Тарых жана тавкит (убакыт белгилөө) о.э. алардын шаръий өкүмдөргө алакасы

00vaqt-768x432

Сахл ибн Сахддан риваят кылынат, ал киши айтат: «Тарых Набий с.а.в пайгамбар кылып жиберилишинен да, өлүмүнөн да баштап эсептелбеди, тескерисинче, ал зат с.а.в.дын Мадинага келишинен баштап эсептелди» (Бухарий риваяты). Хаким Муслимдин шартына ылайык сахих деп, Ибн Аббас р.а.дан чыгарган хадисте айтылат: «Тарых Расулуллах с.а.в. Мадинага келген жылдан башталды жана ушул жылы Абдуллах ибн Зубайр төрөлдү».

Жавхарий айтат: «Тарых убакыттын аныктамасы». «Лисон»до «Тавкит – бул убакытты белгилөө» деп айтылат. Шафеъий «Ал Умм»да: «Мавкут – валлаху аълам – убакыт, Хилафат мамлекетинин тарыхы хижрий тарых. Ал Пайгамбар с.а.в Мадинага келген жылдан башталат. Буга Сахл жана ибн Аббастын хадистери да далалат кылат».

Чындыгында, сахабалар да ушуга ижма кылышкан. Бул ижманы икая кылгандардын бири имам Нававий «Исмдар жана сифаттар тахзиби» китебинде мындай дейт:

«Хижрий тарыхтын башталышы жөнүндө: Исламда тарых Расулуллах с.а.в.дын Меккеден Мадинага кылган хижратынан башталды жана сахабалардын бардыгы ушуга ижма кылышкан». Ушул ижманы икая кылгандардын дагы бири Абуз-Занад аны Вакидийден накл кылган. Ибн Касир «Ал-Бидая ва Нихая» китебинде мындай деген: Вакидий айтат: «Бизге ибн Абуз-Занад атасынан риваят кылып айтты: Умар р.а. тарых туурасында машварат кылды. Алар тарыхты хижраттан баштоого ижма кылышты». Ижманы икая кылгандардын дагы бири Мухаммад ибн Сирин. Ибн Касир жогорудагы булакта Мухаммад ибн Сиринден, андан Курра ибн Холуддусий, андан болсо Абу Давуд Таялисий кылган риваятты келтирген. Ал айтат: «Бир киши ордунан туруп Умарга карата: «Тарых кылгыла», — деди. Умар: «Тарых кылгыла дегени эмнеси?» — деп сурады. «Ал ажамдар кыла турган нерсе. Алар балан жылдын балан айында деп жазып коюшат», — деп айтылды. Ошондо Умар: «Бул иш жакшы, демек тарых кылгыла», — деди. Ошондо айланадагылар: «Кайсы жылдан баштайбыз?» — дешти. Бир пайгамбар кылып жиберилишинен деп айтышса, бирде өлүмүнөн баштайбыз деп жатышып, акыры хижратка келишишти. Ошондон кийин: «Хижраттын кайсы айынан баштайбыз?» — деп сурашты. Ошондо алгач Рамазан айынан баштоо сунушталды, андан кийин Мухаррам сунушталды, анткени ал адамдардын ажылыктан кайтуу убагы о.э. арам ай деп, тарых андан башталышына келишишти».

Саъид ибн Мусайябдын риваятын Хаким сахих деп келтирет, Саъид айтат: «Умар адамдарды топтоду да: «Тарых кайсы күндөн баштап жазылат?» — деп сурады. Али ибн Абу Талиб: «Расулуллах хижрат кылган жана ширк жерин таштап чыккан күндөн баштап», — деди. Умар р.а. ушундай кылды».

Бир жыл – шаръий он эки ай. Аллах Таала айтат:

إِنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِنْدَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْراً فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ فَلا تَظْلِمُوا فِيهِنَّ أَنْفُسَكُمْ وَقَاتِلُوا الْمُشْرِكِينَ كَافَّةً كَمَا يُقَاتِلُونَكُمْ كَافَّةً وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ

– „Албетте, Аллахтын алдында айлардын саны Аллах асмандар жана жерди жаратканкүнүндө белгилеп койгондой, он эки ай. Алардан төртөө согуш арам кылынган (айлар). Мына ушул акыйкат дин (акыйкат,чыныгы өкүм). Демек, ал айларда (согушту адал кылып, согушка кирип) өзүӊөргө зулум кылбагыла! Бардык мушриктер (бул өкүмгөкарабай) силерге каршы согуш кылганы сыяктуу, (биринчи болуп согуш баштаган болушса) силер да баарыӊар аларга каршы согушкула! Дагы билип койгула, Аллах такыбаалар менен бирге”.  [9:36]

Бухарий Абу Бакрадан, ал киши Пайгамбар с.а.в.дан риваят кылат, Набий с.а.в.: «Заман Аллах жер-асмандарды жараткан күндөгү абалындай айланып келди. Бир жыл он эки ай, андан төртөө арам, үчөө удаама-удаа келет: Зулкаъда, Зулхижжа, Мухаррам о.э. Жумади жана Шаъбан арасындагы Ражаб», — деген.

Хижрий жылдын айлары жогоруда айтылгандай – Мухаммад ибн Сиринден Таялисий накл кылган ижма далилине негизделип – Мухаррамдан башталат, анткени риваятта «Мухаррамга келишишти» деп айтылган. Шаъбий муну «иттифак» деп атаган. Ибн Хажар «Фатх» китебинде Шаъбийден Хакимдин риваятын келтирет. Абу Муса Умарга: «Сизден бизге тарыхы (датасы) болбогон каттар келип жатат», — деп жазды. Ошондо Умар адамдарды топтоду, айрым кишилер тарыхты «мабъас»тан баштайлы деп айтышса, кээ бирлери хижраттан баштаӊыз деп айтышты. Ошондо Умар: «Хижрат акыйкат менен батылдын арасын ажыратты, демек тарыхты (датаны) ошондон баштап жазгыла», — деди. Бул окуя он жетинчи жылы жүз берди. Алар буга келишкен соӊ, кээ бирөөлөр “тарыхты Рамазан айынан баштагыла” деп айтышты. Умар: «Жок, Мухаррам айынан баштайбыз, себеби, ал адамдар ажылыктан кайта турган убакыт», — деди жана бардыгы ушуга иттифак кылышты». Ибн Аббас Аллах Тааланын «وَالفَجْرِ» сөзүн тафсир кылды, аны Байхакий «Шаъб» китебинде жана Саид ибн Мансур «Сунан» китебинде риваят кылышат. Бул туурасында Суютий «Тадриб-ар-ровий» китебинде Аллах Тааланын «وَالفَجْرِ» аяты туурасындагы ибн Аббастан Саид ибн Мансурдун лафзи жана көркөм санады менен болгон риваятты айткан: «Фажр Мухаррам айы жана жылдын башы», — деди. Куртубий Катодадан риваят кылат, ал киши: «Ал Мухаррамдын биринчи күнүнүн таӊы, жыл ошол күндөн башталат», — деген.

Хижрий айлар төмөнкүлөр: Мухаррам, Сафар, Рабиул-аввал, Рабиус-саний, Жумадул-увла, Жумадус-саний, Ражаб, Шаъбан, Рамазан, Шаввал, Зулкаъда жана Зулхижжа.

Бир ай жыйырма тогуз, же отуз түн болот, андан ашпайт. Буга Бухарий келтирген Ибн Умар р.а.нун хадиси далил болот. Расулуллах с.а.в.: «Ай жыйырма тогуз түн. Аны көрбөстөн туруп орозо тутпагыла. Эгерде ай силерге жакшы көрүнбөсө, күнүн отуз кылып толтургула», — деген. Айдын башталышы болгон хилал (жаӊы чыккан ай) көз менен көрүү аркылуу гана билинет, анткени ал зат с.а.в: «Көрбөстөн орозо тутпагыла», — деген. Муслимдин риваятында: «Расулуллах с.а.в Рамазанды айтып, эки колдоруна уруп мынча, мынча, мынча деди, үчүнчүсүндө баш бармактарын бүктү», — деп айтылат. «Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп орозону ачкыла, эгерде асман булуттуу болуп ай көрүнбөсө, орозону отуз күн кылып белгилегиле», — деген хадис бар.

Эки колду үч жолу уруу отузга барабар болот. Эгерде үчүнчүсүнөн баш бармакты азайтсак, Бухарий келтирген хадис сыяктуу, ай жыйырма тогуз күн экендиги белгилүү болот. Рамазандын, Шаввал жана башка ар бир айдын кирип келгенин анык кабыл алуу анын хилалын көрүү менен болот. О.э. хилалды табуу эсеп аркылуу же аспаптар жардамында эмес, тескерисинче көз менен болушу керек. Ибн Таймия да «Иктизоус-сиротил-мустаким»де жогорудагыдай көрүүгө болгон ижманы зикр кылып, мындай деген жана ижмадан кийин чыккан кээ бир мухалиф мутааххирийндерди (кемден-кем учурай тургандарды) эсепке албаганда, бул мусулмандар ижма кылган нерсеге далил болот.

Т.а. орозо, фитр, нусук (шаръий ырасымдардын) убактылары Рум, Фарс, Кибт, Хинд болгон ажамдар жана яхудий, насроний болгон ахли китептер пайдаланган эсеп-китеп менен эмес, тескерисинче, мүмкүнчүлүк болгондо айды көрүү менен аткарылат. Ибн Таймия икая кылган ушул ижма сахабалар ижмасын өз ичине алып, шаръий хужжат деп этибар кылынат.

Айдын башын билүү – орозо, ажылык, жизя сыяктуу өкүмдөр ага тиешелүү болгондугу себептүү – фарз. Анын орозо жана ажылыкка тиешеси ачык-айкын. Жизяга келсек, эгерде амандык алган бир кафир Ислам диярына Мухаррамдын биринчи күнү кирип келип, кийинки Мухаррамдын башына чейин турса, ага жизя салынат. Мухаррамдын хилалын көрбөй, Зулхижжа айынын аягында чыгып кетсе мындай болбойт.

О.э. аптанын күндөрүн билүү да фарз. Себеби, буга кээ бири важиб, кээ бири мандуб болгон бир нече өкүмдөр байланыштуу, мисалы: жума намазы, ушул күндөгү дуба кабыл боло турган сааттарды ниет кылуу, Набий с.а.в.га салават, Дажжал фитнасынан нажат табуу үчүн «Кахф» сүрөсүн окуу, дүйшөмбү, бейшемби орозосу жана башкалар. Ошол себептен улам аптанын күндөрүн билүү кудум жылдын айларын билүү сыяктуу эле – аларга кээ бирлери важиб болгон бир канча өкүмдөр байланыштуу болгондуктан – важиб. Демек, буларды билүү «Важиб ал аркылуу ишке аша турган нерсе да важиб» түркүмүнө кире турган важиб болуп эсептелет.

Күн жана түндү билүү – ага бир нече өкүмдөр байланыштуу болгону себептүү – важиб. Жогорудагы коидага ылайык, бул өкүмдөрдүн айрымдары – кудум Рамазан орозосу, Арафада туруу, Нахр (курмандык) күнүндөгү кээ бир амалдар  сыяктуу – важиб.

«Лисонул-араб» лугатында айтылганы боюнча, «күн чыккандан батканга чейин» улана турган убакыт – күн деп аталат. Шариятта болсо күн деп таӊ аткандан күн батканга чейин улана турган убакыт айтылат, себеби ал накл кылынган нерселер түркүмүнөн. Т.а. күндүн (күндүздүн) башталышы күн чыгышынан таӊ атышына көчүрүлгөн. Ал эми анын аякташы болсо лугатда да, шариятта да күндүн батышы менен белгиленет. Түн болсо күндүн баткандан таӊ атканга чейин уланат.

Сутканын түнү анын күндүзүнөн мурда болот. Хузайфадан келтирилген муттафакун алайх хадис буга далил болот. Анда: «… Хузайфага «Умар эшикти (фитна эшигин) билет беле?» — дедик. Ал: «Ооба, эртеӊден мурда анын түнү келишин билгендей билет эле», — деди». Жана Абдурраззак Али р.а.дан риваят кылган хадис да буга далил болот. Анда: «… Эгерде сен ал экөөнүн ушул ишти кылганын көргөнүӊдө эле, себеби алар фитна артында жүргөн кишинин фитна алдында жүргөн кишиден абзелдигин, бул фарз намаздын нафл намаздан абзелдиги сыяктуу экендигин, эртеӊдин алдынан түн болушун билгендериндей билет эле». «Лайлаху» сөзү музоф, музофун илайх жана «эртеӊ» сөзүнө бара турган замир болуп, бул «ة» эмес. Ар бир эртеӊдин алдында түнү бар жана бул Аллах Тааланын төмөнкү:

وَلاَ اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ

– „Жана түн да күндүздөн ашып кете албайт”, [36:40]

сөзүнө тескери келбейт. Себеби, аяттын мааниси “түн күндүзгө жетип алуу үчүн андан өтүп кете албайт, ар биринин алдыга өтүп да кетпей турган, аркада калып да кетпей турган чегарасы бар” дегенди түшүндүрөт. Демек, күндүз аяктамайынча түн болбойт. Ар бир күндүн түнүн билүүгө тиешелүү да бир нече өкүмдөр бар, мисалы айдын (айдын он үч, он төрт жана он бешинчи) түндөрү, Шаъбандын жарымындагы түн, таравих жана жума түнү «Кахф» сүрөсүн окуу сыяктуулар. Жума күнүнөн алдыӊкы түн Жуманын түнү деп айтылат. Айттын түнү да айттан мурунку түн. Батыштыктарда болсо күндүн түнү андан мурунку эмес, кийинкиси. Алардагы жума түнү биздеги ишембинин түнүнө туура келет ж.б.у.с…

Түн жана күндүздү саат жана мүнөттөргө бөлүү – мейли ибадаттардын шаръий убактылары насстарда саат жана мүнөттөр менен белгиленбей, хилал жана таӊдын атышы, күндүн чыгышы, күн кыямдан өтүшү, көлөкө, күндүн батышы сыяктуу абалдар менен белгиленсе да – мубах амалдардан болуп эсептелет. Бирок, кээ бир идарий иштер түздөн-түз саат жана мүнөттөргө байланыштуу. Мисалы, уюмдар, мекемелер, медресе жана ишканаларда убакытты белгилөө сыяктуу. Ушуга ылайык, түн жана күндүздү сааттарга бөлүштүрүү жаиз иштер түркүмүнө кирет. Бул жерде илим жана өнөр жайга тиешелүү ушундай бир назик иштер бар болуп, алар өтө анык өлчөмдөргө муктаж болот. Бирок, алардын шариятка тиешеси жок болуп, илимий же идарий болуу менен чектелет о.э. мубах бойдон калат. Анткени Кабул, Самарканд, Кайравон же Гарнота калкынын ибадат жана мамилелеринде – саат жана мүнөттөр менен убакыт белгилөө көз карашынан алганда – Меккенин убактысын билүүгө эч кандай муктаждык жок. Ошондуктан, сахих хадисте шарият оордук өлчөмдөрүн Мекке калкынын өлчөөсүнө, көлөмдүн өлчөмүн Мадина калкынын өлчөөсүнө байланыштуу кылганын жана айдын башталышын бир гана көрүүгө байланыштуу кылганын көрөбүз. Бирок, шарият убакытты саат жана мүнөттөргө байланыштуу кылбаган жана бириктирбеген. Эгерде бириктирүүгө муктаждык болгондо, ал үчүн шаръий коида жараткан болот эле.

Анастын Расулуллах с.а.в.дан риваят кылган «түн жана күндүз жыйырма төрт саат» деген хадиси туурасында Ибн ал-Жавзий «Илал» китебинде: «Бул хадис сахих эмес», — деген. Менин айтарым: Хадис санаддарынан бирер санад бул сыяктуу сөздөн саламат эмес. Анын үстүнө биз эгерде биринчи, экинчи, үчүнчү сааттарды жыйырма төртүнчү саатка чейин аныктамакчы болсок, биринчи боло турган башталыш саатына жана акыркы боло турган аяктоо саатына муктаж болобуз. Бул адамдардын идарий иштердеги муктаждыктары үчүн керек. Жогоруда айтылгандай түн күндүздөн мурда болушуна карап, түндүн башталышы убакыт белгилөөнүн башталышы, күндүздүн аягы болсо анын бүтүшү болушу мүмкүн.

Эгерде биз Гринвич убакыт лабораториясы жайгашкан мекенди убакыттын үлгүсү деп аталуучу божомол сызыгы кылып белгилесек, бул Меккеден өткөн сызык болушу мүмкүн, себеби, ал биринчи суу таркаган кургактык жана жер ушул жерден тартылган. Байхакий «Шаъб» китебинде ибн Аббастан келтирип айтат, Расулуллах с.а.в: «Жер бетине коюлган биринчи жай Байтуллахтын орду, башка жерлер андан кийин тартылган…» — деген.

Жана аны Хаким ибн Аббастан мавкуф абалда риваят кылып, иснадын сахих деген, а бирок, эки имам (Бухарий жана Муслим) аны келтиришпеген. Ошентип, Мекке убакыт таразасынын сызыгы болушу о.э. дүйнө жүзүндөгү ар бир шаар өзүнүн географиялык жайгашуусуна ылайык, убакыт айырмасына амал кылышы мүмкүн болот. Себеби, саат жана мүнөттөргө тиешелүү болгон иштерде убакытты белгилеп, аны бир убакытка келтирүү мүмкүн эмес жана бул нерсе шариятта да талап кылынбайт, бирок мубах иштер түркүмүнөн болуп кала берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *