КИМ АЛЛАГА БЕРГЕН УБАДАСЫНА БАПАА КЫЛСА АЛЛА АГА УЛУУ АЖЫР БЕРЕТ

Ким Аллага берген убадасына бапаа кылса Алла ага улуу ажыр берет

Исламий даъват маселесинде Хизбут-Тахрир бардык Ислам дүйнөсүндө маанилүү бир бурулуш жасады. Ал даъватты аткарууда бул иш тээ башынан оңдолмоюнча оңдолбостугу жана бул даъват албетте Расулулла r менен сахабалар аткаргандай көрүнүштө аткарылышы керек экендиги ар дайым акылдан жана калбдан чыккан жок…

Хизб, анын негиздөөчүсү жана андан кийинки жетекчилердин камы даъваттын мына ушундай деңгээлде болушу болду. Хизбут-Тахрирдин Исламды таза абалда майданга алып чыгышы, туура аракет кылып жаткандыгы, муну Аллага эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз өзүнө гана ибадат кыла турган такыбалуу жигиттер аткарып жаткандыгы Алла Субханахунун тавфики болду. Биз мунун ажырынан үмүттөнөбүз жана Аллага эч кимди күнөөдөн таза деп дааба кылбайбыз. Шейиттик туурасында Алланын өзү кифая. Алланын өзү ар нерсенин ичи жана сыртынан кабардар жана Анын Өзү гана ар бир нерсени билүүчү Зат…

Даъват Орто Азия мамлекеттеринде жана эң оболу Өзбекстанда бир өзүнө тиешелүү жакшылык борборун калыптандырды. Анда көптөгөн аң-сезимдүү, калыс жигиттер топтолушту. Алардын позициялары – алардын пикирлери, багыттары жана аракеттери туура экендигин көрсөттү. Алар тарых барактарына сахабалар y позицияларына, Алла өз Китебинде зикр кылган мурунку сабырдуу үммөттөр, акыйкат жолдо сабыр кылып, Алла жолунда азап чеккен үммөттөрдүн позицияларына жакын позицияларды жазышты. Бул жигиттер жөнүндө окуган киши алардын сахабалардай болуу үчүн алардын позицияларын текшерип, үйрөнгөндүктөрүн көрөт. Ал эми бирер киши: Социализм куфру өкүм сүргөн жана анын мамлекетинин зулуму өкүмдар болгон убакта бул жигиттер кайда эле? – деп сурашы да мүмкүн. Алар ошол убакта жашынып жаткан бермет сыяктуу эле. Социализм кыйроого жүздөнүп, анын мамлекети кулагандан кийин бул берметтер жүзөгө чыкты. Исламий үммөт арасында мындай кымбат баалуу запастар көп. Биз алардын сийраттарын сөз кылганыбызда андан даъваттагы эң жагымдуу жыт жайылат… Аллахым биз Сени сүйөбүз, Сен жакшы көрө турган ар бир амалды жакшы көрөбүз, Сенин диниңди тирилтүүгө аракет кылган ар бир адамды жакшы көрөбүз… Аллахым өзүң бизден кабыл кыл. Аллахым биз Сенден махабатыңды сурайбыз…

Төмөндө мына ушул айрым кишилер жана аялдар тууралуу кыскача маалыматты этибарыңарга сунуштайбыз. Ажеп эмес, андан бул даъватты алып барууда бизге күч-кубат тартуулай турган нерсени тапсак жана инша Алла бул даъваттын абалы жана акыбети көркөм болушун билип, кадыржам болсок. Бул кыскача маалыматтан кийин бир рисола да сунушталып жатат. Ал окуялардын так борборунан келген болуп, ошол жердеги даъваттын абалы тууралуу баяндайт жана залимдерден Аллага арызданат, калыс Аллага дуба кылып, бул даъватты анык нусрат менен кубатташын сурап калат. Рисолат темасы: «Туура жолдогу Халифалыкты тикелөөгө даъват кылуу даъват калкы мойнундагы аманат болуп саналат».

ар Бир даъваттын Өз калкы бар, биздин даъватыбыз калкы да ушундай адамдардан

«Ташкенттик Абдулла»

Абдулла Хизбут-Тахрирдин активдүү жигиттеринен эле. Ал Өзбекстанда Хизбут-Тахрирдин эң биринчи камакка алынган жигиттеринен эле. Ал кылмышкер түзүмдүн милициясы тарабынан катуу азапталды жана «Өзбекстан конституциялык түзүмүнө каршы чыгуу айыптоосу менен 16 жылга эркинен ажыратылды. Өкмөт жана анын коопсуздук органдары Хизбут-Тахрир жигиттерине болгон куугунтуктоо, басым өткөрүү, камакка алууларды күчөтүп, күн өткөн сайын аларды беш жылдан жыйырма жылга чейинки болгон  мөөнөткө өкүм кылды.

} $tBur (#qßJs)tR öNåk÷]ÏB HwÎ) br& (#qãZÏB÷sム«!$$Î/ ͓ƒÍ•yèø9$# ω‹ÏJptø:$# {

– «Алар (момундардан) жалаң гана ал (момун)дар кудурет жана мактоо ээси болгон Аллага асмандар жана Жердин падышалыгы Өзүнүкү болгон затка ыйман келтиргендери үчүн гана өч алышты!».          [85:8]

Милиция жана улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жигиттерди үйлөр, ишканалар, мектептер, жогорку окуу жайлар, дарс халкалары, коомдук жайлар сыяктуу кайсыл жерден табышса ошол жерден, ал тургай, Роббилеринин алдында сежде кылып жаткан абалдарында да кармап кетишчү. Фашист Каримовдун бул малайлары мурунку Советтер Союзундагы КГБнын мураскорлору болуп, алар мусулман туткундарды азаптоодо ошол КГБдан калышпайт, ал тургай, жырткычтык менен азаптоодо алардан да өтүп кетишет.  Себеби, алар Хизбут-Тахрир жигиттерин өздөрү ойлоп тапкан кыйноолордун жаңы-жаңы түрлөрү менен азапташты дейсиң, муну сүрөттөгө сөз жетпейт… Бул кыйноолор тергөө убагында же өкүм кылынгандан кийин камактарда алып барылды. Камактар болсо азаптоого ыңгайлуу типте курулган, атайын азаптоочу апараттар менен камсыздалган изоляторлордон туруп, алар качып кутулуу кыйын болушу жана ал жердеги азаптоо туурасындагы кабарлардан кабарсыз болушу үчүн эл жашай турган жайлардан алыстагы чөлдөрдө жайгашкан. Ошондой камактардын бири Жаслик чөлүндөгү камак… Жигиттерди мындай акараттоочу жырткычтык менен азаптоодон максат, аларга Өзбекстан конституциясын жана анын капыр, муртад түзүмүн тан алдыруу. Бул түзүмдүн жаллад тергөөчүлөрүнүн жигиттерди азаптоодон максаты алардын эркин сындыруу жана хизбдин аракет жана аралык көлөмү, анын мүчөлөрү жана жетекчилеринин адрестери, халка өтө турган жайлары, басмаканалары сыяктуу маалыматтарды алууга болгон урунуу. Акыйкатта болсо,  Исламга калбы менен душмандык кылып жаткан бул жөөт Каримовдун зомбулугу ушул даражага жетти дейсиң, ал жигиттердин азапталып жатканын күзөтүү камералары аркылуу тамаша кылып, өзүнүн душмандык чаңкоосун кандырат. Ушундай боло туруп, дагы бул иблис жана ага окшогон мусулмандар акимдеринин ыйманды дааба кылууларына же күлүшүңдү же ыйлашыңды билбейсиң.

Алла, Расулу, дини жана момундардын душманы болгон Каримов хизб жигиттерин азаптоо аркылуу кайраттарын сындырмакчы болуп, дагы эле урунуп жатат. Себеби, ал бул жигиттерди өзүнүн зулуму жана тогуту каршысында тоскоол болуп жатканын түшүнүүдө.

Каримов Өзбекстандагы Исламдын ар кандай акыйда жана көрүнүшүн өзгөртүп жибермекчи болду жана ошондуктан, аялдардын оронуусу, эркектердин сакал коюусу, мечиттер көбөйүп, намаз окугандарга толуп ташышы сыяктуу ар кандай исламий салттарды жок кылууга аракет кылууда. Качан Хизбут-Тахрир жигиттери ага каршы тургандыгын көргөндөн кийин, аларга каршы күрөшүүдө жана куугунтуктап, камакка алуу, кыйноолорду колдонуп, өлтүрүүдө катуу турду. Максаты, алардын моюн сунууларына, же качып кетүүлөрүнө, же өз даъваттарынан баш тартууларына жетишүү эле. Бирок, Аллага чексиз мактоолор болсун, ал жигиттердин собит калб жана кең ыйман менен ага каршы турууга токтом кылгандыктарынын, ар кандай мусибатка туш келсе да, өз позицияларын өзгөртпөгөндүктөрүнүн, алардын ар бири Каримов, анын түзүмү жана башка залим, тогут түзүмдөрдүн Алла Тааланын ушул сөзүндө айтылгандай, кыйроого кириптер болушуна анык ишенимде болгондуктарынын күбөсү болду:

– «(Эй Мухаммад), Роббиң (башка) журттарда окшошу жаратылбаган, бийик устун(дуу ак сарай)лар ээси болгон Ирам (шаарындагы) Ад (уруусу)н кандай (кыйроого дуушар) кылганын көрбөдүңбү? (Кура) өрөөнүндө чоң таштарды кес (ип өздөрүнө үйлөр салып ал)ган кимселер болгон Самуд (уруусун кандай кыйроого дуушар кылганынчы)? Казыктар (т.а. жерге казыктай кагылган бийик эхрамдар-пирамидалар жана сарайлар) ээси болгон Фиръавнды (кандай кыйроого дуушар кылганынчы)? Алар журттарында чектеринен ашып, ал жайларда бузукулукту көбөйтүп жиберишкен эле. Ошондо, Роббиң алардын үстүнө түрдүү азап-аапатты жаадырды!»“.                             

                                                                                                      [89:6-13]

Сурхандарыялык Хафизулла

Бул жигит Хизбут-Тахрирдин Өзбекстандагы активдүү  жигиттеринин бири болуп, уламалар үй-бүлөсүнүн аалым перзенти болуп эсептелет. Ал (ваххабийлик кыймылынын Андижандагы амири катары 1995-жылы сырдуу көрүнүштө колго алынып, дайынсыз жоголгон жана кийин бул кыймылдын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө чек коюлган) шейх Абдували карынын  алгачкы шакирттеринен эле. Хафизулла хизбдин сакафатынан өзү эркин түрдө билим алды жана андан катуу таасирленди. Кийин ал бийик каалоо менен хизбге мүчө болду, жигиттер сабында пикирий жана саясий күрөш алып барып, алдыңкылардын бирине айланды. Бул болсо, Каримов тобун кыйнады, натыйжада, коомго болгон анын күчтүү күчтүү таасирине каршы аны куугунтукташып, өкмөткө чоң коркунуч туудуруучу душмандардын бири деп санашты. Көпкө созулган күзөтүүдөн кийин коопсуздук кызматкерлери аны колго алууга жетишишти. Тергөө убагында аны аёосуз таякташты, катуу азапташты жана жыйырма жылга эркинен ажыратышты. Сотко чейин тергөө убагында да, соттон кийин эркинен ажыратылып жаза мөөнөтүн өтөп жатканда да Хафизуллага карата көз көз көрүп кулак укпаган азаптын түрлөрүн колдонушту… Алар бул аркылуу анын кайрат жана чечимин талкаламакчы болушту. Ал эми тескерисинче, көздөр көрбөй турган бир кудуреттен кубат алуучу ыйманды жана алар түшүнбөй турган бир жардамдан сугарылуучу эркти көрүштү. Алардын арасындагы ал тургай адамдык сезим-туйгулардан да алыстап кеткен – акыкатта болсо алардын көпчүлүгү ушундай – ырайымсыз капырлары бул окуяга маани беришпеди, ага акылдары да жетпеди, тескерисинче, ого бетер ачууланып, ичи тардык менен ага дагы да көбүрөөк азап бере башташты. Ал эми алардын арасында бир аз болсо да ыймандуусу – акыйкатта болсо алардын азчылыгы ушундай – же инсаний сезим-туйгусун жоготпогону болсо, ал мындай окуяга кошкөңүл карай албады, балким, таң калгандан катып калды да, кийин – хизб жигиттерин  бирер сындыруучу сындыра албастыгына жана бирер ийүүчү да ийе албастыгына ишеним пайда кылды…

Акыйкатта болсо, камактын бир көзөмөлчүсү болуп, ал хизб жигиттеринин атайын кыйноочу жалладдар жана Каримов малайлары тарабынан кылынып жаткан кыйноо жана азарларга туш келип жаткандарынан кабардар болуп, алардын сабыр жана бекемдиктеринин күбөсү болгон эле. Бирок, алардын Хафизуллага колдонуп жаткан кыйноо жана азаптардын канчалык жан чыдагыс, аянычтуу жана жырткычтыгын көргөндөн кийин Хафизулланын бул азаптарды кандай ыйман, сабыр менен көтөрүп жатканына күбө болгондон кийин буга таң калганынан катып калды… Кийин ал күндөрдүн биринде Хафизулланын камерасына жашыруун кирип келди жана аны  катуу кучактап туруп, кулагына «эй балбан, мен  уулумдун да сендей болуп чоңоюшун каалаймын» деп шыбырады…

Аллахым, эй сактоочу Хафиз, пендең Хафизулла зулум тартууда, демек, ага зулум кылып, азап бергендерге өзүң кифая кылгын. Себеби, Сен эң жакшы сактоочу жана ырайымдуулардын ырайымдуусусун. Аны солих шейиттердин катарында кабылыңа ал.

Өзбекстандык Мухаммад

Бул жерде дагы адамды таң калтыруучу жана Алланын улуу кудурети, хикматтуу ирадасы тууралуу тафаккур кылууга үндөөчү көптөгөн ажайып окуялар бар. Алардын бири Хизбут-Тахрирдин Мухаммад аттуу жигитинин башынан өткөргөн окуя болуп, ал узакка созулган жана оор кеселдик менен ооруйт. Ага кошумча түрдө дагы куугун маалында буту да сынып калды. Ошондо ал Аллага тобокел кылып, операция кылдыруу үчүн борбордук ооруканага жатышына туура келди. Чындыгында, өкмөт ага жалпы издөө жарыя кылганын врачтар билишпейт болчу. Алар Мухаммаддын издөөдө экендигинен кабарсыз абалда операция кылышты… Күтүлбөгөндө, коопсуздук кызматкерлери анын операция үчүн ооруканага  жатканын билип калышты жана дароо колго алууга аракет кылышты. Алланын каалоосу менен Мухаммад мындан кабардар болуп калды жана операция бүтөрү менен оорукананы таштап кетүүгө мажбур болду. Бутундагы кесилган жери болсо тигилбеген, ачык бойдон эле… Алланын кудурети жана жардамы менен алардан качып кутулду. Милиция жана улуттук коопсуздук кызматкерлери болсо Мухаммадды шаар бойлоп аны издеп жатышты. Алар Мухаммаддын туугандары жана тааныштарынын үйүндө массалык тинтүү өткөрүштү жана аларды тергөөгө чакыруучу эч кандай кагазды көрсөтпөстөн, кылмыш издөө бөлүмүнө суракка алып кетишти  жана аларды кылмышты жашыруу айыбы менен коркутушту ал тургай кээ бир эркек кишилерин таякташты. Мухаммад болсо туугандары кылмышты жашырууда айыпталышынан корккондуктан алардын үйлөрүндө тентиреп айланып жүрөт эле. Мына ушундай күндөрдүн биринде терроризмге каршы кылмыш издөө бөлүмүнүн бир офицери Мухаммад жашынып турган үйдү билип калды. Ал издөө тобу менен бирге Мухаммад үйдөгү бөлмөлөрдүн биринде пешинга даарат алып жаткан кезде короого бастырып киришти. Мухаммаддын даарат алышына жигиттердин бири жардам берип жаткан эле, күтпөгөн жерден короодо издөө тобунун ызы-чуусу пайда болду жана жигит короого атылып чыкты. Офицер аны кармап алды да «Мухаммад кана?» – деп сурак кыла баштады. Жигит Мухаммад отурган жерди сатпады. Офицер топтогу бир кызматкерге тинтүү өткөрүүнү буюрду да, өзү жигиттин колуна кишен салып, андан Мухаммад тууралуу бирер маалымат алуу үчүн кылмыш идөө бөлүмүнө алып кеткени машинага сүйрөдү. Мухаммад да алардын сөздөрүн угуп турат эле  жана ичинен эки «кулаъузуну» тынымсыз окуп, баанек сурап жана Каримов жалладдарына жолуккан убакта ыйманына күч-кубат беришин тилеп, Алладан жардам сурап, дуба кылып жаткан эле. Ал башка бөлмөлөрдү тинтип жаткан жигиттин киришин күтүп, качып кутулуу тууралуу ойлобостон отурган эле, чындыгында буга кудуреттүү эмес болчу. Себеби, ал колго түшүү учурум келди, эми Алла мени кыйноолор, камак азаптары жана камактардагы боордоштору тартып жаткан башка кыйынчылыктар  менен сынайт деп ойлоп турган эле. Ушул жерде Алланын улуу кудурети жана хикматтуу каалоосуна далалат кылуучу бир окуя болуп өттү… Тинтүү алып барып жаткан кызматкер башка бөлмөлөрдү тинтип,  Мухаммадды таба албаган соң, Мухаммад турган бөлмөгө жакындашты. Бөлмөнүн эшиги кыя ачылган эле аны чоң ачып, ичкери т.а. Мухаммад кроватта отурган тарапка карады, карады да… аны көрбөдү… Ооба, кызматкер Мухаммадды көрбөдү, ичкери да кирбеди. Сыягы, ал бөлмө эшиги чоң ачылгандыктан, бөлмөдө эч ким жок деген ишенимде болду окшойт… Эмнеси болсо да, артына кайрылып көчөгө чыгып кетти. Мухаммад болсо анын ичкериге назар салып жатканын көрдү көрдү… көрдү да, алгач абалга түшүнө албады, балким, абалды өзүнчө – мени издеп жаткан кызматкер ичкери карады жана мени көрүп, офицерине Мухаммадды таптым деп айтканы чыгып кетти, азыр баары жапырылып киришет да, мага таштанышып алып чыгып кетишет, кийин камак жана кыйноолор башталат деп ойлоду. Көчөдөн машинанын от алганы, андан кийин, ордунан жылып, алыстап кетиши Мухаммаддын кулагына угулганда болсо, таң калганынан катып калды… Бир кыйладан соң абалды түшүнө баштады. Кийин Алла аны куткарып калганын, аларды андан буруп койгонун түшүнүп жетти да, Аллага токтоосуз мактоолор айтты…

Аллахым, Мухаммадды өзүң сакта жана аны өз хифзи-химаяңда кыл, калбына ыйман жана хикматты жайлаштырып, акыбетин бактылуу кылгын.

Ташкенттик шейит Нуъман

(Алла рахмат кылсын)

Хизбут-Тахрирдин Алланын изни менен шейит болгон жигиттеринин бири Нуъмандын кылган иштери кайратта мисал болсо, даъватта үлгү болот. Анын тогут (Алланын наалаты болсун) Каримов  түзүмүнө каршы туткан төмөнкүдөй улуу жана кайраттуу позициясы болсо, теңдеши жок бир эркектиктен кабар берет жана тарых барактарына нурдуу тамгалар менен жазылат:

Каримов башчылыгындагы түзүмдүн коопсуздук кызматкерлери Нуъманды өкмөттүн душмандар тизмесндеги биринчилерден деп билишет болчу. Ошндуктан аны камоо же куугунтуктан качып башка өлкөгө кетүүгө мажбурлоо же өлтүрүү аркылуу анын саясий майдандагы иш-аракетине чек коюуга  ант ичишкен эле. Себеби, алар Нуъмандын адамдарды хизб сабына алып, дарс халкаларына кошуусу, жаңы махаллий жихаздарды түзүү аркылуу аракет майданын кеңейтиши о.э. хизб жигиттери менен бирге баракчаларды ашкере таркатышы алардын жандарын алкымына келтирген эле жана түзүмдү да, аларды да майданга күрөшкө чакырууну өзүндө чагылдырган азбы-көппү мындай ашкере таркатуу аларды алдан тайдырган болчу. Нуъмандын ошондой күрөшкө чакыруусунан канткенде алдан тайбасын. Акыры иш ушул даражага жетип барды дейсиң, ал өтө чоң кайрат менен саясатчылар, жогорку кеңештин депутаттары, бийликтегилер жана өкмөт жетекчилери алдында күтүлбөгөндө пайда болуп, даъват темасын козгоп жана толук калыстык менен аларды Аллага даъват кылар эле. Чындыгында, өзү үйү дайымий күзөтүүдө болгондуктан үй-бүлөсү менен жашай албайт болчу,  сүрөтү көчөлөрдө илинген болчу.

Анын акыйкат үстүндө кайрат менен турушуна далалат кылуучу иштеринин бири ушул, бир күнү ал ички иштер министрлигине кирип, ички иштер министринин айдоочусуна хизб баракчасын карматып жана ага мындай дейт: «Кожоюнуңа жана анын чоң-кичине жалладдарына ушуну айтып койгун, хизб жигиттерин залимдердин зулуму да, фитначылардын фитнасы да таптакыр сындыра албайт. Бүгүн  силердин күнүңөр келген болсо, эртең биздин күнүбүз келет. Мына бул президентиңерге – акыры ал силерден эмес, жөөт го – эгер убакыт өтүп кеч боло элегинде итаат кылуудан токтолбосоңор, эртең Алланын изни менен курула турган Халифалык мамлекети мусулмандарга зулум кылып, азар берген, аларды өлтүргөн жана өлкөлөрүнөн кууп чыгарылышына себепкер кимселерден сөзсүз өч алат…».   Нуъман бул сөздөрдү сөздөрдү айтып жатып, ички иштер министри, ошону менен бирге Каримов жана башкалардын бул сөздөрдү угушканда каарданышып жана эртеңки кара күндөрүнөн коркууга түшөөрү анын көңүлүнө келди.

Алланын Нуъманга болгон лутфи жана хифзи-химаясына далалат кылуучу дагы бир окуя ушул, бир күнү күнү милиция жана улуттук коопсуздук кызматкерлери Нуъман үстүнөн катуу издөө натыйжасында, бир халкага анын мушрифтик кылуусу күмөн кылынган көчөнү билип калышты. Ошол көчөнүн ар тарабынан дароо курчап алышты. Нуъман халка беришин аяктап көчөгө чыккандан кийин, курчоодо калгандыгын жана курчоодон  чыгып кете албастыгын сезди… Анын Аллага тобокел кылуу жана бейпайда качуунун ордуна, сабат менен коопсуздук кызматкерлерине карай тике баруудан өзгө чарасы калбады. Ушул жерде эч ойлонбогон бир ажайып иш болуп өттү. Көчөнүн ар башына жарандык кийим кийип алган, куралданган коопсуздук кызматкерлери коюлган болуп, бирер  машина көчөдөн чыгып кете албай турган кылып машиналар менен тосуп коюлган эле. Өздөрү болсо күнү-түнү Нуъманды кармап алууну арзуу кылып жатышкан эле.  Ошондо алар тарапка коркпостон кайрат менен тике басып бара берди… Алардын бири анын көзүнө тик карап, тике бастырып келе жаткан Нуъманды көрдү жана тааныды… Тааныды го, бирок таштай катып, өзүн жоготуп койду, коркунучтан колдору титиреп кетти… Нуъман болсо анын алдынан беймарал өттү да, дароо такси токтотуп кетип калды. Болгон окуяны калгандар көрүшпөдү. Байкуш кызматкер бул окуяны эч качан унутпаса керек жана аны эч кимге айтпаса да керек. Бул жигит мына ушундай тобокели, кайраты, тапкычтыгы жана саясий тадбирлери менен мына ушул малайларды көп жолу мыш кылган.

Ошондон кийин, Каримов жана малайлары катуу жиндешти о.э. Нуъман жана башка жигиттерди колго алуу үчүн башка бир ыкманы иштеп чыгышты. Бул ыкма болсо чыдабас, арамза жана паскечтердин ыкмасы эле… Алар Нуъмандын аялын камакка алышкандыгы тууралуу кабар таркатышты. Алар эгер Нуъман эркек болсо, өзүн курман кылып, аялын куткарып алат деп ойлошту…

Нуъман алардын мындай жийиркеничтүү иштеринен кабардар болгондон кийин, өзүн кармап тура албады жана борбордогу ошол милиция тарапка бармакчы болду. Аны кармап калып, бул ишинен кайтаруу досу Хафизулладан башка эч бир хизбийдин колунан келбеди. Ал Нуъмандын жолун тосуп, моюнунан катуу кучактаган абалда «жан досум алардын алдына барба, алар бул иштери менен бир гана нерсени, ал да болсо, сен өзүңдү жана башкалар да өзүн тапшырышын көздөп жатышат т.а. сен алардын алдына аялыңды куткаруу үчүн барсаң, кийин бул ыпылас ыкмаларын башка издөөдөгү боордошторубузга да колдонушат» деди. Нуъман «боордошум, ал жерде аялым жалгыз, менден жардам сурап жатат» деди. Хафизулла да өзүн ыйдан тыя албастан: Досум, аялыңды жалгыз дебе, ал менен Роббим бирге, ага сабыр жана ыйманын күчөтүп жардам берип жатат, – деди. Эки дос бири-бирин кучактап узакка ыйлашты…

Ооба, Нуъман аларга өзүн тапшырбады жана Алла анын аялына сабыр жана ыйманын күчөтүү менен жардам берди. Каримовдун малайлары болсо, Нуъман жана башкаларды камакка алуу үчүн колдонгон бул ыплас ыкмасы иш бербегенден кийин, аялды бошотуп жиберишти.

Арадан эки жылдай убакыт өткөндөн кийин, Каримовдун малайлары Ташкент шаарында кең көлөмдүү жана – алардын сөзү менен айтканда – хизб жана анын жигиттеринен жалпы «тазалоо» иштерин өткөрүшкөндө, Нуъманды кармап алышты… Үч кун тынымсыз таяктоо жана азаптоолор менен аны өлтүрүштү… Нуъман Алланын изни менен шейит болду жана Рафикул Аълага (эң бийик досунун жанына) сапар кылып, бул дүйнөнүн ыпластыктарынан тазаланды, акырет неъматтарына жетишти!

Нуъманга окшогон кишилер өлбөйт. Биз аны Алланын алдында – ушундай деп ант ичпесек да – шейит деп эсептейбиз. Бул дүйнөдө анын элеси тирүү жана туткан позициялары башкаларды тирилтет.

Аллахым, эй шейиттердин хабиби, Нуъманды мактала турган даражада тирилтиргин жана акыретте аны шейиттердин саййиддеринен кылгын. Омин.

Шейит Усман Хамракулов

(Алла рахмат кылсын)

Бул шейит 1952- жылы Кара-Сууда туулуп, ал жерде орто мектепти бүтүрдү. Кийин аскерге жөнөдү. Кызматта жүрүп ал капырлардын мусулмандар үстүнөн зулум жана залимдик менен өкүм жүргүзүп жатканын сезе баштады. Мусулмандарды капырлар өкүмдарлыгы жана колониясынан кандай куткаруу тууралуу пикир жүргүздү. Аскердик кызматты аяктаган соң, айдоочуларды даярдоо окуу жайынын мугалимдик күбөлүгүн алып, ушул тармак боюнча мугалим болуп иштеди. Ал орус тилин жакшы өздөштүрдү. Мусулмандарды куткаруу тууралуу болгон пикирлери аны саясатты үйрөнүүгө жетектеди жана саясат, саясий уюмдар туурасында орус тилинде жазылган китептерди окуп үйрөндү. Ал убакта маанилүү адабияттар орус тилинде жазылган эле. Натыйжада ал жалаң пикирий жана саясий күрөш алып баруу аркылуу гана мусулмандарды куткаруу мүмкүн экендигин түшүндү жана саясат менен алектенүүчү Исламий хизб түзүүгө аракет кылды. Бирок, ал Исламий сакафаты жоктугунан жана Куран, сүннөт, фикхти түшүнүүгө жардам берүүчү араб тилин билбегендиктен хизбди кантип түзүүнү билбеди. Ошондо ал аалым жана билимдүү адамдарды зыярат кылууну баштады. Аларга бир Исламий саясий хизб түзүү керектигин сунуштады. Ал эми алар болсо буга көнүшпөдү… Ушундай абалда он жыл өтсө да, хизб түзө албады. Ал саясатты, айрыкча, эл аралык саясатты күзөтүп баруу менен, мусулмандардын абалы кандай абалга жетип барганы аны кайгыртат болчу.

Күндөрдүн биринде аны Хизбут-Тахрир жигиттеринин бири зыярат кылып, хизбде аракет кылууга даъват кылат. Ошондо ал ушунчалык кубанып кетет жана жылдап издеген нерсесине хидаяттап койгон Роббисине мактоолор айтат…

Кийин ал бүтүндөй исламий Үммөттү зулумдан жана ар кандай түрдөгү тогуттардан куткарууга алып баруучу бирден-бир жол мына ушул экендигине көңүлү толгон абалда хизбдин халкаларынын биринде сабак алып баштайт. Бул сөздөрдү жазган киши шейит Усман Хамракулов тууралуу мындай деди: «Күндөрдүн биринде ал мени менен учрашууну мушрифинен суранган экен, аны менен учураштым. Андай капалуу адамды көргөн эмес элем. Мунун себебин сураганымда, хизб сабына жаш жигиттердин гана кабыл кылынышын уккандыгын, ал жашы улуу киши экендигин айтты жана муну кимден уккандыгын  болсо айтпады. Мен ага хизбге бардык адамдар кириши мүмкүндүгүн жана ал уккан нерсе болсо хизбге кирген ар бир кишини ал тургай токсон жашта болсо да «хизб жигити» деп эсептелишин түшүндүрдүм. Бул сөздөрдү уккандан кийин, жүзү жайнап кетти. Андай курсант болгон адамды көрбөгөнмүн. Кубанганынан ыйлап жиберди… ал хизб сабына киргенден баштап анын бирер халкасына үзүрү болсо да, болбосо да кечикпеди. Бул шейит кайраттуулукта, алдыңкылыкта жана Алла үчүн жаманатты кылуучунун жаманатты кылуусунан коркпостон акыйкатты айтууда өзгөчө адам болчу. Ал туура жолду тутуучу Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламий турмушту кайрадан баштоо аракетинде, айрыкча, өзүнүн сакафаты жана пикирий, саясий аракетинде күйүп-жанып жашачу. Анын саясий талдоолору да хизб кыядатынын талдоолоруна жакын талдоолор эле. Шейит таква менен жакырлыкта жашап, ден-соолугу да аны оор жумуштан тосо турган даражада алсыз эле, ошондой болсо да, ден-соолугу жакшы эместигинен эч кимге арызданбайт эле. Бир күнү жигиттердин бири ага иштетип ырыскы табышы үчүн ксерокопия сатып алып берген эле, аны албады жана «мусулмандарга бирер зулум жеткире турган бирер кагазды басып чыгууну каалабаймын» деди.

Чоң тогут Каримов «Өзбекстан президентине кол салууга урунуу» деп Хизбут-Тахрирге доомат кылган 1999-жыл, 16-февраль окуясынан кийин Каримовдун тогуттары хизб жигиттерин камакка ала башташты жана ушул активдүү таквалуу шейиттин мушрифин да камакка алышты… Бул ага катуу таасир кылды жана ошондон баштап ал күлбөй калды, жалаң өлүп калбастык үчүн гана жеп иче турган болуп калды… Ал: «Боордошторубуз мушрифтерибиз камакта азапталып жаткан бир убакта кантип жеп-ичип, күлүшүбүз мүмкүн?!» – деп айтчу. Анын бирден-бир кайгысы даъват болуп калды.

2001-жылы шейитти да камакка алышып, он жылга эркинен ажыратышты. Ага азаптын ар түрүн колдонуп кыйнашты, хизбден баш тартууну, Каримовдон кечирим суроону талап кылышты. Шейит болсо баш тартты жана азаптарга сабыр кылды. Анын кабыргаларын сындырышты, электр тогу менен азапташты. Аны 2001-жылдын 12-майында Ташкент түрмөсүндө электр тогу менен азаптоо аркылуу өлтүрүштү… Тогуттар «биз мындай кайраттуу, сабаттуу, сабыр-такаааттуу кишини көрбөгөн элек» дешти. Анын денеси аларда беш күн калып кетиптир. Аба ысык эле. Биз анын шейит болгонунун кабарын укканыбызда кээ бир жигиттер ысык беш күндүн ичинде анын денесине таасир кылышы мүмкүн деп ойлошту. Ташкент менен шейиттин шаарынын аралыгы беш жүз километр эле. Анын денеси жетип келишин миңдеген мусулмандар жана хизб жигиттери күтүп турушту жана пешинден кийин аны алып келишти. Алып келишкенде болсо… ал кудум өлбөстөн эле уктап  жаткандай эле. Жүздөрү толгон айдай, түсү өлүктүн түсүндөй эмес, тескерисинче кыпкызыл, маңдайы тердеген, андан кызыл гүлдүн жытындай өтө ширин, жагымдуу жыт таралып турат эле. Жаназасына келгендер бул абалдан катуу таасирленишти. Анын өлүмү тирүү маалыдагыдан да көбүрөөк таасирдүү сабак болду. Жаназасында имам хатибдер жана хизб жигиттери жеткиликтүү хутбалар кылышып, анын мактоого татыктуу эрдиктеринин айрымдарын эскеришти жана такбирлер астында жайына узатышты – Аллаху Акбар, Аллаху Акбар!!! Ал жердеги милиция кызматкерлери бул такбирлерди угуп качып калышты». Шейиттин чөнтөгүнөн мына бул сөздөр жазылган көз айнек кутусу чыкты:

حَسْبُنَا اللهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلْ نِعْمَ الْمَوْلَى وَنِعْمَ النَّصِيرُ

«Бизге Алланын өзү кифая. Ал кандай гана жакшы өкүл (тобокел кылынуучу зат), кандай гана жакшы дос жана кандай гана жакшы нусрат берүүчү»

Даъват жардамчысы Саадат апа

(Алла рахмат кылсын)

 

Саадат апа 1935-жылы туулган. Ал сегиз баланын энеси. Перзенттерин колунан келишинче жакшы тарбиялады. Качан Хизбут-Тахрир адамдарды Исламга даъват кылып жатканын, адамдар анын халкасында дарс алып жаткандарын уккандан кийин, перзенттери менен бирге халкаларга кошулду жана хизбдин даъватынан катуу таасирленди, анын бардык пикирлерин терең ыраазылык менен кабыл кылды. Сакафаты бышып жетилгенден кийин Хизбут-Тахрирге мүчө болду. Хизбут-Тахрир анын жана перзенттеринин турмушунда чукул бурулуш жасады жана жети перзенти ага мүчө болду. Бир уулу накыйб, бир кызы накыйб болду. Алардын үй-бүлөсү өзүнчө бир хизбге айланды жана ар үй-бүлөлүк чогулушу айлык халкага окшоп, алардын ортосунда боло турган сөздөр хизб пикирлери жана түшүнүктөрүнөн турат эле. Саадат апа ооруга чалынып жана эки буту шал болуп калды. Ошондой болушуна карабастан, ал перзенттерин тергеп-тескеп турчу, аларды даъватка шыктандырып, адамдарды максаттуу зыярат кылууга аларды үндөп турчу эле. Кыз неберелерин жөнөтүп аялдарды чогултуп алып аларды даъват кылчу. Ушул жол менен апа аларды зыярат кылуусу ордуна алар апаны зыярат кылышып, апа болсо аларды касб кылып халка түзөт эле. Ал «эгерде буттарым силердикиндей соо болгондо, бир жерде тынч отурбастан адамдарды зыярат кылганы барып, даъват кылат элем» деп айтчу эле. Жумасына бир жолу перзенттерин топтоп алардан илтизаматтар жыйып, аларды даъватта бекем болууга, акыйкатты бекем кармап, ага чакырууга, бирер залимдин зулумунан жана жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостукка насаат кылат болчу.

1999-жылы тогут Каримов Хизбут-Тахрирге каршы өзүнүн жийиркеничтүү согушун баштаганда, жалладдары Саадат апанын уулун камакка алышып, он төрт жылга эркинен ажыратышты. Уулу камакта бекемдик менен турду жана азаптарга чыдады. Кийин кызы камалды. Саадат апанын бул кызы сотко уулун алып келди. Коопсуздук кызматкерлеринен бири «эмне үчүн сотко уулуңузду алып келдиңиз» деген эле ага мындай жооп берди: Мен аны залимди, тогутту көрүп алсын, чоңойгондо андан өч алат деп атайын алып келдим. Ал даъватта, акыйкат сөздү сөздү айтууда, залимдерге каршы турууда кайраттуу аял эле. Саадат апанын үй-бүлө мүчөлөрү мына ушундай тарбияланган болуп, бардык перзенттери кайрат жана бекемдикте шаарда эле эмес, балким, бүтүндөй Өзбекстанда аларга окшошу кемден-кем табылат. Кызын эркинен ажыратышты. Кызы да кудум аскадай бекем турду. Анын бекемдиги ал тургай балбан жигиттердин арасында да сейрек кездешет. Анын уулдары болсо таенесинин колунда калышты. Таенеси неберелерин эр жүрөк кылып тарбиялады. Балдар таенесинен хизбий пикирлерди үйрөнүп, Исламга моюн сунууга, залимдерге каршы турууга жана даъватчылардын турмушуна кызыктыруучу ырларды жатташты. Неберелери таенесинен үйрөнгөн ырларды мечиттерде окуп беришкенде, адамдар аларды курчап алышып, мындай балдарга таң калып, таасирленишет эле.

Даъват жардамчысы болгон Саадат апа үмүтсүздүккө түшпөдү, алсырабады, тескерисинче, анын турмушу залимдер каршысында кайратта жана акыйкат сөздү айтууда үлгү болуп калды. Саадат апа дүйнөдөн кайтты. Алла рахмат кылсын. Дүйнөдөн кайтканы менен артында баатыр уулдарды, кыздарды, неберелерди калтырып кетти. Халифалык тикеленгенин көздөрү менен көрүп кубануу Саадат апага насип этпеди. Ажеп эмес, анын тирүү перзенттери жана неберелерине Халифалык байрагын бийик көтөрүү, анын көлөкөсүндө турмуш кечирип, рисалатын бүт дүйнөгө жаюу насип этсе.

Аллахым, Саадат апаны кең рахматыңа алып, ага жана андай адамдардын бардыгына бейишиңден жай тартуулагын.

Даъват жардамчысы Инобат апа

(Алла рахмат кылсын)

 

Инобат апа 1939-жылы туулган. Беш кыз жана эки уулдун энеси. Өмүрлүк жолдошу балдары жаш маалында көз жумган. Мен Инобат апаны да тааныймын, балдарын да жаш кезинен бери билемин. Чоң уулу менин досум болот. Бул апа коммунисттердин адаштыруусу, басымы, мусулмандарга жана перзенттерине Исламий тарбия берген ар бир адамга басым өткөрүшүнө карабастан, перзенттерин Исламий тарбия менен бойго жеткирди. Перзенттерине ар дайым «сабыр кылгыла, акыйкат жана хидаятты бекем кармагыла, таквалуу болгула, Алла жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан да, залимдин зулумунан да коркпогула» деген сөздү көп кайталайт болчу. Өз перзенттеринен тышкары регионондагы адамдардын кыздарына да өзүнүн үйүндө мамлекеттен жашырып Исламий тарбия берет эле. Анын үйү кудум Аркам ибн Абу Аркамдын үйү сыяктуу кыздар үчүн бир медресе болуп калды. Бирок, ал кембагалдыгына карабастан өз кызматы үчүн бир жолу болсо да акы албады. Өзүнүн перзенттери болсо Исламды араб тилинде өз үйүнөн тышкарыда таалим алышчу.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдардын башында перзенттерин Хизбут-Тахрирге даъват кылган элек, даъватыбызды алардын баары эч экиленбестен кабыл кылышып, дарска келе башташты. Кийин алар дарска энеси Инобат апаны да даъват кылышкан эле, ал да дарска олуттуу катыша баштады. Оболу перзенттери, кийин өзү хизбге мүчө болду. Ал аялдарды активдүү даъват кылууга киришип, хизбде өзүнөн талап кылынгандан да көбүрөөк иш алып барды жана кембагал болушуна карабастан, баарынан көп илтизамат берип, кээде тапкан каражатынын жарымын да берип жиберет эле.

1999-жылы тогут Каримов Хизбут-Тахрирге каршы өзүнүн жийиркеничтүү согушун баштаганда, жалладдары Инобат апанын чоң уулун камакка алышып, он төрт жылга эркинен ажыратышты… Уулунун беш баласы апанын колунда калды. Кийин бул тогуттар анын кичүү уулунун да изинен түшкөн эле, алардан алыска качууга мажбур болду жана анын да балдары апанын колунда калды. Кийин кызынын изине түшүштү. Кызы да алардан жашынып жүрдү, бирок колго түшүп калды жана үч жыл, алты айга эркинен ажыратылды. Камалган убакта боюнда бар эле, камакта перзент көрдү, баласын беришпеди. Кийин апанын регион масъулу болгон экинчи уулун да колго алышты жана аны он эки жылга эркинен ажыратышты. Кийин чоң келинин да камакка алышып, беш жыл алты айга эркинен ажыратышты. Инобат апа булардын баарына Алла үчүн сабыр кылды жана неберелерине Исламий тарбия берди. Өзү ыйман келтирген нерселерге адамдарды даъват кылып, акыйкатка, сабырга буюруп жана ар дайым «эч качан ырахат-жыргалчылыкка оңойчулук менен жетише албайсыңар» деп айтчу эле. Камалган жигиттердин үй-бүлөсүн зыярат кылып, аларга бекемдикти үйрөтчү эле. Мен азаттыкка чыкканымда зыярат кылганы келди… Ушунчалык катуу кубанды дейсиң, кудум бардык перзенттери камактан чыккандай эле. Келгенинен көп өтпөстөн эле менден кошумча хизбий милдеттер тууралуу сурай баштады. Кудум бул апанын хизб жана Исламдан башка дарты жоктой, кудум перзенттери камалбагандай… Перзенттерин ар дайым акыйкатты, Исламды бекем кармоого жана амирге итаат кылууга буюрат эле.

Инобат апа алтымыш үч жашында дүйнөдөн өттү. Аны жакшы тааныган жана хизбдин мүчөсү болбогон бир таанышы ал жөнүндө мындай дейт: «Мен Инобат апанын жаназасына барган элем. Жаназага ушунчалык көп адам келди дейсиң, андай көп адам келген жаназаны көргөн эмеспин. Жаназага келген адамдар же апа аны зыярат кылып даъват кылган же ал апаны акыйкат үстүндөгү аял деп тааныган адамдар эле. Эгер эркек адамдардын камы ушул апанын камындай, Исламга моюн сунушу анын моюн сунушундай, кайраттары анын кайратындай, залимдин зулуму жана жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостугу анын коркпогонундай болгондо, Халифалык алда качан эле тикеленген болот эле. Балким, Халифалык кулабаган да болот эле». Чындыгында, муну айткан киши акыйкат.

Аллахым, Инобат апаны кең рахматыңа алып, ага жана андай адамдардын баарына бейишиңден жай тартуулагын.

Алъ Вай журналынан алынды

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *