле. Ал эми райдын вокыйлыкка дал келиши туурасында сөз кыла турган болсок, буга кээде райдын тууралыгы же туура эместиги үстүнөн өкүм чыгаруу үчүн зарыл болгон иштер кирет. Чындыгында эле Аллах Өзүнө ыйман келтирбей капыр болгондорго каршы, далил келтирип алар «Куранды Мухаммад тили арабча болбогон бир христиан кулдан алып келип жатат» деп куруу жалаа таркатышкан убакытта, алардын бул райлары туура эмес экендигин баян кылып берди. Аллах таала мындай деди:
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّهُمْ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُ بَشَرٌ لِسَانُ الَّذِي يُلْحِدُونَ إِلَيْهِ أَعْجَمِيٌّ وَهَذَا لِسَانٌ عَرَبِيٌّ مُبِينٌ
– «Биз алардын (Куранды Мухаммадка) бир адам үйрөтүүдө – деп (жалаа жаап) жатышканын билебиз. (Бирок алардын бул доолору куруу эле сөз, себеби) алар ишара кылып жаткан адамдын тили арабча эмес, бул (Куран) болсо ачык-айкын эле арабча». [16:103]
Мындай далилдин дал өзүн, т.а. райдын вокыйлыкка дал келишин капырлар Расулуллах с.а.вга тетири жооп бериш үчүн өз ара кеңешишкен убакытта колдошкон эле. Себеби Валид ибн Ал-Мугыйра Курайштын бир канча кишилери менен чогулуп аларга мындай деди: «Эй Курайш жамааты, мына ажылык мезгили да келди, ушундай болгон соң, силер бул ажылык мезгилинде бир пикирге келип келишип алгыла, өз ара карама-каршы пикирде болбогула, о.э. бири-бириңерди жалганчы кылбагыла жана бириңердин сөзүңөрдү башкаңар кайтарбагыла». Ошондо Курайш капырлары: «Эй Абдуш Шамс, өзүң эмне дейсиң, бизге Мухаммад туурасында өзүбүз сөз тарката турган бир рай туурасында сүйлө жана аны бизге дайындап бер» – дешти. Валид: «Жок, силер өзүңөр айткыла», – деди. Капырлар: «Аны балчы (келечектен кабар берүүчү) деп сөз таркатабыз», дешти. Валид деди: «Жок, Аллахка ант ичип айтам, ал балчы эмес. Себеби биз балчыларды да көргөнбүз, алардын кандай адамдар экендигин да билебиз. Мухаммад келтирген нерсе болсо, балчылардын келжиреши да эмес, анын сөздү уйкаштырып сүйлөшү да эмес». Ошондо капырлар: «Анда аны жинди дейбиз», дешти. Валид болсо: «Ал жинди эмес. Себеби биз жиндилик эмне экендигин анык көргөнбүз жана анын эмне экендигин анык билебиз. Мухаммадда болсо жиндинин буулуп оозунан көбүк чыгышы да, алаксырап, титиреп калышы да жана анын азгырышы да жок». Ошондо капырлар: «Анда аны акын дейбиз», дешти. Валид болсо: «Ал акын да эмес, себеби биз ырдын бардык түрүн, анын ражазын (кайсы бир түрдүү ритмдеги ыр көлөмүн) да, хазажын (башкача ритмдеги ыр көлөмүн) да, карызосун (поэзия үзүндүгүн) да жана мабсутасын (эркин ыр ритмин) да жакшы билебиз. Мухаммад алып келген нерсе болсо ыр эмес», деди. Ошондо капырлар: «Анда аны сыйкырчы дейбиз», дешти. Валид болсо: «Ал сыйкырчы эмес, биз сыйкырчылар ким экендигин жана алардын сыйкырларын да көргөнбүз. Мухаммадда болсо, сыйкырчылардын арбашы да, түйүндөрдү байлап дем салуулары да жок», деди. Ошонда капырлар: «Анда эмне деп сөз таркатабыз эй Абдуш Шамс?» – дешти. Валид болсо: «Аллахка ант ичип айтам, албетте Мухаммаддын сөздөрү ушундай бир укмуштуу, жагымдуу, жан дүйнөнү эргитет, амал-тамыры ушундай бир сонун, назик, бутактары кооз гүл-бүчүрлөрүнө бүркөнгөн, силер мындай сөздөрдүн эч бирин айта албайсыңар. Айтууга аракет кылганыңарда да айтып жаткан сөзүңөрдүн жалган-акыйкат экендиги дароо эле билинип калат. Ошондуктан ал жөнүндөгү силер таркатып жаткан сөздүн эң туурасы – аны киши менен инисинин ортосун, эри менен аялынын ортосун жана киши менен тууган уруктарын ортосун бири-биринен ажыратып жибере турган сыйкырдуу сөздү алып келген сыйкырчы, – деп сөз таркатышыңар болот. Ошондо гана силер муну менен аны адамдардан ажыратып жибересиңер», – деди. Ошондо Валид ибн Ал-Мугыйранын мындай кылгандыгын сапаттап Аллах Тааланын ушул сөзү түштү:
إِنَّهُ فَكَّرَ وَقَدَّرَ ۩ فَقُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ ۩ ثُمَّ قُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ ۩ ثُمَّ نَظَرَ ۩ ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ ۩ ثُمَّ أَدْبَرَ وَاسْتَكْبَرَ ۩ فَقَالَ إِنْ هَذَا إِلَّا سِحْرٌ يُؤْثَرُ ۩ إِنْ هَذَا إِلَّا قَوْلُ الْبَشَرِ
– «Анткени ал (Куранды уккандан кийин бул илахий (Кудай тарабынан түшүрүлгөн) Китепке кандай куру жалаа жабуу туурасында) ойлоду, режа (план) түздү. Жок кылынгыр, кандай режа түздү – а?! Дагы жок кылынгыр, кандай режа түздү – а?! Кийин ал (ойлогон режаларына) карады. Кийин (Курандан эч бир айип таба албагандан кийин, бешенесин) тырыштырды жана жүзүн бырыштырды. Кийин (Акыйкаттан) жүзүн бурду, текебердүүлүк кылды. Анан, ал: «Бул (Куран Аллахтын сөзү эмес, балким) бар болгону (мурдагылардан) жазылып-айтылып келе жаткан бир сыйкыр. Бул адамдын гана сөзү» – деди». [74:18-25]
Ушундай далилдин өзүн Назр ибн Ал-Харис Курайшка кайрылууда колдоп мындай деди: «Эй Курайш жамааты, Аллахка ант ичип айтам, чындыгында эле силерде ушундай бир иш болду, силер али ага каршы эч бир чара көрө алганыңар жок. Чындыгында эле Мухаммад араңарда силерди эң көп ыраазы кылган жаш жигит эле жана эң чынчылыңар жана эң адал, аманаттуу-ишенимдүү кишиңер эле, бул абал анын эки чекесиндеги чачына ак аралаганын көргөн убакытка чейин жана ал силерге алып келген нерсени алып келгенге чейин улантылды. Ушул убакытка келип силер аны сыйкырчы дедиңер. Жок, Аллахка ант ичип айтам, ал сыйкырчы эмес, себеби биз сыйкырчылардын ким экендигин, аларды арбап-алдашы жана түйүндөрдү байлап дем салышы эмне экендигин анык көргөнбүз. Силер аны балчы дедиңер. Жок, Аллахка ант ичип айтам, ал балчы да эмес. Анткени биз балчыларды, алардын кандай алаксырашын көргөнбүз жана сөздү кандай уйкаштырууларын укканбыз. Силер аны акын дедиңер. Жок, Аллахка ант ичип айтам, ал акын да эмес. Себеби биз ырдын эмне экендигине күбө болгонбуз жана анын бардык түрлөрүн, хазажын да, ражазын да укканбыз. Силер аны жинди дедиңер. Жок, Аллахка ант ичип айтам, ал жинди да эмес. Себеби биз жиндиликтин эмне экенин көргөнбүз, анда болсо жиндиликтин буулуп алаксырашы, азгырышы да жана иштерди баш-аламан кылышы да жок. Эй Курайш жамааты, ушундай болгон соң, кылып жаткан ишиңер үстүндө жакшылап ойлоп көргүлө. Анткени, Аллахка ант ичип айтам, чындыгында эле силердин желкеңерге ушундай бир чоң, жооптуу иш түштү.
Райдын вокыйлыкка дал келиши дейиштен максат ар кандай вокыйлык эмес. Себеби вокыйлык бузук вокыйлык да болушу мүмкүн. Андай болгондо, ал ага туура келбей турган жаңыча пикирлер менен өзгөртүүгө муктаж болот. Буга мисал кылып мыйзам чыгарууларда, мыйзамдарда, пикирлерде, түшүнүктөрдө, рай, көз караштарда жана турмуш жолдору эрежелеринде көзгө ташталган вокыйлыкты келтириш мүмкүн. Себеби бул иштер вокыйлыкка дал келиши дейиштен көздөлгөн максаттар эмес. Анткени алар коомдогу адамдар ортосундагы өкүм сүрүүчү иштер сыяктуу нерселерге окшоп, кээде вокыйлык деп аталышса да, алардын акыйкатын алып караганда, алар болгону бир рай, көз караштар гана болуп эсептелет. Максат кылынган вокыйлык болсо, мына ушул райлар алынган материалдык сезиле турган вокыйлык болуп эсептелет. Мисалы, мүлкчүлүктү жоюу – адамдагы мүлккө ээ болуга болгон каалоону жокко чыгарууну көздөй турган райга сүйөнө турган мыйзамчылык, жана ал туура эмес райга сүйөнгөн туура эмес мыйзамчылык эсептелет. Себеби бул туура эмес рай адам вокыйлыгы сүйөнө турган мүлккө ээ болуш каалоосуна, т.а. бако (жашоо үчүн күрөш) гарыйзасы (инстинги) көрүнүштөрүнөн бир көрүнүш эсептелген мүлккө ээ болуш каалоосуна тескери келет. Демек, максат кылынган вокыйлык – сезимдер түшө турган, натыйжада акыл биле ала турган вокыйлык. Бул кудум закымды көрүп суу деп ойлой турган же чабылгандын добушун угуп, самолёт добушу деп ойлой турган, бирок бул нерселердин вокыйлыкка канчалык дал келиш-келбөөсүнүн акыйкатын аныктаган убакытта болсо, мына ушул күмөндүн бүтүндөй тескерисин таба турган, натыйжада мындай райдын үстүнөн туура эмес деген өкүмдү чыгара турган кишиге окшойт. Ушундан келип чыгып, адам уй, бут, санам, күн, ай сыяктуу макулуктарга (жаратылган нерселерге) ибаадат кылууну айта туран райдын канчалык туура эмес жана адашкандык, залалат экендигин даана көрө алабыз. Себеби мындай рай, мына ушул макулуктардын алсыздыгында, кемчиликтүүлүгүндө жана муктаждыгында анык көзгө көрүнүп турган вокыйлыкка эч туура келбейт. Ошондуктан саййидибиз Ибрахим алайхиссалам бут-санамдарга ибаадат кылуучуларга, мындай санамдарга ибаадат кылуу алардын (бут-санамдардын) вокыйлыгына тап-такыр дал келбестиги туурасында далилди келтирип, анык далилдеп берген эле. Аллах таала мындай деди:
قَالُوا أَأَنْتَ فَعَلْتَ هَذَا بِآلِهَتِنَا يَاإِبْرَاهِيمُ ۩ قَالَ بَلْ فَعَلَهُ كَبِيرُهُمْ هَذَا فَاسْأَلُوهُمْ إِنْ كَانُوا يَنطِقُونَ ۩ فَرَجَعُوا إِلَى أَنفُسِهِمْ فَقَالُوا إِنَّكُمْ أَنْتُمْ الظَّالِمُونَ ۩ ثُمَّ نُكِسُوا عَلَى رُءُوسِهِمْ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا هَؤُلَاءِ يَنطِقُونَ ۩ قَالَ أَفَتَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمْ شَيْئًا وَلَا يَضُرُّكُم ۩ أُفٍّ لَكُمْ وَلِمَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ۩ قَالُوا حَرِّقُوهُ وَانصُرُوا آلِهَتَكُمْ إِنْ كُنتُمْ فَاعِلِينَ
– «(Аны алып келишкенден кийин): «Кудайларыбызды сен ушул (абалга) салдыңбы, эй Ибрахим?» – деп (сурашты). Ибрахим айтты: «Жок, бул ишти алардын чоңу мына бул (айкел) кылды. Эми (буттарыңардан) сурагыла, эгер сүйлөй алышса (айтып беришсин)». Соң (мушриктер) өздөрүнө келип, (бири-бирлерине): «Силер өзүңөр заалымсыңар» дешти. Андан соң дагы баштары айланып: «Сен алардын сүйлөбөөсүн жакшы билер элең го? – дешти. (Ибрахим) айтты: «Акыры Аллахты коюп, силерге эч кандай пайда да зыян да жеткире албай турган нерселерге сыйынасыңарбы?! Силерге да, Аллахты коюп сыйынып жаткан буттарыңарга да суф-э! Акыры акылыңарды иштетпейсиңерби? (Ибрахимдин акыйкат жемесине жол таба албай калаган Намруд башчы болгон мушриктер) мындай дешти: «Аны жагып жибергиле! Эгер эптей алсаңар (мына ушул иш менен) өз кудайыңарга жардам кылгыла». [21:62-68]
Имам Ал-Куртубий бул аятты ушул сөз менен тафсир кылган эле: Мушриктер Ибрахим алайхиссаламдын сөзүн угушкандан кийин, далилинен ажырап калган адамдардай жана кастташкандары, эч бир сөз сүйлөй албай турган, аз да болсо өзүнө ээ боло албай турган бутка ибаадат кылуу жөнүндө жана өз башынан балтаны алып, кайтарып атып жибере албай турган санам кантип ибаадат кылуучуларга пайда жеткизе алышы жана алардан зыянды кайтарышы мүмкүн экендиги жөнүндө келтирген далил канчалык туура экендигин сезип калган адамдардай бири-бирлерине аңырайып калышты.
Вокыйлыкка дал келтирүүгө жетишиш үчүн жана райды райдай чыгарып алуу үчүн белгилүү маселеге тийиштүү болгон маалыматтарга ээ болуш зарыл болот. Бул болсо окуп үйрөнүү, талкуулашуу, изденүү аркылуу болот. Бул нерсени вокыйлык фикхы (т.а. вокыйлыкты жакшы билүү) деп аталат. Себеби маалыматтар пикир жүргүзүү процессинин негизги себепчиси эсептелет. Ошондуктан аларсыз (маалыматтарсыз) пикир жүргүзүү процесси пайда болбойт. Ушундай болгон соң, талап кылынып жаткан нерсе туура рай болсо, мындай маалыматтар канчалык зарыл экендигин өзүңүз бир пикир жүргүзүп көрүң…! маалыматтардын өтө маанилүү, зарыл экендигин эсепке алып, Аллах бул маалыматтарды саййидибиз Адам алайхиссаламга вахий кылып жиберди. Аллах таала мындай деди:
وَعَلَّمَ آدَمَ الْأَسْمَاءَ كُلَّهَا
– «Жана Ал Зат Адамга бардык нерселердин аттарын үйрөттү». [2:31]
Аллах бул маалыматтарды акыл жүзөгө келиш үчүн жана рай пикир пайда болуш үчүн зарыл болгондугу себептүү вахий кылып жиберди.
Ошондой эле Аллах такыбаны илим натыйжасында келип чыга турган нерсе кылып койду. Аллах таала мындай деди:
وَاتَّقُوا اللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمْ اللَّهُ
– «Аллахтан корккула! Акыры Аллах силерге (акыйкат-хидаят жолун) билдирип койгон го?». [2:282]
Аллах таала дагы мындай деди:
إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ
– «Аллахтан пенделери арасындагы аалым-билимдүүлөрү гана коркот». [35:28]
анткени аалымдар илимдин касиети себептүү Аллахтан эң катуу коркуучу адамдар эсептелишет. Ошондуктан Шореъ (Аллах) илим издөөгө чечкиндүү түстө буйруду. Пайгамбарыбыз мындай деди: «бешиктен кабырга чейин илим издегиле». Себеби маалыматтар туура болгон сайын жана көбүрөөк анык болгон сайын, рай да акыйкатка ушунчалык жакын болуп барат.
Бирок үчүнчү иш болсо, ал шоро (кеңешүү), т.а. адамдардын райын алуу болот. Шоро сөздүктө (أَشَارَ) (ишара кылды) этишинен алынган болуп, анык түп негизи (شَوَرَ) эле. (أَشَارَ الْعَسَلَ) (балды жыйып алды) сөзүнүн мааниси, т.а. «аны бал аары уясынан чыгарып алды» жана «уяларынан, орундарынан топтоп алды» дегени. Иштетилүүдө (الشُّورَى) (шоро)нун мааниси мына ушул сөздүктүк мааниден четке чыкпайт жана анын өзүнчө истилахий (бардыгы өз ара келишип алган терминдик) мааниси жок. Сиз (اسْتَشَارَهُ) десеңиз, андан машварат (кеңеш) талап кылды деген маанини билдирген болосуз жана (شَاوَرَهُ فىِ الأَمْرِ) (иш туурасында аны менен өз ара кеңешти) же (إسْتَشَارَهُ) (андан кеңеш сурады) десеңиз, (شَاوَرَهُ مُشَاوَرَةً) (аны менен өз ара чечкиндүү) деген маанини билдирген болосуз.
Шоро – жакшылык жана береке. Анын пайдалары өтө чоң, эгер Аллахтан корко турган таквалуу жана аманаткөй жакшы кеңеш берүүчү кишилерден алына турган болсо. Туура райды издеп жаткан кишилер шородон эч качан ажыралышпайт. Себеби адам алсыз, ал ар дайым мына ушул кемчиликтерди оңдоп бере турган кишилерге муктаж. Ошондуктан кишилердин райлары караңгылыктарды жок кылып жибере турган, жолду нурдуу кылып жарык кылып бере турган жана иштердин жашыруун тараптарын ачып бере турган чырактарга окшойт. Шоро себептүү кеңеш суроочу кеңеш берүүчүнүн маалыматтарынан, анын акыл жөндөмүнөн жана иш жүзүндөгү тажрыйбасынан көптөн-көп пайдаланат. Себеби ал сизге өз райынан өтө кымбат акы төлөгөн нерсесин берет, сиз болсо аны эч кандай акы төлөбөй аласыз. Пайгамбарыбыз мындай деди: «Кимде-ким кеңешкен болсо – өкүнбөптүр жана кимде-ким истихара кылса (бир түйшүктүү иш туурасында Аллахтан жардам сураган болсо) – үмүтсүз болбоптур». Пайгамбарыбыз с.а.в мындай деди: «Кайсы бир пенде машварат (кеңеш) себептүү эч бактысыз болбоду жана өзүн райдан муктажсыз саноо менен бактылуу да болбоду». Хасан р.а болсо мындай деген эле: «Кайсы бир эл качан өз ара кеңешкен болсо, өз иштеринин эң туурасына гана жол табышкан».
Ошондуктан шоро жеңишке жетишүүчү кыядаттын белгилеринен жана анын өзгөчө касиеттеринен эсептелет. Ушул эле убакытта башкалардын райын эсепке албай, жалгыз өзүнүн райына гана сүйөнүп калуу болсо, ийгиликсиздикке учурай турган кыядаттын сапаттарынан жана анын кемчиликтеринин бири эсептелет. Абу Хурайра р.анун мындай дегени рыбаят кылынган: «Мен Расулуллах дан көрө өз сахабалары менен көбүрөөк кеңешкен эч бир кишини көрбөдүм. Анткени ал киши Бадрдагы согуш майданы жөнүндө сахаба Ал-Хаббаб ибн ал-Мунзирден туура райды алды жана мындай райды Ахзап согушунда Мединаны коргоо жөнүндө, т.а. Хандак (окоп) казуу туурасында Салман Фарсийден да алды.»
Хулафои рошидиндер да машварат-кеңеш кылышчу эле. Бул нерсенин алардан калгандыгы эч кимге сыр эмес. Алар жалгыз өз райларына гана сүйөнүшпөс эле. Мисалы, Абу Бакр Умарды өз ордуна халифа кылып калтыруу туурасында, муртаддарга (динден кайткандарга) каршы согушуу туурасында жана андан башка иштерде мусулмандарга кеңеш салган эле. Умар болсо Савод жери жөнүндө жана андан башка нерселер жөнүндө кеңешкен эле. Осмон жана Али лар да дал ушул жолдон жүрүштү. Ошондуктан шоро бул халифалардын мусулмандар иштерин башкаруудагы анык көзгө көрүнгөн белгилеринен эле, балким шоро өткөн узак кылымдар бою халифалардагы Исламий өкүм-башкаруунун өзгөчө ажыралып тура турган касиеттеринин бири болуп келген эле. Чындыгында эле Аллах Таала да мусулмандарды бир рай туурасында өз ара кеңешишмейинче, ошол райдын өзүнө гана сүйөнүп калбоолору менен мактады жана аларды ушул сөзү менен шорого үндөдү:
وَأَمْرُهُمْ شُورَى بَيْنَهُمْ
– «Алардын иштери (ар дайым) өз ара шоро-кеңеш (менен) болот». [42:38]
Аллах Таала дагы мындай деди:
وَشَاوِرْهُمْ فِي الْأَمْرِ
– «Жана ишиңизде аларга кеңеш салың!». [3:159]
Ал эми туура райды текшерип үйрөнүү үчүн зарыл боло турган төртүнчү иш болсо напис-каалоодон узак туруу болуп эсептелет. Бул болсо райдын жүзөгө келиш убактында же аны адамдардан алып жаткан убакытта зарыл болот. Напис-каалоо деп – сөздүктө «бир нерсеге көңүл коюу жана мына ушул нерсенин жүрөктү ээлеп алышы» айтылат. Ар-Рогыб мындай деген эле: «Анын (напис-каалоонун) мааниси, напистин шахватка (көңүл каалоолоруна) тартып кетиши». Мындай ат менен (т.а. напис-каалоонун тартып кетиши деген ат менен) аталышына себеп, себеби ал өз ээсин дүйнөдө бардык балээлерге, акыретте болсо тозоктун эң түбүнө тартып кетет. Жавхарий болсо мындай деди: «напис-каалоонун мындай аталышына себеп, себеби ал өз ээсин тозокко тартып кетет». Ошондуктан бул сөз көбүнчө акыйкатсыз нерселерде гана жана жакшылык болбой турган нерселерде гана иштетилет.
Напис-каалоо – туура райдын жүзөгө келиши жана адамдардан аны кабыл алуусу үчүн өтө коркунучтуу жана ал райды жок кылуучу нерсе. Себеби напис-каалоо эгер адамга үстөм болуп алса, аны белгилүү маселе туурасында пикир жүргүзүү кудуретинен буруп койот. Себеби ал нерселер, иштер жана пикирлер жөнүндө мурдатан, т.а. далилдин тууралыгына жана далил келтирүү жолу тууралыгына, о.э. далилдин вокыйлыкка дал келиш көлөмүнө чукур ишеним пайда кылуу сыяктуу акыл райдын тууралыгы же туура эместиги үстүнөн өкүм чыгарышы үчүн зарыл боло турган нерселерди сезип-билүүдөгү өз ролун аткарбастан мурда болор-болбос райды жүзөгө келтирет. Ошондуктан качан гана адамдын көңүл каалоосу анын пикир жүргүзүшү үстүнөн үстөм болуп алса, анын райын жана адамдардын ушул адам жөнүндөгү райларын бузуп, жаман нерсеге айландырат, бул адамдын тазалыгын, аруулугун жоготот, натыйжада ал рай берүүгө же рай алууга жарабай турган арам ойлуу адамга айланып калат, ал тургай, эгер ал адамдарга кеңеш сала турган болсо да, алардан туура райды ала албай турган болуп калат. Демек рай издеп жаткан киши иштерди билүүдө болсо да, каалоолору жана кызыгуулары үчүн таасир калтырышы таптакыр мүмкүн эмес. Себеби билүү орду – бир гана акыл. Бул нерсени напис-каалоого таштап коюу болсо, албетте анык катага, балким акыйкат жолдон тайгылууга, адашууга жана акыйкаттан узакташууга алып келет. Себеби напис-каалоо жүрөктү жана көңүл көзүн көр кылып койот. Абуд Дардо р.а Пайгамбар с.а.вдан рыбаят кылган хадисте пайгамбарыбыз мындай деди: «Бир нерсеге көңүл коюшуң, көзүңдү көр жана кулагыңды кар кылып койот». Пайгамбарыбыздан рыбаят кылынган дубада болсо Пайгамбарыбыз мындай деди: «Аллахым мага акыйкатты акыйкат деп көрсөт жана ага эргешүүнү насип кыл, акыйкатсыздыкты акыйкатсыз деп көрсөт жана андан узакташууну насип кыл».
Ошондуктан райдын туурасын издеп жаткан кишиге райды өз напис-каалоосунан жана кызыгуусунан узакта туруп кабыл кылышы жана райды каерде тапкан болсо да, эгер бул рай туура болсо, мындай рай айтуучуну жакшы көрүшү же жаман көрүшүнө карабастан, ушул райды алышы важып болот. Аллах Таала мындай деди:
الَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ الْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُ أُوْلَئِكَ الَّذِينَ هَدَاهُمْ اللَّهُ وَأُوْلَئِكَ هُمْ أُوْلُوا الْأَلْبَابِ
– «…Эми (эй Мухаммад), Менин пенделериме сөзгө кулак тутуп, анын эң сонунуна (т.а. тозоктон куткруучу туура сөзгө) эргеше турган заттарга кубаныч кабарын бериң! Мына ошолор Аллах хидаят кылган заттар. Жана мына ошолор гана акыл ээлери». [39:18]
Расулуллах с.а.в болсо мындай деди: «Хикмат (пайдалуу нерсе) момун кишинин жоготкон нерсеси, кайсыл жерден тапса, аны алат».
Адамдардын напис-калоо таасирине көбүрөөк түшүп кала тургандары болсо, далил тегерегинде уюшпай турган жамааттык уюм жана хизбтердин мүчөлөрү жана башчылар жана амирлердин атайын жакын кишилери эсептелет. Себеби хизбке же жамаатка болгон толук ишеним жана аны жакшы көрүшү, балким кээде ага берилип калуу жана шариятты өкүм чыгаруучу кылбоо, булардын бардыгы ошол хизб же жамаат мүчөсүн көп убакыттарда туура райды бере албай турган жана өзүнө туш келип жаткан иштер туурасында туура өкүмдү чыгара албай турган кылып койот. Мына ушул адамдардын бул кыймылдарга карапайымдарча ээрчиши себептүү, алар напис-каалоо жана адашуу таасирине башкалардан көрө көбүрөөк даяр олжо болуп калышат.
Жигиттер мына ушул кыймылдар ээлери тарабынан жолугуп жаткан тосуктар жана жек көрүүлөр, жөнөкөй адамдар тарабынан боло турган тосук, жек көрүүлөрдөн көрө бир нече эсе көбүрөөк жана жигиттер алардан угуп жаткан хизбтин райларына жана ижтихаттарына карата жалаа жабуулар жана бузуп көрсөтүүлөр, о.э. хизбке эч бир тиешеси болбогон нерселер, мына ушул айтып жаткан нерселерибиздин тууралыгына эң жакшы далил болот. Себеби бул кыймыл ээлеринин башчылары аларга жан талашып уктуруп жаткан нерселерди тоту куштар сыяктуу токтоосуз кайталоо менен чектелип калып жатышат, алар мунун өэдөрүнө жана өздөрү ага таандык болгон Үммөттүн ойгонуу процессине канчалык жаман таасир кылышын жана канчалык коркунучтуу экендигин сезишпей жатат.
Бүгүнкү күндө биз ушул кыймылдар тарабынан жолдо жолугуп жаткан тосуктардын келип чыгыш себептери, көп даражада напис-каалоо таасирине, көбүнчө пикирлердин ката жана адаштыруучу экендигине жана алар жүрүп жаткан жолдун ката экендигине барып токтолот. Ошондуктан эгер бул кыймылдар шаръий далилди өздөрүнө өкүм чыгаруучу кылып алышканда, албетте биз менен алардын ортосунда кылчалык карама-каршылык болбос эле. Жана албетте алардын бир рай астында биригүүлөрү көз ачып-жумгандан да тезирээк ишке ашкан болор эле.
Чындыгынла эле Исламий Мамлекет илгери өткөн узак кылымдар бою напис-каалоосуна кул болуп калган мына ушундай кыймылдар тарабынан көп кыйынчылыктарды жана оор күндөрдү башынан өткөрдү. Бул кыймылдар аны алек кылып коюшту жана бул мамлекеттин оңдолууга болгон аракеттерин текке кетиришти. Ошондой эле ушул мамлекетке каршы карасанатай максаттагы рассачылык жана мазхабтык чыр-чатактарды козгошту. Ал тургай алардын кээ бирлериндеги абал Ислам улутунан чыгып калыш даражасына барып жетти. Буга мисал кылып дуруздарды (Ад-Даразий жана Хамза ибн Али негиздеген адашкан фирканы), хашшашийлерди (Исмаилийлер Хасан ибн Ас-Сахап жетекчилигиндеги өтө адашкан фирканы), каромиталарды (Исмаилийлердин дагы бир фиркасын), Хазмияларды, Исмаилийлерди жана алардан башкаларды келтириш мүмкүн. Осмон р.анун кунун талап кылуу доосу да напис-каалоодон узак болбогон эле, ошондуктан бул нерсе Исламий Мамлекеттин бешигинде мусулмандардын адашууларына жана бөлүнүп кетүүлөрүнө алып келди. Бүгүнкү күндө өзүбүз күбө болуп турган Исламий дүйнөдөгү башкаруунун бузуктугу жана акимдер тегерегиндеги жаман амалдуулардын бузуктугуна келсек, бул туурасында да бир гана напис-каалоонун өтө чоң ролу бар.
Напис-калоону уланта берүү райдын өзүн гана бузбастан, балким, Кудай сактасын, этикатта да адашууга алып барат. Ошондуктан Шореъ (Аллах) аны катуу каралап жамандады жана көп орундарда андан этият болууга чакырды. Ибн Аббас мындай деди: «Аллах Куранда напис-каалоону айтып өткөн болсо, аны каралап, жамандап келди». Аллах Таала мындай деди:
وَلَوْ اتَّبَعَ الْحَقُّ أَهْوَاءَهُمْ لَفَسَدَتْ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ وَمَنْ فِيهِنَّ
– «Эгер чындык – Куран алардын напис-каалоолоруна эргешкенде (т.а. анда «Аллахтын шериктери бар» деген сөз келгенде), албетте асмандар, жер жана алардагы бар болгон жан-жаныбар кыйрап жок болмок эле». [23:71]
Аллах Таала мындай деди:
وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنْ اتَّبَعَ هَوَاهُ بِغَيْرِ هُدًى مِنْ اللَّهِ
– «Аллах тарабынан хидаяттанбай, өз напис-каалоосуна эргешкен адамдан да жолдон адашканыраак ким бар?!». [28:50]
Аллах Таала мындай деди:
بَلْ اتَّبَعَ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَهْوَاءَهُمْ بِغَيْرِ عِلْمٍ
«Жок, заалымдар эч бир билим-далилсиз напис-каалоолоруна эргешип (Аллахка ширк келтиришет)». [30:29]
Аллах Таала мындай деди:
وَلَا تَتَّبِعْ الْهَوَى فَيُضِلَّكَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ
– «Эми, сен напис-каалоого эргешип кетпегин! Антпесең ал сени Аллахтын жолунан аздырат». [38:26]
Аллах Таала мындай деди:
وَلَا تُطِعْ مَنْ أَغْفَلْنَا قَلْبَهُ عَنْ ذِكْرِنَا وَاتَّبَعَ هَوَاهُ وَكَانَ أَمْرُهُ فُرُطًا
– «Жана Биз дилин Бизди эстөөдөн буруп койгон, напис-каалоосуна эргешкен жана кылар иши ысырапкерчилик болгондорго баш ийбең!». [18:28]
Куран напис-каалоого кул болуп калган адамды итке окшотуп мисал келтирди.
Аллах Таала мындай деди:
وَلَكِنَّهُ أَخْلَدَ إِلَى الْأَرْضِ وَاتَّبَعَ هَوَاهُ فَمَثَلُهُ كَمَثَلِ الْكَلْبِ إِنْ تَحْمِلْ عَلَيْهِ يَلْهَثْ أَوْ تَتْرُكْهُ يَلْهَثْ ذَلِكَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا
– «Бирок ал жерге (мал-дүйнөгө) берилди жана напис-каалоосуна эргешти. Эми ал кудум бир итке окшойт, аны айдасаң да тилин салаңдатып тура берет же (өз абалына) таштап койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Биздин аяттарыбызды жалган дегендер дал ушундай». [7:176]
Бул болсо өтө жаман окшотуу. Себеби мындай адамдардын, ага напис- каалоолору үстөм келип,ал тургай өзүнө пайда келтирүүгө да, өзүнөн зыянды кайтарууга да ээ болбой калышы – ар дайым тилин салаңдатып тура бере турган, айдаса да же айдабаса да тилин салаңдатып тура берүүнү таштай албай турган итке окшотулуп жатат. Абу Амома р.а мындай деди: Мен Расулуллах с.а.вдын ушундай дегенин уктум: «Асман астында напис-каалоодон көрө Аллах эң жаман көргөн эч бир «кудайга» ибадат кылынбады», (т.а. напис-каалоону өзүнө «кудай» кылып алып, ага кул болуу Аллах эң жаман көргөн нерсе). Шаддат ибн Авс Пайгамбар с.а.вдан рыбаят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в мындай деди: «Акылдуу-зирек адам написин моюн сундурган жана өлүмдөн кийинки нерсе үчүн амал кылып калган киши болот. Фожир (күнөөкөр) болсо напис-каалоосуна эргешкен жана ушул абалда дагы Аллахтан үмүтдар болгон киши». Пайгамбарыбыз с.а.в дагы мындай деди: «Эгер жасакерленип баш ийилген сараңдыкты, моюн сунулган напис-каалоону, абзел көрүлгөн дүйнөнү жана ар бир рай ээсинин өз райын жогору койгондугун көрсөң, анда сага өз напсиңдин кайгысын чегиш важып болот, жана мындай абалда сен өзүңдөн жалпынын ишини кой». Пайгамбарыбыз с.а.в дагы мындай деди: «Үч нерсе жок кылуучу жана үч нерсе кутулдуруучу. Жок кылуучулар: жасакерленип баш ийилген сараңдык, моюн сунулган напис-каалоо жана киши өзүн жогору коюп кекирейиши. Ал эми кутулдуруучулар болсо, Аллахтан жашыруун абалда да жана ашкере абалда да коркуу, байлык менен кембагалдыкта иреттүүлүк менен орточо иш тутуу жана ыраазычылык абалында да, ачууланып турган абалында да адилеттүүлүк менен иш көрүү».
Напис–каалоо – мына ушул. Жогорудагылар анын туура райга жана акыйдага келтире турган коркунучу. Анткени ал райды чалкештирип бузат жана акыйданын адашууга кетишине жана этикаттын тайылышына себеп болот.
Ушундай кылып райды чукур текшерип үйрөнгөндөн кийин, анын далилине жана аны далил кылып келтириш жолуна токтолуп өткөндөн кийин жана анын вокыйлыкка дал келишине назар ташталгандан кийин, о.э. динине, тажрыйбасына, билимдүүлүгүнө, туура канаат беришине, таквасына жана напис-каалоодон узак экендигине киши өзү ишенген адамга кеңеш салгандан кийин, муну менен киши сөздө да, иште да тууралыкка жетишкен болот. Ошондуктан даъватты көтөрүп чыгуучу мына ушул нерселерди ишке ашырса, анын алдында Аллах тааланын:
ادْعُ إِلَى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ
– «(Эй Мухаммад), Парвардигериңиздин жолу-динине хикмат-данакердик жана жакшынакай көркөм насаат менен даъват кылың! Алар (сиз менен талашып-тартыша тургандар) менен эң жакшы көркөм жол менен далилдешип тартышың». [16:125]
деген сөзүнүн чегинен чыкпай, эң жакшы көркөм насаат жана эң жакшы жол менен талкуулашуу гана калат.
Мына ушуну менен даъватты көтөрүп чыгуучу Шореъ талап кылгандай шаръий жол менен, т.а. адамдарга пикирлерди жеткизүүдө Шореъ белгилеп берген жол менен өзүнө кулак салып, угуп туруучу адамга далилди анык келтирип берген болот жана Аллах таала алдында өз мойнундагы милдетти актай турган ачык-айкын жеткизүүнүн өтөөсүнөн чыккан болот.
Абул Абд