ХАЗАРАТТАР ТҮШҮНҮГҮ
Хазарат – бул турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрдүн топтому. Ал диний-илахий же вазъий-башарий болушу мүмкүн. Диний-илахий хазарат, кудум Ислам акыйдасынан балкып чыккан Исламий хазарат сыяктуу акыйдадан балкып чыгат. Вазъий-башарий хазарат болсо, динди турмуштан ажыратуу акыйдасынан балкып чыккан Батыштын капиталисттик акыйдасына негизделген болушу мүмкүн же – шинто, грек, вавилон же ашурийлердин хазараттары сыяктуу – акыйдадан келип чыкпаган болушу да мүмкүн. Бул хазараттар бир нече калктар кабыл кылган турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрдүн топтому болуп, улуттук же вазъий хазарат деп аталат. Мындан тышкары, бир же бир нече калктардын насронийлик (христианчылык) же буддизм сыяктуу – өзүндө турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрдү камтыбаган – акыйдасы жана дини болушу мүмкүн.
Хазорат (дүйнөкараш) менен маданияттын ортосунда кескин айырма бар. Хазорат – турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрдүн жыйындысы. Маданият болсо, турмуш иштеринде колдонула турган, сезимдер аркылуу сезиле турган нерселердин материалдык көрүнүштөрү (маддий шакл). Хазорат турмушка болгон көз карашка ылайык, өзгөчө (хос) болот. Ал эми маданият өзгөчө (хос) да, жалпы (амма) да болот. Мисалы, айкелдер сыяктуу хазораттан келип чыга турган маданий көрүнүштөр «өзгөчө» деп эсептелет. Илим жана анын өнүгүүсүнөн о.э. өнөржай (санаъат) жана анын өркүндөөсүнөн пайда болгон маданий көрүнүштөр – «жалпы» болот. Алар бир үммөткө тиешелүү болбостон, балким, илим жана өнөржай сыяктуу бүткүл дүйнөгө тиешелүү болот.
Хазорат менен маданияттын ортосундагы айырмага ар дайым көңүл буруу керек. Ошондой эле, хазораттан келип чыккан маданий көрүнүш-төр менен илим жана өнөржайдан келип чыккан маданий көрүнүштөрдүн ортосундагы айырмага да көңүл буруу зарыл. Бул болсо, белгилүү бир маданиятты алууда анын көрүнүштөрүн, бул көрүнүштөр менен анын дүйнөкарашынын ортосундагы айырманы ажырата алуу үчүн зарыл. Мисалы, илим жана өнөржайдан келип чыккан Батыш маданиятын алуудан тосо турган эч кандай каршылык жок. Ал эми, Батыш дүйнөкарашынан келип чыккан Батыш маданиятын алуу жайиз эмес. Себеби, ал курулган негизинде (асас) да, бул дүйнө турмушун сүрөттөөдө (тасвир) да, адамдын бакыт-таалайын (саъадат) түшүндүрүүдө да Ислам хазоратына тескери келет.
Батыш хазораты «динди турмуштан ажыратуу» жана диндин турмуштагы таасирин жокко чыгаруу негизине курулган. Мындан «динди мамлекеттен ажыратуу» фикраты келип чыккан. Себеби, динди турмуштан ажырата турган, анын турмушта болушун жокко чыгара турган адамдарда динди мамлекеттен ажыратуу керек деген фикраттын болуусу табигый. Турмуш жана анын түзүмү да дал ушул негизге курулган. Ал эми турмушту сүрөттөөдө болсо, “ал жалаң гана пайдадан турат” деп сүрөт-төйт. Себеби, аларда пайда (манфаат) – бардык иштердин өлчөөсү. Мына ошондуктан, пайдапарастык түзүмдүн да, хазораттын да негизи болуп эсептелет. Ушундан улам, пайдапарастык түзүмдө да, хазоратта да көзгө даана көрүнүп тура турган түшүнүк болуп калды. Себеби, ал турмушту “пайдадан гана турат” деп сүрөттөйт. Ушул себептен, алар «бакыт – бул адамга дене ырахаттарынын көбүрөөгүн берип, ага бул ырахат мүмкүнчүлүктөрүн жаратып берүү» деп эсептешет. Мына ошондуктан, Батыш хазораты пайдапарастыкка негизделген хазорат болуп, пайдадан башка эч нерсени эсепке албайт. Пайдадан башка нерсени тан албай, аны бардык иштердин өлчөөсү кылып алат. Рухий жак болсо, жеке адамдын өзүнө гана тиешелүү болуп, анын жамаатка тиешеси жок. Ал чиркөөгө жана чиркөө кишилерине гана чектелген. Ошондуктан, Батыш хазоратында ахлакый, рухий, инсаний баалуулуктар (кыймат) жок, болгону, материалдык жана пайда баалуулуктары гана бар. Мына ушуга негизделип, гуманитардык (инсаний) иштер «Кызыл чырым» жана миссионердик коомдор сыяктуу мамлекеттен ажыратылган уюмдарга тапшырылган. Нак пайдадан турган материалдык кыйматтан башка ар кандай кыйматтар турмуш майданынан четтетилген. Кыскасы, Батыш хазораты – турмуш жөнүндөгү ушундай түшүнүктөрдүн жыйнагы.
Ал эми Ислам хазораты Батыш хазоратынын негизинен таптакыр башка негизге курулган. Анын турмушту сүрөттөөсү да Батыш хазоратынын турмушту сүрөттөөсүнөн башкача. Ислам хазоратындагы бакыт түшүнүгү да Батыш хазоратындагы түшүнүктөн бүтүндөй айырмаланат. Ислам хазораты – Аллага ыйман келтирүү; Алланын аалам, адам, тирүүлүк үчүн анык бир түзүм белгилеп, аларды ушуну менен башкаруусуна ишенүү; саййидибиз Мухаммад jды Ислам дини менен Расул кылып жибергенине ыйман келтирүү – негизине курулган. Тактап айтканда, Ислам хазораты Ислам акыйдасы негизине курулган. Бул акыйда болсо Аллага, периштелерине, китептерине, расулдарына, акырет күнүнө, каза жана кадардын жакшылыгы да, жамандыгы да Алла тааладан экендигине ыйман келтирүүдөн турат. Демек, акыйда – хазораттын негизи. Хазорат рухий негизге курулган.
Ислам хазоратында турмуштун сүрөттөлүшү болсо, Ислам акыйдасынан балкып чыккан, турмуш жана адамдын турмуштагы иштери ошонун үстү-нө курула турган Ислам философиясында көрүнөт. Бул философия материяны рухка аралаштыруудан турат т.а. бардык иштерди Алланын буйрук-кайтарууларына ылайык жүргүзүү мына ушул турмуштун сүрөттөлү-шүнүн негизи болуп саналат. Адам иштери – материя. Ал эми, адамдын бир ишти кылып жатканда адал же арам экендиги жагынан Аллага болгон байланышын билүүсү – рух. Муну менен материянын рухка аралашуусу пайда болот. Ушуга ылайык, мусулмандын иштерин жүргүзүүчү түрткү – Алланын буйрук жана кайтаруулары. Ал эми, иштерди Алланын буйрук-кайтарууларына ылайык жүргүзүүдөн көздөлгөн максат (гоя) – Алла тааланын ыраазылыгы, пайда эмес.
Ал эми бакыт болсо – Алланын ыраазылыгына жетүү, адам муктаждыктарын кандыруу эмес. Себеби, организм муктаждыктары жана инстинктер талабынан турган адамдын бардык табигый муктаждыктарын кандыруу – адам затын сактап калуу үчүн зарыл болгон васийла. Мындан бакыт вужудга келбейт. Бул турмуштун сүрөттөлүшү. Бул турмуштун сүрөттөлүшү курула турган негиз. Бул Ислам хазоратынын негизи. Ушуга ылайык, Ислам хазораты Батыш хазоратына бүтүндөй карама-каршы келет. Ошондой эле, андан келип чыккан маданий көрүнүштөр да Батыш хазоратынан келип чыккан маданий көрүнүштөргө тескери келет. Мисалы, сүрөт – маданий көрүнүш. Батыш хазораты – өзүнө тартуучу бардык мүчөлөрү көрүнүп турган жалаңач аялдын сүрөтүн – маданий көрүнүш деп эсептейт. Бул анын турмуштагы аял жөнүндөгү бардык түшүнүктөрүнө дал келет. Мына ошондуктан, муну батыштык адам маданий көрүнүш катары сыймыктана турган искусствонун бир түрү деп эсептейт. Эгер бул сүрөт чеберчилик шарттарына толук жооп берсе, ал искуство үлгүсү деп эсептелет. Бирок бул көрүнүш Ислам хазоратына жана анын этият сакталуучу ар-намыс эсептелген аял жөнүндөгү түшүнүк-төрүнө бүтүндөй тескери келет. Ошондуктан, мындай сүрөттөргө тыюу салынат.
Медицина жабдуулары, транспорт, техника, мебель, килем ж.б.у.с. илим жана өнөржай өнүгүүсүнөн келип чыккан маданий көрүнүштөр – бүткүл дүйнөлүк жалпы маданий көрүнүштөрдөн эсептелет. Аларды алууда эч нерсеге көңүл бурулбайт. Себеби, алар хазораттан келип чыккан эмес жана алардын хазоратка эч кандай тиешеси да жок.
VI мелодий кылымдан XVIII мелодий кылымдын акырына чейин дүй-нөгө жетекчилик кылган Ислам хазоратына назар салсак, бизге төмөн-күлөр айкын болот. Ислам хазораты эч качан империалисттик (колонизатор) болгон эмес. Анын табиятында империализм жок. Себеби, ал эч качан мусулмандар менен башкалардын арасын ажыратпаган. Өкүмдар-лык кылып турган убагында ага баш ийген бардык элге адилеттүүлүктү кепилдеген. Себеби, ал маддий, рухий, ахлакий, инсаний кыйматтардын бүт бардыгын жүзөгө чыгара турган рухий негизге курулган дүйнөкараш. Турмушта эң башкы орунду акыйдага берет. Турмушту Алланын буйрук-кайтаруулары негизинде жүргүзүлүшү керек деп сүрөттөйт. Бакыттын мааниси Алланын ыраазылыгына жетүү деп белгилеп берет. Ислам дүй-нөкарашы мурунку өкүмдарлык кылганындай кайрадан дагы өкүмдарлык кылган кезинде, тез аранын ичинде дүйнө кризистерин дабалоого кепил болот, бүткүл адамзат жыргалчылыгын камсыздайт.