Бузук жашоону оңдоо үчүн кандай аракет кылуу керек
Бүгүнкү күндө Ислам үммөтү кайгылуу акыбалда турат. Колонизатор мамлекеттер үммөттүн үстүнө ач иттердей асылып, байлыктарын тоноп жатат. Муну менен эле чектелбей үммөттү жасалма чегаралар менен майда бөлүктөргө бөлүүдө. Учурда мусулмандарга башка улуттар кудум карышкырлар ууга чыгып олжо тапкандай асылууда. Пайгамбар с.а.в ушундай деген:
يُوشِكُ الْأُمَمُ أَنْ تَدَاعَى عَلَيْكُمْ كَمَا تَدَاعَى الْأَكَلَةُ إِلَى قَصْعَتِهَا، فَقَالَ قَائِلٌ: وَمِنْ قِلَّةٍ نَحْنُ يَوْمَئِذٍ؟ قَالَ: بَلْ أَنْتُمْ يَوْمَئِذٍ كَثِيرٌ وَلَكِنَّكُمْ غُثَاءٌ كَغُثَاءِِ السَّيْلِ, وَلَيَنْزِعَنَّ اللهُ مِنْ صُدُورِ عَدُوِّكُمُ الْمَهَابَةَ مِنْكُمْ, وَلَيَقْذِفَنَّ اللهُ فِي قُلُوبِكُمُ الْوَهْنَ, فَقَالَ قَائِلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ وَمَا الْوَهْنُ؟ قَالَ: حُبُّ الدُّنْيَا وَكَرَاهِيَةُ الْمَوْتِ
«Жеп тойгус жаныбарлар өз табагына жутунганы сыяктуу жакында улуттар бардык тараптан силерге жутунушат, деди. Ошондо сахабалар: Я Расулуллах, ошол кезде саныбыз аз болгондон ушундай болобу? – деп сурашты. Ал зат: Силер ал кезде көп болосуңар. Бирок селдин көбүгү сыяктуу болосуңар. Аллах душманыңардын жүрөгүнөн силерден коркууну алып коёт, силердин жүрөгүңөргө болсо вахнды салып коёт, деди. Ошондо: Вахн эмне? – деп суралганда, Ал зат: Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү» деп жооп берди (Абу Давуд риваяты).
Бүгүнкү күндө жашоо оңдоого муктаж болуп турат. Аны оңдоочулар болсо Ислам үммөтүнүн перзенттери. Ооба, бул ишке Аллахтын уруксаты менен алар гана ылайыктуу. Жашоону оңдоо үчүн кандай иш алып баруу зарылдыгын түшүндүрүүдөн мурун Исламдагы амал түшүнүгүн, анын шарттарын айтып өтүүнү максатка ылайык көрдүм.
Амал кылуу – бул бир ишти максат менен аткаруу. Башкача айтканда, белгилүү бир максатка жетиш үчүн инсан тарабынан сарптала турган күч.
Амал бекем болушу үчүн төмөнкү баскычтардан өтүү керек:
Биринчиден, инсан белгилүү бир амалды аткарып жатканда өзүнүн Аллах менен болгон байланышын сезип, амалды ислам менен өлчөө зарыл, тагыраагы, адал жана арам таразасы менен өлчөө керек. Аллах ыраазы боло турган иштерге ашыгып, Аллах каардана турган иштерден качуу зарыл. Маселен, нав (насил калтыруу) гарыйзасын (инстинктин) кандырмакчы болгон киши өзүнүн Аллах менен байланышын сезсе бул гарыйзаны нике жолу менен кандырат. Эгер сезбесе зынаа сыяктуу нашаръий жол менен кандырат. Бирер амалды аткарууда адам өзүнүн Аллах менен болгон байланышын сезсе, анын ушул амалы ыйманга негизделген болуп эсептелет.
Аллах Таала мусулмандарды жакшы иштерди кылууга, жамандыктардан болсо узакташууга буюрган:
مَنْ عَمِلَ صَالِحًا فَلِنَفْسِهِ وَمَنْ أَسَاءَ فَعَلَيْهَا ثُمَّ إِلَى رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ
– «Кимде ким бирер жакшылык кылса, анда өзү үчүн (б.а өз пайдасына кылган) болот. Ким жамандык кылса, анда да өз зыянына кылган болот. Андан кийин Роббиңерге кайтарыласыңар». [45:15]
Дагы айтат:
لِيَجْزِيَ الَّذِينَ أَسَاءُوا بِمَا عَمِلُوا وَيَجْزِيَ الَّذِينَ أَحْسَنُوا بِالْحُسْنَى
– «Ал Заттын Өзү жамандык-күнөө кылып өткөн кимселерди кылган иштери менен жазалайт жана эң жакшы иштерди кылгандарды сооп-бейиш менен сыйлайт». [53:31]
Экинчиден, инсан сезимдер менен аракет кылуудан пикирлөөгө өтүп, андан кийин гана амалга өтүшү керек. Сезим менен амал кылуу кооптуу. Эмнеге дегенде, мындай амал катага алып барышы мүмкүн.
Маселен, көлчүк пайда болгондуктан ооруларды алып келүүчү чымын-чиркейлер учуп келди дейли. Бул абалда адам сезим менен амал кыла турган болсо ката кылышы мүмкүн. Тагыраагы, ал чымын-чиркейди кбалоо менен гана убара болуп калат. Бирок сезүү баскычынан кийин пикирлесе, андан кийин гана амалга өтсө, көлчүктү жок кылып, тазалоо зарылдыгын түшүнөт.
Бузук жашоону оңдоп, анын ордуна жакшысын алып келүү үчүн да сезимди иштетүүдөн мурун пикирлеп анан амал кылуу керек.
Үчүнчүдөн, инсан амалды бирер максатты көздөп кылышы керек. Тескери абалда амал керексиз, бекер нерсеге айланып калат.
Амал кылууда аткарылышы керек болгон шарттар мына ушулар. Эми азыркы бузук жашоону оңдоо маселесине кайта турган болсок, учурда Ислам үммөтү оор акыбалды баштан кечирүүдө. Аны оңдоо үчүн алгач сезип, анан ал тууралуу пикирлөөбүз зарыл. Эгер жакшылап пикир жүргүзө турган болсок, үммөттүн абалын динге кайтуу менен гана оңдой алабыз. Тагыраагы, ууланган батыш идеологиясынан жүз үйрүү менен куфр бийлигин жок кылып, исламий мабданы колдонуу аркылуу гана оңдой алабыз.
Пайгамбар с.а.в айтты:
تَرَكْتُ فِيكُمْ أَمْرَيْنِ لَنْ تَضِلُّوا مَا تَمَسَّكْتُمْ بِهِمَا كِتَابُ اللهِ وَسُنَّةُ نَبِيِّهِ
«Силерге эки ишти таштап жатам. Качан аларды бекем кармасаңар, эч качан адашпайсыңар. Алар: Алланын Китеби жана пайгамбарынын сүннөтү» Бул хадисти Малик «Муваттада» риваят кылган. Демек, астын суу жеген жардын кулап баратканы сыяктуу абалыбызга Алланын Китеби жана Пайгамбар с.а.вдын сүннөттөрүн этибарсыз таштап койгонубуз себеп болууда. Аллах Таала айтат:
وَلاَ تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لاَ تُنْصَرُونَ
– «Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок. Кийин (тагыраагы заалымдарды ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт». [11:113]
Ооба, заалымдарга ээрчүүбүз жана куфр өкүмдөрүн колдонуубуз ушул деңгээлге түшүрдү.
Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, бул вакыйды өзгөртүү үчүн сезүү баскычынан дароо амалга өтүшүбүз коркунучтуу. Ушундай кыла турган болсок, вакыйды өзүбүз чечимдер ала туган пикирлөө булагына айлантып алабыз. Түпкүлүгүндө вакыйды пикир жүргүзүү орду кылып, анын натыйжасында учурдагы бузук жашоону түп тамыры менен жулуп таштообуз керек. Маселен, мечиттерди көбөйтүү, ахлактуу тарбия берүү сыяктуу иштер шариятка ылайык иштерден. Бирок, алар бүгүнкү күндөгү абалыбызды түптөн өзгөртө албайт.
О.э биз вакыйды өзгөртүү үчүн амал кылып жаткан чакта Аллах менен болгон байланышыбызды сезүүбүз важиб. Мына ошондо Роббибиз бизге Ислам мамлекетин тикелешибизди, шариатты жашоодо өкүмдар кылууга буюрганын түшүнөбүз. Аллах Таала айтат:
وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ
– «(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын». [5:49]
Пайгамбар с.а.в айтат:
مَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنْقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مَيْتَةً جَاهِلِيَّةً
«Кимде-ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлгөн болсо, жахилият өлүмү менен өлүптүр» (Муслим риваяты). Муну менен бирге Алла Таала каапырларга момундар үстүнөн жеңип чыгууга жол бербей турганы белгилүү. Алла Таала айтат:
وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا
– „Аллах эч качан каапырларга момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». [4:141]
Ушуга ылайык, Алланын буйругун аткаруу, Анын ыраазылыгын табуу үчүн нусрат Аллах тараптан гана экенине анык ишенүү керек. Андан соң анын өкүмдөрүн толук ишке ашыруучу мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу зарыл.
Максатыбыз Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу мусулмандардын жетекчисин алып келүү жана муну менен Аллахтын ыраазылыгына жетүү экенин түшүнүү керек.
Эй мусулман, даъват жана адамдардын аң-сезимин батыш түшүнүктөрүнөн тазалоо шариат талап кылган иш. Анткени Аллах Таала айтат:
وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ
– «(Адамдарды) Алланын (динине) даъват кылган жана өзү да жакшы иштер кылып, «Шек-күмөнсүз мен мусулмандарданмын», деген кишиден да чырайлуурак сүйлөөчү ким бар?» [41:33]
Даъват пайгамбар с.а.вдын амалы. Анын с.а.в Мекке доорундагы тарыйкаттары адамдарга Исламды үйрөтүү, бузук пикирлерге каршы күрөшүү, алардын жалгандыгын, жасалмалуулугун ачыктоо менен чектелген. Кийин Аллах ал Затка Мадинада мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүн берген. Бул доордо Мадинадагы калк Исламды колдоп-кубаттап, шаардын жетекчилери ага жардам берүүгө даяр турган.
Даъватты алып чыгуу шариат талап кылган иш. Туурасы, Аллахтын уруксаты менен шарият талап кылган иштердин эң маанилүүсү. Эгер Аллах бул ишке ийгилик берген болсо, акыбалыбыз түп тамырынан өзгөрүп, оңолот. Башкача айтканда, Исламий мамлекеттин тикеленишине нусрат берет.
Эй Аллахым, бизге жакшы амалдарды кылуубузга, жаман амалдардан узакташууга жардам бергин! Бизди Пайгамбар с.а.в тарыйкатына ээрчиген абалда даъватты алып чыгуучулардан кылгын. Бузук жашоону түптөн өзгөртүүчү, Ислам мамлекетин тикелөөчүлөрдүн катарынан кылгын. Албетте, Сен дубаларды Угуучу жана аларды кабыл кылуучу Затсың.