Араб тили өлүк тилби?!

arabo

Кээ бир Исламга карата душманчылыгы болгон кимселер араб тилин өлүк тил деп айтышууда. Муну менен алар Куран, Сүннөт жана жалпысынан исламий сакофат тилин назарда тутушууда. Алар өздөрүнүн ушул куру жалааларын «Тил өнүгүп барат, ошолор катары араб тили да. Анын өнүгүшү эски тилдин ордун сүйлөшүү тили ээлеши менен ишке ашат» деп акташууда. О.э. алар Ливан, Египет жана Магриб (Марокко) шевалары (диалектилери) араб тилине караганда өнүккөн дешүүдө. Муну менен алар араб тилине «өлүк тил» деп өкүм чыгарышуууда. Алар айткан бул сөздөр жалган жана чалгытуу. Анткени, араб тилине негиз салуу заманы да, негиздөөчүлөрү да өтүп кеткен. Шевалар болсо, араб тили эмес. Балким, ал карапайым калктын копол жана туура эмес тили. Мындай туура эмес жана копол тил арабтар назарында куник сөздөрдөн эсептелет. Умар р.а туура эмес тилде сүйлөгөн убакытта жазалар эле. Кээ бир уламалар да мындай сөздү иштетүүдөн Аллага истигфар айтышар эле. Араб тилин өлүк тил деп айтуу, аша чабуу менен айтылган сөз. Туура, араб мамлекеттери күчсүз болгондугу себептүү, араб тили өз деңгээлинде күчтүү эмес. Бирок, күндөр өзгөрүп турат. Тез күндө араб тилин бутуна тургуза турган мамлекет да тикеленет. Ал күн өтө жакын.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *