Биз шариятка моюн сунган мусулмандарбыз!

Islamic-Sharia-Law-650x400

بسم الله الرحمن الرحيم

 Биз шариятка моюн сунган мусулмандарбыз!

Батышты ээрчүүчү маймылдар эмеспиз!

Көп адамдар турмуштун бардык мыйзамдарына «ижтимаий түзүм» түшүнүгүн колдонушат. Мындай кылуу ката. Анткени, турмуш мыйзам­дары түпкүлүгүндө коомдук мыйзамдар болуп, аларды «коомдук мыйзамдар» деш орундуу болот. «Коомдук мыйзамдар» жамдалгандыгына же чачырандылыгына карабастан, белгилүү бир коомдо жашап жаткан адамдар ортосундагы мамилелерди тартипке салат. Турмуш мыйзамдарында адамдардын жамдалуусу (ижтимасы) эмес, балким, алардын ортолорундагы мамилелер көздө тутулат. Алака-мамилелердин түрдүү болушуна карай, түзүмдөр да түрдүүчө болот, мисалы, экономика, башкаруу, саясат, таалим, жаза-чаралар, мамилелер, баййинаттар ж.б.у.с. Мындай мыйзамдарды «ижтимаий түзүм» деп атоо орунсуз. Мындан сырткары, «ижтимаий» сөзү «түзүм» сөзүнүн сыпатын билдиргендиктен, бул түзүмдүн жамдалуулардан пайда боло турган проблемалар менен алакаларды тартипке салуу үчүн түзүлмөгү зарыл. Эркек менен эркектин, аял менен аялдын жамдалуусунан өзгөчө түзүмгө муктаж боло турган проблемалар жана алакалар пайда болбойт. Алар жамдалуу болуп эсептелсе да, мында бир жерде жашагандыктары себептүү, ортолорундагы кызыкчылыктарды тартипке салуу маселеси түзүмгө муктаж болот. Эркектин аял менен, аялдын эркек менен жамдалуусунан болсо, проблема жана алакалар келип чыгат. Мына ушул проблемалар жана алакалар аларды тартипке сала турган мыйзамдарга муктаж. Мындай жамдалууга «Ижтимаий түзүм» түшүнүгүн колдонуу орундуу болот. Себеби, бул түзүм эркек менен аялдын ортосундагы жамдалууну о.э бул жамдалуудан келип чыга турган алакаларды тартипке салат.

Ошондуктан, ижтимаий түзүм аялдын эркек менен, эркектин аял менен жамдалуусунун тартибин баян кылып берүүчү түзүмгө чектелген. Бул мыйзам эркек менен аялдын коомдогу кызыкчылыктарынан эмес, балким, алардын жамдалууларынан пайда боло турган алакаларды тартипке салат жана бул алакалардан пайда боло турган бардык абалдарды баян кылып берет. Маселен, аял менен эркек, эркек менен аялдын ортосундагы соода-сатык иши коомдук иштердин бири болуп эсептелет да, ижтимаий түзүм алкагына кирбейт, ал экономикалык түзүм алкагындагы иш. Эркектин жат аял менен хилватта (ээн) калышына тыюу салынышы, же аялдын өзүн талак кылуу укугуна качан ээ болушу, же болбосо, наристени багууга аял качан акылуу болушу сыяктуу маселелер – мына ушулар ижтимаий түзүм алкагындагы маселелер. Ошого байланыштуу ижтимаий түзүмдүн аныктамасы төмөндөгүдөй болот: Ижтимаий түзүм – бул аял менен эркектин, эркек менен аялдын жамдалуусун о.э. бул жамдалуудан пайда боло турган алаканы жана бул алакадан келип чыга турган бардык абалдарды тартипке сала турган түзүм.

Адамдардын, айрыкча, мусулмандардын Исламдагы ижтимаий түзүм жөнүндөгү түшүнүктөрү күңүрт болуп калган. Алар Ислам пикирлери менен өкүмдөрүнөн алыстагандыктары себептүү, ижтимаий түзүм жаатындагы Ислам акыйкатынан да өтө узакташып кетишти. Акыбетте, алардын бир бөлүгү жолду ашыкча даражада кең ала турган болуп калышты т.а. эркек менен каалагандай хилватта калуу, каалаган кийимин кийип, авраттары ачык абалда көчөгө чыгуу сыяктуу амалдарды «аял укугу» деп эсептей турган болуп калышты. Бир бөлүгү болсо жолду өтө тар алып, «аялдын соода жана дыйканчылык менен алектенүүгө, эркек менен жамдалууга таптакыр акысы жок, аялдын жүзү, алакандарынан тартып бүткүл денеси аврат» деп эсептей турган болуп калышты. Мындай жолду кең жана тар алуунун акыбетинде ахлак төмөндөштү, пикирлөө катып калды. Мунун натыйжасында, ижтимаий тарапка зыян жетти. Исламий үй-бүлө тынчтыгын жоготту, анын мүчөлөрүнө нааразылык жана жек көрүүчүлүк руху өкүмдар болуп калды, үй-бүлөлөр арасында жаңжалдар жана ажырашуулар көбөйдү. Ушундан кийин, бардык мусулмандардын жүрөгүн үй-бүлөнү бириктирүүгө, анын бакыт-таалайын камсыздоого болгон муктаждык туйгусу толтура баштады. Көпчүлүктүн оюн бул олуттуу маселенин чечимин издөө ээлей баштады. Бул чечимдин түрдүү көрүнүштөрүн ачып көрсөткөн ар кыл урунуулар болду. Ижтимаий чечимди баяндаган эмгектер жазылды, шаръий мекемелер жана шайлоо кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди. Көп адамдар үй-бүлөсүндөгү аялдарына, эже-карындаштарына, кыздарына карата өз райларын колдонууга урунушту. Мектеп жана медресе мыйзамдарына эркектер менен аялдардын аралаш болушу жагынан өзгөртүүлөр киргизилди. Жогорудагы урунуулар мына ушундай көрүнүштөрдө көрүндү. Бирок, бул адамдардын бирөө жарымы да проблеманы чечүү бактысына туш болбоду. Ижтимаий түзүмгө карай багыттана албады. Өздөрү эңсеген түзөтүү жолун таба алышпады. Себеби, эки жыныс: эркек менен аялдын алака маселеси көпчүлүк мусулмандарга караңгы эле. Алар Үммөттүн түзөлүшүнө себеп боло турган ушул эки жыныс кызматташтыгынын тарыйкатын билишпес эле. Эркектин аял менен жамдалуусуна таандык Ислам пикирлери жана өкүмдөрүн билбегендиктен, чечим тарыйкатынын тегерегиндеги нерселер жөнүндө талашып-тартышышчу, анын акыйкатын үйрөнүүдөн болсо ыраакта эле. Алардын бул урунуулары акыбетинде тынчсыздануу, туруксуздук күчөп кетти. Өз касиеттери менен өзгөчөлөнүп тура турган үммөт сыпатындагы Ислам Үммөтүнө кооп салуучу жарака пайда болду. Исламий үйгө Ислам табиятын жоготуу коркунучу туулду. Исламий үй-бүлөнүн үстүндө – Ислам пикирлери менен жаркып турушуна так салуучу, Исламдын өкүмдөрү менен райларын өз ордуна коюудан узакташтыруучу – коркунуч пайда болду.

Бул пикирий туруксуздуктун жана түшүнүүдө туура жолдон ооп кетүүнүн себеби батыш хазаратынын (дүйнө карашынын) бизге каршы алып барган бузуп-жаруучу чабуулуна барып такалат. Батыш муну менен пикирлөөбүзгө жана канааттанууларыбызга бүтүндөй өкүмдар болуп алып, турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрүбүздү, жүрөгүбүзгө терең орногон Исламды коргоо жана диний каада-салттарыбызды улуулоо сыяктуу өлчөө жана канааттанууларыбызды өзгөртүп жиберди. Батыш хазаратынын биздин үстүбүздөн жетишкен жеңиши турмуштун бардык тармактарын, анын ичинде, ушул ижтимаий тармакты да камтып алды.

Мунун себеби, Батыш хазараты Ислам журттарында пайда болуп, өзүнүн маданий көрүнүштөрүн жана материалдык өнүгүүлөрүн көрсөткөндө, бул көпчүлүктүн көзүн кызартты. Адамдар бул маданий көрүнүштөрдү ээрчий башташты жана бул хазаратты алууга умтула башташты. Себеби, өнүгүүдөй болуп көрүнүп туруучу бул маданий көрүнүштөрдү мына ушул хазараттын ээлери, ага чакырып жаткан шахстар иштеп чыгышкан эле. Бул жаатта мусулмандар батыш хазараты менен маданий көрүнүштөрдүн ортосундагы айырманы ажыратып олтурбастан, батыш хазаратына көр-сокурларча ээрчий башташты. Алар хазарат – турмуш жөнүндөгү түшүнүктөр жыйнагы жана белгилүү бир жашоо образы экендигин түшүнүшкөн жок. Маданият болсо, адамдардын турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрү менен жашоо образдарына карабастан, алардын турмуш иштерине васита, курал катары иштетиле турган, сезиле турган материалдык формалар экендигин аңдап жетишкен жок. Мындан сырткары, алар батыш хазараты Ислам хазаратынын негизине бүтүндөй тескери болгон негизге курулганын, турмушту түшүндүрүүдө жана инсан жетүү үчүн аракет кыла турган «бакыт» түшүнүгүндө да Ислам хазаратынан кескин айырмаланышын түшүнүшпөдү. Ислам Үммөтү батыш хазаратын кабыл алышы эч бир мүмкүн эместигин, бирер жерде Ислам үммөтүнөн бирер жамаат бул хазаратты кабыл алса, Ислам үммөтүнүн бир бөлүгү бойдон калышы мүмкүн эместигин, же болбосо, «Исламий жамаат» деген сыпаттан айрылышын ойлоп да коюшпады.

Ислам хазараты менен батыш хазаратынын ортосунда мазмун жагынан карама-каршылык бар экендигин аңдап жетпегендик көчүрмөчүлүккө жана ээрчимеликке алып келди. Китептен нуска көчүрүп жаткан адам маанисине көңүл бурбай, сөз жана тамгаларды көчүрүү менен убара болгону сыяктуу, көпчүлүк мусулмандар да түшүнүп-нетпей эле батыш хазаратын көчүрүүгө киришип кетишти. Алардын кээ бирлери болсо, батыш хазаратына анын түшүнүктөрүн жана өлчөөлөрүн кабыл алуу менен ээрчий башташты. Алар бул түшүнүк жана өлчөөлөрдүн акыбеттери жөнүндө ойлоп да отурушкан жок. Акыйкатта, бул мусулмандар батыш коомунда аялдын эркек менен тең даражада турушун, алардын ортосундагы айырмага этибар берилбешин жана бул теңдиктен келип чыга турган акыбеттерге көңүл бурулбай тургандыгын көрүштү. Батыш аялында маданий көрүнүштөр көрүнүп жаткандыгын, батыш аялынын өзү да маданий көрүнүштөрдү көрсөтүп жаткандыгын көрүп, ага ээрчишти же ээрчүүгө урунушту. Бирок, бул көрүнүштөр батыш хазаратына, анын турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрүнө, турмушту сүрөттөөсүнө дал келишин, ал эми, Ислам хазаратына, анын турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрүнө, турмушту сүрөттөөсүнө эч бир дал келбей тургандыгын аңдашкан жок. Батыш аялында көрүнүп жаткан жана анын өзү көрсөтүп жаткан көрүнүштөрдөн келип чыга турган иштерге эч бир этибар беришпеди. Ооба, алар бул абалдарды көрөрү менен, кандай натыйжаларга алып келишине карабастан, «муслима аял да коомдо жана жамдалууда эркек менен жанаша турушу керек» деп этикат кыла баштады. Кандай проблемалар жана иштер келип чыгышына карабастан, муслима аялда да батыштын маданий калыбы көрүнүшү керек, анын өзү да батыштын маданий калыбын көрсөтүшү керек деп ойлошту. Бул жаатта муслима аялдын жеке эркиндигин камсыздоого жана ага каалаган ишин кылуу укугун берүүгө чакырышты. Мындан келип чыгып, эч кандай муктаждык болбосо да аялдардын эркектер менен аралашуусуна, ачык-жылаң жүрүүсүнө, зыйнат-жасалгаларын көрсөтүүсүнө, аялдын акимиятка башчылык кылуусуна чакырышты. Бул иштерди «өнүгүү» деп, «ойгонуунун белгиси» деп эсептешти.

Ушул көчүрмөчү, ээрчимелер жеке эркиндик маселесинде өздөрүнө бүтүндөй эрк берүүлөрү ишти ого бетер жаман жагына айландырды. Мунун акыбетинде коомдо аял менен эркектин аралашуусуна эч кандай муктаждык болбосо да, аялдын эркек менен учурашуусун талап кыла турган эч кандай муктаждык болбосо да, аял эркек менен бар болгону жеке эркиндиктен пайдалануу үчүн гана (!) үзгүлтүксүз учураша турган болуп калды. Бул нерсе батыш райларына ойлобой-нетпей жүздөнгөн жогорудагы көчүрмөчү-ээрчимелердин катмарына куник так салды. Бул так себептүү аял менен эркектин ортосундагы алака, бар болгону, аялдык жана эркектик алакаларга чектелип калды. Куник так бул катмардан коомдогу башка катмарларга да өттү. Бул мамиле турмуш майданында эркек менен аялдын ортосунда бирер бир кызматташтыкты пайда кылбады, балким, ахлакий төмөндүктү, аялдардын жасанып-түзөнүп, турмуш шериги же махрамы болбогон жат-бегенелерге зыйнаттары менен сулуулуктарын көрсөтүүгө алып келди. Мунун акыбетинде мусулмандардын пикирлөөлөрү туура жолдон тайды, канааттануулары бузулду, ишеничтерине зыян жетти, чен-өлчөмдөрү кыйрады. Батыштын ижтимаий жагы – жакшы үлгү; батыш коому – өлчөө кылып алынды. Бирок, ошол батыш коомунун эркектик жана аялдык алакаларды анча мааниге ээ болбогон бир иш катары эсептеши жана бул алакадан келип чыга турган үлгүлүү жашоо образына карата бирер бир уятсыздык, бузукулук же тескериликти о.э. зыян же коркунучту көрбөшү этибарга алынбады. Ислам коомунун болсо бул тармактагы көз караштары батыштыкынан түп-тамырынан бери айырмаланышына, ага бүтүндөй карама-каршы экендигине этибар берилбеди. Анткени, Ислам коому аялдык жана эркектик алакалардагы күнөөнү – дарралоо же ташбараң кылуу сыяктуу катуу жаза белгиленген – чоң күнөө деп эсептейт. Мындай бузукулукту кылган кишилерди жийиркенич жана жек көрүү менен карала турган пас кимсе деп эсептейт. Намысты сактоонун важибдигин – арага эч кандай кеп сыйбай турган – кадимки акыйкат деп билет. Аны сактоо жолунда чын жүрөктөн катуу умтулуп, малы-жаны сарпталышы керек деп эсептейт. Мындан баш тартууда эч кандай үзүр жана шылтоолорду кабыл албайт.

Ооба, бул көчүрмөчү, ээрчимелер эки жамааттын ортосундагы өзгөчөлүктү, эки абал арасындагы үлкөн айырманы териштирген жок. Ушул сыяктуу эле, исламий турмуш жана шаръий өкүмдөр алардан талап кыла турган иштерди да териштиришкен жок. Көчүрмөчүлүк менен ээрчимечиликке ушундай берилип кетишти дейсиң, акыры жүрүп «аялдын ойгонушу» даъватына бүтүндөй эркиндик тонун кийгизип, жаман кулк менен сыпатталуудан арданбай калышты. Бул көчүрмөчү ээрчимелер «аялзатын ойготуу» жана «Үммөттү ойготууга аракеттенүү» чүмбөтү менен мусулмандардын ижтимаий жагын ушул жосунда кыйратууну улантышты. Бул кимселер башында азчылык эле. Үммөт алгач алардын чакырыктарына ыраазы болбоду. Бирок, Ислам өлкөлөрүндө капиталисттик түзүм колдонулуп, колонизатор кафирлер, кийинчерээк болсо, алардын малайлары, алардын кербенинде алардын көрсөтмөлөрү менен өкүм жүргүзө турган акимдер тарабынан башкарыла башташы менен, жогоруда айтылган азчылык шаар калкынын көпчүлүгүн жана элет калкынын бир бөлүгүн өздөрү жүргөн жолдон жүргүзүүгө о.э. батыш хазаратын көчүрүп алып, ага ээрчүү тарабына өткөрүүгө жетишишти. Акыбетте, Ислам шаарларынын көп жерлеринин исламий жүзү жоголду. Мында Истамбул, Каир, Тунис, Дамаск, Карачи, Багдад, Куддус, Бейрут шаарларынын ортосунда эч кандай айырма жок. Булардын бардыгы батыш хазаратын көчүрүү жана ага ээрчүү жолунда жүрө турган болуп калды.

Бул пикирлерге каршы күрөшүү үчүн бир тайпа мусулмандардын козголушу табигый эле. Бул райларга каршы согушуу үчүн Ислам өлкөлөрүндөгү мусулмандардын жалгыз-жарымдап да, жалпы түстө да аттанары анык эле. Чындыгында, бир эле тайпа эмес, балким, бир нече тайпалар муслима аялды коргоо, анын коомдогу фазилаттарын сактап калуу важибдигине чакыра башташты. Бирок, алар Ислам мыйзамдарын тунук түшүнүшчү эмес, шаръий өкүмдөрдү анык билишчү эмес. Исламий акыйда – негиз экендигин, шаръий өкүмдөр болсо – өлчөө экендигин аңдабаган абалда, акыл туура деп тапкан пайданы – талкуу үчүн негиз, рай жана нерселер үчүн өлчөө кылып алышты о.э. үрп-адаттарды, салт-санааларды сактап калууга, ахлакты бекем кармоого чакырышты. Аялды хижаб менен бекитүүгө сокурларча фанаттык менен жандашуу ушунчалыкка жетип барды дейсиң, алар аял үчүн жолду өтө тар коюуну, үйүнөн чыгуусуна, өз муктаждыктарын кандыруусуна жана өз иштерин түздөн-түз өзү кылуусуна уруксат бербөөнү көтөрүп чыгышты. Соңку доорлордогу факихтер аял үчүн беш авратты белгилешти: намаздагы аврат, махрам эркектер алдындагы аврат, махрам эмес эркектер алдындагы аврат, муслима аялдар кашындагы аврат жана кафира аялдардын алдындагы аврат. Мындан келип чыгып, аял бирөөнү, бирөө аялды көрбөй турган жапма хижабды ороого чакырышты. Аялдын турмуштагы иштерин түздөн-түз өзү аткарышына тыюу салууга даъват кылышты. Аны шайлоого катышуу укугунан; саясат, башкаруу, экономика жана ижтима жаатындагы райы болушунан айруу жөнүндө айтышты. Аял менен турмуштун ортосуна тосмо коюп, Алланын кээ бир аяттарын жалаң эркектерге тиешелүү кылып коюшту. Расулулла менен байъат учурунда аялдар кол менен көрүшкөндүктөрү жөнүндөгү, аялдын авраты жөнүндөгү хадистерди шаръий өкүмдөр талап кыла турган жосунда эмес, аялга карата өздөрү каалап жаткан калыпка дал келе турган таризде чечмелешти. Алардын бул даъваттары жана аракеттери адамдарды шаръий өкүмдөрдөн узакташтырып, мусулмандарга ижтимаий жакты күңүрт кылып койду. Ушул себептүү, алардын райларынын баскынчы пикирлерге каршы турууга кудуреттери жетпеди. Күчтүү агымды тосо албады. Мусулмандар ортосунда ижтимаий жакты көтөрүүгө бир да таасир көрсөткөн жок. Өзү негизинен, Үммөт ичинде илимде, билимдүүлүктө мурунку мужтахиддерден, сахиби мазхабдардан калышпай турган аалымдар бар эле. Бирер бир үммөттүн байлыгы теңдеше албай турган пикирий жана ташриъий (мыйзам таануучулукка тийиштүү) байлык мусулмандардын колунда эле. Мусулмандардын жалпы элдик жана жеке менчик китепканаларында баа жеткис китептер, эмгектер толуп-ташып жаткан эле. Ооба, булардын бардыгынын көчүрмөчү ээрчимелерди адашууларынан кайтарууда, катып калгандарды мужтахид туура истинбат кылган исламий райга канааттандырууда – бул рай алар аял үчүн каалап жаткан калыпка дал келбегендиктен – пайдасы болбоду. Мунун себеби, ошол көчүрмөчү, ээрчимелерден, катып калгандардан о.э. аалымдар менен талабалардан пикирлөө сыпаты жоголгон эле. Мунун айынан алар вакиъликти (турмуш чындыгын) түшүнүшчү эмес, же Алланын өкүмүн түшүнүп жетчү эмес, же толугу менен ылайыктуулук пайда боло турган мүнөздө шаръий өкүмдөрдү вакиъликке карата колдонуу аркылуу шаръий өкүмдөрдү пикирий кабыл алышпас эле. Ошондуктан, Ислам өлкөлөрүндөгү коом эки пикирдин: катып калуу менен ээрчүүнүн ортосунда калды. Ижтимаий жак туруксуз болуп калды. Муслима аял эмне кыларын билбей калды. Эми анын алдында эки жол: батыш хазаратын түшүнүп жетпей, анын мазмунун аңдабай, аны менен Ислам хазаратынын ортосундагы тескериликти билбеген абалда аны көчүрүп алып жаткан тынчсыз жана туруксуз аял болуу; же өзүнө да пайдасы тийбей турган жана мээнетинен мусулмандар да пайдаланбай турган катып калган аял болуу жолу турду. Булардын бардыгына Исламды пикирий түстө үйрөнбөгөндүк, Исламдагы ижтимаий түзүмдү түшүнбөгөндүк себеп болгон.

Ошондуктан, Исламдагы ижтимаий мыйзамдарды толук, ар тараптуу, терең үйрөнүү зарыл. Ошондо гана проблема аял менен эркектин жамдалуусунда, бул жамдалуудан пайда боло турган алакада жана бул алакадан келип чыга турган иштерде жаткандыгы белгилүү болот жана мына ушул жамдалууну, андан пайда боло турган алаканы жана бул алакадан келип чыга турган иштерди дабалап-түзөө талап кылынып жаткандыгы маалым болот. Бул дабалоону акыл көрсөтүп бере албайт, балким, шарият көрсөтүп берет. Акылдын милдети – бул милдетти түшүнүп жетүү. Бул дабалоо – Ислам буюрган белгилүү бир жашоо образы боюнча өмүр сүрүп жаткан муслима аял жана муслим эркек үчүн берилген чечим. Алар Алла Куранда жана Сүннөттө буюрган мына ушул жашоо образы боюнча гана өмүр сүрүүлөрү керек жана бул жашоо образы батыштын жашоо образына жана ата-бабалардын үрп-адат, салт-санааларына тескери келип калышына эч бир этибар бербөөлөрү зарыл.(Ижтимаий түзүмгө киришүү, Исламдагы ижтимаий түзүмдү кеӊири үйрөнүү үчүн “Исламда ижтима түзүмү” китебине кайрылыӊыз).

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *