472 жыл бою Сицилияда Исламдын болуп турушу, Ислам тарыхындагы гүлдөгөн жаркын бир баракты көрсөтөт. Бул барак – каармандык жана эрдик көрсөтүү о.э. даъватты жаюу жана аны коргоо жолунда өлүмгө даяр болуу менен жаркын сапатка ээ болгон барак. Бирок, ал тарых Европанын ичине чейин фатхты улантып баруунун алдын тоскон ийгиликсиздиктерден да куру болбогон. Ошол ийгиликсиздиктер исламий даъваттын Европа борборунан артка кайтуудагы башкы себептеринен болгон эле. Исламий футухаттардын тарыхы Сицилияны фатх кылуудагыдан көрө кыйын жана машакаттуурак фатхты билбесе керек. Мусулмандар анын үстүнөн чейрек кылым жетпеген бир кылымдан кийин гана өкүмдар болушту. Т.а. фатих Асад ибн ал-Фурот жана анын адамдары хижрий 212-жылдын 18-Рабиъул-аввал, шейшемби күнү, милодий 827-жылдын 17-июнунда Сицилиянын түштүк-батышындагы Марсела шаарына түшкөн күнү өкүмдар болушту.
Сицилиядагы исламий фатх учурунда укмуштуу каармандар көзгө көрүндү, алардын алдыларында, ал тургай, душмандар урмат кылып, тан берип таазим кылышты. Европанын рыбаяттары мусулмандардын эрки бекемдигин, көркөм жетекчиликтерин жана океуялардын жүрүшүнө шахсий жана кең көлөмдө таасир өткөзүүлөрүн алкыштады. Ошо каармандардын алдынкы сабында Кайравон шаарынын казысы 70 жыл жашаган жана Сицилияны фатх кылуу үчүн биринчи чабуулга жетекчилик кылган улуу аалым Асад ибн ал-Фурот турган. Эгер ушул жетекчинин ыйманы жана кошуунуна күчтүү таасири болбогондо, мындай фатх жүзөгө чыкпаган болор эле. Италиялык тарыхчы Аморий ушул жетекчинин кудайжөйлүгү жана ыйманына таң калып, ал жөнүндө: «Ал адам – бул дүйнөнүн артындагы нерсеге талпынган жана илим о.э. жихадды өзү ишке ашыруу үчүн жаралган рисалага жетүү жолундагы курал кылып алган киши» деп айткан. Дагы бир белгилүү каармандардын бири – Ибрахим II Аглабий. Бул адам падышалыкты өзүнүн уулу Абдуллага калтырып, исламдын даңазасын көздөп, кудайжөй мужахит болуп, Сицилияга келген. Ал өзүнүн олуттуулугу жана ыйманы менен хижрий 279, миладий 902-жылы Термина чебине чабуул кылгандан кийин жана Сицилиядан акыркы византиялыктарды кууп чыгаргандан кийин, мусулмандардын Сицилия аралынын үстүнөн толук өкүмдар болууларын жүзөгө чыгарды. Ибрахим Расулулла с.а.в дын хадисинин тастыгы үчүн, Италиянын түндүгүнө карай жүрүп, Римге жетип, ал жерди фатх кылууну ниет кылар эле. Бирок, кеселдик ага өз арзуусун жүзөгө чыгаруу мүмкүндүгүн бербеди. Ал Козенца шаарынын дубалдарынын жанында дүйнөдөн өттү. Үчүнчү мужахит болсо, Сицилиянын амири Абул Аглаб Ибрахимдин кошуунуна жетекчилик кылган Аббас ибн ал-Фазл. Ал Ибрахимден кийин жетекчиликти колго алды. Мусулмандар хижрий 244, милодий 859-жылы Византия кошуунунун эң маанилүү коргонуу чеби болгон Касрабонаны фатх кылууларында жана Сарагоса шаарынын жанында Византия флотун жемирүүдө анын мактоого татыктуу кызматтары бар. Европалык тарыхчылар Аббас ибн ал-Фазлды Европра кошуундары салгылашкан мусулман жетекчилеринин эң айлакер жана даана жетекчилеринин бири деп баалашкан.
Мусулмандар Ибрахим IIнин жеңиштеринен тартып, качан курманийлер (Скандинавия жарым аралынан келгендер) менен болгон согуштардын баштарына чейин, 150 жыл бою Сицилия аралында талашуучусуз кожоюндарга айланышты. Ушул мөөнөттүн ичинде, мусулмандар менен европалыктардын ортосунда согуштар, бастырып кирүүлөр жана мезгил-мезгили менен чабуулдар болуп турду. Ошондой болсо да, Сицилия ошол мөөнөт ичинде исламий жерге айланды. Ал өлкөнүн калкынын көпчүлүгү Исламды кабыл алышты жана жихадга кошулушту о.э. Мальтаны фатх кылууга катышышты. Алардан Сицилиянын өзүндө жана Андалусияда маанилүү мансаптарды ээлеген көңүлдүү кишилер жетишип чыкты. Алардын ичинен Жавхар ас-Сахилийди мисал келтирүүнүн өзү жетиштүү. Ал адам Фатимий мамлекетин бекемдеген. Тарыхчылар Фатимийлерге дос болгон Калбий үй-бүлөсү аралга өкүмдарлык кылган 90 жылды «Сицилиянын алтын доору» деп баалашкан. Ошол доор ичинде илим жана өнөр жай кеңири жайылган. Сицилиянын аскердик күчү жана анын чабуул менен баскынчылыктардан корголушу күчөгөн. Европа медицина, фалсафа, илим, архитектура, жибектен кийим токуу, сейрек кездешүүчү нерселер жана нафасатты (көркөм сапаттарды) мусулмандардын Сицилияны фатх кылгандары аркылуу тааныган.
Исламдын Сицилияны фатх кылышы Жер Ортолук деңизин толук исламий башкаруу алдындагы жерге айландырды жана Сицилия исламий фатхтар менен чабуулдарга ошол жерден кошуун жөнөтүлө турган борборго айланды. Ошондогу исламий фатхтар жана чабуулдар Италиянын бардык тарабын: Венеция жана Генуядан Рим жана Бариге чейин, о.э. Адреатик деңизинин жээктерин бойлоп бардык жерди камтып алган эле.
Сицилияда Ислам салтанаты бекем орношуп, улантылып келди. Мусулмандардын ичине талашып-тартышуу жана бактысыздык кирип келгенге чейин, Ислам салтанаты аерге жана анын айлана-тегерегине хидаят жана нур таратып келди. Кийинки тартышуулар себептүү, мусулмандардын бийлиги солгундай баштады. Ошондо Рожер Нурманий бул учурдан пайдаланып, 1136-жылы аралга чабуул жасады. Ибн ал-Асир мындай деп жазат: «Сицилия мусулмандары ал-Муъиз ибн Бадийге жардам сурап элчи жиберишти. Ошондо ал флотту жана чоң күчтү даярдап, Сицилия тарапка жиберди. Бирок, алар Пантилерия аралынын жанында катуу шамалдын таасиринен деңизге чөгүп кетти». Ибн ал-Асирдин рываятына караганда, ал-Муъиздин өлүмүнөн кийин, анын уулу Тамим өзүнүн эки уулу Айюб менен Алийдин жетекчилигинде, Сицилияга жардам күчүн жөнөттү. Бирок, алар чегинип, Сицилияны тагдырдын колуна тапшырып, өз кошуундары менен Африкага кайтышты. Нурманийлер Сицилияга чабуул кылышкан кезде, Африка, Мисир жана башка араб өлкөлөрүнө кең көлөмдө исламий хижраттар башталып кетти. Нурманийлер аралга чабуул кылышкан кезде, Сицилияда калган араб, барбар жана Ислам динин кабыл алган сицилиялык мусулмандардын саны 100 миң менен 300 миңдин арасында эле. Алардын чоң бир бөлүгү Палермодо жана Мессина жээги менен тегиздиктерде жыйылып калды.
Сицилия мусулмандардын кыргын кылынышына биринчи жолу 1161-жылы Рожер IIнин өлүмүнөн кийин күбө болду. Ошол жылы каргашалуу тазалоо чабуулдарында, алардын көпчүлүгү өлтүрүлдү, үй-жайлары кыйратылды жана алардын мал-мүлк, содда-сатык маталары таланып-тонолду. 1189-90 жылдарда Сицилияда өз ысымдарын өзгөртүп, масихий динин кабыл алышкан кишилер жашап калган болсо да, Палермо жана Сицилиянын көптөгөн шаарларында исламий вужуд жок болуп кетти. Мындай ырайымсыз кол салуунун каршысында ошол жердеги калган-каткан мусулмандар өз жандарын жана диндерин коргоо үчүн орундарынан секирип турушту. Ибн Жубайрдын рыбаятына караганда, ушул кыймылга бир нече жетекчилер башчылык кылышкан. Алардын арасынан Мухаммад ибн Аббад көзгө көрүнгөн. Аны Европа тарыхы «чыныгы күзөтчү» аты менен тааныган. Ал 1210-30-жылдардын арасында көтөрүлүш жасаган жана аёсуз кармаштарда Фридрихтин аскердик күчтөрүн титиреткен. Бирок Фридрих ибн Аббадды курчап алууга жетишкен жана аны кысып барган. Ошондо ал Сицилияны өз балдары менен биргеликте таштап чыгып, Африкага аман-эсен жетип алууга мүмкүндүк берүү шарты менен багынды. Фридрих да буга ыраазы болду. Бирок, ал ибн Аббадга кыянатчылык кылды жана Палермого алып барып, аны эки уулу менен кошо өлтүрүп таштады. Андан кийин, согушту анын кызы улантты (тарых китептеринде ал кыздын аты келтирилбеген). О.э. ал-Хумайрий да ибн Аббаддын кыссасын жана анын согушканын, кийин жок кылып жиберилгенин айтып өтүп, мындай деген: «Фридрих Мухаммад ибн Аббадга, эгер ал багынып берсе, балдары менен чыгып кетүүгө мүмкүндүк берерин убада кылган. Бирок анын кызы багынууга ыраазы болбогон жана атасына багынбоого кеңеш берген. Атасы анын кеңешин кабыл албаган соң, кызы чепте калууну жана атасынын иши эмне менен аяктарын билүүнү абзел көргөн. Атасынын кандай акыбалга түшкөнүн билгенден кийин, күрөштү уланткан жана согушта өлүүнү ыктыяр кылган. Кийин, ал өз адамдары менен чептен чыгып, хижрий 619 милодий 1222-23-жылы курчоону жарып чыгуу үчүн, Фридрихтин кошуунуна бастырып барган жана атасынын өчүн алмакчы болгон. Бир күнү ал өзүнүн багынмакчы экендигин, бирок, адамдардын каршылык кылып калууларынан коркуп жаткандыгын билдирип, Фридрихтен 300 тандалма чабандес жиберүүнү талап кылды жана аларга өзү чептин эшиктерин ачып берерин о.э. алардын чепти басып алууларына мүмкүндүк жаратып берерин убада кылды. Фридрих буга курсант болуп, ага атчан чабандестерди жиберди жана эрте таңда өзү чепке карай жол алды. Ал өз чабандестеринин баштары Антибло чебинин дубалдарынын үстүндө асылып турганын көрүп, аң-таң калды. Ошондо ал айла жана кызыктыруу менен кызды алдамакчы болуп, эгер ал таслим болсо, анын өмүрүн сактап калууну жана ага үйлөнүүнү убада кылды. Бирок, ал кыз ушунчалык курчоодо турган болсо да, өз адамдары менен бирге чепте азык-түлүк түгөнгөнгө чейин каршылык көрсөтүүнү улантты. Кыздын жана анын адамдарынын акыбалы оорлошту. Бирок, ал багынбады. Балким, өзү менен калган мусулмандар менен биргеликте, душманга каршы алып барган согушта курман болду. Ошондон кийин, Фридрих чепке бастырып кирди жана аерде калган адамдарды колго түшүрдү о.э. бир муслима кыздын көрсөткөн каармандыгы менен Италиянын түштүгүндө калган мусулмандардын жашоосунун акыркы бөлүгүн түгөттү. Ошол муслима кыз бири-бирин жардамсыз таштап коюу, кыянат жана арамзалык о.э. Андалусиядан кийин Европадагы экинчи исламий султанды жок кылган, катар-катар кылынган көрлүк-көсөмсүздүктөрдүн арасында эрдик, ибо (багынбоочулук) жана каармандыктын эң бир көркөм мисалын калтырып кетти, антсе да , Антиблодогу каармандардын шейит болууларынан кийин, күрөш токтоп калбады. Балким, каршылык көрсөтүү Жаржонетте улантылды. Бул абал Фридрихти мусулмандарды Сицилиядан сыртка чыгарып жиберүүгө үндөдү. Ал XIII кылымдын жарымына чейин уланган мезгил ичинде, мусулмандар үчүн Лучираны ыктыяр кылды. XIII кылымдын акырында, 1300-жылы италиялыктар Лучирага чабуул жасашты. Ушул кресттүүлөр согушуна бардыгы катышты. Алар мусулмандардын аял-эркек, жаш-кары дебей бардыгын өлтүрүштү. Мал-мүлктөрүн талап-тоношту, үй-жайларын кыйратышты, жерлерин бөлүп алышты. Ушуну менен аерде калган-каткан мусулмандар түгөтүлдү жана 472 жыл өткөндөн кийин Италиядан мусулмандардын вужуду бүтүндөй жок кылынды.
Увайд ал-Ашрафий