Ойрон кылуучу согуштар
Химиялык, бактереологиялык жана атом согушунун коркунуч-тары куру элес боюнча, о.э. или-мий жана теориялык (назарий) кыял бойдон калган жок. Бал-ким, биринчи дүйнөлүк согуштан кийин газдар өтө аз абалдарда колдонулду. Ошол учурларда, көбүнчө, таптакыр куралданба-ган, о.э. салыштырмалуу артта калган кошуундарга каршы кол-донулган. Биринчи болуп газдар-ды италиялыктар Ливия жана Эфиопияда колдонушкан. О.э. газдар Вьетнам жана башка кээ бир мамлекеттерде тополоңдор-ду бастырууда, о.э. жер астына жашырынып алгандарды ал жер-ден чыгаруу максатында кең кө-лөмдө, коркунучтуу түстө колдо-нулган. Анткени, газдар согушу химиялык согуштун негизин ка-лыптандырат. Дарактарды жыла-ңачтоо үчүн колдонула турган газдар да ушуларга кирет. Андай газдар Вьетнамда колдонулган.
Газдардын ар түрдүү таасир көрсөтүүчү түрлөрү бар. Алардан: убактылуу тынчсызданууну келтирип чыгара турган газдар, катуу кыйнап өлтүрө турган газдар, иштетилгенине узак убакыт өткөндөн кийин да зыян жеткизе ала турган, дайымый таасирге ээ болгон газдар, салыштырмалуу шамал тездигинде тарала турган, дайымый таасирге ээ болбогон газдар бар. Өлтүрбөй турган газдардын кээ бирлери көздөн жаш агызат. Мындай газдар көзгө түздөн-түз таасир кылат. Анын таасиринде көз катуу сайышып ооруйт жана андан токтобой жаш ага баштайт. Бул газдын таасири убактылуу болгондугу себептүү бир аз убакыттан кийин анын таасири токтойт. Дагы калтыраткыч газдар бар. Ал көбүрөөк тынчсызданууну келтирип чыгарат жана бир канча башка таасирлерге ээ. Адамды катуу калтыратат, о.э. мурун, тамак жана дем алуу органдарында күчтүү оорууну пайда кылат. Дагы ушул газдын натыйжасында катуу кусуу жана көңүл чөгүү абалына түшүп калуулар келип чыгат. Көздөн жаш агызуучу жана калтыратуучу газдардын аралашмасы демонстрациялар учурунда жыйылгандарды таркатууда активдүү курал милдетин өтөйт. Дагы газдардын «шал кылуучу» деп атала турган түрү да бар. Бул түрдөгү газдар эгер айланасы курчалган жерде иштетилсе, баштын айланышына жана баш ооруусуна себеп болот. Ал газдан дем алган тирүү жандын дем алуу органдары иштен чыгат, о.э. өлүм коркунучу да бар. Ал газдын ачык абада таасири азыраак болот. Андай убакытта анын таасири, андан дем алган тирүү жанды жыгылтпай аягына жетет. Анда өлтүрүү касиетине ээ болгон газдар бар. Ал «Арсен» деп аталат. Ал газды өпкө оңойлук менен соруп алат. Ошондон кийин. аз кандуулук кеселин, т.а. анемияны келтирип чыгарат. Анын артынан болсо, өлүм келет. Ушул муунтуучу газдар өпкөнү катуу сезгентет. Бул болсо, өз кезегинде өпкөнүн өзүнүн ички суюктуктарына толуп калышына алып келет. Муну менен ошол газ таасир кылган тирүү жан муунуп калат. Дагы, биринчи дүйнөлүк согушта колдонулган «гарчичник» газы да бар. Ал көзгө көрүнбөс буу таратат. Андан күчтүү түрдө пияздын жыты жыттанып турат. Бул түрдөгү газдардын таасири узак убакыт улантылат. Ал да башка газдар сыяктуу териге таасир кылат. Теринин тийген бардык жерин жаралайт. Жөнөкөй кийимдерди тешип өтөт. О.э. убактылуу көр болууга алып келиши мүмкүн. Эгер ал газдан дем алынса, бронхит кесели келип чыгат. Дагы нервдерге таасир кылуучу газдар бар. Ал газ өтө тез таасир кылат. Анын жыты да жок, көзгө да көрүнбөйт. Анын бар экендигин бир гана көтөрүп жүрүлө турган же кийип алына турган атайын аппараттар менен гана аныкталат. Бул газ уулу газдар катарына кирет. Кокустан аны жыттап алса же ал дененин бир бөлүгүнө тийсе, адам кичирейип, анын курмандыгына айланат. Дагы бул газдын таасиринен адам таптакыр сокур болуп калат. Ал адам өзүн эптей албай калат жана кулактарындагы өтө күчтүү оорууну сезет. Кийин болсо, ооз-мурдунан кан келет, көкүрөгү кысылат жана анын дем алышы оорлошот, көңүлү айныйт, кусат, кийин булчуңдар кыскара баштайт, андан кийин тамырлар тартышат, акыры адам толук жыгылып, жан берет.
Ушундай газдар бар болсо да, көрүлүшү мүмкүн болгон андан сактануу чаралары, о.э. кийип алуу мүмкүн болгон атайын кийимдер бар. О.э. алардан коргонуу максатында кемелер, танктар жана автомашиналарды вентиляция жана тазалоо аппараттары менен жабдуулоого да болот. Азыркы убакытта андай газдар күчтүү тазалоочу заттар менен жууш аркылуу зыянсыздандырылууда. Мындай химиялык газдар согуштарда иштетилсе да болот. Бул газдарды ишке салууда абанын маанилүү таасири бар. Мисалы, күндүн нурлары менен кызыган топурак өзүнөн жогорудагы абаны да кызытат. Бул болсо, ысыктыктын бир жерден башка жерге көчүп өтүшүнө алып келет. Ошонун эсебине, түндө жер муздаган убакытта аба мелүүн болуп калат. Газ канчалык коюу болбосун, жылуу жаз күндөрүндө туман сыяктуу жер бетинен анча жогоруга көтөрүлөт. Түндө газ жер бетине орношуу үчүн төмөндөйт. Шамалдар бууну майдалап жибере алат. Бирок, жеңил соккон жумшак абада суюк газдарда буулануу даражасынын ашышына алып келет. Ушул негизге ылайык, борборлошкон газдардан кыймылга келүүчү булутту түзүү да мүмкүн болот. Температура буулануу даражасын көтөрөт. Ушул эле убакытта төмөн температура суюк газдын муздап калышына кызмат кылышы мүмкүн. Ошондо, кийинчерээк кооп туудурушу мүмкүн болуп калат. Кээде ным топурак газды соруп алат. Кийин жамгыр жаайт да, аны агызууга кызмат кылат. Белгиленген милдетти аткарууда ийгиликке жетишүү үчүн, газдуу булутту түзүүдө чоң өлчөмдө сенаряддар жана ракеталар талап кылынат. Аны жардыруу программаларынын милдети мындай, эгер шамал өзгөрсө, шамал багытындагы бардык тирүү жанзатка үзгүлтүксүз түстө таасир кылуу коркунучу пайда болот. Бул газдар имараттар менен техникаларды ойрон кылууга кудурети жетпейт. Бирок, анын жакшы даярдык көрбөгөн же мыйзам-эрежелерди тартиптүү түстө үйрөнбөгөн кошуунга каршы колдонгон убакыттагы таасири ар кандай иш жүзүндөгү зыяндарды пайда кыла турган таасир көлөмүнөн жогору болот.
Бактериологик согуш болсо, белгилүү бир даражада өзгөчө. Бактериологик куралдар химиялык газдардын бүтүндөй тескериси. Аны оңойлук менен, о.э. азыраак каражат менен иштеп чыгаруу мүмкүн. Мындай куралды жакшы билимге ээ болгон ойлоп табуучу иштеп чыгара алат. Ал тургай, кичи мамлекеттердин да мындай бактериологик куралдарды иштеп чыгарууга кудурети жетет. Бактериологик элементтердин жардамында алып барыла турган чабуулдар убактылуу күчсүздөнүү же кооптуу жана өлтүрүүчү жарааттарга себеп болушу мүмкүн. Натыйжада, ал жасалма түрдө чума кеселин келтирип чыгарат. Бактерияларды узак убакыт тирүү абалда сактап калуу оңой эмес. Ал температура даражасынан катуу таасирленет жана ал химиялык газдар сыяктуу кийимдерди тешпейт. О.э. противогаздар, газдан сактоочу атайын кийимдер жана эмдөө иштеринин бардыгы жалпы түстө андан коргонууну камсыздайт. Бактериологик жана химиялык куралдар үчүн табият туруктуу эмес. Анын душман колуна түшүп калышы адамдарды бул куралга ээлик кылуудан чочутат. Бирок, кээ бир жетекчилер аны 1939-жылы кыргын кылуу чабуулуна даярдашкан. Бирок, бул чабуул уюштурулбады. Ушул чабуул Рудольф Гитлердин адамгерчилиги себептүү уюштурулбай калганы жок, балким, алар экинчи соккуну жолдоого кудуреттүү эмес экендиктерин билгендиктери үчүн уюштурушпады. Ушул куралдардын жырткычтыгы жана мыкаачылыгы канчалык даражага жетпесин, балким, ал болгону куралдануунун башкачараак көрүнүшү. Муундардын бул тармакты үйрөнүүдө же сактануу керек боло турган этият чараларын көрүп коюуда кайдигерлик кылуулары таптакыр акылдан эмес. Киши ядролук согуштун тактикаларын түшүнмөкчү болсо, көпчүлүктүн «мындай куралдар менен согушка кирүү, бүткүл дүйнө өз жанын кыйганы менен барабар» деп ойлоолоруна карабай, ядролук жардыруулардын таасирлерине тиешелүү негизги билимдерге ээ болушу керек болот. Бирок, пушкалар же жакын аралыкка учуучу ракеталар менен атыла турган атомдуу чакан снаряддар да бар. Аларды мурдатан даярдоо жана узактан атуу да мүмкүн. О.э. атомдук тактикалык куралга ээ болууга да мүмкүн. Атомдуу куралды атуудан түздөн-түз үч түрдүү негизги натыйжалар келип чыгат. Биринчиси – күчтүү термикалык радиация менен түздөн-түз күчтүү жарыктыктан чагылуу пайда болот. Анын аркасынан өтө күчтүү жарылуу толкуну пайда болот, натыйжада, атомдук радиация келип чыгат. Кээ бир абалдарда, абада радиациялык булгануу жана атом калдыктары пайда болот. Ошондо жер бетинде жалпы түстө өтө чоң жарылуу жүз берет. Эгер жер бетинде бир эле снаряд жарылса, топурактын чоң бөлүгү бууланып кетет жана чөптүү уюм менен радиация пайда кылган зат менен кирленген жерге чейин көтөрүлөт. Ал, жерге кайтып түшүп жатканда чоң коркунучту туудурат. Ошол чөптүү топтун бир бөлүгү жок болушу себептүү, термикалык нур төмөндөйт жана анын калган чоң бөлүгү жердин титирешин пайда кылуу үчүн жардырууну келтирип чыгарат. Бул сыяктуу жардырууну жер астында болгон буталарды ойрон кылууда колдонууга мүмкүн. Адатта, бул сыяктуу буталар, үстүнө капталган топурак жана цементтин жардамында абадагы жардыруулардан коргонулган болот. Жер астында жардыруулар жүзөгө келген убакытта, абадагы жардыруу толкуну өтө аз өлчөмдө болот жана ал жер бетинин маалым бөлүгүн жогоруга көтөрүп жиберет. Анын чыныгы таасири жер астындагы бомба жарылган жердин канчалык тереңдигине жана бутага алынган региондун геологиялык ордуна байланыштуу. Ушул курал радиациялык калдыктардын үлкөн көлөмүн жогоруга ыргытып, жерди жарып же тешип жиберет жана бул дагы чексиз коркунучка ээ болгон атом калдыктарынын пайда болушуна себеп болот. Ал жерде температура же жарыктык радиациясынын болбоосу табигый. Атом куралынын жер бетинен көп да бийик болбогон бийиктикте жарылышы жээк боюндагы буталарды кең көлөмдө ойрон кылышы баарына маалым. Ушул күндөрдө кошуундар атом чабуулу учурунда көрүлө турган коргонуу чараларын көрүүгө машыгууда. Машыгуудан жакшы өткөн аскер эгер этият чараларын көрсө, ал үчүн атомдон кутулуп калуу мүмкүнчүлүгү болот. Бирок, буга даярдык көрбөгөн тынч-бейпил калктын болсо, андан кутулуп калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз.
Эч бир акылдуу адам атом согушун каалабайт. Бирок – абал жамандашып кеткидей болсо, даъватты дүйнөгө хидаят катарында алып чыгуу үчүн биз тандаган абалга дал келе турган түстө өзүбүз колдой ала турган тактикаларыбызды белгилебешибиз, о.э. «эл аралык мыйзамдар» деген саябан астында дүйнөдөгү мусулмандар туш келип жаткан коркутуу жана кызыктыруулардан сабак албашыбыз акмактык эсептелет. Дагы ошол мыйзамдар аты менен Афганистандагы мусулмандар жолугуп жаткан ойрон кылуучу чабуулдардан да сабак алышыбыз керек. Америка бүткүл дүйнөгө бүлүк салып коркутууда. Массалык маалымат каражаттары, Америка, анын огунун айланасында айланбай турган каалаган мамлекетине каршы атом куралын ишке салышын жана ал ыраазы болбогон ар кандай мамлекеттин бул куралга ээлик кылышына тыюу салышын маалым кылышты. Ислам Үммөтүнүн кубат себептеринен алыс, алсыз Үммөт бойдон калышы туурабы? Же Парвардигердин буйруктарына лаббей деп жооп берип, күч-кубат себептерин бекем кармоосу туурабы? Алла Таала айтат:–
«(Эй момундар), алар(га каршы согуш кылуу) үчүн мүмкүнчүлүгүңөр барынча күч жана ээрлелген аттарды даярдап койгула, муну менен силер Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды, о.э. алардан тышкары, силер билбей турган – Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркууга саласыңар». [8:60]