Пикирдин турмуштагы орду (1)

564566

بسـم الله الرحمن الرحيم

ПИКИРДИН ТУРМУШТАГЫ ОРДУ (1)

Пикир – бул адамды башка махлуктардан ажыратып туруучу негиз. Адам ал менен өзүн о.э. жашап жаткан ааламды жана анда жашоо үчүн берилген мөөнөттүн акыйкатын билип, туура жашоо образын түшүнүүгө жетишет. Себеби, жаркын пикир – бул  турмуш негизделе турган пикир. Адам да анын негизинде ойгонот. Жаркын пикир нерселердин акыйкатын көрсөтүп берет, натыйжада алар туура идирек кылынат.

Пикир – бул Расулуллах с.а.в. да, мурунку пайгамбарлар да тарыхта буттарга негизделген жахилият жашоосу акмакчылык экенин ашкере кылган негиз. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوْ اجْتَمَعُوا لَهُ وَإِنْ يَسْلُبْهُمْ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنقِذُوهُ مِنْهُ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ

-“Эй инсандар, бир мисал айтылган, анда ага кулак салгыла: Ырасында, силер Алланы коюп жалбарып жаткан буттар баары биригишкенде да бир чымын жарата алышпайт, эгер чымын алардан бирер нерсени тартып алса аны (ошол чымындан да) куткарып кала алышпайт. (Демек, ошол буттардан муктаждыгын ишке ашырууну) су­роочу (мушрик) да, суралуучу (буттар) да алсыз”.  [22:73]

قَالُوا أَأَنتَ فَعَلْتَ هَذَا بِآلِهَتِنَا يَا إِبْرَاهِيمُ ۩ قَالَ بَلْ فَعَلَهُ كَبِيرُهُمْ هَذَا فَاسْأَلُوهُمْ إِن كَانُوا يَنطِقُونَ ۩ فَرَجَعُوا إِلَى أَنفُسِهِمْ فَقَالُوا إِنَّكُمْ أَنتُمُ الظَّالِمُونَ ۩ ثُمَّ نُكِسُوا عَلَى رُؤُوسِهِمْ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا هَؤُلَاء يَنطِقُونَ ۩ قَالَ أَفَتَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمْ شَيْئاً وَلَا يَضُرُّكُمْ ۩ أُفٍّ لَّكُمْ وَلِمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

(Мушриктер): «Кудайларыбызды сен ушул (абалга) салдыңбы, эй Ибрахим?» – деп (сурашты). (Ибрахим) айтты: «Жок, бул ишти алардын чоӊу мына бул «айкел» кылды. Анан, (буттарыӊардан) сурагыла, эгерде сүйлөй ала турган болушса (айтып беришсин)». Анан, (мушриктер) өздөрүнө келип, (бири-бирине): «Силер өзӊөр залимсиӊер», –  дешти. Кийин болсо баштары айланып: «Сен алардын сүйлөбөстүктөрүн жакшы билээр элеӊ го?» – дешти. (Ибрахим) айтты: «Акыры Аллахты коюп, силерге бирер пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге сыйынасыӊарбы? Силерге да, Аллахты коюп сыйынып жаткан буттарыӊарга да тфу! Акыры акыл жүргүзбөйсүӊөрбү?!» [21:62-67]

Учурда да куфр негиздерин т.а. капитализмдин негизи болгон “динди турмуштан ажыратуу” пикирин да жана социализмдин негизи болгон “материя түбөлүктүү” деген пикирди да акмакчылык экенин пикир жардамында далилдеп берүү керек. Себеби, даъват пикирге негизделген болушу Расулуллах с.а.в. жүргүзгөн иштерден да, Аллах Тааланын төмөнкү “даъват” темасындагы буйругунан да анык болуп турат:

– “(Эй Мухаммад), Роббиңдин жолу-динине дааналык-хикмат жана көркөм насаат менен даъват кылгын! Алар (т.а сени менен талашып-тартыша турган адамдар) менен эң көркөм жол менен далилдешип-тартышышкын    [16:125]

Пикир – турмушубуздун негизи болгон “Куран”ды о.э. “Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.дын Расулуллах” экендигин да далилдеп бере турган негиз. Илгери да “Куран” маселесинде Курайш мушриктерине карата Аллах Таала пикир негизинде раддия билдирген т.а. даабаӊар акылга туура келбейт, себеби, силер арабдардын сөз устасы болуп туруп, анан кантип араб эмес адам силерди алсыз калтыра турган “Китеп”ти жазсын?!:

– “Биз анык Билебиз, алар: Мухаммад jга Куранды бир адам үйрөтүүдө, – деп жатышат. Бирок, алар көрсөтүп жаткан киши­нин тили ажамий (арабча эмес).Куран болсо нукура араб тилинде.  [16:103]

Пикир – турмуш жөнүндөгү түзүмдүн да негизи болот. Ислам келген алгачкы доордо жахилияттагы экономикалык, социалдык жана башка калктар менен болгон алакаларды да акыл негизинде Курани Карим четке кагат:

–“Нерселерди өлчөп жатканда башкалардын акысына кыянат кылуучу кимселерге кыйроо-тозок болсун. Алар адамдардан өлчөп алышса, өз акысынан ашык кылып алышат. Өз нерселерин башкаларга өлчөп же тартып бергенде болсо, алардын акысына кыянат кыла турган кимселер”.            [83:1-3]

– “Силердин араңардагы байлардын гана колунда айланып калбашы үчүн!”      [59:7]

وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ ۩ بِأَيِّ ذَنْبٍ قُتِلَتْ

–“ Тирүүлөй кө-мүлгөн (ар бир) кыздан суралганында”.  [81:8-9]

يَاأَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ

– “Эй инсандар, чындыгында, Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хава)дан жараттык дагы бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте, силердин Алла алдындагы эң урматтууңар – эң таквадарларыңар. Албетте, Аллах билүүчү”.

Түшүндүрмө: Ушул аятта Ислам дининин адамзат дүйнөсүнө карата болгон көз карашы баяндалган: Биринчиден, бардык адамдар бир ата-эненин перзенттери болуп эсептелишет. Экинчиден, адамдардын түрдүү улут-урууларга бөлүнүшү бири-бири менен жер же мал-дүйнө талашып согуш-жаӊжал менен өмүр өткөрүшү үчүн эмес, тескерисинче, бири-бири менен таанышып, кызматташуулары жана биргеликте өздөрү халифа болгон мекенди гүлдөтүшү үчүн. Үчүнчүдөн болсо, адамдардын Аллах Таала алдында кадыр-барктуу болушу мал-дүйнөсү же теги менен эмес, тескерисинче Аллахтан коркуу жана ал Зат түшүргөн амр-буйруктарга итаат кылуу менен болот.   [49:13]

Пикир – ушундай нерсе болуп, ага көнбөгөн анын негизиндеги тыянактарга моюн сунбагандар айбандар сыяктуу болушат. Эгерде алар илимдүү болуп, ушундай кылышса эшек сыяктуу болушат. Аллах Таала айтат:

إِنَّ شَرَّ الدَّوَابِّ عِنْدَ اللَّهِ الصُّمُّ الْبُكْمُ الَّذِينَ لَا يَعْقِلُون

Албетте, акылын иштетпестен дүйлө жана дудук болуп алган кимселерАллахтын алдында эӊ жаман айбандар”.    [8:22]

أَمْ تَحْسَبُ أَنَّ أَكْثَرَهُمْ يَسْمَعُونَ أَوْ يَعْقِلُونَ إِنْ هُمْ إِلَّا كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلًا

“ Же сен алардын көпчүлүгү тыңдай алышат же аңдап жете алышат деп ойлойсуңбу?! Алар үй айбандары сыяктуу, жок, алардан да жолдон азган кимселер!”    [25:44]

مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

“Тоорот жүктөлгөн – берилген, андан соӊ аны көтөрө албаган (т.а. анын көрсөтмөлөрүнө амал кылбаган) кимселердин (яхудийлердин) мисалы кудум китептерди көтөрүп бара жаткан эшекке окшойт (т.а. анын оорудуган чарчап-чаалыгышат го, бирок ал Китептин ичиндеги нерселерден пайдаланышпайт). Аллахтын аяттарын жалган деген коомдун мисалы кандай гана жаман. Аллах мындай залим коомду хидаят кылбайт!”  [62:5]

Пикир – бул ар бир сөздү туура түшүнүүнүн жана шариятка ылайык амал кылуунун негизи. Себеби, вакиъни туура түшүнүп, ага тиешелүү шаръий өкүмдү табуунун да, даъваттын амру-маъруф жана нахий-мункардан айырмасынын да, даъватты ишке ашырууда керек боло турган “хикмат”тын да негизи пикир болот. Ошондуктан, Исламга даъват кылуу пикирге негизделиши жана пикирий жетекчилик катары жүргүзүлүшү керек деп эсептейбиз.

Бул даъватты жаюучулар эгер дилдерине бийиктикке умтулуу үрөнүн себишпесе, ар дайым акыйкатты издешпесе, илешип калган жат түшүнүктөрдөн тазалоо үчүн билген нерселеринин ар бирин дайыма текше­рип турушпаса, көтөрүп чыгып жаткан пикирлери таза-тунук сакталып калуусу үчүн, жакындашса жабышып алышы мүмкүн болгон ар кандай пикирлерди андан алыстатышпаса, анда эч качан өз жоопкерчиктерин аткара алышпайт жана алдыга коюлган милдеттерин өтөй алышпайт. Себеби, пикирлердин таза жана тунуктугу – ийгиликтин жана бул ийги­ликтин дайымий турушунун кепилдиги болуп саналат.

Пикирлер кайсы үммөттө болбосун, эгер жаш, кырчын үммөт болсо, өз турмушунда жетишкен эң чоң байлык, эгер илгертен жаркын пикир жүргүзүп келген байыркы үммөт болсо, кийинки муун өз ата-бабаларынан алган эң чоң белек болуп эсептелет.(уландысы бар).

Абу Аюб Мухаммад

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *