Намазды аткаргыла

Allah_mwn

Алла Таала айтат:

إِنَّ الصَّلَاةَ كَانَتْ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ كِتَابًا مَوْقُوتًا

– «Албетте, намаз момундарга (убактысы) дайындалган парз болду». 4:103

وَأَقِمِ الصَّلَاةَ طَرَفَيِ النَّهَارِ وَزُلَفًا مِنَ اللَّيْلِ

– «Күндүздүн эки тарабында жана түндүн бир бөлүгүндө намазды толук аткаргыла». 11:114

أَقِمِ الصَّلَاةَ لِدُلُوكِ الشَّمْسِ إِلَى غَسَقِ اللَّيْلِ وَقُرْآنَ الْفَجْرِ إِنَّ قُرْآنَ الْفَجْرِ كَانَ مَشْهُودًا

– «Күн оогондон тээ түн караңгысына чейин намазды толук аткаргын жана таңкы окууну (багымдат намазын) да (толук аткаргын). Анткени, таңкы окуу (түн менен күндүз периштерлери) азыр боло турган (т.а. катыша турган) намаз». 17:78

Бухарий жана Муслим ибн Умардан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в: «Ислам беш нерсенин негизине курулган», – деди. Алардын ичинде «намазды аткаруу» да бар.

«(Ислам) ишинин башы – мусулман болуу, анын устуну – намаз. Ислам өркөчүнүн чокусу – Алла жолундагы жихад» (бул хадисти Термизий Муоз ибн Жабалдан рыбаят кылып, хасан сахих деген).

«Кыямат күнү пендеден биринчи талап кылына турган нерсе – намаз. Эгер (пенденин) намазы жарактуу чыкса, пенде нажат табат жана ийгиликке жетишет. Эгер анын намазы жараксыз чыкса, анда үмүтсүз болот жана зыян көрүүчүлөрдөн болот» (бул хадисти да Термизий Абу Хурайрадан рыбаят кылып, хасан деген).

«Алла пенделерге беш убакыт намазды парз кылды. Кимде-ким аларды жеңил санабай, калтырбай аткарса, ал пенде Алла аны бейишке киргизиши туурасындагы бүтүмдү колго киргизген болот. Кимде-ким аларды аткарбаса, ал пенде Алланын бүтүмүн колго киргизбеген болот. Алла ал пендени кааласа азаптайт, кааласа кечирип жиберет» (ушул хадисти Ахмад, Абу Довуд, Насоий, ибн Можа, Молик жана ибн Хиббондор Убода ибн Сомиттен рыбаят кылышкан).

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *