Албетте, Алланын алдында кабыл боло турган дин – бир гана Ислам дини

islam dini

Алла Таала айтат:

إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الإِسْلامُ وَمَا اخْتَلَفَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ إِلا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ وَمَنْ يَكْفُرْ بِآيَاتِ اللَّهِ فَإِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ ۩  فَإِنْ حَاجُّوكَ فَقُلْ أَسْلَمْتُ وَجْهِي لِلَّهِ وَمَنِ اتَّبَعَنِي وَقُلْ لِلَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ وَالأُمِّيِّينَ أَأَسْلَمْتُمْ فَإِنْ أَسْلَمُوا فَقَدْ اهْتَدَوا وَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَا لْبَلاَ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِالْعِبَادِ

– «Албетте, Алланын алдында кабыл боло турган дин – Ислам дини гана. Ахли китептер аларга (Ислам жана Мухаммаддын чыныгы пайгамбарлыгы жөнүндө) далил келгенинен кийин, өз ара көрө албастык, күнүчүлдүк кылгандыктары себептүү гана талашып-тартышышты. Ким Алланын аяттарын танса, албетте, Алла тез эсеп-китеп кылуучу Зат Эгер сени менен (дин тууралуу) тартышышса, «Мен жана мени ээрчиген адамдар өзүбүздү Аллага тапшырдык – Ага моюн сундук» деп айткын! Кийин, ахли китеп жана (китеп берилбеген) сабатсыз бутпарастардан «Исламга кирдиңби?» деп сура! Эгер Исламга киришсе, анык Туура Жолду табышыптыр. Эми, эгер жүз үйрүшсө, анда сенин мойнуңдагы милдет жеткирип коюу гана. Алла пенделерин көрүп туруучу». [3:19-20]

وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِيناً فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآَخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ

– «Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда, (анын дини Алланын алдында) эч качан кабыл алынбайт жана ал акыретте зыян тартуучу-өкүнүүчүлөрдөн болот». [3:85]

Жебирейил алейхисалам Мухаммад алейхисаламдан Ислам жөнүндө сураганда, Расулулла с.а.в: «Ислам – Алладан башка теңир жок жана Мухаммад Анын элчиси деп, күбөлүк бермегиң; намазды өтөмөгүң; зекетти бермегиң; рамазан айынын орозосун тутмагың жана жолуна кудуреттүү болсоң, Байтулланы хаж кылмагың»,- деп жооп берди. (Муслим, Насоий, Абу Дауд жана Ахмаддар рываят кылышкан).

Расулулла с.а.в дагы айтты: «Бири-бириңерге көрө албастык кылбагыла, бири-бириңерге аркаңарды салып кетпегиле жана бириңердин соодаңардын үстүнө экинчиңер соода кылбагыла. Эй Алланын пенделери, боордош (бурадар) болгула. Мусулман мусулмандын боордошу, аны жардамсыз таштап койбойт жана кемсинтпейт. Таква мына бул жерде – деп, үч жолу көкүрөгүнө ишара кылды – Кишинин жаман болушуна мусулман боордошун кемсинтүүнүн өзү жетиштүү. Ар бир мусулмандын каны, малы жана аброю экинчи мусулманга арам». (Муслим)

Ал зат дагы ушундай деди: «Мусулман ушундай адам, адамдар анын тилинен да, колунан да саламат болушат. Момун ушундай адам, адамдар андан өз малдары жана кандары тууралуу бейгам болушат». (Ахмад жана Насоий)

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *