Тынчтык жана туруктуулук

Тынчтык жана туруктуулук

Үммөт жер жүзүнө халифа кылынып, ага мүмкүнчүлүк берилгенден кийин, ал өз мүмкүнчүлүгүн жана даражасын сактап калуу үчүн тынчтык жана туруктуулукка муктаж болот. Алла Таала Өзүнө ыйман келтирген жана шариятына амал кылгандарга өздөрү арзуу кылган тынчтык-бейпилдикти кепилдеген. Бардык иштердин ачкычы, тагдыр кемесинин тизгини Алланын колунда. Ачкычтарды өзгөртүү да Ал заттын изминде. Ошондуктан, Алла тавхид үстүндө бекем туруп, ар түрдүү ширктерди таштаган жүрөктөргө эң биринчи тынчтык-бейпилдикти берет. Алла Таала айтат:

الَّذِينَ ءَامَنُوا وَلَمْ يَلْبِسُوا إِيمَانَهُمْ بِظُلْمٍ أُولَئِكَ لَهُمُ الْأَمْنُ وَهُمْ مُهْتَدُونَ

– «Ыйман келтирген жана өз ыймандарын зулум (ширк) менен аралаштырбаган заттар үчүн бейпилдик бар жана мына ошолор хидаят табуучулар». [6:82]

Алардын дилдери, ырас, чоң-кичине ширктерден таза болот экен, алар кооп-коркунучтардан тынч, бейпил болот.

Дилдер Алланын коргоосуна кирип, тынчтык-бейпилдикке жетишкен жана Ал заттын адилети, рахматы жана хикматы туурасында көңүлдөр ток болгон убакта, Анын шариятын хакам (өкүм чыгаруучу) кылууга шашылат. Анткени, тынчтык-амандык ыйман майданынын бардык жайына орношот. Алла Таала момундарга Халифалык жана жеңишти убада кылгандан кийин, аларды тынчтык-бейпилдиктен куру калтырбады. Алла Таала айтат:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ ءَامَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ

– «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга кудум мурунку өткөн (ыйман-этикаттуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну… убада кылды».  [24:55]

Дагы айтат:

وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا

– «… о.э. аларды (көргөн) кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну… (убада кылды)». [24:55]

Пенделик кылышса жана ширк келтиришпесе, аларга жер жүзүндө тынч жашоону, дилдери да бейпил-бейгам болушун кепилдеди.

Үммөттүн калыс ибадат кылуусун жана ширктен сырткары болушун Алланын шариятын толук, кемтиксиз хакам кылбастан элестетип болбойт. Анткени, Алла Тааланын шариятынан четтеген Үммөт ар дайым илахий өч алуу кылычынан кооптонуп, дилде да, коомдо да тынчтык-бейпилдик болбойт. Алла Таала айтат:

أَفَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَى أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا بَيَاتًا وَهُمْ نَائِمُونَ ۩ أَوَأَمِنَ أَهْلُ الْقُرَى أَنْ يَأْتِيَهُمْ بَأْسُنَا ضُحًى وَهُمْ يَلْعَبُونَ ۩ أَفَأَمِنُوا مَكْرَ اللَّهِ فَلَا يَأْمَنُ مَكْرَ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْخَاسِرُونَ ۩ أَوَلَمْ يَهْدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ أَهْلِهَا أَنْ لَوْ نَشَاءُ أَصَبْنَاهُمْ بِذُنُوبِهِمْ وَنَطْبَعُ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ

– «Ал кыштактардын калкы балээ-казабыз түндө, уктап жатышканда келип калышынан бейгамбы? Же ал кыштактардын калкы балээ-казабыз түш мезгилинде, алар ойноп-күлүп жатышканда келип калышынан бейгамбы? Алар Алланын «айласы»нан бейгам болуп калыштыбы? Демек, Алланын «айласы»нан бир гана зыян көрүүчү коом бейгам болот. Бул жерге (мурунку) ээлеринен кийин мураскор болуп жаткан адамдарга, эгер Биз кааласак, алардын күнөөлөрү себептүү мусибат жеткирип коюшубуз маалым эмеспи? Биз алардын дилдерин (мына ошондой) мөөрлөп коёбуз. Кийин алар (эч кандай насаатка) кулак салбай коюшат».   [7:97-100]

Үммөт бул сабакты абдан жакшы өздөштүрүп алган. Хадистерде тынчтык-бейпилдик бул Алланын бир тартуусу болуп, Өзү каалаган адамына бериши, каалаган адамынан болсо алып коюшу мүмкүндүгү айтылган. Окуялар да муну далилдеген.

Алла Таала момундарды эң кооптуу абалда – Хандак окуясында, Ахзаб согушунда – ок атууга же кан төгүүгө муктаж кылып койбоду. Тескерисинче, согушту Өз колуна алды. Ал зат айтат:

وَرَدَّ اللَّهُ الَّذِينَ كَفَرُوا بِغَيْظِهِمْ لَمْ يَنَالُوا خَيْرًا وَكَفَى اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ الْقِتَالَ وَكَانَ اللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزًا

– «Алла капырларды капа абалдарында кайтарды. Алар бир да жакшылыкка жетишпеди. Алла момундарга согуш туурасында жетиштүү болду (т.а. асмандан шамал жана периштелерди жиберип, момундарды согушсуз үстөм кылды). Алла күчтүү, кудуреттүү зат». [33:25]

Ошондуктан да, Пайгамбар с.а.в Бухарий чыгарган хадисте мындай деген:

لَا إِلَهَ إِلّا اللهُ وَحْدَهُ، أَعَزَّ جُنْدَهُ، وَنَصَرَ عَبْدَهُ، وَغَلَبَ الْأَحْزَابَ وَحْدَهُ، فَلا شَيْءَ بَعْدَهُ

«Алладан өзгө кудай жок. Ал жалгыз. Аскерлерин азиз кылды. Пендесине нусрат берди. Жалгыз Өзү ахзабды (душман топторун) жеңди. Андан кийин эч нерсе жок». Пайгамбар с.а.в бул сөздөрдү ачтыкты тойгузган, коркунучтан тынч кылган Алланын неъматын тан алып, ага икрор болуп айтар эле. Муну менен Ал затты эстечү, Ислам калкына башбаана, тынчтык-бейпилдикти тартуулаганы үчүн Ал затка шүгүр кылар эле. Алла Тааланын мына бул буйругун аткарар эле:

وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

– «Дагы силер жерде (т.а. Меккеде) азчылык жана алсыз болгон чагыңарда, адамдар (т.а. Мекке мушриктери) силерди талап кетүүлөрүнөн коркуп турган убагыңарда (Алла) силерге жай берип (т.а. Мединага көчүрүп) Өз жардамы менен колдоп-кубаттаганын жана шүгүр кылышыңар үчүн пакиза неъматтардан ырыскы бергенин эстегиле!». [8:26]

О.э. Алла Таала Өзүнө итаат кылуучуларды тышкы душмандардын кооп-коркунучунан да, ички мунафыктардын жашыруун кооп-коркунучунан да тынч-аман сактайт. Ал зат айтат:

لَئِنْ لَمْ يَنْتَهِ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْمُرْجِفُونَ فِي الْمَدِينَةِ لَنُغْرِيَنَّكَ بِهِمْ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَا إِلَّا قَلِيلًا ۩ مَلْعُونِينَ أَيْنَمَا ثُقِفُوا أُخِذُوا وَقُتِّلُوا تَقْتِيلًا ۩ سُنَّةَ اللَّهِ فِي الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلُ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلًا

– «Ант болсун, эгер мунафыктар, дилдеринде мерез болгон кимселер жана Мединада миш-миштерди таркатып жүрүүчүлөр (өз кылмыштарын) токтотушпаса, албетте, Биз сени аларга каршы аттандырабыз, андан соң алар (Мединада) сени менен бирге тура албай калышат, бирок, наалатка дуушар болгон абалдарында аз гана (убакытка тура алышат). Андай учурда алар каерде табылышса кармашылат жана өлтүрүп ташталышат. (Бул) мурун өткөн (мунафык) кимселер жөнүндөгү Алланын жолу-мыйзамы. Алланын жолун болсо эч качан өзгөртө албайсың». [33:60-62]

Ушуну менен бирге, Алла Таала мусулмандарды, ахддашкандар же зиммийлер болушуна карабастан, кыянатчылардын кыянатынан сактоону да Өз мойнуна алган. Алла Таала айтат:

وَإِنْ يُرِيدُوا أَنْ يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ اللَّهُ هُوَ الَّذِي أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِ وَبِالْمُؤْمِنِينَ ۩ وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ لَوْ أَنْفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مَا أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَكِنَّ اللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ إِنَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ ۩ يَاأَيُّهَا النَّبِيُّ حَسْبُكَ اللَّهُ وَمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

– «Эгер алар сени алдамакчы болушса, анда, албетте, сага Алланын Өзү жетиштүү. Ал сени Өз жардамы жана момундар менен кубаттандырган жана алардын (момундардын) дилдерин бириктирген Зат. Эгер (сен) жердеги бардык нерсени сарптасаң да алардын дилдерин бириктире албаган болор элең. Бирок, Алла аларды бириктирди. Албетте, Ал кудуреттүү, хикматтуу. Эй Пайгамбар, сага жана сени ээрчиген момундарга Алланын Өзү жетиштүү». [8:62-64]

«Ахддашуучулар момундарга кыянат кылмакчы болушса т.а. күч топтоп алуу максатында ахддашып жатышкан болсо, Пайгамбар с.а.в ды жана момундарды алардын кыянатынан коргоого Алланын Өзү жетиштүү». Ибн Касирден.

Алла Таала айтат:

وَإِنْ يُرِيدُوا خِيَانَتَكَ فَقَدْ خَانُوا اللَّهَ مِنْ قَبْلُ فَأَمْكَنَ مِنْهُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

– «Эгер алар сага кыянат кылмакчы болушса – анда (билип койгун), алар мурун Аллага да кыянат кылышкан эле. Ошондо Алла (сени) аларга үстөм кылды. Алла билим, хикмат ээси». [8:71]

Т.а. «Эгер мушриктер тилдеринде айтып жаткан сөздөрүнө кыянат кылмакчы болушса, алар мындан мурун Аллага да куфр келтирип кыянат кылышкан. Андан кийин Алла момундарды Бадр күнүндө алардан үстөм болуу мүмкүнчүлүгүнө жетиштирген жана алардын кыянатынан сактаган, ал тургай, аларды туткунга алган». Ибн Касирден.

Шарият үстүндө туруктуу турган мусулмандарга жашоо жана тагдыр жагынан тынчтык-амандык берилгендей, дин жана шарият жагынан да аларга тынчтык-амандык кааланат. Мисалы, адамдар Алланын шариятына толук амал кылышса, бул нерсе алардын жандары, малдары жана абройлору сакталышын толук кепилдейт.

Ислам мамлекетинде кемде-кем абалдарда гана аткарылган хаддар жана мыйзамдар берген дунявий (бул дүйнөдөгү) натыйжаларды миңдеген сот мекемелеринде миңдеп аткарылып жаткан бүгүнкү мыйзамдын дунявий натыйжалары менен салыштырсаңыз, таң калгандан жака кармайсыз. Илгертен эле, азыркы учурда да мамлекеттер ички жана тышкы тынчтык үчүн өтө чоң өлчөмдө каражат сарптайт. Ошондо да көздөлгөн максатка же жетишет, же жетише албайт. Мисалы, мал-мүлк тынчтыгын сактоо туурасжаат бардык мыйзамдар алсыздык кылып жатат. Ушул иш үчүн ажыратылган каражаттар сарпталып жатканы менен, Алланын бир хады т.а. уурунун колун кесүү жөнүндөгү хадынын аткарылышы бере турган натыйжанын жүздөн бирин да бере албайт. Шейх Ахмад Шакир «Умдатут-Тафсир»де (2/147) мындай дейт: «… Эгер тигил Исламга таандык адамдарда акыл болгондо, жылына бир нече уурулар колдорунун кесилиши өлкөнү уурулар проблемасынан куткарышын билген болушар эле. Уурунун колу кесилсе, жылына бир нече гана уурулуктар болуп, бул иш өтө кем учурай турган окуялар катарынан жай алар эле. Кылмыштардын жаңы-жаңы түрлөрүн үйрөтө турган мектептер болгон камакканалар жүз миңдеген туткундардан бошор эле. Эгер аларда акыл болгондо, ушундай кылышар эле. Бирок, алар өз кожолорунун көңүлдөрүн алуу үчүн кежирлик менен батыл үстүндө туруп алып жатышат. Аттиң…».

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *