Душмандарды дос тутуу – дүйнөдө кордук жана акыретте азап
Исламий фикхте эч бир маселеге душмандарды дос тутуу жана алар менен келишүү маселесине берилген этибарчалык көп этибар берилбеген. Бул маселе Исламий фикхте чоң орун ээлейт жана түрдүү мазхабтар бул жөнүндө бир пикирге келген.
Ыктымал, мунун себеби ушул жөнүндөгү шаръий хужжаттардын көптүгүндөдүр. Алар ушунчалык даражада көп болуп, ихтилаф кылууга орун калбаган жана душмандарды дос тутуунун арамдыгы диндеги өз-өзүнөн маалым иштердин катарына кирип калган.
Ушуга карабастан, бул маселени бурмалоочулар дагы деле бар. Көрүп калганыбыздай, айрымдар дос тутуу маанилеринин бир бөлүгүн кабыл алып, өз каалоосуна туура келбей турган башка бир бөлүгүн албайт.
Кээ бирлер душмандын вокыйын сүрөттөөдө сөз оюнун кылат жана кудум ушундан келип чыгып шаръий коидалар жасайт. Карасаңыз, вокыйды өзгөртүп, адамдарга душманды кээде дос, кээде душман кылып көрсөтөт.
Айрымдар болсо биротоло жолдон азып, достук маселесинде шаръий хужжаттарды негиз кылып алышпайт. Өздөрүнүн чолок акылдарынан келип чыгып, пайдага негизделишет. Алар Британиянын премьер-министри Черчилдин: «Дайымый достор да, дайымый душмандар да болбойт. Дайымый кызыкчылыктар гана болот» деген сөзүн кабыл кылып алышкан.
Бул маселедеги чыныгы изилдөө бизди эң оболу душмандын өзү кимдигин билип алууга үндөйт. Анткени, муну менен мусулмандардын душмандары кимдигин анык белгилеп алайлы. Анткени, душман кимдигин аныктап алганыбыздан кийин гана аны дос тутуу жөнүндө катъий өкүм чыгара алабыз.
Шексиз, Исламда душман – куфр, душмандар болсо – капырлар. Анткени, куфр – бул душмандар бар экендигинин белгиси т.а. душман мавжуддугуна далалат кыла турган шаръий себеп. Алла Таала айтат:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِمْ بِالْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا بِمَا جَاءَكُمْ مِنَ الْحَقِّ
– «Эй момундар, Менин душманым жана силердин душманыңар (болгон мушриктер)ди дос тутпагыла! Силер аларга достук (жөнүндө кат-кабар) жибересиңер. Негизи, алар силерге келген Акыйкат (дин жана Куранга) капыр болушкан!». [60:1]
Бул аят Алланын жана Үммөттүн душмандары Исламга капыр болгон кимселер экендигин анык көрсөтүп берди. Ошондон келип чыгып, куфр душман тутууга себеп болду. Демек, биз адамдарды куфрлары себептүү душман тутабыз. Биз менен башка адамдар ортосундагы душмандыктын негизи – куфрдун мавжуддугу. Ошондуктан, эгер куфр мавжуд болсо, душмандык да мавжуд, куфр жок болсо, душмандык да жок болот. Ал тургай, кээ бир мусулмандардын өзүн да душман тутуунун себеби алардын капырларды дос тутуп жатышканына барып такалат. Т.а. алар же куфр өкүмдөрүн колдонуп жаткан болушат, же Исламий өкүмдөрдү колдонбой жаткан болушат. Ушуга ылайык, душмандык негизи куфр себептүү жүзөгө келет.
Зиммий, ахддашылган жана келишилген капырларга бул өкүмдүн түшпөөсү зимма, ахд жана келишүү сыяктуу монеълердин бар экендигинен. Эгер бул монеълар жок болсо, душман болуу өкүмү дагы өз күчүнө кирет.
Капыр душмандардын өкүмү – мына ушулар. Эми аларды дос тутунууга келсек, шарият мусулмандарга алар менен жардамдашуу, кеңешүү, жол көрсөтүү, жакшы көрүү, ишенимдүү болуу сыяктуу бардык маанидеги дос тутунууну катъий арам кылган.
Бардык маанидеги достук катъиян арам. Мусулмандын капырга жардам бериши, таянышы, жол көрсөтүшү, моюн сунушу, аны менен кеңешиши, достошушу, аны жакшы көрүшү – бардык баары арам. Эгер ушул иштерди кылса, капырды дос туткан болуп, ага капырды дос тутуу өкүмү туура келип калат. Болгону, өзүн жашыруун тутуу абалы гана мындан сырткары. Алла Таала айтат:
إِلَّا أَنْ تَتَّقُوا مِنْهُمْ تُقَاةً
– «Эгер алардан этият болуп турсаңар, (үстүртөн мамиле кылсаңар жайыз)…». [3:28]
Бул капыр өкмөтүнө моюн сунуп жаткан, малы, жаны же аброюна карата бирер зыянга туш келип жаткан бир же бир нече мусулмандарга гана тиешелүү заифтик абалы. Ушул абалдан башка ар кандай абалда мусулмандын капыр менен дос болушу таптакыр жайыз эмес.
Алла Таала этияттык жүзөсүнөн же көмөк алуу үчүн капырлар менен достошо турган заиф ыймандуу мусулмандын шылтоолорун четке кагып, мындай дейт:
بَشِّرْ الْمُنَافِقِينَ بِأَنَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا ۩ الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا
– «Мындай мунафыктарга алар үчүн аламдуу азап бар экендигинен «кушкабар» берип койгун! Алар момундарды коюп капырларды дос тутушат. Алар ошол капырлар алдынан күч-кудурет издешеби?! (Убара болушат!). Анткени, бардык күч-кудурет Алланыкы». [4:138,139]
Бул аяттарда Алла капыр менен достошо турган мусулманды мунафык деп тарифтеп (аныктама берип) жатат жана ушул иши үчүн аны аламдуу азаптап эскертип жатат о.э. чыныгы мадад жана нусрат капырлардан алынбашын баян кылып жатат.
Мына ушул жетиштүү баяндан кийин, ар кандай кемчиликтен аруу Алла Таала капырларды дос туткан мусулмандардын өздөрүнө каршы ачык хужжат даярдап бара жатышканын, тозокко кирүү үчүн «билет» сатып алып жатышканын баса белгилеп, мындай дейт:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
– «Эй момундар, момундарды коюп, капырларды дос тутпагыла! Алла үчүн өз зыяныңарга ачык хужжат кылып берүүнү каалайсыңарбы?!». [4:144]
Аларды мунафык деп тарифтеген Алла аларды бизден да, алардан да эместигин уктуруп мындай дейт:
أَلَمْ تَرَى إِلَى الَّذِينَ تَوَلَّوْا قَوْمًا غَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مَا هُمْ مِنْكُمْ وَلاَ مِنْهُمْ وَيَحْلِفُونَ عَلَى الْكَذِبِ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
– «(Эй Мухаммад), Алланын каарына дуушар болгон коомду дос туткан кимселерди (мунафыктарды) көрбөдүңбү? Ал (мунафыктар) силерден (т.а. мусулмандардан) да, алардан (т.а. жөөттөрдөн) да эмес! Дагы алар (өздөрүнүн мунафык экендиктерин билип турган абалдарында («Биз мусулмандарбыз» деп) ант ичишет». [58:14]
Бул аятта капырларды дос туткандар эки тарапка тең кошула албастан, арасатта калуулары айтылып, аларга өзүнө хос түрдө танбех-эскертүү берилип жатат.
Дагы бир аятта болсо, алардын мусулмандар сабынан бүтүндөй чыгып кетүүлөрү т.а. душман менен достошуулары алардын мажазий-өтмө мааниде ошолорго кошулуп алгандыктары экени баян кылынган. Алла Таала айтат:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ
– «Эй момундар, жөөттөр жана христиандарды дос тутпагыла! Алардын айрымдары айрымдарына дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда ал ошолордон». [5:51]
Бул ыйык аяттар капырлар менен достошуунун өкүмү кандай болушун ачык баян кылып, ушундай кылгандарга катуу танбех берип, аларды эң куник сыпаттар менен тарифтеп, ушул иштерин уланта берүүлөрүнө эч кандай орун калтырбай жатат.
Капырларды дос туткандарга карата болуп жаткан мынчалык танбех берүү, эскертүүлөр бул иштин үммөт үчүн канчалык коркунучтуу экендигин баса белгилеп турат. Ал бардык балээлердин себеби, жамандыктардын булагы, илдеттердин тамыры. Бүгүнкү күндөгү үммөттүн апат-балээлер, кордук-жамандыктар ириминде калып жатканы да так мына ушундан, өкүмдарлардын капырлар менен коюн-колтук алып жатышканынан. Маалым болгондой, натыйжа себепке карай болот. Эгер себеп жоюлса, натыйжа да оңдолот.
Ушулардан келип чыгып, үммөт жараатынын дарысы, проблемаларынын чечими жөнөкөй жана жеңил деп айтууга болот. Ал өкүмдарлардын капырлар менен достошуусун жоготууда жатат. Бул үчүн аларды бийликтен оодарып салып, ордуна Алланы, Пайгамбарды о.э. мусулмандар жамаатын гана дос тута турган Халифаны тикелөө лазым.