Хижрат күнү… халифа кылуу күнү дегени.
Хижрат кылуу күнү Алланын момундарга жакшылык кылган күндөрүнөн бири болуп, биз аны дайым эсте тутабыз жана мусулмандарга да эстетебиз, кана эми бул эстетүү аларга пайда берип, турмуштарында мына ушундай күндү жүзөгө келтирүү үчүн аракет кылууга үндөсө. Андай болбосо, эгер өтмүш бүгүнкү күн үчүн өрнөк болбосо, аны эстөөнүн кандай кадыры болушу мүмкүн. Чындыгында, күндөр айланып, өзүн жаңылап турат. Мына биз кушкабарлары көрүнө баштаган жана таңы атайын деп калган күндүн келишин күтүп турабыз. Бул жердеги мына ушундай күндү күтүп туруу аракеттен токтоп, отуруп калган кишилердин күтүп турушун билдирбейт. Балким, тынбай аракет алып барып жаткан кишилердин күтүп турушун билдирет. Аракет кылып жаткан мына ушул кишилер бардык мүлктүн жалгыз ээси болгон Алла Субханахудан өздөрүн Халифалыкты тикелөө менен азиз, улуу кылышын үмүт кылып турушат. Анткени, Халифалык тикелениши менен Ислам жана анын эли азиз-улуу болот, куфр жана анын эли болсо кор болот. Бул Алла Субханаху тарабынан бериле турган толук сыйлык жана кордолгон пенделеринен мына ушул сыйлыкка акылуу болгон заттарга Алла Субханахунун көрсөтө турган мээримдүүлүгү. Алла Таала мындай деди:
وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمْ الْوَارِثِينَ
– «Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге мээримдүүлүк кылууну, аларды бечара-кордуктан чыгарып, бардыгына имам (жетекчи) заттарга айландырууну жана аларды мураскорлордон кылууну каалайбыз». [28:5]
Хижрат кылуу күнү Ислам тарыхында ажыратуу күнү эсептелет. Ал күндө Алла Таала даъваттагы эки баскычтын ортосун ажыратты, т.а. алсыз болуу, азчылык жана кооптонуу баскычы менен Алла Субханаху Ислам дөөлөтү аркылуу мусулмандарга башпаанек берген жана аларга адал ырыскы эшиктерин ачып берүү ортосун ажыратты. Бул туурасында Алла Таала мындай деди:
وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمْ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنْ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
– «Жана силер жерде азчылык жана алсыз болгон абалыңарда, адамдар талап кетүүлөрүнөн коркуп турган убагыңарда, силерге жай берип, Өз жардамы менен колдоп-кубаттагандыгын жана шүгүр кылышыңар үчүн таза ырыскы бергендигин эстегиле!». [8:26]
Мына ушундай күндүн канчалык кадырлуу экендигин, анын маанисин жана далалаттарын саййидибиз Умар р.а өзүнүн укмуштуу жана жогору аң-сезими менен өтө жакшы билген. Ошондуктан да ал сахабалардын чоңдору менен – Алла алардан ыраазы болсун – кеңешкенден кийин, мына ушул күндү жылдардын башталыш жылы кылып белгиледи. Бул болсо Умар dнун таң калтыра турган түстө акыйкатты тез байкап алуусунун бири. Ошондуктан, ал киши: «Хижрат акыйкат менен батылдын ортосун ажыратып жиберди. Эми тарыхты мына ушул хижраттан баштагыла» – деди.
Эч кандай шексиз, Расул с.а.в дын убагындагы хижрат күнүнө халифа кылуу, үстөм кылуу жана бул динди кең жаюу күнү да туура келет. Алла Субханахунун бул туурасында Өзүнүн момун пенделерине берген убадасы дагы эле бар. Анткени, Алла Субханаху мындай дейт:
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمْ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لاَ يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا
– «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга кудум илгери өткөн (ыйман-этикаттуу) заттарды халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон Ислам динин үстөм-бекем кылууну, о.э. алардын абалын коркунучтардан кийин, тынчтык-бейпилдикке айландырып коюуну убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага эч бир нерсени шерик кылышпайт». [24:55]
Себеби, чынында эле, халифа кылуу күнү аркылуу Алла акыйкат менен батылдын ортосун ажыратып берет жана эки баскыч ортосун да ажыратып, бөлүп берет, т.а. мусулмандар кудум бүгүнкү күндөгү абалы сыяктуу кордолгон, алсыз абалда жашашкан, адамдар аларды талап-тоногон баскыч менен мусулмандар Ислам туусу астында, бир калима жолунда бириге турган жана күчтөрү бир жерге жыйыла турган, ушул себептүү алар кордуктан кийин азиз кишилерге, жеңилүүдөн кийин жеңүүчүлөргө айлана турган баскыч ортосун ажыратып берет.
Хижрат кылуу күнү – Алла Субханаху бул күндү «нусрат күнү» деп атаган күн. Алла бул күндө Расулулла менен анын досторун коргоду жана Өзүнүн нусраты, коргоп-сакташы жана камкордугу менен экөөсүнө шерик болду, о.э. Расулуна сакинат, кадыр жамдыкты түшүрүп, аны Өзүнүн кошуундары менен колдоп-кубаттады. Бул күндүн натыйжаларынан бири – капыр болгон кишилердин сөздөрүн төмөн кылуу, ыйман келтирген заттардын сөзүн болсо жогору-бийик кылуу болду. Алла Таала айтты:
إِلَّا تَنصُرُوهُ فَقَدْ نَصَرَهُ اللَّهُ إِذْ أَخْرَجَهُ الَّذِينَ كَفَرُوا ثَانِيَ اثْنَيْنِ إِذْ هُمَا فِي الْغَارِ إِذْ يَقُولُ لِصَاحِبِهِ لاَ تَحْزَنْ إِنَّ اللَّهَ مَعَنَا فَأَنزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَيْهِ وَأَيَّدَهُ بِجُنُودٍ لَمْ تَرَوْهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ الَّذِينَ كَفَرُوا السُّفْلَى وَكَلِمَةُ اللَّهِ هِيَ الْعُلْيَا وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
– «Эгер силер ага (т.а. пайгамбарга) жардам кылбасаңар, Алланын Өзү ага жардам кылат. Аны капырлар эки кишинин бири болгон абалында т.а. бир шериги менен Меккеден айдап чыгарышканда, ага Алла жардам берди-го. Ошондо экөөсү үңкүрдө болгон убакытта шеригине: «капа болбо, шексиз Алла биз менен бирге» дечү эле. Алла анын үстүнө кадыр жамдык түшүрдү жана аны силер көрбөгөн кошуундар (т.а. периштелер) менен колдоп-
кубаттады, о.э. капыр болгон кимселердин сөздөрүн төмөн кылып койду. Алланын сөзү гана жогору-бийик сөз. Алла кудуреттүү, билимдүү». [9:40]
Курайш мушриктери Расулулла с.а.в дын ошондой күнгө жетүү үчүн нусрат талап кылып жаткандыгын билип калышкандан кийин, аны Меккеге кирүүдөн тосууга аракет кылышты. Себеби алар Расулулла с.а.в ды башка урууларды курайштыктарга каршы койгону кетти деп эсептешкен эле. Мушриктерге экинчи Акаба байъатынын кабары жетип келгенден кийин, бул маселеге дагы да катуураак киришип, чукурураак ишеним пайда кылмакчы болушту. Коркуу болсо мушриктердин жүрөгүн бүтүндөй камтып алып, акылдарын аздырып койду. Хижрат кылуу маселесин билишкенде болсо, даъватты өлтүрүү маысатында даъваттын ээси Расулулла с.а.в ды өлтүрүүгө тил бириктиришти. Ал эми, Алла Өз ишинде үстөм Зат болгондугу себептүү, Ал каалагандай дининин азиздиги жана үстөмдүгү жүзөгө чыкты, капырларга ийгиликсиздиктен башка нерсе болбоду. Оор кыйынчылык менен бирге жеңилдик келиши, нусрат болсо сабыр менен келиши Алла Субханаху тарабынан мусулмандарга берилген бир сабак болду. Себеби, Мекке капырларынын Расулулла с.а.в ды өлтүрүүгө чечим кылуулары, Расулулла с.а.в дын хижраты жана дөөлөт тикелениши аркылуу мусулмандардын азиздигинин башталышы болду.
Өтмүштө капырлар хижрат күнүнө ушул күндү калыптандыра турган даражада мамиледе болушту. Алар мына ушул күндүн жетип келишинен коркуп, ал күнгө карата өтө ырайымсыздык жана катуу мамиле кылышты. Себеби, алар хижрат күнүнүн бардык иш Алланыкы болуп кала турган күн экендигин, ал күндө мусулмандардын калимасы биригип, бир болушун жана мусулмандар үчүн башпаанек боло турган бир дөөлөттүн пайда болушун, о.э. мусулмандардын шаан-шөкөтү жүзөгө келип, капырлар андан зыян көрүшүн өтө жакшы билишчү эле. Ошондуктан алар бул күнгө чоң тосуктар коюшту. Бирок Алла Субханаху даъватты Өз коргоосунда сактады жана мушриктер Расулулланын үйүн курчап алышып, ал кишини өлтүрмөкчү болушкандан кийин, Өзүнүн улуу Пайгамбарына нажат берип, ошол капырлардын айла-амалы жок болду. Алла Таала мындай деди:
وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ
– «(Эй Мухаммад), капырлар сизди камоо же өлтүрүү же Меккеден чыгарып жиберүү үчүн сизге айла-амал кылган убакыттарын эстең! Алар айла-амал кылышат, Алла да айла-амал кылат. Алла айлакерирээк». [8:30]
Ошондо курчап алган мушриктердин арасында, Расулулла алардын баштарына топурак чачып туруп, бул аятты окуп чыгып кетти:
وَجَعَلْنَا مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ سَدًّا وَمِنْ خَلْفِهِمْ سَدًّا فَأَغْشَيْنَاهُمْ فَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ
– «Жана Биз алардын алдыларынан бир тосук-парда жана аркаларынан бир тосук-парда кылып, аларды ороп койдук. Эми алар көрө алышпайт». [36:9]
Ошондуктан, алар Расулулла с.а.в ды көрбөй калышты. Алла Өз Расулун үңкүрдө кептер жана жөргөмүш менен коргоп, капырлардын көздөрүн андан буруп койду. Сураканын атынын буттары топуракка батып кетти. Булардын баары бир гана Алланын даъватты Өз коргоосунда сактоону каалагандыгына жана ушул даъваттын өмүр бою эсте кала турган мына ушул улуу күнүнүн, т.а. хижрат күнүнүн, нусрат күнүнүн жетип келишине далалат кылчу эле.
Бүгүнкү күндө да абал ошондогудай. Себеби, батыш мамлекеттери жана алар менен биргеликте иш алып барып жаткан о.э. мусулмандар үстүнөн Алла түшүрбөгөн нерселер менен өкүм жүргүзүп жаткан мамлекеттердин акимдери мындай күндүн өздөрүнө канчалык кооптуу экендигин мурдагы капырлардан кем билишпейт. Ошондуктан, алар Исламды жана анын даъватчыларын жаман көрүүдө, зордук-зомбулук, айла-амал кылууда жана аёсуз чараларды көрүүдө мурдагы капырлардан эч кем калышышпайт. Ошондуктан да, алар Исламга каршы бар мүмкүнчүлүктөрүн ишке салышты жана ишке салышууда о.э. өздөрүнүн пикирий, материалдык, массалык маалымат, саясий, аскердик куралдарын Исламга каршы багытташууда. Алар мына ушундай хижрат күнү үчүн аракет кылып жаткан кишилерге каршы күрөшүшүүдө. Бирок, күнү-кече момундарды Өз коргоосунда сактап, нусрат берген Алла Субханаху, эгер даъватты алып чыгуучулар вахйди бекем кармашса эле жана вахй аманатын адалдык менен өтөшсө эле о.э. Расулулла с.а.в жана ал кишинин улуу сахабалары жүргөн жолдон тайбай бекем турушса эле, бүгүнкү күндө да аларды Өз коргоосунда сактайт жана аларга нусрат берет. Алла Таала мындай деди:
وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ
– «Жана ыйман келтирген заттарды жеңишке жеткирүү Биздин мойнубуздагы милдет». [30:47]
Ооба, хижрат кылуу куфр диярынан (дөөлөтүнөн) Ислам диярына көчүүнү түшүндүрөт. Бул – мусулмандар бүгүнкү күндө муктаж болуп турган, батыш жана анын малайлары андан коркуп, аны токтотуу үчүн күч, айла-амал иштетип жаткан иш. Эч кандай шексиз, мусулмандар мындай жаман вокыйлыктан, алардын үстүнө зордук менен жүктөлгөн куфр диярынан, алар тынч-аманчылыкта боло турган, ар-намыстары корголо турган о.э. алардын үстүнөн куфрдын колу жана зулуму алып таштала турган Ислам диярына көчүүгө өтө муктаж. Ошондуктан, мусулмандарга динди кайым кылуу-тикелөө, Исламий турмушту тургузуп, Алланын калимасын жогору-бийик кылуунун шаръий жолу эсептелген Халифалыкты тикелөө жолу аркылуу Ислам диярын курууга катуу аракет кылуулары важып.
Чындыгында да, мусулмандар мына ушундай күнгө жетүү үчүн өздөрүнүн түрдүү даражалары менен аракет кылуулары важып. Алар айла-амал кылуучулардын айла-амалына карабай, Алла Субханаху аларды албетте колдоп-кубатташына жана жардам беришине катуу ишенип, көңүлдөрү жай табышсын. Алла Таала мындай деди:
مَنْ كَانَ يَظُنُّ أَنْ لَنْ يَنصُرَهُ اللَّهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ فَلْيَمْدُدْ بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاءِ ثُمَّ لِيَقْطَعْ فَلْيَنظُرْ هَلْ يُذْهِبَنَّ كَيْدُهُ مَا يَغِيظُ
– «(Албетте Алла Өз пайгамбарына жардам берет, эми) кимде-ким: «Алла эч качан ага жардам кылбайт», деп күмөн кыла турган болсо, анда бир аркан менен асманга-шыпка асылып, (өзүн жерден) үзсүн (т.а. өзү үчүн дар жасап, ага асылсын), кийин карасын – бул айла-амалы ачуусун кетирер бекен». [22:15]
Бардык мусулмандарга кадырлуу эстелик катарында болгон жана аларга өтө зор маанилүү болгон мына ушул хижрат эстеликтери – эгер алар Алла жана Расулуна жардам берип, Расулулла с.а.в кылган иштерди толук аткарышса – анын эшиктери аларга жаңыдан ачылышы мүмкүн болот. Расулулла с.а.в дын жолунан жүргөн ар бир киши Азиз, Билимдүү болгон Алланын уруксаты менен мына ушул күнгө жетип барат.
Биз Алладан амал кылып жаткан мусулмандарды ушул динге жардам берүүгө жана мына ушул хижрат күнүнө жетүүгө жетиштиришин сурап калабыз. Бардыгыбыз мына ушул күндүн таңы атайын деп калгандыгын жана убактысы келип калгандыгын анык туюп, сезип турабыз. Ошондо мусулмандар мына ушул күндү эстеп эмес, балким, анын вокыйлыгында турмуш кечиришет. Бул болсо талап кылынган иш. Алла Таала мындай деди:
إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا
– «Албетте Алла Өзү (каалаган) ишине жетүүчү (Анын каалоосуна каршы туруучу кимсе жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн өлчөө кылып койгон». [65:3]