Халифалык мамлекети салыккор мамлекет эмес, тескерисинче камкор мамлекет
Бардык адамдар Исламий экономикалык түзүм саясындагы тынч, бейпил жашоого жетишүүлөрү туурасындагы Хизбут-Тахрир жолдоп жаткан даъват – акыйкат даъват. Мындай экономикалык түзүмдү туура жолду кармануучу экинчи Халифалык мамлекети колдонот. Халифалык мамлекетинин заманы келип калды. Анткени, бүткүл адамзат Исламий экономиканын жана Ислам мамлекетинин адилетине абдан муктаж болуп турат. Мындай экономика төмөнкүлөрдөн көрүнөт:
– Халифалык мамлекети салыккор мамлекет эмес, тескерисинче камкор мамлекет. Бул камкордуктан мусулмандар эле эмес, балким, мамлекеттин башка бардык жарандары да пайдаланышат.
– Ар бир жарандын негизги муктаждыктары кандырылышы кепилденет жана жогорку керектөөлөрдү кандыруу мүмкүнчүлүгү да жаратылат.
– Риба-сүткордук арам болуп, ал мал-мүлктү жок кылып жиберүүчү деп эсептелет.
– Мусулмандардын байтул малында бир баркармалык болуп, ал пайызсыз карыз берүү менен алектенет.
– Ээ болунбаган нерсенин колдон-колго өтүшү жана колго алынбаган нерсени сатуу жайыз болбойт. Биржалар жана финансы базарларында болуп жаткан нерселер арам деп, аларга тыюу салынат. Карыз документтери, акцияларды сатуу жана колдон-колго өткөрүү да арам эсептелип, аларга тыюу салынат.
– Чайкоочулуктарга жол коюлбайт.
– Исламда акча алтын-күмүш жана булардын ордуна чыгарылган кагаз акчалар болот.
– Бардык түрдөгү кендер, нефть, газ жана энергиянын бардык түрлөрү жалпы элдик мүлк болуп саналат. Алардан келе турган кирешелер ар бир жаранга буюм жана кызматтар көрүнүшүндө бөлүштүрүлөт. Аларга жеке адамдардын же компаниялардын ээлик кылышына жол берилбейт.
– Мамлекет өз мүлкүнөн кембагалдарга берет. Байлык жалаң байлар ортосунда гана айланып калышына жол койбоо үчүн ушундай кылат.
– Жеке менчик мүлк кол тийгис болуп, ал корголот. Эч кимдин жана мамлекеттин да мындай мүлккө кол салышына жол берилбейт. Мамлекеттик мүлккө айландыруу (национализация) деген нерсе шариятта арам.
– Мамлекеттик кызматчылар эгер өз кызмат орундарынан экономикалык жактан кыянатчылык менен пайдаланыша турган болсо, катуу эсеп-китеп кылынат. Коррупцияга жол койбоо үчүн ушундай кылынат.
– Мусулмандар арасындагы мал-мүлк, каражат ээлерине насаат:
Көпчүлүк мусулман перзенттери ири каражаттарга ээ болуп, бул каражаттарды сармая (капитал) кылып жаткырууну жана өстүрүүнү каалашат. Аларга насаат кыларыбыз, алар өз каражаттарын мына бул финансы базарларына жана биржаларга (т.а. кумарканаларга) инвестиция кылышпасын, тескерисинче, алар бул каражаттарын мусулмандар өлкөлөрүндөгү чыныгы сармая жаткыруу орундарына багытташсын, айыл чарбачылыгы болобу, оор өнөржай, электроника өнөржайы ж.б. өнөржайлар болобу, эч айырмасыз, мына ушундай орундарга сармая кылып жаткырышсын.
Тыянак:
Биз дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистин бардык кырларын, коркунучтарын жана бардыгына: мамлекеттер жана калктарга, алардын байына да, кембагалына да болгон терс таасирлерин талкуулап-үйрөнүп чыккан мына ушул экономикалык конференция жөнүндө чыгарган тыянак баянатыбызда чыныгы чечим Исламий экономикалык түзүмдө жатат деген тыянакка келдик. Биз Исламий экономикалык түзүмдү алтернатива эмес, балким, турмуштан узакташтырылган асл-негиз дейбиз. Аны Өз махлуктарынын акыбалын эмне түзөп, эмне оңдошун билген Роббул ааламийн, бүткүл адамзат Холики түшүргөн өкүмдөр деген этибарда ушундай деп эсептейбиз.
– «(Акыры) жараткан зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар зат». [67:14]
Исламий экономикалык түзүмдү болсо туура жолду кармануучу Халифалык мамлекети өзүндө камтыган калган Ислам түзүмдөрүнөн айры абалда колдонуу таптакыр мүмкүн эмес. Халифалык мамлекети Исламий экономикалык түзүм аркылуу бардык адамдардын проблемалар жана кризистерден таза болгон тынч, бейпил, адилеттүү экономикалык турмуш кечиришин камсыздайт.
Биз кудурети чексиз, улуу болгон Алла Субханаху ва Тааладан бизди мына ушундай мамлекет неъматы менен жакын күндөрдө Өз уруксаты менен неъматтандырышын суранып калабыз.
Алла Таала айтат:
– «Жана Алла сага тартуу кылган мал-дөөлөт менен (эң оболу) акырет (жакшылыгын) издегин жана дүйнөдөн болгон насибеңди да унутпа. Алла сага эхсан кылганы сыяктуу сен да (Алланын пенделерине) инфак-эхсан кыл. Жерде бузгунчулук кылууга урунба. Себеби, Алла бузгунчу кишилерди сүйбөйт». [28:77]