Ибн Умар розияллоху анхумодан рыбаят кылынган муттафакун алайх хадисте айылаттат: Мен Расулулла с.а.вдан ушундай деп жаткандыгын уктум: «… эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал кол астындагылардан жоопкер…». Кишинин аялы да анын кол астындагылар катарына кирет. Аял кишиге башчылык кылуу төмөндөгү иштерди талап кылат:
Биринчи: Нафака кылуу:
Нафака Алла тааланын:
لِيُنْفِق ذُو سَعَةٍ مِن سَعَتِه وَمَن قُدِرَ عَلَيْهِ رِزْقَهُ فَلْيُنْفِقْ مِمَّا آتَاهُ الله
– «Бай-дөөлөттүү киши өз байлыгынан (т.а. байлыгына жараша) нафака берсин. Кимдин ырыскысы кемирээк кылынган (кембагал) болсо, анда Алла өзүнө ата кылган нерседен (т.а. өз абалына жараша) нафака берсин!». [65:7]
وَعَلَى الْمَوْلُود لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ
– «Аларды (т.а. энелерди) жакшылык менен жедирип-кийдирүү атанын мойнунда». [2:233]
деген сөздөрүнө ылайык нафаканын өлчөмү маъруф, т.а. күч-токатынан тышкары нерсени жүктөбөө деп белгиленет. Масъуд Бадрий р.а Набий с.а.вдан рыбаят кылган муттафакун алайх хадисте Пайгамбар с.а.в айтты: «Эгер киши ажр-сооп үмүт кылып, өз үй-бүлөсүнө нафака кылса бул нафака аның үчүн садака болот». Сахихте Абдулла ибн Амр ибн Ос р.адан мындай рыбаят кылынат: Расулулла с.а.в: «Өз карамагындагыларды кароосуз таштап коюу кишинин күнөөкөр болушуна жетиштүү болот» деди. Абу Хурайра рыбаят кылган муттафакун алайх хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Ар күнү таңга маал эки периште түшүп, алардын бири: Эй Парвардигер, нафака кылуучунун сарптаган малынын ордуна (мал) ата кылгын дейт. Экинчиси болсо: «Эй Парвардигер, сараңдын малына зыян жеткиз, дейт». Бухарий Абу Хурайрадан рыбаят кылган хадисте Набий с.а.в айтты: «Берүүчү кол алуучу колдон жакшыраак. Нафака кылууну өз карамагыңдагы кишилерден башта. Садаканын жакшысы өз муктаждыгынан арткан убакытта берилген садака. Кимде ким бирөөдөн бир нерсе суроодон өзүн тыйса, Алла аны суроодон пак кылат жана кимде ким башкага муктаж болбоону кааласа, Алла аны башкага муктаж болбой турган кылып коёт». Саъд ибн Абу Ваккастан рыбаят кылынган муттафакун алайх хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Алланын ыраазылыган каалап бирер нафака кылсаң ажр-сыйлыкка ээ болосуң, ал тургай, өз аялың оозуна тамак салып койсоң да сооп аласың». Муслим Абу Хурайрадан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Алла жолунда бир динар инфак кылган болсоң, кул азат кылууда бир динар инфак кылган болсоң, бечарага садака кылууда бир динар инфак кылган болсоң жана үй-бүлөңө бир динар инфак кылган болсоң бул динарлар арасында эң сообу улуу болгону үй-бүлөңө инфак кылган динарың». Муслим Савбандан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Кишинин инфак кылган динарлары ичинде эң абзелдери үй бүлөсүнө сарптаган динары, Алла жолунда мине турган ат-улоосуна сарптаган динары, о.э. Алла жолундагы боордошуна сарптаган динары». Хоким, ибн Хиббон, Ахмад жана башкалар Муавия ибн Хийдадан рыбаят кылган хадисте мындай делет: Мен: Эй Расулулла, аялдарыбыздын биздин үстүбүздөгү акылары эмнелерлен турат? – деп сурадым. Расулулла с.а.в айтты: «Тамак жегениңерде ага да тамак жедиришиңер, жүзүнө урбастыгыңар, кабих- жаман сөздөрдү айтпастыгыңар жана тарк кылсаңар үйдө гана тарк кылышыңар». Термизий Амр ибн Ахвас Жашамий р.адан хасан, сахих деп рыбаят кылган хадисте: Расулулла с.а.вдын хажжатул вадоъдо (коштошуу ажылыгында): «… Аялдардын силердин үстүңөрдөгү акылары, аларды жакшы кийдирип жакшы тамактандырышыңар» дегенин уккан элем – деди. Нафака кылууга: тамак-аш, кийим-кечек, үй-жай, кызматчы, зийнат буюмдары … менен камсыздоо жана ооруп калса даарылатуу сыяктуу иштер кирет. Булардын ар биринин кеңири баяндамалары бар, азыр аларга киришүүнүн орду эмес. Кимде-ким нафака жана жакшы мамиленин чокусуна жетүүнү кааласа, Абу Зариъдин өз аялы Умми Зариъге кылган мамилесин кылсын. Сахихте келген хадисте Расулулла с.а.в Айша р.а энебизге Абу Зариъ жөнүндө: «Мен сизге Абу Зариъ Умми Зариъге кандай мамиледе болгон болсо, ошондой мамиледе болдум»-деген эле. Бул хадис узун хадис болуп, анда түшүнүү кыйын болгон сөздөр бар. Ошондуктан шару (кеңири баяндама) китептерине кайрылуу зарыл. Киши өз үй-бүлөсү үчүн бир жылдык тамак-ашты камдап коюшу да мүмкүн жана бул мүмкүн деп эсептелет. Буга далил Бухарий Умар р.адан рыбаят кылган ушул хадис: Пайгамбар с.а.в Бани Назир уруусунун курма дарактарын сатчу эле жана өз үй-бүлөсү үчүн бир жылдык азыкты камдап койчу эле.
Экинчи: Жакшы мамиледе болуу:
Абу Хурайрадан Ибн Хиббан жана Термизий хасан сахих деп рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Момундар арасында эң ыйманы толук киши кулку жакшы болгон киши. Силердин жакшыларыңар аялдарына жакшы кулкта болгондору». Айша энебизден Хоким жана Термизий хасан сахих деп рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Момундардын ичинде эң ыйманы толугу кулку жакшысы жана өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиледе болгондору». Ибн Хиббан Айша р.адан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Силердин жакшыларыңар өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиледе болгондоруңар. Силердин ичиңерде үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиледе болгон киши менмин».
Үчүнчү: Мураса кылуу:
Ибн Хиббан Самура ибн Жундуб р.адан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Аял киши кабыргадан жаралган. Эгер аны түздөмөкчү болсоңор, сындырып коёсуңар. Ошондой болгон соң, аны менен мураса кылгыла, ошондо аны менен жашай аласыңар». Абу Хурайрадан рыбаят кылынган муттафакун алайх хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Аялдар менен жакшы мамиледе болгула, себеби, аял киши кабыргадан жаратылган. Кабырганын эң ийри жери, анын үсткү бөлүгү. Эгер аны түздөөгө урунсаңар, сындырып коёсуңар, эгер тек таштап койсоңор ийрилигинче калат. Ушундай болгон соң, аялдарга жакшы мамиледе болгула». Муслимдин рыбаятында болсо Пайгамбар с.а.в айтты: «Албетте аял киши кабыргадан жаратылган. Аны эч кандай жол менен түздөй албайсыңар. Эгер андан пайдаланмакчы болсоңор, ийрилигинче пайдалангыла. Эгер аны түздөйм деп урунсаңар сындырып коёсуңар. Сындырып коюу болсо, талак кылуу».
Төртүнчү: Түнөө, түндү өткөрүү:
Эгер кишинин бир эле аялы болсо жана ал сапарда болбосо, аялынын алдында кеминде төрт кечеде бир жолу түнөшү важып. Буга ижма далил. Себеби, Умар ибн Шабиъдин Шаъбийден рыбаят кылышынча, Каъб ибн Сувар халифа Умар ибн Хаттаб алдында отурган эле. Ошондо бир аял келип: Эй момундардын амири, мен эримден көрө абзелирээк кишини көрбөдүм. Себеби, ал Аллага ант ичип айтам, түнкүсүн ар дайым ибадатта жана күндүзү ар дайым орозо, деди. Ошондо Умар бул аялдын сөзүнө истигфар айтты жана аны мактады. Ал аял болсо уялып, кайтып кетти. Ошондо Каъб: Эй момундар амири, бул аялдын жанын алып, эрине сөгүш бербейсизби, деди. Ошондон кийин анын эри алып келинди жана Умар Каъбга: Булардын ортосунда өкүм чыгарың, себеби, сиз бул аялдын иши туурасында мен түшүнбөгөн нерсени түшүнүпсүз – деди. Каъб болсо: Мен бул аялга бир эркектин кол астындагы төрт аялдын бири катарында карап мындай өкүм чыгарам: Бул киши үч кече-күндүз (каалаганча) ибадат кылсын жана бир кече-күндүздү аялына ажыратсын. Ошондо Умар: Аллага ант ичип айтам, экинчи райыңыз биринчисинен да жакшыраак. Сиз Басрага казы кылып дайындаласыз, деди. Дагы бир рыбаятта Умар: Сиз кандай жакшы казысыз,-деди. Каъбдын бул өкүмү кең таркалды жана ал эч ким тарабынан четке кагылбай турган өкүмгө айланды. Эми эгер кишинин эки же андан көп аялы болсо алардын ортосунда теңдик кылышы лаазым болот. Буга Абу Хурайрадан «Сунан» жана башка китептерде рыбаят кылынган ушул хадиси далил. Расулулла с.а.в мындай деди: «Кимдин эки аялы болсо, алардын бирине бүтүндөй ооп кетсе, кыямат күнү (денесинин) бир тарабы жок болгон абалда келет». Башка бир рыбаятта болсо: «Денесинин жарымы бир тарапка оогон абалда келет» делген. Динибизде кайтарылган ооп кетүү Алла Тааланын:
فَلا تَمِيلُوا كُلَّ الْمَيْلِ
– «Эми, бүтүндөй (сүйгөн аялыңар тарапка) ооп кетпегиле». [4:129]
деген сөзүндө келген ооп кетүү болот. Аятта келген бүтүндөй ооп кетүү – жүрөгүндө да, иш жүзүндө да ооп кетүү. Ал эми иш жүзүндө билдирбей жүрөктө ооп кетүү болсо, адам башкара албай турган иш. Буга «Сунан» ээлери Айша р.адан рыбаят кылган ушул хадис далил: Расулулла с.а.в бардык нерселерди бөлүштүрчү жана адилеттик кылчу эле жана «Эй Парвардигер, менин колумдан келгенче бөлүштүргөнүм мына ушул. Менин колумдан келбей бир гана өзүңдүн колуңдан келе турган иштер туурасында мени жаман атты кылба»-дечү эле.
Бешинчи: Эр өз аялынын акысын жакшылык менен бериши:
Буга далил Алла тааланын:
وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ
– «Жана жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн мойнуларындагы эрлери алдындагы милдеттери барабарында укуктары да бар». [2:28]
деген сөзү. Мындан максат эркек киши аялына тамак-аш жана башка муктаждыктарын оорунбастан балким, ыраазы болуп орундатууда аракет кылышы.
Алтынчы: Аялды ар-намыс катарында коргоо:
Киши үйлөнсө аял анын ар-намысына айланат. Ошондуктан эр – өлүмгө алып барса да – бул ар-намысты коргошу важып. Буга Пайгамбар с.а.вдын: «Кимде-ким өз ар-намысын коргоп жаткан убакытта өлтүрүлсө, ал шейит»-деген сөзү далил. Бул сөздөн талап көздө тутулуп, катъий талап болду.
Жетинчи: Аялдын сырын ачыкка чыгарбоо:
Муслим Абу Саид ал-Худрийден рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в мындай деди: «Кыямат күнү Алланын алдында эң мартабасы жаман адам, өз аялы менен жыныстык мамиледе болуп кийин аны бардык адамдарга тараткан адам». Ибн Кудома өзүнүн «Мугний» китебинде Хасандан рыбаят кылган хадисте айтылат: (Бир күнү) Расулулла с.а.в аялдар жана эркектер арасына отуруп калды. Эркектерге карап: «Мүмкүн силердин бириңер аялы менен жалгыз калган убакытта кылган иштерин айтып жүрөр»-деди. Кийин аялдарга карап: «Мүмкүн силердин бириңер эри менен болгон иштерин аялдарга сүйлөп жүрөр»-деди. Ошондо бир аял: Эркектер да ушундай кылышат, биз да ушундай кылабыз, деди. Расулулла: «Мындай кылбагыла. Бул кудум бир шайтандын экинчи бир шайтан менен учурашып калып, адамдар көз алдында аны менен жыныстык мамиледе болгонуна окшойт»-деди. Абу Довуд да Абу Хурайрадан ушуга окшогон хадисти рыбаят кылган.
Сегизинчи: Шаръий жаза менен гана жазалоо:
Шаръий жаза-чаралар Алла тааланын ушул сөзүндө айтылган:
وَاللَّاتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظًُوهُنَّ وَاهْجُرُوهُنَّ فِي الْمَضَاجِع وَاضْرِبُوهُنَّ
– «Аялыңардын итаатсыздыгынан корксоңор, элден мурда аларга насаат кылгыла, кийин (т.а. кылган насаатыңар пайда бербесе) аларды жатактарда тарк кылгыла (алар менен бир жерде жатпагыла, жакындашпагыла), кийин (т.а. ошондо да силерге моюн сунушпаса) ургула». [4:34]
Эр мына ушул жаза чараларынан бирине чектелиши да же баарын колдошу да мүмкүн. Себеби, бул аяттагы (و) тамгасы мутлак жам үчүн келип жатат. Насаат кылуу – аялды Алла Азза ва Жалладан коркутуу жана ага инфак кылбай зыян жеткизүү менен коркутуу. Тарк кылуу болсо, жатакта тарк кылуу жана сүйлөбөй коюу. Аялга сүйлөбөй коюу үч күндөн артып кетиши адал болбойт. Буга Пайгамбарыбыз с.а.вдын: «Мусулман киши өз боордошун үч күндөн ашык сүйлөшпөй таштап коюшу адал эмес. Алардын жакшысы мурда салам бергени», деген сөзү далил. Жатакта үч күндөн ашык тарк кылуу болсо мүмкүн. Куранда уруксат берилген уруу, өтө катуу болбогон уруу. Буга Амр ибн Ахвас Жашамий р.адан Термизий хасан сахих деп рыбаят кылган ушул хадис далил. Расулулла с.а.в хажжатул вадоъдо айтты: «Аялдарга жакшы мамиледе болгула. Себеби, алар силердин алдыңардагы туткундар. Силер аларга мындан башкача мамиле кылууга акыңар жок. Эгер ачык күнөө кылышса гана аларга жаза беришиңер мүмкүн. Андай абалда аларды жатактарында тарк кылгыла жана катуу-оор болбогон уруу менен ургула…». Муслим Жобир ибн Абдулладан рыбаят кылган хадисте айтылат: Расулулла Арафат тоосунда кылган хутбасында айтты: «Аялдарды өтө катуу урбагыла». Абу Довуд Муавия ибн Хабада ал-Кушайрийден рыбаят кылган хадиске караганда, бетке уруу макрух. Расулулла с.а.в деди: «Бетке урбагыла, жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө жана үйдө гана тарк кылгыла». Жаман сөздөрдү сүйлөө – куник сөздөрдү айтуу же аялды акаараттап сөгүү же Алла сени жаман кылсын деш. Аялды же анын үй-бүлөсүн же башкаларды лаанаттоо арам. Эми эгер камчы же ушуга окшогон нерсе менен урулса, он камчыдан ашпоосу керек. Буга Пайгамбар с.а.вдын: «Алланын жазаларынан башка абалда эч кимге он камчыдан ашыкча урулбайт», деген муттафакун алайх хадиси далил.
Тогузунчу: Аялды жаман көрбөө:
Муслим Абу Хурайрадан рыбаят кылган хадисте Расулулла с.а.в айтты: «Бир момун бир момун аялды жаман көрбөсүн. Себеби, анын бир кулкун жактырбаса башка кулкунан ыраазы болот». Бул хадис жаман көрүүдөн кайтарууда. Т.а. момун адам өз аялын жаман көрбөстүгү лаазым. Себеби, анда өзү жактырбай турган бир кулкту тапса, өзү ыраазы боло турган башка бир кулкту да табат. Мисалы: аялы сараң же кызганчак болушу мүмкүн. Бирок, ушуну менен бирге чынчыл, таза жана итааткер болушу мүмкүн. Аялда сонун жана жакшы сыпаттардын бар болушу жаман көрүүгө тоскоолдук болушу лаазым.
Онунчу: Аялга адеп жана таалим берүү:
Алла таала айтат:
قُوا أَنْفُسَكُم وَأَهْلِيكُم نَاراً
– «Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон сактагыла». [66:6]
Али р.а бул аятты: аларга (т.а. үй-бүлөгө) таалим жана адеп бергиле, деп тапсир кылды. Ибн Умар р.адан рыбаят кылган муттафакун алайх хадисте келген Расулулла с.а.вдын: «… Эркек киши өз үй бүлөсүндө башчы жана ал кол астындагылардан жоопкер…» – деген сөзү, кишинин өз үй-бүлөсүнө амру маъруф жана нахий мункар кылышынын, о.э. аларды тозок отунан сактоого бар күчү менен аракет кылышы важып экендигин талап кылат.