Даъват жана манъат (коргоо) о.э. алардын биригүүсүнүн мамлекет тикелөөдөгү таасири

khilafah

(Устаз шейх Исам Умайранын басып алынган Палестинада жайгашкан Силват кыштагынын батыш мечитинде сүйлөгөн маърузасынан)

Аллага хамду-саналар болсун жана Анын Расулуна, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларга жана ал зат менен бирге болгон киши-лерге Алланын салават жана саламдары болсун. Ва баъд:

Мусулмандардын, айрыкча, ис-ламий майданда аракет алып ба-руучулардын, дагы да атап айт-сак, пайгамбарлык манхажынын негизинде экинчи жолку туура жолдогу исламий халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олут-туу аракет кылып жаткандардын, алар үчүн эң бир маанилүү бол-гон ишке карата көңүл буруула-ры зарыл. Ал иш мына мындай: мусулмандар намаз окуп жаткан-дарында, же орозо тутуп жат-кандарында, же хаж кылып жат-кандарында, же шартнама түзүп жаткандарында, же жихад кы-лып жаткандарында, же мындан башка иштерди амалга ашырып жаткандарында, Алланын:

وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانْتَهُوا

– «Пайгамбар силерге эмнени алып келген болсо, аны алгыла жана эмнеден кайтарса, андан кайткыла».  [59:7]

деген сөзүнө жана Расулулла с.а.вдын: «Менин кандай намаз окуп жатканымды көргөн болсо-ңор, ошондой окугула!» деген сөздөрүнө о.э. «Ибадаттары-ңарды менден үйрөнгүлө» деген сөздөрүнө амал кылып, Расулул-ла с.а.вга эргешүүгө өч болгон-дуктары сыяктуу, мамлекетти тикелөөдө да ал заттан үлгү алуулары зарыл.

Биз азыр даъват, манъат, мамлекет жана жихад сөздөрүнүн түшүндүрмөсүнө токтолуп өтөбүз. Даъваттын мааниси, Расулулла с.а.в Меккеде 13 жыл ичинде көтөрүп чыкканындай, Исламды пикирий жана саясий жол менен көтөрүп чыгуу жана ошол даъватта Расулулла с.а.в Меккеде жүргөн баскычка окшой турган, белгилүү бир баскычтарда жүрүү. Ал баскычтар: башталуу, аракеттенүү, таасир көрсөтүү, жардам талап кылуу, кийин болсо борборлошуу, мамлекет тикелөө жана бийликти бүтүндөй колго алуу баскычтары. Башталыш баскычы – «اقْرَأْ» т.а. «оку» сөзү менен жана ага таандык этикатка тиешелүү түшүнүктөрдү берүү жана даъваттын борборун пайда кылуу үчүн, жакын кишилерден исламий шахсияны пайда кылуу үчүн керек боло турган шаръий өкүмдөрдү баяндоо; андан кийин, ошол жаңы шахсияларды – алар өздөрү жашап жаткан чөйрөлөрдү өзгөртүүлөрү үчүн – даъватты көтөрүп чыгуу машакаттарына даярдоо жана бекемдөө менен ишке ашат. Бул башталуу же сакофат берүү баскычы деп аталат.

Расулулла с.а.в да Алла Тааланын:

وَأَنْذِرْ عَشِيرَتَكَ الْأَقْرَبِينَ وَاخْفِضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

– «Дагы жакын тууган уруктарыңды (Алланын азабынан) коркутуп эскерткин. Өзүңө ээрчип момун болгон кишилер үчүн канатыңды пас карма (т.а. аларга жакшы мүнөз менен жупуну мамиледе болгун)!». [26:214-215]

деген сөзүнө амал кылып, Аркам ибн Абу Аркамдын үйүндө сахабалар уюмун пайда кылганда жана аларды Ислам менен сакофаттаган кезинде дал ушундай кылган. Экинчи баскыч – көздөлгөн өзгөртүүгө карай аракеттенүү баскычы. Бул иш коомго жаңы пикирлер менен кайрылууга урунуу менен ишке ашат. Бул «коомдун эшигин кагуу» деп аталат. Андан кийин болсо, даъваттын о.э. анын жайылышынын алдында коомдун эшигин тосо турган тосуктарды алып таштоо үчүн аракет алып барылат. Коомдун эшиктери ачылгандан кийин ага кирип, Алла Тааланын:

فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ

– «Демек, сен өзүңө буйрулган ишти (акыйкат динге даъват кылууну) аткар жана мушриктерден жүз үйүр!». [15:94]

сөзүнө амал кылып, коомго таасир көрсөтүүгө жана ийри сызыктын жанына түз сызык чийүүгө урунуп, коомдун бардык катмарына ачыктан-ачык пикирлер ташталат. Бул «таасир көрсөтүү баскычы» деп аталат. Бул баскычта да жеке жана жамааттык түрдө алып барыла турган сакофат берүү баскычындагы амалдар улана берет. Адамдар менен даъваттын ортосунда мейли оң болобу, мейли терс болобу, кыскасы, таасирленүү пайда болгондон кийин, адамдардын ичиндеги жетекчилерге, кубат жана манъат ээлерине борборлоштурулат, о.э. алардын мусулман болуулары менен, даъват өзүнүн акыркы максаты болгон бийликти колго алууга жетише турган кишилерге борборлоштурулат. Бул нерсе даъват менен манъаттын биригүүсүн түшүндүрөт. Алар биригип, даъваттын үчүнчү баскычы эсептелген мамлекетти тикелеп, бийликти колго алууну, жана андан кийин, кезектеги максаттарды ишке ашырууга карай аракеттенүүнүн алдын тосо турган ар кандай тосукту жарып өтүүгө кудуреттүү, өткүр (найзанын учу сыяктуу курч) учту калыптандырат. Кезектеги максаттар болсо, мамлекеттин ичинде Исламды колдонуу жана аны Алланын жолунда жихад кылуу аркылуу бүткүл дүйнөгө хидаят жана нур катары алып чыгуудан турат.

Дал ушул нерсе бизди манъат жөнүндө жана даъват жөнүндө кеп кылууга үндөйт. Манъат – бул, даъват ишин алып баруучуларды азыр болуп турган жана келечекте болушу мүмкүн болгон душмандардан коргоого жана азыркы акимдерди оодарып таштоого кепил болгон токтомдорду аткарууга о.э. Ислам мамлекети тикеленгенден кийин, ал туш келе турган коркунучтардан коргоого, булардан келип чыгып, Ислам даъватын бүткүл дүйнөгө алып чыгууда керек боло турган бардык жардамдарды даярдап берүүгө кудуреттүү кубатты түшүндүрөт. Бул болсо, адамдардын кызыл-карасына карабай, качан алар «Алладан башка теңир жок жана Мухаммад Анын элчиси» деп күбөлүк бергенге чейин, аларга каршы уруш кылууну түшүндүрөт. Даъват ишинде урмат менен аткарылышы керек болгон манъат ушул. Мындай абал хазраждыктар Расулулла с.а.в га экинчи Акаба байъатын беришкен кезде болуп өткөн. Ошондо Аббас ибн Убода ибн Назла: «Я Расулулла, бизге буйруң, биз Мино калкына кылычтарыбыз менен бардыгыбыз чабуул кылалы. Бул иште бирөөбүз да четте калбайбыз»,- деди. Ошондо Расулулла с.а.в: «Биз али ага буйрулбадык. Силер өз чатырларыңарга кайткыла»,- деди. Расулулла с.а.в Абу Бакр р.а менен Мединага жетип барышкандан кийин, ансорлордон болгон хазраждыктар аларга «Тынч жана итаат кылынган абалда кала бергиле» дешти. Бул абал алардын корголгон боордош жана итаат кылына турган аким болуп калгандыктарын түшүндүрөт.

Мамлекеттин мааниси болсо, ал – мусулмандар көтөрүп жүргөн түшүнүк, өлчөө жана канааттануулардын топтомун аткаруучу вужуд. Мусулмандар көтөрүп жүргөн ушул нерселер: акыйда, адамдардын ички жана тышкы иштерин башкарууга тиешелүү болгон шаръий өкүмдөр жана ушул иш талап кыла турган өкмөт мекемелерин пайда кылуудан турган иштер. Өкмөт мекемелери: халифа, муовындар, волийлер, казылар, шоро, Үммөт межлиси, идарий жыхаз ж.б. башкаруу талап кылына турган нерселерден турган иштер. Андан кийин, исламий мамлекет – милдеттерин өтөөгө кудуреттүү жана түркүн түрдөгү жаңы куралдар менен куралданган күчтүү кошуун даярдоо сыяктуу иштерди өз ичине алат. Мындай кошуунду даярдоо түздөн-түз аскердик жана аскердик эмес өнөр жайды жолго коюуну, исламий мамлекеттин ичинен жана четтен окумуштууларды жыйып келүүнү, өнүккөн, заманбап технологияларды сатып алууну, жихадга байланыштуу карталарды түзүүнү жана эл аралык майданда аны жалгыз мамлекетке айландыра турган токтомдорду кабыл алууну талап кылат. Имам Муслим сахихинде: «Ушул Үммөттүн өлүмү өз ара согушууда» бабында, Савбандан төмөндөгү хадисти рыбаят кылат, Расулулла с.а.в мындай деди: «Алла мага жерди ороп (жыйнаштырып) көрсөттү. Мен анын чыгышын да, батышын да көрдүм. Менин Үммөтүмдүн мүлкү жакында мага ороп көрсөтүлгөн жердин бардыгына жетип барат».

Жихадга келсек, ал – адамдын Алланын жолундагы согушта, мейли түздөн-түз болсун, мейли малы менен болсун, мейли пикири менен, мейли адам санын көбөйтүү менен, мейли башка жолдор менен болсун, кандай болбосун, жардам берүү аркылуу бүткүл күчүн жумшоосу. Ибн Обидиндин хошиясында ушул маанилер келген. Жихадда Алланын жана мусулмандардын душманын жана биз билбеген бир гана Алланын Өзү биле турган башка кишилерди коркутуу иллетин 1 жүзөгө чыгаруу үчүн жетиштүү боло турган мүмкүнчүлүктөр менен үлкөн күчтөрдүн ишке салынышы важып болот. Жихад – Ислам өркөчүнүн туу чокусу жана ал эки жакшылыктын бирине, т.а. жеңишке же шейиттикке алып баруучу жол.

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَى تِجَارَةٍ تُنجِيكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ ۩ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ۩ يَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَيُدْخِلْكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الأَنْهَارُ وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ ۩ وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللَّهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّر الْمُؤْمِنِينَ

«Эй момундар, силерге жан чыдагыс азаптан нажат бере турган (кутулта турган) бир «соода»ны көрсөтөйүнбү? (Ошол соода мына бул) – Алла жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер жана Алланын жолунда мал жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Мына ушул, эгер билсеңер, өзүңөр үчүн эң жакшы (иш). (Эгер ушундай кылсаңар, Алла) силердин күнөөңөрдү кечирет, дагы силерди астынан дарыялар агып тура турган бейиштерге жана түбөлүктүү бейиштердеги таза турактарга киргизет. Бул болсо улуу бакыт. Жана (Алла силерге) дагы башка силер сүйө турган (бир неъматты да берет, ал) Алла тарабынан болгон жеңиш жана жакынкы фатх, момундарга (мына ушул) кушкабарды жеткиргин!». [61:10-13]

Биз келтирип өткөн бул нерселер «даъват», «манъат», «мамлекет» жана «жихад» сөздөрүнүн маанилерине берилген кыскача түшүндүрмөлөр. Бүгүнкү күндө мусулмандар ошол маанилерди жүзөгө чыгара турган амалдарды ишке ашыруулары керек. Ал эми, бул иштерди ишке ашырууда кемчилик кетсе, бул иш фарзи кифая болгондугу үчүн, бардык мусулмандар күнөөкөр болушат. Буга кошумчалап ушуну да айта кетебиз, Алланын динине анын бардык жактарын коргогон кишилер гана жардам бере алат. Расулулла с.а.в Бану Шайбон уруусунун жетекчилери менен жолугушуп, алардан Алланын динине жардам берүүлөрүн талап кылган кезинде ушундай кылган. Кыссанын уландысын доктор Мухаммад Хайр Хайкал өзүнүн «Шаръий саясаттагы жихад жана согуш» китебинде ибн Хишомдун «Сийрат» китебинен накл кылып айтып өткөн. Доктор Хайкал (Алла ал кишини көп жакшылыктар менен сыйласын) талаби нусрат жана манъат кезинде толук болушу керек болгон көптөгөн шарттарды баян кылган. Алардын бир бөлүгүн бир аз кошумча киргизүү менен айтып өтөм:

  1. Даъватты жаюучуларга жете турган азаптын күчөшү. Нусрат талабы (талаби нусрат) башталышынан мурун, табигый түрдө, алар менен алардын адамдарга кайрылууларынын арасына тосуктардын коюлушу.
  2. Нусрат талабы – Алла тарабынан жиберилген вахий жана Расулулла с.а.в дан аткарылышы талап кылынган буйрук эле. Бул өзгөрбөс тарыйкат.
  3. Нусрат талабынын уруу башчыларына, даңазалуу жана мартабалуу адамдарга, о.э. алардын сөздөрүн угуп итаат кыла турган адамдары бар болгон жана мамлекет тикеленип жаткан кезде, же тикеленгенден кийин, анын душмандарына каршы чыгууга кудурети жете турган кубат ээлерине чектелген болуусу.
  4. Алардын өлкөлөрү даъватка тескери болгон эл аралык келишимдерге байланган болбоосу.
  5. Алардын даъваттын акыйдасы менен анын талаптарын тастыктоочу момундардан болуулары.
  6. Нусраттын эч кандай кепилдиктерсиз, акчасыз жана сыйлыксыз жүзөгө чыгышы жана жалаң гана Алланын ыраазылыгын көздөп ишке ашырылышы.

Алла Субханахудан, Расулулла с.а.в га Мединада ансорлор аркылуу нусратты даярдап бергениндей, бизге да нусратты даярдап беришин сурайбыз. Ансорлор Расулулла с.а.в га жардам беришти. Натыйжада, Расулулла с.а.в мамлекетти тикеледи жана Үммөттүн кадыры бийиктиктерге көтөрүлдү о.э. Ислам жана мусулмандар азиз болушту. Аллахым, исламий жашоону кайра баштоо жолунда аракет алып бараткан пенделериңе жардам бере турган ансорлорду даярдап бере көр, пайгамбарлык манхажындагы халифалык мамлекети кайтып келсин. Үммөт ойгонсун жана мурункудай адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт даражасына кайтсын.

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ بِنَصْرِ اللهِ

– «Ошол күндө момундар Алла үстөм кылгандыгы себептүү шаттанышат». [30:4-5]


1 Иллет – шаръий өкүмгө себеп болгон нерсе

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *