Орозо хидаят, тооба кылуу жана магфират айы

oroza hidayat

Алла Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمْ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ۩ أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ۩ شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنْ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمْ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمْ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمْ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَى مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

– «Эй момундар, таквалуу кишилер болушуңар үчүн силерден илгери өткөндөргө парз кылынганы сыяктуу, силерге да саналуу күндөрдө орозо тутуу парз кылынды. Эми силерден кайсы бир киши оорулуу же мусапыр болсо, анда (орозо тутпаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө тутат. (Карылык же алсыздыгы себептүү) орозо тутууга кыйнала турган кишилер бир кембагал бечаранын бир күндүк тамагы өлчөмүндө эваз (ордуна берилчү нерсе) төлөөлөрү керек. Эми, ким өз ыктыяры менен ашыгыраак жакшылык кылса (керек болгондон артыгыраак эваз төлөсө) өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо тутушуңар өзүңөр үчүн (эваз берүү же ал тургай, үзүрлүү абалда орозо тутпоого караганда) жакшыраак. (Ал саналуу күндөр) Орозо айы болуп, бу айда адамдар үчүн туура жол болуп жана хидаят менен Фуркандын (акыйкат менен батылды ажыратуучунун) ачык аяттары болуп Куран түшүрүлгөн. Эми, силерден ким бу айга күбө болсо, орозо тутсун жана ким оорулуу же мусапыр болсо, анда (орозо тутпаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө (сакайгандан кийин же сапардан кайткандан кийин) тутат. Алла силерге жеңилдикти каалайт, силерге оор болушун каалабайт. Бул: санакты толтурушуңар жана хидаят кылганы себептүү Алланы улуулашыңар үчүн. Кана эми шүгүр кылсаңар». [2:183-185]

Пайгамбар с.а.в айтты: «Орозо айында бейиш эшиктери ачылат жана тозок эшиктери жабылып, шайтандар чынжырланып коюлат» (Бухарий рыбаяты).

Пайгамбар с.а.в айтты: «Кимде-ким Орозо айында ыйман менен сооп үмүт кылып орозо тутса, мурдагы күнөөлөрү кечирилет» (Ибн Можа рыбаяты).

Пайгамбар с.а.в айтты: «Кимде-ким Орозо айында ыйман менен сооп үмүт кылып кыямда (тик) турса, мурдагы күнөөлөрү кечирилет» (Насоий рыбаяты).

Расулулла с.а.в айтты: «Алла: Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн, бир гана орозосу Мен үчүн. Мен аны орозо туткандыгы менен сыйлайм – деди. Орозо – тозоктон (тосуучу) калкан. Эгер кимдир бирөөңөр орозо туткан болсо, урушпасын, сөгүшпөсүн. Эгер кимдир бирөө аны сөксө же урушса «мен орозодомун» десин. Мухаммаддын жаны анын колунда болгон Затка касам, орозо тутуучунун оозунун жыты Алланын алдында мушк анбар жытынан жыттуурак. Орозо тутуучуга эки курсантчылык бар. Бири иптар кылган убакытта, экинчиси Роббисине жолуккан убакта» (Бухарий жана Муслим рыбаяты).

Расулулла с.а.в айтты: «Орозо тозоктон калкан» (Муслим рыбаяты).

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *